Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри шаардын мүлкүн башкарууга байланыштуу чыгымдарды түшүнүүгө жана жергиликтүү бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө кантип жардам берет

2021-05-21 / ЖӨБ каржысы
Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри шаардын мүлкүн башкарууга байланыштуу чыгымдарды түшүнүүгө жана жергиликтүү бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө кантип жардам берет

Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүнүн бирдиктүү реестрин түзүү боюнча тажрыйбасы Гүлнара САЯКБАЕВА, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча эксперт

Тарыхы

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында ЖӨБ органдарынын мүлккө муниципалдык менчик реестрин түзүү жана жүргүзүү милдети аныкталган. Ошентсе да, СССР кулап, Эски-Ноокат айылы Ноокат шаарына кайра түзүлгөндөн бери, бул шаарда мүлктү эсепке алуу дээрлик жүргүзүлгөн эмес, бул процесс материалдык баалуулуктардын тизмесин түзүү менен гана чектелген. Тизмелерде мүлк бирдигинин аталышы камтылып, бирок инвентардык номерлер, коддор, шифрлер, амортизациялык чегерүү ченемдери жана аны калыбына келтирүү ченемдери жазылган эмес. Баштапкы, рыноктук жана адилет наркы тургай, мүлктү кайра баалоо жүргүзүлгөн эмес. Билим берүү мекемелеринде ата-энелер, меценаттар жана башка жакшы санаалаштар тарабынан берилген, эсепке алынбаган бир топ мүлк топтолгон. Негизги фонддор боюнча баа Советтер Союзунун валютасында бекитилген жана ошондон бери жыл сайын жөн эле кайталанып көчүрүлө берген. Мындай жагдай Кыргыз Республикасынын башка муниципалитеттеринде да орун алган деп болжолдоого болот, анткени каражаттарды советтик рублден улуттук валютага которуу менен кайра баалоо оңой иш эмес жана мэриянын же айыл өкмөттүн бухгалтерлеринин көпчүлүгү тиешелүү принциптерди билбегендиктен, аны аткара алышпайт. 

Кандай иштер жасалды?

Ноокат шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөр болууда. Системаны комплекстүү өркүндөтүү жана Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин (ММБР) иштеп чыгуу максатында, 2019-жылдын март айынан декабрь айына чейин Ноокат шаарынын мэриясы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жардамы менен муниципалдык мүлккө толук инвентаризациялоо өткөргөн. Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу төрт этапка бөлүндү. Биринчи этапта даярдык иштери жүргүзүлдү. Бул этапта Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүнүн реестрин талдоо жана изилдөө иштери аткарылган. Экинчи этап – муниципалдык мүлктү пайдалануучу субъекттердин жетекчилеринин сурамжылоо. Үчүнчү этап – муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо. Төртүнчү этап – Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестрин түзүү.

Биринчи этап – учурда болгон мүлктүн реестрине талдоо жүргүзүү. Деталдуу изилдөө Ноокат шаарындагы мүлктү башкаруу боюнча чыныгы кырдаалды билүүгө мүмкүндүк берди. Талдоого алынган маалыматта баштапкы дайындар башаламан жана аз болгон. Колдонуудагы Муниципалдык мүлктүн реестри накта көрсөткүчтөрдүн тизмесинен турган, ал эми нарк аспектилери, идентификациясы, менчиктин формасы жана укуктары көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, каржылык отчеттуулуктун стандарттары боюнча түзүлгөн инвентардык ведомосттор, чарба жүргүзүү жана оперативдик башкаруу укугунда субъекттерге мүлктү өткөрүп берүү боюнча келишимдер, ошондой эле мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актылары жок болгон.

Экинчи этап – субъекттердеги иш жүзүндөгү кырдаалды изилдөө. Муниципалдык менчикти пайдалануучу субъекттердин башчыларын – муниципалдык ишканалардын директорлорун, муниципалдык мекемелердин башчыларын, ачык акционердик коомдун төрагасын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларын сурамжылоо – мүлк маселесине байланыштуу көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүн далилдеген. Алсак, билим берүү мекемелеринде ХХ кылымдын 70-жылдарында өндүрүлгөн, пайдаланууга жараксыз, алардын бар экендигин жана ээлик кылуу укугун аныктаган документтери жок мүлк болгон. Мындан тышкары, мекемелерде туура эмес тартипте эсепке алынган, бирөөлөр тарабынан белекке берилген мүлк болгон. 

Үчүнчү этап инвентаризациялоо. Инвентаризациялоо – бул бардык субъекттер үчүн милдеттүү түрдө жыл сайын жүргүзүлүүчү жол-жобо. Башкы максаты – бухгалтердик эсептин маалыматтарынын иш жүзүндөгү абалга туура келишин текшерүү. Бирок, бардык эле уюмдар инвентаризацияны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнө беришпейт жана аны формалдуулукка айландырышат. Бирок ушул процедуранын жүрүшүндө гана ашыкча же жетишсиз мүлктү аныктоо, объектилердин чыныгы абалын аныктоо, мүлктүк мамилелерди жөнгө салуу, бухгалтердик эсепке алынган карыздын негиздүүлүгүн баалоо, чыгымдарды азайтуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо, бухгалтердик эсепти жөндөө жана эң негизгиси салык тобокелдиктерин минималдаштыруу мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү. 

Инвентаризациялоо продукцияны өндүрүү, аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн чыгымдарды туура аныктоо,  товардык-материалдык баалуулуктарды жоготууну азайтуу,  мүлктү уурдоонун алдын алуу ж.б. үчүн чоң мааниге ээ. Ал бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарын тастыктайт, же эсепке алынбаган баалуулуктарды жана жоготууларды, уурдоолорду, кем чыгууларды аныктайт. Ошондуктан, инвентаризациялоонун жардамы менен материалдык баалуулуктардын сакталышы гана көзөмөлдөнбөстөн, ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун жана отчеттун маалыматтарынын толуктугу жана аныктыгы текшерилет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык мүлктөр жана финансылык милдеттенмелердин бардык түрлөрү, анын жайгашкан жерине карабастан, башкача айтканда, башкы субъект үчүн гана эмес, ошондой эле анын бөлүмчөлөрү үчүн дагы инвентаризацияланууга жатат. Демек, комиссияга милдеттүү түрдө материалдык эмес активдерди, негизги каражаттарды, финансылык салымдарды, товардык-материалдык баалуулуктарды, бүтпөгөн өндүрүштү жана алдын-ала төлөнгөн чыгымдарды, акча каражаттарын, акча документтерин жана катуу отчеттуулук документтеринин бланктарын, жеткирүүчүлөр, сатып алуучулар, салык органдары жана фонддору менен эсептешүүлөрдү, башка дебиторлор (кредиторлор) менен эсептешүүлөрдү, келечектеги чыгымдар жана төлөмдөр үчүн резервдерди, баалоо резервдерин, активдери жана милдеттенмелерди текшерүү зарыл болгон.

Толук инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн Ноокат шаарынын мэри отуз күндүн ичинде инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарган. Комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери, билим берүү тармагынын жетекчилери кирген. Бул максатта муниципалдык мүлктү пайдалануучу субъекттин материалдык жооптуу адамдарына № ИНВ-1 типтүү форма боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын инвентаризациялык сүрөттөлүшүн алуу тууралуу тил каттар таркатылган. Комиссия ошондой эле шаарга таандык мүлктү гана эмес, баланстык эсептерде жазылган, шаар менчик укугуна ээ болбогон баалуулуктарды дагы текшерүүгө көңүл бурду, мисалы, ижарага алынган негизги каражаттар; жооптуу сактоо үчүн алынган товарлар; иштетүүгө кабыл алынган материалдар ж. б. Кийинчерээк текшерүү учурунда шаардын ушул сыяктуу мүлкү жок экендиги аныкталган.  Мектепке чейинки жана окуу мекемелеринде инвентаризациялоо жүргүзүүдө меценаттар, ата-энелер комитети жана башка демөөрчүлөр тарабынан берилген мүлктөр эсепке алынды. Эскилиги жеткен, колдонууга жараксыз мүлк өзүнчө реестрге киргизилип, кийинчерээк ал жарым-жартылай эсептен чыгарылып, утилдештирилген. Шаардын бухгалтериясынын маалыматтары менен салыштырууда негизги жана жүгүртүү каражаттарына жеке номерлер, коддор, шифрлер, пайдалуу кызматтын мөөнөтү, эскирүү жана амортизациянын ченемдери берилди.

Көрктөндүрүү элементтерин инвентаризациялоодо муниципалдык жолдордун, жашыл бак-дарактардын, арык тарамынын, көчө жарыктандыруу шамчырактарынын жана тротуарлардын көлөмү аныкталды. 

Муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо процессинде бухгалтердик эсептин ченемдерине жана башка ченемдик актыларга ылайык келген баардык керектүү иш-чаралар аткарылды. 

Төртүнчү этап – калдыктарды салыштыруу. Инвентаризациялоо жүргүзүүнүн кийинки этабында - текшерүү учурунда аныкталган материалдык жана материалдык эмес активдердин калдыктарын бухгалтердик эсепке алынган калдыктар менен салыштыруу жүргүзүлдү. Комиссия инвентаризациялык тизмени Ноокат шаарынын мэриясынын бухгалтериясына өткөрүп берип, ал мүлктүн иш жүзүндөгү калдыктарын бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырды. Салыштыруу ведомостторун түзүүдөн  жана инвентаризациянын натыйжаларын аныктоодон мурун, мэриянын бухгалтерия бөлүмү инвентаризация тизмелеринде келтирилген бардык эсептөөлөрдүн тууралыгын кылдаттык менен текшерип чыккан. Салыштыруу ведомосту бухгалтер тарабынан эки нускада түзүлөт, алардын бири бухгалтерияда сакталат, ал эми экинчиси материалдык жооптуу адамга берилет. 

Бардык иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин, комиссия Ноокат шаарында муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин иштеп чыгууга киришти.  Өлкөдө муниципалдык мүлк үчүн реестрдин унификацияланган формасы жок, ошондуктан жүргүзүлгөн инвентаризациялоо боюнча маалыматтар негиз катары алынган. Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүнүн бирдиктүү реестри төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  • эсепке алуу үчүн негиздеме;
  • негизги фонддордун мамлекеттик классификаторунун (НФМК) коддору;
  • мүлктүн шифри;
  • мүлктүн амортизациясынын ченеми;
  • мүлктүн пайдалуу кызмат мөөнөтү;
  • пайдаланууга берилген жылы;
  • эксплуатацияга киргизүүнү тастыктаган орган;
  • НФМК топтору боюнча бөлүштүрүү;
  • мүлктүн аталышы;
  • мүлктү өлчөө бирдиги;
  • мүлктүн саны;
  • мүлктүн баланстык наркы;
  • мүлктүн калдык наркы.

Эмне өзгөрдү?

Инвентаризациялоо учурунда топтолгон маалыматтарды жалпылоодо Ноокат шаарындагы муниципалдык мүлктүн наркы 129 044 149 сомду түзөөрү аныкталды. Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүнүн бирдиктүү реестринин жардамы менен муниципалдык менчикти башкаруу шаардын ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизет.

Шаардын негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттарды калыбына келтирүү үчүн амортизациялык чыгымдарды башкаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. 2020-жылдын 1-январынан тартып, муниципалдык мүлктү пайдаланып жаткан субъекттердин өзүнчө эсептик эсептеринде амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча иш-аракет башталган. 2020-жылга чейинки мезгилде салык органы тарабынан эсепке алынбаган муниципалдык менчикти пайдалануу үчүн амортизациялык чегерүүлөр, аларды кайра эсептөө жана нөлгө түшүрүү жолу менен тийиштүү түргө келтирилди. Эми шаардын мэриясы негизги каражаттарды жана жүгүртүү каражаттарын оңдоодо жана калыбына келтирүүдө амортизациялык чыгымдарды жакшыраак башкара алат. Мисалы, “Ноокат суу каналы” муниципалдык ишканасы ай сайын 50 000 сом амортизациялык чегерүүлөрдү же жылына 600 000 сомду топтойт.

Жылдык бюджетти түзүүдө бийлик оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн керектөөлөргө байланыштуу иш жүзүндөгү кырдаалды көрө алат, ошондой эле сарпталуучу каражаттардын конкреттүү көлөмүн аныктай алат. Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө карата баа түзүү жагында тарифтик саясат ачык-айкын болот. Азыркы учурда Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин адистери кадастрдык эсепте турбаган кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмесин жол-жоболоштуруу боюнча иш жүргүзүүдө. Жүргүзүлгөн иштердин жана топтолгон тажрыйбанын негизинде шаар бийлиги муниципалдык менчикти үзгүлтүксүз, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү башкаруу жергиликтүү бюджеттин башкаруу натыйжалуулугун жогорулатып, шаарды ашыкча чыгымдардан арылтаарына ынанышты.

 

Окшош материалы: