Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өкмөт отчеттуулукту кыскартууга барды. Баары утушта калды

2014-11-05 / ЖӨБ каржысы
Өкмөт отчеттуулукту кыскартууга барды. Баары утушта калды

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да мындай сунушту колдоого алышкан. Мисалы, бир жыл мурда Дастан Бекешев салык төлөөчүлөрдүн отчеттуулук боюнча милдеттенмелерин кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаган, бирок колдоо тапкан эмес. Ал канчалык туура маселе көтөргөнүн убакыт көрсөтүүдө.

Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте экономика тармагындагы либералдуу мыйзамдары менен дайыма айырмаланып келген. Көпчүлүк эл аралык эксперттер ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн бир кыйла жагымдуу салык режимин өзгөчө белгилешчү.Анткен менен кошуналар да үлгүрөп отурган жок,алар да инвестициялык климатты жакшыртуунун үстүнөн иштешүүдө. Колдонуудагы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган Өкмөттүн жакында эле жарык көргөн №602 Токтому – бул өлкөдө бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү, демек анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча дагы бир демилге. Бардык ишкерлер коомчулугу бийликтин салык отчетторунун санын төрт эсеге кыскартуу чечимин кош колдоп кубаттады.Азырынча бүгүнкү күндө бардык чарбачыл субъекттер эсепти жүргүзүүнү жана салык боюнча отчетту тапшырууну белгиленген формада жана белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга милдеттүү. Бирок ошону менен бирге Салык кодекси менен түрдүү мезгилдүүлүк жана мөөнөттөр аныкталган. Натыйжада чакан компаниялардын бухгалтерлери, эсеп кызматкерлери фискалдык кызматтар үчүн ондогон отчетторду даярдоо менен гана алектенип калды.
Бизнесмендердин айтымында, кагаз тегирменине,ошондой эле райондук инспекцияга ай сайын баш багып турууга кеткен убакыт жана чыгаша оңой эмес.Мисалы, изилдөөлөр көрсөткөндөй, чакан компаниялар үчүн бул коромжулар тапкан пайданын 5-6 пайызын жоготууга барабар. Ал эми биздин республикада, МСКнын маалыматы боюнча,2014-жылдын башында чакан жана орто бизнестин салык төлөөчүлөрүнүн саны 363701 бирдикти, ал эми алардын салык түрүндө казынага кошкон салымы жалпы чегеримдерден 80% ашыгын түзгөн.Болжолдуу эсептер жыл сайын ишкерлер бир караганда майдадай көрүнгөн нерсенин айынан эле жүздөгөн миллион сом жоготуп келген жана азыр да жоготууда.Тармактык коомдук уюмдардын жетекчилери,эксперттер өкмөткө ишкерлер кварталда бир жолу отчет тапшырган Орусия менен Казакстандан үлгү алууну бир нече сунушташкан. Ошону менен бирге бул өлкөлөрдө мезгилдүүлүк салык төлөөчү инспекцияга бир келгенде отчетторду тапшырып, салыктардын көбүн төлөй тургандай белгиленген. Акылгасыярлык жана ыңгайлуу.Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да мындай сунушту колдоого алышкан. Мисалы, бир жыл мурда Дастан Бекешев салык төлөөчүлөрдүн отчеттуулук боюнча милдеттенмелерин кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаган, бирок колдоо тапкан эмес. Ал канчалык туура маселе көтөргөнүн убакыт көрсөтүүдө.Бул көйгөйдү бир нече себептерден улам баары бир чечүү керектиги түшүнүктүү болгон соң муз ордунан козголду. Биринчиден, Бажы биримдигине кирип жатканына байланыштуу Кыргызстан өз мыйзамдарын Биримдикке кирген өлкөлөрдүн мыйзамдары менен үндөштүрүш керек. Экинчиден, мыйзам ченемдик демилгенин башында турган Экономика министрлиги өзүнүн алдына 2017-жылга чейин глобалдык атаандаштык индекси боюнча рейтингди 10 позицияда жакшыртуу өңдүү дымактуу милдетти койду. Бул болсо өз кезегинде салыкты башкарууну жөнөкөйлөтүү жана ишкерлер менен маморгандар үчүн коромжуларды азайтуу маселелери менен тыгыз алектенүүгө милдеттендирет. Үчүнчүдөн, Экономика министрлигинин бажы жана салык саясатыбашкармалыгынын жетекчиси Кубан Айдаралиевдин айтымында, биринчи кезекте бизге салыштырмалуу салык боюнча коюмдар төмөн болгон Казакстан менен атаандашуу үчүн жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүшүбүз керек.
 
  • Эгерде биз өзүбүздүн салык төлөөчүлөрүбүз үчүн отчеттуулукту тапшыруу боюнча тең шарттарды түзүп бербесек, анда ишкерлердин кайсы бир бөлүгү кошуна өлкөлөргө иштегени кетет. Анын үстүно Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлүшү менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин ортосунда чек аралар ачылат, - деди Кубан Исагалиевич.Ушул тапта бул мыйзам долбооруна жылдык жүгүртүүсү 4 млн. сомго чейин болгон, КНС төлөөчү катары эсептелбеген чакан бизнестин ишканалары, ошондой эле жүгүртүүсү 4 млн сомдон 30 млн.сомго жеткен компаниялар жана коммерциялык эмес уюмдар туура келүүдө. Алар киреше салыгы,сатуудан алынган салык, роялти боюнча өз отчетторун салыктык каттоодон өткөн жери боюнча кварталына бир жолу айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен тапшырып турат.
Республиканын булуң-бурчундагы жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары менен иш алып барган көпчүлүк адистер жана юристтер, мисалы,Өнүктүрүү саясат институту, ошондой эле биздин өлкөдө ишкер чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыккан жана аталган токтомду даярдоодо министрлер кабинетине өз сунуштары менен жардам берген IFC эксперттери өкмөттүн бул кадамы аймактагы ишкерлер үчүн өзгөчө маанилүү болгонун белгилешет.Белгилүү болгондой, Кыргызстанда негизинен чакан ишкерчилик өнүккөн алыскы айыл өкмөттөрү көп. Чаткал, Ала-Бука, Жумгал же Аксы райондорунан ай сайын бир нече жолу райондук борборго отчет тапшыруу үчүн баруу капчыкты каккан иш. Документтерди даярдоого кеткен убакытты жана жол чыгымдарын эсептебеген күндө деле барып-келүүгө көп саат кетет, жолдордун начардыгы адамды азапка салат. Ошону менен бирге жок дегенде бир күнгө кечигип калсаң сөзсүз жазапул төлөйсүң. Албетте өз ишин ачууну каалагандарды мына ушул нерселер кооптондурат жана кийинки аракеттерди жасатпай,токтотуп турат.Көпчүлүк өлкөлөрдө отчет тапшыруунун жөнөкөйлөтүлгөн модели ири салык төлөөчүлөргө да тиешелүү.
“Бирок биздин өлкө буга бара-бара жетет”, - деп эсептейт Кубан Айдаралиев. Бул КНС төлөөчүлөрүнө да тиешелүү. Алар үчүн мөөнөттөр жана мезгилдүүлүк өзгөрбөгөн бойдон калды. Өкмөт азырынча жаңы эрежелерди аларга карата да колдонууга даяр эмес. Анткени тобокелчилик өтө жогору. Канча айтканы менен КНС бул бюджетти түзгөн салыктардын негизгилеринин бири эмеспи. “Бизде КНСти орто жана ири бизнестин субъекттери төлөйт. Алар анчалык көп эмес – болгону 8837 ишкана жана компания бар, - дейт Экономика министрлигинин аткаминери. – Аларда адатта борборлоштурулган бухгалтерия бар, ал жакта баары компьютерге киргизилген. Алар үчүн КНС боюнча отчетту даярдоо жана тапшыруу оорчулук келтирбейт.Процесс жакшы жолго коюлган – окутулган квалификациялуу кадрлар, атайын программалар бар. Алар дээрлик бардык отчетторду электрондук түрдө тапшырууну өздөштүрүп алышкан”.Ай сайын отчет тапшырып туруудан квартал сайын тапшырууга өтүүгө байланыштуу бюджет үчүн коркунуч барбы? Бул суроого Кубан Айдаралиев ооба деп жооп берди. Дал ушул себептен улам казынага түшкөн киреше азаят деп кооптонгон Экономика министрлиги көпкө чейин каршылыгын билдирип келген.
Анткен менен мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеген жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көбү Салык кызматы администрациялоону күчтөндүрүү жолу менен коркунучтардын жана тобокелчиликтердин ордун толукташ керек деп күмөн санап жаткандарды ынандыра алды. Анткени дал ушундай милдетти МСКнын алдына өкмөт коюп келет. Анын үстүнө ведомство да өз пландарында жана стратегияларында бул жааттагы ишти жакшыртууну артыкчылыктуу милдети катары эсептейт.Отчетуулуктун саны кыскаргандан кийин МСКнын милдети – салыктарды жыйноо динамикасына көз салып туруу, эгерде салык төлөөчүлөр белгиленген эрежелерди бузса, аларга эскертүү берүү, административдик чараларды көрүү. Бул аспаптардын баары фискалдык органдын карамагында бар, алардан болгону компетенттүүлүк, кесиптик мамиле жана кардарлар менен иш алып барууда натыйжалуулук талап кылынат.Азырынча болсо чакан жана орто бизнес үчүн өтө маанилүү мыйзам долбоорун карап чыгып, талкуулай турган депутаттардын чечимин күтө туруу керек.Өкмөт оң жагынан чечилет деп үмүт артууда. Анткени документ өтө кылдат даярдалган, АРВ, финансылык-экономкалык жана укуктук анализдерден өткөн.Алардын бардыгы ата мекендик бизнес да, мамлекет да, келечектеги ыктымал инвсторлор да утушта болоорун көрсөттү. Анткени алардын жолунда турган дагы бир олуттуу тоскоолдук алып салынмакчы.
Лариса ЛИ

Окшош материалы: