Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пандемия шартында бюджет боюнча угуулар өткөрүлүп жатат. Бирок жаңы онлайн аспаптар да керек. Заман талабына жооп берүү максатында ЭУЖӨБОЖ Долбоору www.gb.minfin.kg web-тиркемесин модернизациялап жатат

2021-02-07 / ЖӨБ каржысы
Пандемия шартында бюджет боюнча угуулар өткөрүлүп жатат. Бирок жаңы онлайн аспаптар да керек. Заман талабына жооп берүү максатында ЭУЖӨБОЖ Долбоору www.gb.minfin.kg web-тиркемесин модернизациялап жатат

Азамат МАМЫТОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2017-жылдын январь айында күчүнө кирген. Ошондон баштап ЖӨБ органдары жыл сайын коомдук бюджеттик угууларды өткөрүп турууга тийиш болчу. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү жана жарандык бюджетти түзүү – бул Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жазылган талап. Ал эми угууларга катышып, пикирин билдирип, сунуштарды берүү – бул Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын конституциялык укугу. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-127-беренелерине ылайык, ЖӨБ органдары бюджеттик угуулардын уюштуруучулары жана жарандык бюджет үчүн жооптуу болуп саналышат. Коомдук бюджеттик угуулардын жана жарандык бюджеттин негизги максаты – бул элди жергиликтүү бюджеттин долбоору тууралуу кабардар кылуу, жарандардан пикирлерди жана сунуштарды чогултуу. Коомдук угуулар жылына эки жолу өткөрүлүп турат: кийинки жылга бюджеттин долбоору боюнча жана жергиликтүү бюджеттин өткөн жыл үчүн аткарылышы тууралуу отчет боюнча өткөрүлөт.

КР Бюджеттик кодекси күчүнө кирген учурдан бери бюджеттик угууларды өткөргөн ЖӨБ органдарынын географиясы улам кеңейип турду. Айталы, 2019-жылы 300дөн ашык ЖӨБ органы 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүшкөн.

2020-жылы ар бир жарандын жашоосунда, ар бир ЖӨБ органынын ишинде көп нерселер өзгөрдү. Пандемияга байланыштуу ЖӨБ органдарынын коомдук иш-чараларды уюштуруу укугу чектелүү болуп калды. Ал эми коомдук угуулар дал ушундай иш-чаралардын катарына кирет эмеспи. Мунун натыйжасында 2021-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды ЖӨБ органдарынын 10 пайызга жакыны гана өткөргөнүн тастыктаган.

Бул маалыматты “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) 2020-жылдын 1-декабрынан 17-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун алкагында алды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (мындан ары – SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Сурамжылоого шаар мэрлери/айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле республика боюнча айыл өкмөттөрдүн финансы-экономикалык бөлүм башчылары катышты. Сурамжылоого катышкан респонденттердин жалпы саны – 604 болду, анын ичинде 140 аял бар. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүдө практикалык адистер кандай негизги кыйынчылыктарды жана оң жагын көрүп жатканы тууралуу ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн пикирин изилдөө сурамжылоонун негизги максаты болду.

Сурамжылоого катышкан ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү – 92% - шаарда же айылдык аймакта коомдук бюджеттик угууларды өткөрөрүн тастыкташты. ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн коомдук угууларды өткөрүү, биринчи кезекте, мыйзамдын талаптарын аткаруу менен маанилүү – респонденттердин 40 пайыздан ашыгы ушундай ойдо. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн төрттөн бири угуулар – бул калк менен маанилүү маселелерди талкуулап алуу мүмкүнчүлүгү деп эсептешет. Ал эми ЖӨБдүн ар бир онунчу кызматкери өзү үчүн пайдалуу маалымат алышкан. Бул маалымат бюджеттин долбоорун кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары менен талкуулаганда керек болот.

1-диаграмма. “Сиздин ААда жергиликтүү бюджетти талкуулоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлүп турабы”?

Өзүнүн тажрыйбасына ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн жарымынан көбү ыраазы. “Бюджеттин долбоору боюнча өткөн угууларга канааттандыңызбы?” деген суроого сурамжылоого катышкан респонденттердин 55% “толугу менен канааттандым” деп, 39% “жарым-жартылай канааттандым” деп жооп беришкен.

Бирок ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн 8 пайызы “канааттанган жокмун” деп жооп берген. Буга эмне себеп болду? Калк менен бюджетти талкуулоого ЖӨБ органдарына эмнелер тоскоол болууда? Сурамжылоо көрсөткөндөй, респонденттердин үчтөн бири коомдук иш-чарага адамдарды чогултканда кыйналышат. Респонденттердин 13% жашоочулар бюджетти түшүнбөйт деп эсептешет. Дагы 13% “жарандар өтө көп суроо узатышат” деп жооп беришкен. Ал эми төрттөн бири угуулардын жыйынтыгына эмне үчүн канааттанбай калган себебин түшүндүрүп бере алышкан эмес.

2-диаграмма. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн угуулардын жыйынтыктары: алар эмнеси менен пайдалуу болду деп эсептешет?

3-диаграмма. Угууларга канааттанбай калуунун себептери

Ушундай эле сурамжылоо ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү арасында гана эмес, ошондой эле 25 коммерциялык эмес уюмдун (мындан ары – КЭУ) ичинде да жүргүзүлгөн. Кызыгы, КЭУнун ар бир төртүнчү (25%) өкүлү адамдар аз катышканы үчүн угууларга канааттанбаганын айтышкан. Ал эми адамдардын саны дайыма дискуссиялардын сапатына жана жыйынтыгына таасирин тийгизет.

ЖӨБ органдары элде кызыгуунун жоктугун бюджеттик маалыматты ачуу, жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын калк менен талкуулап алуу боюнча ишиндеги негизги тоскоолдук катары баалашат. Айталы, “Эмне үчүн угуулар өткөрүлбөйт?” деген суроого ЖӨБ органынын ар бир үчүнчү өкүлү “жашоочулар кызыкпайт” деп жооп беришкен. Бул жерде көңүлдү бир нерсеге буруш керек: ар бир жаран бюджеттик көрсөткүчтөрдү талкуулоого кызыгуусун билдирет деп күтпөш керек. ЖӨБ органдарынын милдети – мүмкүн болушунча көп адамдарды чогултуу эмес, буга чындап кызыккан адамдар менен бюджетти талкуулап алуу. Атүгүл, эгерде муниципалитетте баары жолго салынып, маселенин баары чечилсе, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшы болсо, анда адамдарда бюджетти талкуулоого жүйөсү деле болбойт. Мындай учурда “Угууларга канчалык көп адам келди?” деген суроо эмес, “ЖӨБ органдары бюджетти талкуулоого канчалык мүмкүнчүлүк берди?” деген суроо принципиалдуу болуп турат. Бирок Кыргыз Республикасынын муниципалитеттери, өзгөчө элеттик муниципалитеттер жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу чечиши керек болгон көйгөйлөргө туш болбой кала тургандай кырдаалга жеткенче дагы көп бар. Ошол себептен ушул тапта жана жакынкы келечекте катышуучулардын саны тууралуу маселе актуалдуу бойдон кала бермекчи. Себеби көйгөйлөр тууралуу пикирин айткысы келгендер өтө көп, бирок алар угууларга келбей жатса, анда ЖӨБ органы угуулардын сапаты жана алар тууралуу кабар берүү ишин уюштуруу жөнүндө ойлонуп көрүүгө тийиш.

4-диаграмма. Угуулардын өтпөй калышынын себептери

Адамдарга бюджетти талкуулоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кабар жетпей калганы – угууларга катышкандардын санынын азайышынын өтө маанилүү фактору болуп саналат. Жакшы өткөрүлгөн маалымат өнөктүгү жана бюджет тууралуу түшүнүктүү маалымат – жашоочуларды угууларга катышууга кызыктыруунун реалдуу мүмкүнчүлүгү. Мына ушинтип сурамжылоого катышкан КЭУ өкүлдөрүнүн көбү – 88% жооп берген.

ЖӨБ органдарына мүмкүн болушунча кеңири маалымат өнөктүгүн өткөрүүгө, бюджеттик маалыматты татаал эмес түрүндө, инфографикаларды колдонуп жеткирүүгө жардам бере турган аспаптардын бири – Жарандык бюджет.

Жарандык бюджет – бул элге түшүнүктүү тилде даярдалган бюджеттик маалымат. Жарандык бюджет жарандарга шаардын же айылдык аймактын бюджетин башка бирөөнүн жардамысыз эле түшүнүүгө шарт түзөт. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти жыл сайын даярдоого тийиш. Республика боюнча жарандык бюджеттин бирдиктүү форматын жайылтуу максатында, ошондой эле мэриялардын жана айыл өкмөттөрүнүн финансы кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү үчүн жарандык бюджетти түзүү боюнча веб-тиркеме иштелип чыккан. Бул тиркеме КР Финансы министрлиги менен чогуу ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында даярдалды. Бул тиркеменин жардамы менен ЖӨБ органдары кыска убакыттын ичинде өзүнүн жарандык бюджетин түзө алышат. Бул тиркеме КР Финансы министрлигинин сайтына жүктөлгөн. Шилтемеси: www.gb.minfin.kg

Тиркеме эки жылдан бери иштеп жатканына карабастан, азырынча респонденттердин 60 пайызга жакыны гана мындай мүмкүнчүлүк тууралуу кабардар болгонун айтышкан. Бирок 36% тиркемени колдонуп жатканын тастыкташты.

5-диаграмма. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн www.gb.minfin.kg веб-тиркемеси тууралуу маалымдуулугунун деңгээли

Эпидемиологиялык коркунуч маалында коомдук иш-чараларды уюштурууга чектөөлөр киргизилген шартта бул тиркемени колдонуу өзгөчө актуалдуу болуп турат. Каалаган муниципалитеттин бюджетинин долбоору тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүк ачык жана ар бир жашоочу үчүн жөнөкөй. Сайтта кадимки эле бюджеттик маалыматты толтуруп, айылдагы жашоочуларга кыска билдирүү жөнөтүп, шилтемени басып, маалымат менен таанышууга чакырып, ЖӨБ органы мыйзамдардын талаптарын да аткарат, ошону менен бирге жашоочулардын кеңири чөйрөсүнө бюджетти түшүнүктүү формада жеткирип берет.

Практиктер – бир катар айыл өкмөттөрдүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери тиркеме тууралуу оң пикирин айтышууда. Маалыматты толтуруу оңой, жыйынтык тез убакытта алынат, маалымат жашоочулардын көбүнө жетет – булар тиркеменин негизги артыкчылыктары.

6-диаграмма. Жарандык бюджетти www.gb.minfin.kg веб-тиркемеси аркылуу түзгөн ЖӨБ органдарынын үлүшү

Талкуунун жыйынтыгы боюнча жана тажрыйбага анализ жасоо менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тиркемени дагы да жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатат. Муну менен ар бир ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттин чыгашалары тууралуу дагы көбүрөөк маанилүү деталдарды бере алат. Мисалы, кайсы көчөдө жарык оңдоло турганын кабарлай алышат. Атүгүл ЖӨБ органдарына тиркемени бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулардын альтернативасы катары колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн бул тиркемени модернизациялоо сунушталып жатат.

Жаңыланган ресурстун бет ачары 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттеринин долбоорлорун коомдук талкууга даярдай баштаганга ЧЕЙИН өтөт.

Бет ачар жана талкуу ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталында өтөт: www.myktyaimak.gov.kg

 

 

Окшош материалы: