Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (116) 1 Июнь 2021

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пайдалуу кендер ЖӨБнын бюджетин толуктоонун булагы катары

2014-11-05 / ЖӨБ каржысы
Пайдалуу кендер ЖӨБнын бюджетин толуктоонун булагы катары

Пайдалуу казындылардын кендери бар райондор жергиликтүү да, четөлкөлүк да инвесторлордун кызыгуусун жаратып, алар кендерди изилдөөгө жана иштетүүгө ынтызар. Анткен менен көптөгөн кендерде инвесторлордун пайдалуу казындыларды геологиялык чалгындоого, иштетүүгө (казып алууга) багытталган аракеттерине жергиликтүү тургундар каршы чыгып келишет.

2012-жылы жана 2013-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасы пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган ченемдик-укуктук базага олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы тартип мамлекет колдонгон жөнгө салчу механизмдерге да, бул чөйрөдө иш алып барган ишкерлерге салык салуунун эрежелерине да тийиштүү болду.Биринчи кезекте “Жер казынасы жөнүндө” жаңы Мыйзамдын кабыл алынганын белгилей кетүү керек. Ошондой эле Салык кодексине, Жер кодексине, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөрдүн баары түпкүлүгүндө жер казынасын пайдалануунун ачык жана айкын системасын камсыздоо, жергиликтүү бюджеттерге милдеттүү чегерүүлөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүү максатын көздөйт.
Мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы акттарды жөнгө салган жана аларды өнүктүргөн онго жакын түрдүү жоболор кабыл алынган.2012-жылдын 9-августундагы №160 “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн реформалоо максатындагы мыйзам долбоорлордун биринчи пакетине кирет. Лицензияны кармоо үчүн жергиликтүү бюджеттерге түшкөн акыны киргизүү мыйзамдагы негизги жаңылыктардын катарында турат. Ушул басылмада объекттер жана субъекттер, салык салынчу база, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн коюмдары, төлөө мөөнөттөрү,анын тартиби жана башка маселелер тууралуу сөз болот. Мыйзамдагы нормалар аларды эсептөөнүн практикалык мисалдарынын жардамы менен конкреттештирилет.2012-жылы инвесторлордун ишине карата жергиликтүү калктын кызыгуусун арттыруу үчүн милдеттүү төлөмдүн дагы бир жаңы түрү киргизилген. Аны жер казынасын пайдалануучу пайдалуу кендерди иштетүүдөн алынган кирешеден 2 пайыз көлөмүндө жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө жиберет.Андан кийин салык салынган пайдалуу казындылардын ичинен курулуш материалдары катары колдонулгандар, ошондой эле көмүр, минералдык жана термалдык суулар чыгарылып салынган.Лицензияны кармоо үчүн төлөмдөрдөн түшкөн каражат 2013-жылы 129 млн. сомду түзгөн. Инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегеримдер жергиликтүү бюджетти 105 млн. сомго толуктады.“Айрым айыл өкмөттөр өз бюджеттерине салыштырмалуу 2-2,5 эсе көп каражат алышты”, - деп маалымдады экономика министри Темир Сариев.
Жер казынасын пайдаланган үчүн салык (роялти) КР Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктар төмөнкүлөрдү камтыйт:  1) бонустар – пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бир жолку төлөмдөр;2) роялти – иштетүү максатында жер казынасын пайдаланганы үчүн учурдук төлөмдөр;“Республикалык бюджет жөнүндө” Мыйзамга ылайык, 2012-жылдан тарта жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн курамына алтын, мунай жана газ кендерин кошпогондо, жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктын бир түрү болгон роялтинин 50% кошулган. Жергиликтүү бюджеттин киреше базасын ушул жаңы нерсенин эсебинен кеңейтүүгө төмөнкүдөй зарылдык негиз болуп берди: - ЖӨБО жарандарга көрсөткөн кызматтардын сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын күчтөндүрүү зарылчылыгы;- коомдук ынтымакты орнотуу жана кен казуучу компаниялардын туруктуу ишин камсыздоо үчүн минералдык ресурстарды иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү калк, ЖӨБ органдары жана бизнес-структуралар ортосундагы өнөктөштүктүн деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы;- кен казуу тармактарына инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ЖӨБОго дем берүү зарылчылыгы.Роялти салыгын төлөөчү болуп ата мекендик уюм, Кыргыз Республикасында туруктуу уюм аркылуу иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм, ошондой эле жеке ишкер эсептелет. Алар төмөнкү иштерди жүргүзөт:1) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү (казып алуу);2) жер астындагы сууларды алуу (жер казынасынан алууну);3) көмүртек кендерин издөөдө жана чалгындоодо тажрыйбалык сыноолор процессинде мунайды жана газды кошумча түрдө алуу;4) тажрыйбалык-өнөр жайлык сыноо жана/же өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо же жоюу максатында пайдалуу кендерди бир жолку казып алуу.Пайдалуу казындыларды жер казынасынан алуу максатындагы жер казынасын пайдалануу укугу роялти салыгын салуу объекти болуп саналат.
Роялти салыгынын базасы төмөнкүлөр болот: 1) пайдалуу казындыларды, же пайдалуу казындыларды иштетүүдөн алынган продукцияны сатуудан түшкөн акча, КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан;2) сатылган продукциянын көлөмү натуралай өлчөмүндө;3) жер астынан алынган суунун өлчөгүч менен ченелген көлөмү - суу менен камсыздоочу атайын уюмдардан башка роялти салыгын төлөөчүлөр үчүн.Роялтинин коюму сатылган продукциянын көлөмүнөн, алынган суунун натуралай көлөмдөрүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: табл.
1.Роялтинин коюму төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акчадан белгиленет: 1) запастарынын өсүшүн эске алуу менен алтынга, күмүшкө жана платинага: а) 10 тоннадан ашуун запастары бар кендер үчүн – 5 пайыз; б) 3төн 10 тоннага чейин запастары бар кендер үчүн - 3 пайыз;в) 3 тоннадан аз запастары бар кендер үчүн - 1 пайыз;2) суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн - 5 пайыз өлчөмүндө; 3) гипске – 6 пайыз өлчөмүндө; 4) бетин каптачу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга – 12 пайыз өлчөмүндө;5) таш көмүргө, күрөң көмүргө – 1 пайыз өлчөмүндө.Мыйзамда каралбаган ишке ашырылган пайдалуу кендерге жана аларды иштеткенден чыккан продукттарга роялтинин коюму сатуудан түшкөн пайдадан 3 пайыз көлөмүндө белгиленген.Роялтинин салыктык мезгили бир календарлык ай болот. Салык төлөөчү отчеттук айдан кийинки айдын 20-күнүнө чейин отчет берүүгө жана роялти төлөөгө каттоодон өткөн жери боюнча милдеттүү.Салыктын бул түрү боюнча божомолдоо усулу сатуудан түшкөн акчанын өлчөмүнүн көрсөткүчүнө негизделиш керек. ЖӨБ органдарынын, Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) жана статистика органдарынын шериктештиги жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы төмөнкү тапшырмаларды аткарууга көмөктөшүш керек:
 
  • сатылган продукциянын өлчөмү тууралуу объективдүү негизделген маалымат менен алмашуу;
  •  салык инспекторлоруна кен казуучу ишканалардын иштетүүдөн алынган продукциянын өлчөмү тууралуу маалыматты суратып алуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
  • ЖӨБО салык инспекторлоруна жеринде текшерүү функциясын өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү;
Салыктын бул түрүн чогултуунун натыйжалуулугу төмөнкү факторлордон көз каранды болот:
 
  • МСК менен өнөктөштүктө минералдык ресурстарды казууну ишке ашырган ишканаларды эсепке алуу;
  • салыктын бул түрү боюнча кирешени божомолдоо үчүн маалымат алуу (иштетүүнүн көлөмү, казып алуунун көлөмү);
  •  аяктаган мезгил үчүн роялтинин төлөнгөн суммалары боюнча МСКдан маалымат алуу;
  • жергиликтүү бюджетке роялтинин 50% чегерүү боюнча Казыналыктан маалымат алуу;
  • салыктын бул түрү боюнча кирешелердин божомолун аткарууга мониторинг жүргүзүү;
  • кен казуучу ишканага иштетүүнүн көлөмү боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетүү үчүн өз ишин жакшыртууда көмөктөшүү.
Роялтини эсептөөнүн мисалдары 1-мисал. Айылдык аймактын аймагында кум казып алынган карьер бар. Иштетүүнүн көлөмү суткасына 50 т түзөт, кумдун баасы – тоннасына 200 сом. Карьер жылына 250 күн иштейт. Жергиликтүү бюджетке түшүшү керек болгон роялти салыгынын көлөмүн эсептеп чыгыңыз. Эсеби. 50 т * 200 сом * 250 күн = 2 500 000 сом (иштетүүдөн түшкөн жылдык каражат)Кум боюнча роялтинин коюму – 3%. Ошентип роялтиден түшкөн акча түшкөн каражаттан 3% түзөт, же 2 500 000*3/100 = 75 000 сом болот. Жергиликтүү бюджеттин роялтиден үлүшү 50% барабар. Роялтиден жалпы кирешени 50% көбөйтөбүз: 75 000*50/100 = 37 500 сом (жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттын суммасы).2-мисал. Айылдык аймактын аймагында минералдык сууну куюу боюнча цех иштейт. Скважинанын дебети суткасына 20 куб.м түзөт. Жергиликтүү бюджетке түшүшү керек болгон роялтинин көлөмүн эсептеп чыгыңыз.Эсеби. 20 куб. м/суткасына * 365 күн = 7 300 (жылдык көлөмү) Минералдык суу үчүн роялтинин коюму – 200 сом/куб.метр. 7 300 *200 = 1 460 000 сом Жергиликтүү бюджеттин роялтиден үлүшү – 50%, же 1 460 000*50/100 = 730 000 сом 3-мисал. Гравийди казып алуу жылына 30 000 тоннаны түзөт. 1 тонна 320 сомго барабар. Роялтинин коюму – 3%.Эсеби. 30 000*320*3/100 =288000 сом (роялти боюнча жалпы чегеримдер) Жергиликтүү бюджеттин роялтиден үлүшү – 50%, же 144 000 жергиликтүү бюджетке түшүп турат 4-мисал. Гранитти иштеп чыгуунун көлөмү жылына 10000 тоннаны түзөт. Баасы: тоннасына 9000 сом. Роялтинин коюму – 12%. Эсеби. 10000*9000*12/100 = 10800 000 сом (роялти боюнча жалпы чегеримдер) Жергиликтүү бюджеттин роялтиден үлүшү – 50%, же 5400 000 сом жергиликтүү бюджетке түшүп турат.
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегеримдер Ченемдик-укуктук база: 1994-жылдын 14-апрелиндеги “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” № 1480-XII Мыйзам, (2013-жылдын 17-июлундагы №149 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык),19-3-берене Катталган жерине карабастан пайдалуу казындылардын кендерин (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштеткен (казып алган) жана пайдалуу кендердин табылган жери боюнча облустардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегеримдерди жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп саналат.
 
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм Ченемдик-укуктук база:
 
  • 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-XII “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзам
  • КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 Токтому
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдөрдү Кыргыз Республикасында пайдалуу казындылардын кендерин издөөгө жана/же чалгындоого, жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучулар төлөөгө тийиш.Төлөмдөрдү эсептөө объектиси болуп жер казынасын пайдалануучунун белгилүү бир аймактагы жер казынасын пайдалануу укугу саналат.Пайдалуу казындылардын кендерин издөөдө жана/же чалгындоодо жана же иштетүүдө төлөмдөрдү эсептөө үчүн база болуп лицензиялык аянттын өлчөмү саналат. Жер казынасын пайдалануучу лицензиялык аянтты кыскартуу укугуна ээ. Жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыскартылуучу аянтта аткарылган иш жөнүндө жылдык отчёт кабыл алынгандан кийин, бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин аянтты кыскартуу жылына бир жолу жүргүзүлүшү мүмкүн.Пайдалуу казындылардын кендерин издөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын квадрат километри үчүн бир эсептик көрсөткүчүнө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин издөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык аянтты эсептөө үчүн коюмдун өлчөмү 1-тиркемеде келтирилген.Пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык аянтты эсептөө үчүн коюмдун өлчөмү 2-тиркемеде келтирилген.Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү укугуна лицензиялык аянтты эсептөө үчүн коюмдун өлчөмү 3-тиркемеде келтирилген.
Лицензияны кармоо үчүн чегеримдерди төлөө мөөнөтү Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган лицензиат лицензия алган күндөн тартып 30 календардык күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун биринчи жылы үчүн төлөмдү төлөшү керек.Андан ары төлөмдү төлөө квартал сайын жүргүзүлөт. Бир жыл үчүн төлөмдөрдүн жалпы өлчөмү айлар боюнча пропорциялуу бөлүштүрүлөт жана лицензиат отчёттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөм төлөп турат.
Каражаттар кайда  түшөт? Төлөм төлөө тикелей жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине жүргүзүлөт.Мында лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашса, төлөм төлөө аталган тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аймакка пропорциялуу ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине жүргүзүлөт.
Төлөбөйкоюунун кесепеттери Төлөм 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө чейин төлөнбөсө, “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жер казынасын пайдалануучунун лицензиясын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.Жер казынасын пайдалануучунун милдеттенмелери Жер казынасын пайдалануучу квартал сайын жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органга төлөнгөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен төлөмдүн төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты берет. Төлөмдү төлөө жөнүндө маалыматты бербөө, төлөмдү төлөбөгөн катары кабыл алынат.
Төлөмдөрдү токтотуу Лицензияны кармоо үчүн төлөмдөрдү төлөө төмөнкү учурларда токтотулат: лицензия жокко чыгарылган айдан кийинки айдан тартып, жер казынасын пайдалануу укугу токтотулса (лицензия жокко чыгарылса); пайдалуу казындыларды казып алуу башталган учурдан тартып, кен казуу иштеринин макулдашылган Планында белгиленген пайдалуу казындыларды казып алуунун жылдык көлөмүн 100 пайыз аткаруу шартында. Пайдалуу казындыларды казып алуунун жылдык көлөмү толук эмес аткарылган учурда лицензиат төлөмдү тиешелүү жыл үчүн казуу иштеринин аткарылбай калган көлөмүнө пропорционалдуу болгон суммада төлөөгө милдеттүү. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу төлөмдү эсептөөнү жана төлөөнү токтото туруу үчүн негиз болуп саналбайт. Эгер лицензиянын жарактуулугун токтото туруу соттун чечими боюнча мыйзамсыз деп табылса, лицензия токтотулуп турган мезгилде төлөнгөн төлөмдүн суммасы лицензиатка кайтарып берилүүгө тийиш, же алдыдагы төлөмдөрдүн эсебине чегерилиши керек.Чегеримдерди башкаруу процессине кайсы органдар тартылган?Төлөмдү эсептөөнү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик орган жүргүзөт жана лицензиялык аянттын жайгашкан орду боюнча салык органына берүүсү үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилет. Жер казынасын пайдалануучуга лицензия менен кошо төлөмдүн эсеби берилет. Төлөмдүн бюджетке туура жана өз убагында төлөнүшүн контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдары ишке ашырат.
Эсеби. Лицензияны кармоо үчүн төлөмдү алуу мезгили – төртүнчү жыл, мезгилдин соңунда – бешинчи жыл. 1 га үчүн лицензияны кармоо үчүн коюм (3-тиркемени караңыз) 8 МЭКти түзөт.Мыйзамга ылайык, минималдык эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар.
 

Окшош материалы: