Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КР Бюджеттик кодексинде каралган бюджеттик ссуданы берүү механизми Кыргыз Республикасында биринчи жолу ийгиликтүү сыноодон өттү

2022-10-16 / ЖӨБ каржысы
КР Бюджеттик кодексинде каралган бюджеттик ссуданы берүү механизми Кыргыз Республикасында биринчи жолу ийгиликтүү сыноодон өттү

Автор: Гульнара САЯКБАЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун эксперти; Бакыт СУБАНОВ, ЖДКЖ Долбоорунун консультанты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол, Авлетим жана Жерге-Тал айыл аймактарында 37 540 адам жашайт, алардын ичинен 18 209у аял, 1916 аз камсыз болгон жана/же көп балалуу үй-бүлөлөр, 2898 пенсия курагындагы улгайган адамдар жана 2465и ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. Бул айылдык аймактардын жайгашкан географиясына байланыштуу жыл сайын жаз мезгилинде жамгыр мол жааганда ички жолдор жараксыз абалга келет. Кышында болсо кар жааганда жер бетин муз каптап, мындай жагдай автоунааларга да, жөө жүргүнчүлөргө да ары-бери каттоосуна кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жаратат. Жергиликтүү калк чогулуштарда жана коомдук угууларда ички жолдордун абалына бир нече жолу нааразычылыгын билдирип, жергиликтүү бийлик органдарына талаптарды коюп келишкен.

Кырдаалга талдоо жүргүзгөндөн кийин жергиликтүү бийлик органдарынын адистери ички жолдорду куруу жана тейлөө үчүн атайын техниканы ар бир айыл аймагы үчүн өзүнчө сатып алуу өзүн актабайт жана натыйжасыз болуп калат деген чечимге келген. Себеби, биринчиден, акча тартыш, ал эми экинчиден, ар бир айыл өкмөтүн өзүнчө алып караганда бул техника үчүн иштин көлөмү аз болуп калат.

Жарандардын кайрылууларынын негизинде бул маселе төрт айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына артыкчылыктуу маселе катары киргизилген.  2020-жылы Авлетим, Жерге-Тал, Жаңы-Жол жана Ак-Жол айыл аймактары төрт тараптуу макулдашууга кол коюп, муниципалитеттер ортосундагы кызматташуунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдап чыгып, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору жарыялаган гранттык конкурска катышкан. Бул конкурстун жыйынтыгы боюнча аталган айылдык аймактар биргелешип грантты утуп алып, ошол каражатка жалпы суммасы 7 миллион сомго автогрейдер сатып алышкан. Бул акчанын ичинен 2 миллион сомду өз бюджетинен бөлүп беришкен эле:

  • Жерге-Тал АӨ – 350 миң сом
  • Авлетим АӨ – 400 миң сом
  • Жаңы-Жол АӨ – 250 миң сом
  • Ак-Жол АӨ – 1 млн. сом.

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтын катышуучуларынын өз салымдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик ссуда берүү аркылуу мындай кызматташуунун лидери – Ак-Жол айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган бюджеттик ссуданы берүү механизми Кыргыз Республикасында биринчи жолу ийгиликтүү сыноодон өттү. Бул иштер Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке бюджеттик ссудаларды берүү жана тартуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону иштеп чыгуунун натыйжасында мүмкүн болду. Аталган Типтүү жобо “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун колдоосу менен даярдалып, КР Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген. Типтүү жобо КР Бюджеттик кодексинин 57-, 67-, 78- жана 79-беренелеринде камтылган бюджеттик ссудаларды берүү механизмин ачып берет. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү Типтүү жобонун максаты болуп саналат.

Көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жана калкты тейлөөнү жакшыртуу үчүн айылдык аймактардын башын бириктирүү – чоң жетишкендик. Албетте, маселени ийгиликтүү чечүү жолу жеңил болгон жок, кызматташтыкты туура пландаштырып, аны документтерде тариздөө үчүн көп иштерди жасаш керек эле. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин таңсыктыгынан улам өз салымын кошуу үчүн каражат бөлүү да кыйынга турду. Маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн төмөнкүлөр жасалды:

  • Бардык катышкан тараптардын кескин макулдугу алынып, буга тартылган муниципалитеттердин айылдык кеңештеринин деңгээлинде кызматташуу жөнүндө саясий чечим кабыл алынды;
  • Төрт айыл өкмөтүнүн ортосунда муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү;
  • Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкка катышкан ар бир айыл аймагында жасалышы керек болгон жумуштардын көлөмү аныкталып, анын негизинде өндүрүштүк программа түзүлгөн;
  • Программага ылайык, ар бир АӨ үчүн жумуштарга кетчү чыгымдар жана алардын баалары эсептелип чыкты;
  • Төрт айыл өкмөтүндө жасалчу жумуштардын жана ички жолдорду тейлөө графиктери даярдалган.

Бул ишти аткарууда калктын колдоосу жергиликтүү бийлик органдарына чоң жардам болду. Төрт аймактын тең жашоочулары көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү рационалдуу гана эмес, жергиликтүү тургундардын ортосундагы байланышты чыңдоого да өбөлгө түзөт деген пикирде калышты.

Айылдык кеңеште бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 12-главасынын 57-беренесине ылайык иштелип чыккан. Буга кошумча эки айыл өкмөтүнүн ортосунда бюджеттик насыя жөнүндө Макулдашуу кабыл алынган. Райондук казыначылыкта да Финансы министрлиги менен Борбордук казыналыктын ортосунда бюджеттик насыя берүү механизмдери түзүлгөн.

Калкты тейлөө жана ички жолдордун сапаттуу абалда кала беришине кам көрүү боюнча пландалган биргелешкен муниципалдык ишкана түзүлгөнгө чейин бул кызмат көрсөтүүлөрдү Ак-Жол айыл өкмөтү негиздеген “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.  

Өз ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасы бюджеттик ссуда боюнча түзүлгөн келишимдердин негизинде, пайыздарсыз жана төлөмдөрдүн белгиленген графигине ылайык муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын катышуучуларынын салымдарын өз пайдасынан кайтарып берүүгө тийиш. 

Өз кезегинде айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде айыл өкмөтү муниципалдык заказды тариздөө аркылуу ички жолдорду күтүү боюнча жумуштарды жасайт. Бул муниципалдык заказдар боюнча төлөмдөр келишимде көрсөтүлгөн жумуштар аткарылгандан кийин муниципалдык ишканага которулат. Акча аткарылган жумуштар боюнча берилген актылардын, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун актыларынын негизинде которулмакчы.

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын бул тажрыйбасы айыл аймактарында көйгөйлөрдү биргелешип чечүү өнүгүүнүн натыйжалуу жолу экендигин көрсөттү. 

Муниципалитеттер менен өнөктөш катары иштеген ЖДКЖ долбоору жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүүдө жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын туруктуулугуна, сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө жетишүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулоого айыл аймактарынын тургундарын жигердүү тартуусуна чоң көңүл буруп жатат.

Автогрейдерлерди сатып алуу жана жеткирүү бир топ убакытты талап кылгандыктан, 2021-жылы муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын мүчөлөрүнүн ортосунда бюджеттик ссуда берүү жөнүндө келишимдерди кайрадан түзүү зарылдыгы келип чыкты. Бул үчүн Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын атынан муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын калган мүчөлөрүнө тиешелүү кат жөнөтүлгөн. 2022-жылдын башында бюджеттик ссуда берүү жөнүндө келишимдер жаңылангандан кийин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары менен бирге 2022-жылга бюджеттик ссудаларды жергиликтүү бюджетке кайтаруу тартибин карап чыгып, бекитишкен. Жаңыланган келишимдердин негизги шарттарынын бирине ылайык, “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасы бюджеттик ссуданы Ак-Жол айыл өкмөтүнө кайтарып берүүгө тийиш. 2022-жылдын 27-июлунда Ак-Жол айыл өкмөтү бюджеттик ссуда жөнүндө келишимдин негизинде Жерге-Тал айыл өкмөтүнө 350 000 сом өлчөмүндөгү салымын кайтарып берген. Ошол замат Ак-Жол айыл өкмөтү менен “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасынын ортосунда төлөө графиги менен кошо акчаны кайтарып берүү жөнүндө келишим түзүлгөн. Төлөмдөрдүн графиги грейдердин 12 айга өндүрүштүк кубаттуулугун, ошондой эле жылдын мезгилдерин эске алуу менен түзүлгөн. “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасы белгиленген графикке ылайык Ак-Жол айыл өкмөтүнө төлөмдөрдү өз убагында которуу милдетин өзүнө алды. Бул муниципалитеттер ортосундагы келишимдин бардык катышуучулары алдыга койгон максаттары ишке ашарына, кызматташуунун мындай механизми жемиштүү болоруна жана келишимдин бардык тараптарына пайда алып келерине ишенишет. 

Окшош материалы: