Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Кулатов айыл аймагындагы бизнести көмүскө экономикадан кантип алып чыкты

2021-05-21 / ЖӨБ каржысы
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Кулатов айыл аймагындагы бизнести көмүскө экономикадан кантип алып чыкты

Нуридин МАДИМАРОВ, Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердиктин субъекттери үчүн ыңгайлуу салык режимин түзүү боюнча чараларды кабыл алууга аракет кылып келет. Бардык күч-аракеттерге карабастан, көмүскө экономиканын деңгээли дагы эле жогору бойдон калууда. Бул жергиликтүү бюджеттер каражаттарды толук албай калуусуна алып келет, бул өз кезегинде жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык программаларды каржылоонун деңгээлине төмөндөтөт. Өкмөттүн 2020-жылдын 27-январындагы отурумунда айтылган расмий маалыматтарына ылайык, көмүскө экономиканын көлөмү 130 миллиард сомду же ИДПнын 23,6% түзөт, бирок ар кандай булактардын (https://rus.azattyk.org/a/kyrgyzstan_tenevaya_ekonomika_rost_ekonomiki/30400573.html) маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы жылдардагы көмүскө экономиканын көлөмү, эксперттик баалоо боюнча, экономиканын 50%нан ашышы мүмкүн. Кулатов айыл өкмөтүндө да 2019-жылга чейин салык төлөөдөн качуу кеңири жайылган.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун алкагында айылдык аймактын адистери жарандык бюджет, кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык туруктуулугун камсыздоо, коомдук угуулардын мааниси жана практикалык жүзөгө ашырылышы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү ж.б. боюнча бир катар тренингдерден өтүштү. Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлерине кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды практикада колдонууга киришүүгө мүмкүндүк берди. Жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, муниципалитеттердин жетекчилери жана райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбооруна салыктарды натыйжалуу башкаруу боюнча кошумча консультацияларды өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.

2018-жылдын январь айында долбоордун эксперттери жана консультанттары Ноокат районунун мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын (мындан ары-МСКБ) өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кулатов жана Мирмахмудов айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен консультативдик жолугушууларды өткөрүштү. Ноокат райондук МСКБ айрым салык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча демилгени колдоого алышты. «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун эксперттери Ноокат райондук мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте Кулатов АӨнүн, Мирмахмудов АӨнүн жана Ноокат шаарынын адистерине салыктар боюнча окутуу иштерин жүргүзүштү.

Ноокат райондук МСКБ инспекторлору АӨ адистерине документтер менен иштөөнү, салыктык кирешелерди эсепке алууну уюштурууну, ошондой эле жергиликтүү калк менен салыктарды өз убагында төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү үйрөтүштү. Айыл өкмөтүнүн адистери МСКБ тарабынан аттестациядан өтүштү. Тренингдин жүрүшүндө Ноокат районунун МСКБ башкы инспектору Сабыр АКМАТОВ жергиликтүү адистер салык төлөөчүлөр, алардын ишмердүүлүгүнүн түрлөрү жана ак ниетсиз салык төлөөчүлөр жөнүндө жакшы билишерин эскертти.

Айыл өкмөттөрүнүн салык кызматкерлерин окутуунун жыйынтыгынын боюнча, Долбоордун консультанттары Кулатов айыл өкмөтү менен Ноокат районунун МСКБ ортосунда салыктардын айрым түрлөрүн эсепке алуу жана чогултуу боюнча ыйгарым укуктарды жарым-жартылай өткөрүп берүү жөнүндө келишимди даярдоого; коомдук угууларды уюштурууга жана ишкерлерди көмүскө экономикадан чыгаруу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планын түзүүгө техникалык жардам көрсөтүштү. Консультациялык иштердин жана насаатчылыктын жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын 16-сентябрында Кулатов АӨ менен Ноокат районунун МСКБ ортосунда салыктардын айрым түрлөрүн эсепке алуу жана чогултуу боюнча ыйгарым укуктарды жарым-жартылай өткөрүп берүү жөнүндө келишимге кол коюлду. 

Андан соң, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ар бир айылда жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүп, салыктарды өз убагында төлөөнүн артыкчылыктарын түшүндүрүштү. буга чейин салык төлөөчүлөрдүн көпчүлүгү жер салыгы, автоунаа салыгы жана жеке ишкердиктин патенти боюнча төлөмдөрдү кем төлөшкөн. Коомдук угуулар өтүп, тургундарга жогоруда саналган салыктарды максаттуу пайдалануу түшүндүрүлгөндөн кийин, жергиликтүү калк Кулатов АӨнүн башчысынын демилгесин жактырып жана колдоо көрсөтүшкөн. Тургундардын айылдык чогулушу “Салыкты айыл өкмөтүнө төлө - мен төлөгөн салыгым, айылымды өнүктүрүүгө салымым” деген ураанды түзгөн. 

Кулатов АӨнүн бюджетинин 2019-жылга карата көлөмү 58 миллион сомго жакын суммада белгиленген. Бизнести көмүскө экономикадан чыгаруу боюнча пландаштырылган бардык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, АӨнүн бюджети 12 миллион сомдон ашык өсүп, дээрлик 70 миллион сомду түзгөн. Бардык салыктык кирешелер, калк менен макулдашуу боюнча, жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга жумшалды: жолдор асфальтталды, негизги көчөлөргө жарык берилди, бала бакча оңдолуп, спорттук стадион реконструкцияланды. Жыйынтыгында, салык төлөөчүлөр өздөрү салыктык кирешелерди бөлүштүрүүгө катышып, салыктарды өз ыктыяры менен, жигердүү жана өз убагында төлөй башташты. 

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн жана USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, жергиликтүү калктын жоопкерчилигин жогорулап, айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешесин көбөйтүүгө мүмкүн болду. 

Окшош материалы: