Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (116) 1 Июнь 2021

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖЕРГИЛИКТΎΎ САЛЫКТАРДЫ башкарууда ЖӨБ органдарынын укуктарын жана ыйгарым укуктарын кантип ишке ашырса болот?

2014-09-11 / ЖӨБ каржысы
ЖЕРГИЛИКТΎΎ САЛЫКТАРДЫ башкарууда ЖӨБ органдарынын укуктарын жана ыйгарым укуктарын кантип ишке ашырса болот?

Шаардык жана айылдык аймактардын деңгээлинде каржы ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүүгө карата 2013-2017-ж.ж. мезгил аралы- гына Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы төмөнкүдөй милдеттерди алдына коёт: бюджеттик, салыктык жана башкача дем берүүнүн ме- ханизмдери менен ЖӨБнын ички каржы ресурстарын издөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу; жергиликтүү бюд- жеттин киреше бөлүгүн божомолдоодо, салыктын ай- рым бир түрлөрүн башкарууда Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен өз ара мамилелер системасын куруу.

Алдыга коюлган тапшырмаларды чечүү үчүн КР Өкмөтү КР Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрөт, ал эми КР Жогорку Кеңеши аларды жактырат. Ошол өзгөртүүлөр менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарга жана патенттин негизиндеги салыктарга карата белгилүү бир укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ болот.Өзөктүк өзгөртүү болуп КР Салык кодексине жаңы 52-1-беренени киргизүү эсептелет. Ал ЖӨБ органдарына өз аймагында салыктарды жыйноону жүзөгө ашыруу, белгилүү бир даражада чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин салык органдарында катталган предметине жана салыктарды өз убагында төлөгөнүнө көзөмөл жүргүзүү жана текшерүү,ошондой эле салыктык укуктук мамилелерде башка аракеттерди жүзөгө ашыруу укугун берет. Бул түзөтүүлөр 2013-жылдын 20-февралында кабыл алынган, бирок узак убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары механизмдердин жоктугунан улам өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап келишкен. Мындан тышкары 52-1-беренесиндеги нормалардын башка мыйзамдар менен белгилүү бир карама-каршылактары болуп келген.Ченемдик базаны мындан ары да иштеп чыгуу зарылдыгын эсепке алуу менен КР Өкмөтү КР Каржы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттерининкатышуусу менен Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу боюнча Колдонмо иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түздү. Топтун ишинин жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы №413 “Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому кабыл алынды.Жобо төмөнкүдөй принциптерге негизделген:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары МСК органдарынын ишин кайталабаш керек; өз ара аракеттешүү аракеттерди ажыратуу жана макулдашуу принциптерине таяныш керек;
  • 52-1-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) ыйгарым укуктар кайтарымсыз берилбей турганын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктук мамилелерди ишке ашырууга гана укуктар берилерин так түшүнүп алыш керек. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул укукту колдонсо, анда алар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында салыктык укуктук мамилелерди аткаруу боюнча милдеттенме жана жоопкерчилик башталат;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушундай укуктарды жана ыйгарым укуктарды берүү маанилүү. Анткени ошолордун негизинде алар жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүп алмак. Ошону менен бирге жалпысынан салык саясаты МСКнын артыкчылыктуу укугу бойдон кала берет. Анын ичинде жергиликтүү салыктар жана патенттин негизинде салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу маселелери МСК жоопкерчилигинде кала берет. Ошону менен бирге Жобонун нормаларын аткарууда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо боюнча ЖӨБ органдарынын аракеттери жалпысынан жергиликтүү салыктардын жыйымдарын жана патенттин негизинде салыктарды көбөйтүүгө жол берет;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашыра келгенде кызматкердин билимине жана тажрыйбасына, каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келе турган ыйгарым укуктарга ээ болуш керек.
Ошондуктан ЖӨБ органдарына МСК ИСНАК автоматташтырылган системасынын иштешине байланыштуу (салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу, каттоо, отчетторду кабыл алуу,салыктарды чегерүү, маалыматтык эсептерди кабыл алуу, салыктык бересени өндүрүп алуу жол-жоболору ж.б.) ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилбейт;
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгилүү бир укуктарды жана ыйгарым укуктарды берүү менен, биз ишкерлердин укуктарын да унутпашыбыз керек жана отчет тапшыруу мезгилинде, ошондой эле салыктык текшерүүлөр учурунда алар ишкерлердин абалын татаалдаштыра турган шарттарды түзбөш керек. Ошондуктан салык төлөөчүлөрдөн отчетторду кабыл алуу, мажбурлап өндүрүп алуу ж.б. жаатында ЖӨБ органдарынын укуктары чектелген.
Ушул принциптерди аныктап чыгып, жумушчу топ салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобо иштеп чыкты. Ушул документтин маанисин жана зарылчылыгын эске алуу менен анын айрым өзөктүү бөлүмдөрүнө жана пун- кттарына кененирээк токтололу.
ЖӨБ нын биринчи кезектеги кадамдары ЖӨБ органдарынын салыктык укуктук мамиле- лер боюнча өз укуктарын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруусу өкмөттүн ушул токтомун аткаруу боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруу тууралуу ченемдик актыны жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуусунан башталыш керек. Жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдин негизинде ЖӨБнын аткаруучу органы буйрук чыгарат. Анда төмөнкүдөй өзөктүк аракеттер аныкталат:
 
  • ушул токтомдон улам чыккан салыктык маселелерди иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды ЖӨБнын аткаруу органынын айрым кызмат адамдарына ыйгаруу,
  • МСКнын аймактык органдары менен өз ара аракеттешүү жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жооптуу кызмат адамдарын аныктоо,
  • ыктыярдуу патенттерди узартуу үчүн атайын мөөрлөрдү даярдоо,
  • башка зарыл аракеттер (кирешелер боюнча адистердин функционалдык милдеттенмлерин иштеп чыгуу, штаттык ырааттамадагы түзүмдүк өзгөрүүлөр ж.б.).

Жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБнын аткаруу органдарынын жүзөгө ашыруусунун тартиби “Жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБнын аткаруу органдарынын жүзөгө ашыруусунун тартиби” аттуу 2-бөлүмдө төмөнкүдөй учурларга көңүл буруу маанилүү. Биринчиден, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөөнү камсыздоо үчүн үймө-үй кыдыруу, анын ичинде банктын бөлүмдөрү, же төлөм терминалдары болбогон аймактарда ошол эле жерден эле 04 формасындагы дүмүрчөктү берип, төлөтүп алуу укугу ченемдик жактан ЖӨБнын аткаруу органдарынын өкүлдөрүнө берилет. Ушул тапта мындай практика МСК менен ЖӨБ органдарынын өз ара мамилелеринде бар, бирок ал мурда бейформал мүнөзгө ээ болчу жана укуктук жактан бекитилген эмес. Бул болсо ЖӨБ өкүлдөрү менен жарандар ортосундагы жаңжалдык кырдаалды пайда кылчу. Экинчиден, МСК органдарынын ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүсүнүн жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулук боюнча милдеттенмелеринин тартиби берилген.Патенттин негизинде салыктарды жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды

 ЖӨБнын аткаруу органынын ашыруусунун тартиби “Патенттин негизинде салыктарды жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБнын аткаруу органынын жүзөгө ашыруусунун тартиби” бөлүгүндө ЖӨБ органдарына патенттин мөөнөтүн узартуу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгени өзөктүк учур болуп эсептелет. Мында патентти берүү укугу МСК
органдарынын карамагындагы иш бойдон кала берет. Себеби патентти берүү жол-жобосу ИСНАК базасында автоматтык түрдө каттоого байланышкан,ал ЖӨБ органдарына колдонууга берилбейт. Бул бөлүмгө кошумча төмөнкүдөй нормаларга көңүл буруу керек. ЖӨБ органдарына талаптар коюлган: 3 күндө бирден кем эмес жолу МСК органдарына узартылган патенттер боюнча маалыматтардын реестрин жиберип туруу.Иш жүзүндө өзгөчө алыскы аймактар үчүн бул талапты ишке ашыруу татаал. Ошондуктан реестрди сканерден өткөрүлгөн түрүндө жиберүү үчүн электрондук почтаны колдонуу сунушталат, кийин сканерден өткөрүлгөн реестрлерди түп нускасына алмаштырып коюу керек.Банк бөлүмү болбогон айылдык аймактарда гана (бардык шаарларда банктын бөлүмдөрү бар) 04 дүмүрчөгүн берүү менен акча каражаттарын кабыл алууга уруксат бар. Патенттин мөөнөтү бүтүп калганы ИСНАК базасында төмөнкүдөй болуп көрүнөрүн көңүл буруу керек: патенттин мөөнөтү бүтөрүнө 3 күн калганда жашыл, эскертүүчү “баскыч” күйөт, мөөнөт бүткөндөн кийин кызылы күйөт. Ошондуктан маалымат өнөктүгүн өткөрүп, айыл өкмөттүн кызматкери акчаны банктын бөлүмүнө жеткиргенге үлгүрүп калуусу үчүн салык төлөөчүлөрдү патенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 күн мурда 04 формадагы дүмүрчөк боюнча салыкты төлөөгө милдеттендириш керек. Бул тапшырма татаал болгонун түшүнүү менен ЖӨБ органдарына МСК органдары менен биргеликте 04 дүмүрчөгүн колдонуу менен иш алып баруудан баш тартуу үчүн банк жана жергиликтүү ишкерлер менен айыл өкмөтүнүн аймагында төлөм терминалын орнотуу боюнча жумуштарды жасаш керек.

ЖӨБнын аткаруу органдарынын салыктык көзөмөлдү жүргүзүү тартибитартиби “ЖӨБнын аткаруу органдарынын салыктык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби” бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүү жана салыкттык постту орнотуу боюнча ыйгарым укуктарды берет. ЖӨБ органдарынын рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкүдө камтылган.Рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүү учурунда ЖӨБнын аткаруу органдарынын кызматтык адамдары салык органдарында салык төлөөчүнүн салыктык жана учеттук каттоо фактысын жана ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн фактыны текшерүү укугуна ээ. 52-1-беренеде кошумча норма киргизилгенин белгилей кетүү зарыл. Анда салыктык рейддик көзөмөлдү жүргүзүү учурунда жергиликтүү салыкты жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө фактысы текшерилсе болот деген норма киргизилген. Тилекке каршы бул норма ушул Жобого кирбей калды, бирок Салык кодексинин нормасы катары түз аракетке ээ.

Бир салык төлөөчүгө карата рейддик салыктык көзөмөлдү жылына 12 жолу өткөрүүгө уруксат берилгени белгилүү. Жобого ылайык, МСК органдары жана ЖӨБ органдары ошол жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө кийинки жылга графикти жана салыктык көзөмөлдү жүргүзүү убактысын макулдашат.Бул болсо текшерүүлөрдү кайталап калбоо жана
ишкерлерге ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жасалган.Салыктык тартип бузуу аныкталганда ага реакция жасоонун тартиби боюнча Жобонун 34-38-п.п.көңүл буруу зарыл. Анда рейддик көзөмөл актысынын негизинде МСК органдары 10 күндүн ичинде мыйзамдарга ылайык тартип бузуучуга карата чара көрүш керек деген норма киргизилген. Ошону менен бирге “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодекс МСК органдарына ЖӨБ органдарынын акттарынын жана протоколдорунун негизинде административдик укук бузуу жөнүндө токтом чыгаруу мүмкүнчүлүгүн караштырбайт. Бул маселени чечүү үчүн Токтомдун 2-п. КР Экономика министрлигине үч айлык мөөнөттүн ичинде “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп көрсөтүлгөн. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу катары аныктоо жагы каралган. Бирок “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодекске түзөтүүлөрдү киргизгенге чейин рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүү маалындагы аракеттер мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүлүш керек.Башкача айтканда, рейддик салыктык көзөмөлдү бөлүп алуу жана өткөрүү графигин ЖӨБ органдары менен МСК органдары өз ара макулдашып алат, бирок рейддик салыктык көзөмөлдү өткөрүүгө жазма эскертүүгө МСК органынын жетекчиси гана кол коёт. ЖӨБ органынын өкүлү рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзчү топко кошулат. “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодекск түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алганга чейин административдик укук бузууларга реакция жасоо боюнча калган жол-жоболор колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өткөрүлөт.

Салык бересесин өндүрүп алуунун жана салык төлөөчүгө карата мажбурлап өндүрүп алуу чараларын көрүүнүн тартиби ЖӨБнын аткаруу органдары “Салык бересесин өндүрүп алуунун жана салык төлөөчүгө карата мажбурлап өндүрүп алуу чараларын көрүү тартиби” аттуу 7-бөлүмдөгү нормаларды ишке ашыруусу үчүн карызы бар салык төлөөчүлөргө карата МСК органдарынан түшкөн маалыматтарга, ошондой эле рейддик салыктык көзөмөлдүн натыйжалары боюнча алынган маалыматтарга анализ жүргүзүү керек. ЖӨБнын аткаруу органдары анализдин негизинде карызы бар жана МСК органдарынын ушул кезге чейин чара көрбөгөн салык төлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт.

Жобонун 51-54-п. ылайык, МСК органдары ЖӨБ органдарынын суроо-талабы боюнча чечим кабыл алууга жана салыктык карызды өндүрүп алууга карата иш-аракеттерди дасоого милдеттүү. Ошону менен бирге МСК органдары төмөнкүдөй үч учурду кошпогондо ЖӨБ органдарына мындай суроо-талап боюнча баш тартууга укугу жок:
 
  • салыктык бересесин тааныган факты болбогондо,
  • салыктык текшерүү жүргүзгөн маалда,
  • салыктык бересе боюнча чечимге карата даттануу мезгили учурунда.
ЖӨБ органдары колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Салык кодексинин 52-1-беренесинин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелерди бузган же аткарбай койгон учурда жоопкерчиликке тартыла турганы белгиленди.
* * *
Албетте Өкмөттүн 2013-жылдын 23-июлундагы №413 “Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүп, ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө жана жалпысынан шаардын, айылдык аймактын өнүгүүсүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берет. М
 
Асылбек ЧЕКИРОВ, ӨСИ менеджери
Ирина КАН, КР Экономика министрлигинин башкы адиси

 

Окшош материалы: