Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде көмүскө экономиканын деңгээли төмөндөбөй жатат?

2021-05-21 / ЖӨБ каржысы
Эмне үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде көмүскө экономиканын деңгээли төмөндөбөй жатат?

Асылбек Чекиров, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт

Тарыхы

Жалпысынан Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелер тутуму ЖӨБ органдары өз кирешелерин чогултууну жогорулатууга кызыкдар болушу керек деген өңүттө ойлонулган. Бул өзгөчө теңдештирүүчү трансферт албаган шаарларга жана айыл аймактарына тиешелүү, анткени алардын кирешелери өздөрүнө гана таандык. Теңдештирүүчү трансферт алган айыл аймактары өздүк кирешени көбөйтүүгө кызыкдар эмес деген пикир бар, анткени мындай учурда трансферттин көлөмү азаят. Чынында мындай тобокелдик бар, бирок ал түз мүнөздө эмес, анткени теңдештирүүчү трансферттин көлөмүн эсептөөгө көптөгөн факторлор таасирин тийгизет. Айрым жетекчилерде “мамлекет биздин кирешени орточо бюджеттик камсыздоого чейин “сүрөмөлөп тартат”, бул керектүү чыгымдардын белгилүү бир көлөмүн жабууга мүмкүнчүлүк берет, өкмөт багат” деген түшүнүгү калыптанып калган, мындай маанай ЖӨБ органдарына терс таасирин тийгизет.

Ошол эле учурда ишкердик ишин жүргүзгөн көптөгөн адамдар салык төлөөчү катары катталбаганын же салыктар толук көлөмдө төлөнбөй турганын моюнга алуу керек. Алсак, ар кандай булактардын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын деңгээли өлкөнүн ИДӨсүнүн 40%на чейин түзөт. Демек, болжол менен ушундай эле үлүш менен мамлекеттик бюджетке, атап айтканда, жергиликтүү бюджетке кирешелердин кем жыйналганын аныктоого болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде “көмүскө зонада” көбүнчө төмөндөгү салыктардын түрлөрү турат. 

  • 1. Калктуу конуштардын жер салыгы. Бул анда чакан дүкөндөр, контейнерлер, павильондор жана кашарлар турган, такталбаган жерлерге тиешелүү. Ошондой эле ири ишканалар жерлердин аянтын толук көлөмдө каттабаган жана буга ылайык салыктардын бүтүндөй зарыл көлөмүн төлөбөгөн учурлар бар.
  • 2. 3-категориядагы кыймылсыз мүлк салыгы. Кожоюндар соода контейнерлери, чакан устакана, кашар, вулканизация цехтери жана башка ушул сыяктуу объекттерди көбүнчө катташпайт.
  • 3. Ыктыярдуу патент негизиндеги салык. Такси, каттамдык автобус, тигүү цехтери, наабайкана, техникалык тейлөө станциясы, вулканизация цехи, тракторчулардын, комбайнерлердин, чабандардын иши ж.б. сыяктуу иш түрлөрүнө тиешелүү. Ыктыярдуу патент негизиндеги салыктардын көлөмү айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттеринин салыштырмалуу салмагында киреше салыгынан кийин экинчи орунду ээлейт. Ошондуктан, дал ушул салык түрүн администрациялоону жакшыртуу ЖӨБ органдары үчүн олуттуу мааниге ээ.
  • 4. Жайыт салыгы, ишкердик иш үчүн пайдаланылган, капиталдык курулмалардын кыймылсыз мүлк салыгы, милдеттүү патент негизиндеги салык жана башка салыктар боюнча дагы кем жыйноо байкалган.

Жер салыгы, мүлк салыгы, атайын режимдердин негизиндеги салык сыяктуу салыктардын өзгөчөлүгү – алар чачыранды мүнөзгө ээ болуп, чектелген аянтта топтолбогондугунда. Ошондуктан, Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн, атап айтканда, текшерүү сектору үчүн “көмүскө” сектордо иштеген ак ниеттүү эмес ишкерлерди аныктоо кыйын. Эреже болгондой, бул сектордун штаттык кызматкерлеринин саны бүтүндөй райондо 3-4 адамдан ашпайт. ЖӨБ органдары аларга көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө өз алдынча таасир этүү укугун берүү жана жергиликтүү бюджетке салыктарды жыйноону жакшыртуу зарылчылыгы жөнүндө бир нече жолу билдирген. Мындай суроо-талаптар ЖӨБ органдарынын катышуусу менен улуттук деңгээлде мезгил-мезгили менен өткөрүлгөн ар кандай форумдарда, конференцияларда белгиленген. МСК органдары өздөрү дагы буга кызыккандыгын көрсөтүшкөн, анткени салыктарды жыйноону өсүшү салык кызматы жетиши керек болгон контролдук көрсөткүчтөрдү аткарууга таасирин тийгизет.

Жогоруда берилген аргументтерди эске алып, мамлекет ЖӨБ органдарына салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ортосундагы салыктык укук мамилелерин жүзөгө ашырууга катышуу укуктарын берүү маселесин бир нече жолу демилгелеген. Кырдаалды өзгөртүүгө карата ийгиликсиз, ошондой эле салыштырмалуу ийгиликтүү аракеттер жасалган. Алсак, 2015-жылдын 30-июлундагы № 207 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы менен төмөндөгү ченемдер киргизилген.

  • 1. КР Салык кодексинде, 52-1-беренеге ЖБ органдарына салыктык укук мамилелери боюнча айрым маселелерди ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү укугу жөнүндө ченем киргизилген.
  • 2. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске төмөндөгүдөй ченемдер киргизилген:
    • ЖӨБ органдары салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн администрациялык айып салууга укуктуу органдардын тизмесине киргизилген (348-берене),
    • ЖӨБ органдарынын администрациялык комиссиясы эгерде салык төлөөчү контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзсө, администрациялык айып салууга укуктуу (350-берене);
    • ЖӨБ органдарынын администрациялык комиссиясы эгерде салык төлөөчү салыктык каттабай туруп экономикалык иш жүргүзсө, администрациялык айып салууга укуктуу (353-берене).

Мыйзамдын жаңы ченемдерин аткарууда КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ЖӨБ органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө” токтому иштелип чыккан жана бекитилген. Бул токтом менен “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ЖӨБ  органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобо (мындан ары Жобо) бекитилген. 

Белгилей кетсек, салыктык укук мамилелерин администрациялоо укугу 1) жер салыгынын беш түрү, 2) мүлк салыгынын төрт түрү, 3) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктар үчүн берилген. Жалпысынан бул салыктар 1 604 млн. сомду түзөт, бул көлөмү 5 326 млн. сомду түзгөн, ЖӨБ органдарынын бардык жеке кирешелеринин (трансферттерсиз) 30,1%ын түзөт Бул маанилүү киреше булактары, эгерде ЖӨБ органдары жогоруда аталган салыктар боюнча жыйымды жогорулатууга таасир этсе, анда бул жалпысынан жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жогорулашына оң таасирин тийгизет.

Жогоруда көрсөтүлгөн Жобого ылайык ЖӨБ кызмат адамдары төмөндөгү иш-аракеттерди ишке ашыра алган:

  • салык төлөөчүлөр жергиликтүү салыктарды, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктарды банк мекемелери, төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле банк мекемеси жок болгон, алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу пункттар үчүн № 04 форма боюнча салыкты төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүү менен төлөмдү кабыл алуу аркылуу төлөөсүн камсыздоо;
  • салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү жана жергиликтүү салыктарды, патенттин негизиндеги салыктарды төлөгөн салык төлөөчүлөр боюнча, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу пункттар үчүн № 04 формасындагы квитанцияны берүү менен отчет түзүү;
  • патенттин жарактуулугунун кийинки мөөнөтүнө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүү;
  • ыктыярдуу жана/же милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзгөн, патенттерине ЖӨБдүн аткаруучу органдары тарабынан патенттин жарактуулугунун кийинки мөөнөтүнө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө жазуулар киргизилген салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү жана алар боюнча отчет түзүү;
  • № 04 формасындагы квитанцияны колдонуу менен жыйналган салыктын суммасын банк мекемеси аркылуу мамлекеттик бюджетке толук көлөмдө төгүү;
  • ЖӨБ органдарына салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматты берүү аркылуу, салык салуу объекттери жана салык милдеттенмелерин чегерүү боюнча ЖӨБ органдарынын жана салык кызмат органдарынын өз ара аракеттенүүсүн ишке ашыруу;
  • рейддик салыктык контролдун айрым түрлөрүн жүргүзүү: (1) салык органында салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо фактысын, (2) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктарды, ошондой эле жергиликтүү салыктарды төлөө фактысын текшерүү укугу;
  • салык кызматы органынын жетекчисинин буйругунун негизинде салык кызмат органы менен биргеликте салык постун орнотуу;
  • салык карыздары пайда болгондо салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын төлөнүшүн камсыздоо тууралуу салык органынын чечимин салык төлөөчүлөргө берүү, ошондой эле салык органдарынын алдында салык карызын өндүрүү жол-жоболорун демилгелөө;
  • салык төлөөчү салык карызын өндүрүү жөнүндө салык органынын чечимин аткарбаган учурда ЖӨБдүн аткаруучу органы МСК бөлүмдөрү менен биргеликте салык карызын өндүрүү жана салык төлөөчүгө карата мажбурлап өндүрүү чараларын колдонуу.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске ЖӨБ органдарынын салыктык көзөмөл жыйынтыктары боюнча администрациялык жазапул салуу ыйгарым укуктары киргизилгендигине байланыштуу, ЖӨБ органынын жетекчисине салыктык жазма эскертүүгө кол коюу укугу берилген. Салыктык көзөмөл жүргүзүү убагында түзүлгөн салыктык тартип бузуулар протоколун эми салык органынын комиссиясына эмес, ЖӨБ органынын администрациялык органына жөнөтүүгө болот.

Бул укук “көмүскөдө” иштеген ишкерлерди издөө жана аныктоо үчүн ЖӨБ органдарынын ыйгарым укугун күчөткөн, бул ЖӨБ органдарына салыктык укуктук мамилелер боюнча ыйгарым укуктарды берүү боюнча башкы милдеттердин бири болуп саналат. 

Биринчи этапта Өкмөттүн № 202 токтомун жүзөгө ашыруу салыштырмалуу ийгиликтүү башталган. Алсак, МСК жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) 2020-жылга карата 152 айыл аймагы жана айрым шаарлар ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол коюшканы жөнүндө маалымат беришкен.

Реформаны ишке ашыруу мониторинги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын 4 областында: Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Ысык-Көл областтарында жогоруда аталган токтомду жана өткөрүп берүү келишимдерин жүзөгө ашырууга анализ жүргүзүлгөн. Анализ 2017-2018-жылдар аралыгында салыктык администрациялоо системасын киргизүү маселелери боюнча семинарларды, тегерек үстөлдөрдү өткөрүү убагында жүргүзүлгөн.

Семинарлардын ишине 50дөй ЖӨБ органынын өкүлдөрү катышкан, бул Кыргыз Республикасынын бардык 453 айыл аймактарынын арасындагы кыйла репрезентативдүү тандоо болуп саналат.

Анализдин жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталган:

  • КРӨ № 202 токтому иштеген алгачкы жылдары, башкача айтканда, 2016-жылдын 1-январынан баштап 2019-жылдын 1-январына чейин бардык укуктук база бул токтомдун артыкчылыктарын толук ченемде ишке ашырууга шарт түзгөн; 
  • КРӨ №202 токтомун аткаруунун натыйжалуулугунун жогоруда саналган көрсөткүчтөрүнүн ичинен айрым айыл аймактарында салыктык укук мамилелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимдерине кол коюу боюнча иш-аракеттер аткарылган. Айрым айыл аймактарында МСК бөлүмдөрү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматты деталдаштыруусуз беришет. Калган көрсөткүчтөр боюнча эч кандай жыйынтыкка жетишилген эмес.

ЖӨБ органдары зарыгып күткөн мыйзамдын ченемдери иштебей калганына жана күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигине эмне себеп болду? Байкоолор көрсөткөндөй, мында “күнөө” эки тарапта, башкача айтканда, МСК бөлүмдөрүндө да, ЖӨБ органдарында да бар. Төмөндөгү болжолдуу себептер белгиленген. 

Көпчүлүк учурларда МСК бөлүмдөрү өткөрүп берүү келишимдерине кол коюудан мурда КР Өкмөтүнүн № 202 токтомун аткаруунун өз ара пайдасы жөнүндө ЖӨБ органдары арасында маалыматтык кампания өткөргөн эмес. МСК тарабынан маалымат ЖӨБ органдары үчүн кошумча жүк катары жеткирилген. Мында негизинен МСК милдеттенмелерине караганда, ЖӨБ органдарынын милдеттенмелерине басым жасалган.

Кээде өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол койгондо, МСК бөлүмдөрүнүн кээ бир жетекчилери өткөрүп берүү келишимине кол коюу менен ЖӨБ органдары контролдук сандарды аткаруу үчүн өзүнө жоопкерчилик ала турганын билдирип, ЖӨБ органдарын адаштырган учурлар болгон. Бирок мындай талап мыйзамда да, МСК буйругу менен бекитилген, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү формада да жок.

МСКнын кээ бир бөлүмдөрү өткөрүп берүү келишимине кол койгондон кийин аларда пайда болгон өз милдеттенмелерин аткаруудан, атап айтканда: 1) Жобонун 6-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматты берүүдөн, 2) салыктык контролду текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашуу графигин иштеп чыгуудан жана кол коюудан баш тартышкан.

Өз кезегинде ЖӨБ органдарынын көпчүлүгү Жобонун ченемдерин аткарууну каалашкан эмес, анткени: 1) бул кошумча каржылоосуз ЖӨБ органынын адистерине жана жетекчилерине кошумча жүк арткан, 2) узартылган патенттер реестри, жүргүзүлгөн салыктык контролдун жыйынтыктары боюнча өз убагында отчет тапшыруу, салыктык контролдун актыларын жана протоколдорун жол-жоболоштуруунун тууралыгы, ЖӨБ органынын администрациялык комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тууралыгы үчүн жоопкерчиликтин жогорку деңгээли каралган.

Көпчүлүк ЖӨБ органдары өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылган, мында Жобо ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджетти толуктоо мүмкүнчүлүгүн берген курал болуп саналаары эске алынган эмес жана эмне үчүн мамлекет мындай мүмкүнчүлүктү бергендиги үчүн ЖӨБ органдарын кошумча каржылашы керектиги түшүнүксүз.

Жогоруда саналып өткөн жагдайлардын тизмеси салыктардын айрым түрлөрүн администрациялоо боюнча айрым функцияларды ЖӨБ органдарына берүү боюнча мамлекеттик программанын ишке ашпай калышына алып келген. 2019-жылдын 1-январынан баштап, Бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө кирип, анын ченемдери Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин жоболорун алмаштыргандыгы кырдаалды курчутту. Мындан тышкары Бузуулар жөнүндө кодекске ЖӨБ органдарынын администрациялык комиссияларынын салыктык укук мамилелери боюнча администрациялык жазаны колдонуу ыйгарым укуктары жөнүндө ченемдер кирбей калган. Бул ченемдердин жоктугу ЖӨБ органдарынын салыктык контролдун алкагында текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө буйрукка өз алдынча кол коюу жана ага ылайык салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жок кылды. Бул факт КРӨ № 202 токтомунун мүмкүнчүлүктөрүн кыскарткан, анткени “көмүскө экономиканын” субъекттерин аныктоо башкы механизми жок болгон.

Мындан тышкары, 2020-жылдан тарта, санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн алкагында, электрондук форматта ыктыярдуу патент берүү боюнча опция киргизилип баштаган. Бул мүмкүнчүлүк 2022-жылдын 1-январынан баштап салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү болуп калат. ЖӨБ органынын күчү менен ыктыярдуу патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу актуалдуулугун жоготот. Салыктык укук мамилелерин аткаруунун электрондук түрлөрүнүн өнүгүшү, 04 формадагы квитанция аркылуу накталай каражаттар менен салыктарды төлөөнү толук жоюлушуна алып келди жана буга ылайык ЖӨБ органдарына накталай эсептешүү менен салыктарды чогултуу ыйгарым укуктарын берүү маселеси алынып салынды.

2020-жылы салыктык текшерүүлөр системасын оптималдаштыруу жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо максатында, бардык текшерүүлөр прокуратура органдары менен макулдашуудан өтүшү керек, мындай шартта ЖӨБ органдарын бул процесске кошуу дээрлик мүмкүн болбой калат. Буга ЖӨБ органдарынын прокуратура органдары менен байланышууну каалабастыгы, ошондой эле прокуратура органдарынын айыл өкмөтү жайгашкан жерден алыстыгы себеп болот. 

Корутундулар жана сунуштар

КР Өкмөтүнүн № 202 токтому азыркы калыбында өзүнүн актуалдуулугун жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жоготту. Жобонун жалпы текстинен, МСК бөлүмдөрү Жобонун 6-бөлүмүндө көрсөтүлгөн маалыматты ЖӨБ органдарына өз убагында берүүсү жөнүндө ченем гана реалдуу пайда алып келиши мүмкүн:

  • квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен салык органдарында катталган, мүлк салыгын, жер салыгын жана патенттин негизиндеги салыкты төлөөчүлөрдүн тизмегин жана аталган салыктар боюнча салык карызынын суммалары жөнүндө маалыматтарды;
  • жыл сайын, 10-январдан кечиктирбестен ишкердиктин түрлөрүнүн тизмегин жана алар боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын коюмдарын. Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлүүчү ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеги жана патенттин негизиндеги салыктын коюму жыл ичинде кайра каралган учурда маалымат тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 иш күндөн кечиктирбестен берилет;
  • жыл сайын, учурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирбестен ушул Жобонун 1-пунктунда аталган салыктар боюнча салык төлөөчүлөрдүн салыктык милдеттенмелери жөнүндө жалпыланган маалыматты.

Мындан тышкары ЖӨБ аткаруучу органынын суроо-талабы боюнча салык органы салык карызынын болушу жана Жободо көрсөтүлбөгөн, жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын башка түрлөрүнө карата аны өндүрүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты бериши керек.

Салыктык укуктук мамилелери боюнча ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана түзүлгөн корутундуларга талдоо жүргүзүүнүн негизинде төмөндөгүдөй сунуштарды берүүгө болот.

  • 1. Биринчи кезекте, ЖӨБ органдарынын салыктарды администрациялоо боюнча айрым ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу реалдуу муктаждыгынын болушу жөнүндө кошумча изилдөө жүргүзүү.
  • 2. ЖӨБ органдарынын салыктык администрациялоо боюнча иш-аракеттерди ишке ашырууга потенциалынын болушу жөнүндө изилдөө жүргүзүү.
  • 3. ЖӨБ деңгээлинде салыктарды администрациялоо системасын киргизүүнүн милдеттүүлүгү бөлүгүндө талдоо жүргүзүү жана акыркы чечим кабыл алуу. Мында 3 вариантты кароого болот:
    • ЖӨБ органдарынын салыктарды администрациялоо боюнча ыйгарым укуктарды алуу ыктыярдуу укугу,
    • бул ыйгарым укуктарды МСК бөлүмдөрүнөн өткөрүлүп берилген катары кароо,
    • ЖӨБ органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү катары бул ыйгарым укуктарды мыйзам менен бекитүү.
  • 4. Органдарга салыктарды администрациялоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү ишин улантуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, салык саясатын жүзөгө ашырууда мурдагы тажрыйбаны жана жаңы талаптарды эске алып, жаңы Жобону иштеп чыгууну баштоо.

 

 

Окшош материалы: