Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаран жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата өзүнүн укуктарын жана милдеттерин билүүсү үчүн Жарандык бюджетти кантип толуктоо керек?

2021-05-21 / ЖӨБ каржысы
Жаран жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата өзүнүн укуктарын жана милдеттерин билүүсү үчүн Жарандык бюджетти кантип толуктоо керек?

Асылбек ЧЕКИРОВ, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Джамиля АРБАНАЛИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун адиси

Тарыхы 

КР Бюджеттик кодексине ылайык, жарандык бюджет маалыматтарды (бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө) түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада баяндоону билдирет жана атайын билими жокторду кошуп алганда, жарандарга мамлекеттик финансылар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет. 

КР Бюджеттик кодексинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде Жарандык бюджетти чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ченемдери 2017-жылдын 1-январынан баштап иштей баштагандыгына карабастан, мурда аларды иштеп чыгуу практикасы кездешкен, мисалы, Бишкек жана Ош шаарларында (2014-2015-жылдары). Жарандык бюджеттердин үлгүлөрү Бюджеттердин кыскача сүрөттөмөсү (БКС) болгон, алар коомдук угууларды өткөрүүгө карата ЖӨБ органдары тарабынан даярдалган. БКС азыркы учурда деле көп колдонулат, ошондуктан Жарандык бюджеттер аларды толук сүрүп чыгарды деп айтууга болбойт. Муну менен катар, Жарандык бюджет – бул өз жашоосу менен жашаган, өз алдынча документ жана сөзсүз эле коомдук бюджеттик угууларга “байланыштуу” болбошу керек.

«Оргочор АА жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн киреше салыгы 12 млн. сомду түзөт, ошол эле учурда бардык калган кирешелер болгону 1,8 млн. сомду түзөт. Жакынкы убакта Кумтөр ишин аяктайт, аймак өз кирешесинин 80%дан ашыгын жоготот. Ошондуктан, азыртадан бул жоготууларды кантип компенсациялай турганыбызды пландашыбыз керек».

Оргочор АА Жарандык бюджети

ЖӨБ органдарына Жарандык бюджетти түзүүдө жардам берүүчү документ КР Өкмөтүнүн  2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтому менен бекитилген, ЖӨБ органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы болуп саналат. ЖӨБ органдары үчүн Методика сунуштама мүнөзүнө ээ жана Жарандык бюджетти иштеп чыгуу боюнча базалык эрежелер катары колдонулушу мүмкүн. 

Кандай иштер жасалды?

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын айрым шаарларында жана айыл аймактарында Жарандык бюджетти иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылган. Долбоор ЖӨБ органдарына Методикада көрсөтүлгөн жоболордон тышкары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн бюджеттик процесске тартуу үчүн бюджеттик маалыматты берүүгө гана эмес, аларды диалогго чакырууга басым жасоону сунуштады. Негизинен “жарандарды бюджеттик процесске тартуу” термини: 1) жарандар тарабынан алар аныктаган артыкчылыктарды жергиликтүү бюджеттен каржылоого сунуштоону, 2) бийликтен бюджеттик маалыматты берүүдө айкындуулукту талап кылууну, 3) бюджеттик каражаттарды чыгымдоого коомдук мониторинг жүргүзүүнү түшүндүрөт.

Кулатов АА Жарандык бюджетинде кирешелер жөнүндө билдирүү

«Патенттер үчүн төлөмдөрдүн эсебинен кирешелерди 15-20%га көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бардык төлөөчүлөр патент үчүн төлөмдөрдү толук төлөөсү зарыл. Мындан тышкары, жайыт салыгынын ченин жылына 10 сомго жогорулатуу сунушталат. Бул бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча 300-350 миң сом алып келет». Азыркы убакта коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм төмөнкүдөй:

  • таштандыларды чогултуу жана ташып чыгарууга тариф – бир үй чарбадан айына 50 сом;
  • сууга тариф – бир үй чарбадан 200 сом.

Калк тарифтерди толук төлөбөгөндүктөн, биз таштандыны ташып чыгарууга жыл сайын жергиликтүү бюджеттен кошумча 309,6 миң сом, ичүүчү суу менен камсыздоого – 507,3 миң сом бөлөбүз. Эгерде бардык жарандар өз милдеттенмесин ак ниеттүү аткарса, биз 800 миң сомду башка керектүү чыгымдарга жумшай алмакпыз».

Долбоордун атынан ЖӨБ органдарына бул түшүнүктү кеңейтүү жана ага төмөндөгүлөрдү киргизүү сунушталган: 1) жарандын салыктарды жана жыйымдарды жергиликтүү бюджетке толук көлөмдө төлөө жоопкерчилиги жана милдеттенмеси, 2) жарандардын суроо-талаптарын аткаруу зарылчылыгынан улам жаралган бюджеттин тартыштыгын жабуу маселелерин ЖӨБ органдары менен талкуулоо жана макулдашуу, 3) ЖӨБ органдары сунуштаган калктын коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүү түрлөрү үчүн төлөмдөрдү толук төлөөсү боюнча сунуштарды талкуулоо (бул жергиликтүү бюджетке жүктү азайтат). Мындай кошумча маалыматтардын камтылгандыгынын натыйжасында, Жарандык бюджет айкындуулукту камсыздаган, ошондой эле ЖӨБ органдары менен жамаат ортосунда тең диалог түзүүнү талап кылган документке айланат. Документте бийликтин жоопкерчилиги гана эмес, калктын салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча милдеттенмеси да көрсөтүлөт.

Эмне өзгөрдү?

Долбоор өнөктөш БЭУ жана айрым ЖӨБ органдары үчүн окутуу программасын ишке ашырды. Жыйынтыгында Каракол, Ноокат шаарларынын, ошондой эле алты айыл аймагынын Жарандык бюджеттери иштелип чыкты. Алгачкы Жарандык бюджеттерди түзүүдө эле Долбоордун сунуштары колдонулду, бул документти кызыктуу жана ыңгайлуу форматта түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун сунуштарын колдонуу ЖӨБ органдарына Жарандык бюджеттен “коркпоо” үчүн шарт түзөт. Тескерисинче, документ бюджеттин “саламаттыгы” үчүн жооптуу адамдар катары жарандарды бюджеттик процесске реалдуу тартуу максатында, жамаатка таасир этүүнүн куралы болуп калышы мүмкүн. Жарандык бюджетти даярдоо үчүн http://gb.minfin.kg сайтында жайгашкан атайын Порталды колдонуу сунушталат. Порталдын акыркы модификациясы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору сунуштаган, ушул макалада берилген кошумча маалыматты Жарандык бюджетке киргизүүгө мүмкүндүк берет.

 

Окшош материалы: