Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджеттен бюджетке: “горизонталдык” трансферттерди киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр

2022-09-19 / ЖӨБ каржысы
Бюджеттен бюджетке: “горизонталдык” трансферттерди киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр

Динара ШАЙДИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун консультанты

1990-жылдардын башынан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө чөлкөмдүк саясатта бюджеттик каражаттарды эң аз камсыз болгон аймактардын пайдасына кайра бөлүштүрүү көрүнүшү байкалып келет. Чарбалык жалпылыктын жана окшош экономикалык кызыкчылыктардын негизинде бир нече административдик түзүлүштөрдү (аймактарды, муниципалитеттерди) бириктирүү шартында алардын ички экономикалык өсүшүнө түрткү берүү байкалууда. Жалпак тил менен айтканда, мамлекеттер “артта калып жаткан” аймактарды жана муниципалитеттерди субсидиялап гана тим болбостон (алар Кыргызстанда “дотацияда тургандар” деп аталат), аларга биригүүгө жана чогуу жасалган аракеттер менен экономикалык өсүшкө жетишүүгө жардам беришет.

Ошондуктан, жалпы улуттук артыкчылыктуу тапшырмаларды аткаруу үчүн конкреттүү муниципалитеттерге бөлүнгөн бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүүгө бөлүнгөн трансферттер жана максаттуу субсидиялар өңдүү түздөн-түз финансылык колдоо формаларынан тышкары, аймактар аралык жана муниципалитеттер аралык чарбалык кооперациянын формалары барган сайын кеңири жайылууда, алар каржылоонун тиешелүү механизмдерин, анын ичинде “горизонталдык” трансферттерди талап кылат.

20-жылдары ЖӨБ органдарынан бюджеттик каражаттарды “алмашып турууну”, акча каражаттарын бир жергиликтүү бюджеттен экинчисине “горизонталдык” түрдө которууну талап кылган муниципалитеттер аралык кызматташтык жигердүү өнүгө баштаган Кыргыз Республикасы да дүйнөлүк процесстерден четте калган жок. “Горизонталдык” трансферт мүмкүнчүлүгү мурда Бюджеттик кодексте каралганы менен, техникалык жактан ЖӨБ органдары ушул өңдүү финансылык операцияларды жөнгө салууда көйгөйлөргө туш болушкан, ал эми Финансы министрлиги бул операциялардын жыйынтыгын жыйынды отчеттуулукта эсепке алууда кыйналып келген. Башка сөз менен айтканда, Финансы министрлиги үчүн “горизонталдык” трансферт болгон учурда, жергиликтүү бюджеттердин көлөмүндө өзгөрүү болбойт, бирок ошол эле учурда операция ишке ашып, өзүнчө жергиликтүү бюджеттин эсептеринен каражаттар алып салынчу. Кырдаал кошумча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгууну талап кылды, буга жооп катары Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби иштелип чыгып, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген.

КР Бюджеттик кодекси “горизонталдык” трансферттерди максаттуу категорияга киргизет, башкача айтканда бул белгилүү бир максаттарга бир бюджеттен экинчи бюджетке берилген каражаттар. Максаттуу трансферттер республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилиши мүмкүн, мындай учурда алар “вертикалдык” деп аталат. Бирок бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке трансферт берүүгө болот, мындай учурда алар “горизонталдык” деп аталат.

Кыргыз Республикасында бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферт берүү мүмкүнчүлүгү Бюджеттик кодекстин 55-беренесинде бекитилген.

Ошондой эле Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибинде бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн негизги багыттары белгиленген.

Жогоруда аталган документке ылайык, бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерге муктаждыгы төмөнкүдөй учурларда келип чыгат:

  • муниципалитет аралык кызматташуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир органы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кечиктирилгис маселелерин чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экинчи органына финансылык жардам көрсөтүүсүндө;
  • бюджеттик жылдын ичинде артыкчылыктуу чыгымдарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде келип чыгуучу финансылык каражаттардын жетишсиздигинде;
  • жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизген инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда.

Бул финансылык операциянын техникалык аткарылышы бюджеттик мыйзамдарда да каралган, атап айтканда Бюджеттик классификацияда мындай операциялар үчүн атайын кодировка/эсеп бар: 13 321 300 “Жергиликтүү бюджеттин деңгээлдеринин ортосундагы максаттуу трансферттер”.

Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) муниципалитеттер биргелешип, техниканы сатып алуу, ремонт иштерин жүргүзүү жана башка ушул сыяктуу демилгелер боюнча практикасы улуттук деңгээлде отчеттуулукту түзүүдө эсепке алуу көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды.

Айталы, бул финансылык операцияны ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине да, ыйгарым укуктуу органдын адистерине да кеңири түшүндүрүү зарыл экендиги анык болду. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн Тартипке кошумча 3 айдан кийин КР Финансы министрлиги өзүнүн №127 буйругу менен Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитти.  Бул документти даярдап, талкуулоо процессинде Министрликке USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоору колдоо көрсөттү.

Методикалык көрсөтмөлөрдүн милдети – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү кызматкерлерине, Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарына, казыналыктын аймактык башкармалыктарына жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин деңгээлинде туура эсепке алуу жана отчеттуулукту түзүү үчүн казыналык/бухгалтердик өткөрүүлөрдү пайдалануу менен бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүү/алуу жол-жоболору боюнча кадам-кадамы менен түшүндүрмөлөрдү берүү.

Документ теориялык жана техникалык бөлүктөрдөн турат. Теориялык бөлүгүндө Бюджеттик кодекстин 55-беренесинин алкагында бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүү/алуу жол-жоболору жана жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди берүү тартиби келтирилген.

 ЖӨБ органдарынын ортосунда максаттуу трансфертти бөлүү жана алуу көлөмү боюнча келишим түзүү жана аны айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бекитүү маанилүү учур болуп саналат.

Документтин техникалык бөлүгү Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери кандай казыналык өткөрүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш экендигин жана муниципалитеттер ортосундагы трансферттер боюнча финансылык операцияларды жүргүзүүдө айыл өкмөтүнүн финансылык кызматкерлери кантип эсепке алышы керектигин аныктайт.

Мисалы, айыл өкмөтү (АӨ-1) башка айыл өкмөтүнө (АӨ-2) 50 000 сом суммасында максаттуу трансферт берүүнү чечти. Иш-аракеттердин тартиби төмөнкүдөй болот.

1-кадам: АӨ-1 жана АӨ-2 Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча методикалык көрсөтмөлөргө тиркелген форма боюнча келишим түзүшөт.

2-кадам: АӨ-1 жана АӨ-2 айылдык кеңештердин жыйналыштарында тиешелүүлүгүнө жараша трансферттерди берүү жана алуу демилгесин көтөрүшөт.

3-кадам: АӨ-1 жана АӨ-2 50 миң сом өлчөмүндө трансфертти алуу/берүү жөнүндө келишимдердин жана жергиликтүү кеңештин чечиминин көчүрмөлөрүн Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгына беришет.

4-кадам: Аймактык финансы башкармалыгы максаттуу трансферттин суммасына АӨ-1 жана АӨ-2нин сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизип, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын функциялары жана укуктары боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө билдирет. 

5-кадам: Аймактык финансы башкармалыгынын казыналык бөлүмү казыналар ортосундагы тапшырма менен төмөнкү операцияларды жүргүзөт:

  • АӨ-1ге: АӨ-1дин “минус” аккумуляциялык эсеби насыясы боюнча – 50 миң сом;
  • АӨ-2ге: 13 321 300 насыясы боюнча АӨ-2нин аккумуляциялык эсебине – 50 миң сом.

Методикалык көрсөтмөлөр ЖӨБ органдарынын “горизонталдык” трансферттер менен иштөөсүн кыйла жөнөкөйлөтөт деп күтүлүүдө, себеби:

  • ЖӨБ органдарынын, Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын, Казыналыктын башкармалыктарынын, Финансы министрлигинин тиешелүү башкармалыктарынын, Борбордук казыналыктын ар бир кадамы макулдашылган иш-аракеттерин камтыйт;
  • жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен муниципалитеттер аралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн бекемдейт;
  • трансферттерди берүүнү/алууну эсепке алуунун жана отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун жогорулатат.

Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча методикалык көрсөтмөлөр 2022-жылдын 29-июнунда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун II Координациялык Кеңешинде тартууланган. Методикалык көрсөтмөлөрдүн долбоору катышуучулардын кызыгуусун жаратып, ал зарыл экени белгиленди. Ошол эле учурда жыйын учурунда да, андан кийин да суроолор тынбай түшүп турду. Мисалы, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрүн муниципалитеттер аралык трансферттердин укуктук негиздери кызыктырды. Бул маселе талкуунун башка катышуучуларын да кызыктыргандыктан, Методикалык көрсөтмөлөргө алгоритм боюнча ченемдик укуктук актылардын үзүндүлөрү киргизилген: 

  • КРдин Бюджеттик кодекси (55-, 67-, 78-, 79-беренелер);
  • КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби (7-глава).

Методикалык көрсөтмөлөрдүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү башкармалыктарында, анын ичинде Борбордук казыналыкта жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистема” мамлекеттик ишканасында эксперттик баалоодон өттү.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

Кыргыз Республикасында Бюджет аралык мамилелер – бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономикалык жана бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу, бюджеттик процессти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамилелердин жыйындысы.

Бюджет аралык мамилелер мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды чектөөгө, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуу методологиясынын жана критерийлеринин бирдиктүүлүгүнө негизделген.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, бюджеттик жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн суммалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калат. Көрсөтүлгөн кирешелер алып коюуга жатпайт жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзөгө ашырууга пайдаланылат.

Бюджет аралык мамилелердин саясаты, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин өзгөртүү стратегиясын кошуп алганда, Фискалдык саясаттын негизги багыттарында аныкталат.

Бюджет аралык мамилелер төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларына жана ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун ар бир бюджетине кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитип берүү;
  • жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин бюджеттердин деңгээлдеринин ортосунда 5 жылдан кем эмес узак мөөнөттүү негизде белгилөө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кирешелериндеги же кошумча чыгашаларындагы жоготуулардын ордун толтуруу.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер ортосундагы мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана бюджеттер аралык трансферттерден ченемдик чегерүүлөр аркылуу жөнгө салынат.

Окшош материалы: