Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аз комплекттүү мектептерди кантип сактап калса болот?

2012-11-29 / ЖӨБ КАРЖЫСЫ

Киши башына каржылоонун принциби киргизилгенде жиберилип жаткан каржынын көлөмү окуучулардын санына жараша болот.

 

Акыркы жылдары мектептеги билим берүү системасын каржылоодо реформаны ишке ашырууга карата сынчыл пикирлер көбөйдү. Киши башына каржылоонун принциби туш тараптан – окуу процесси, мугалимдердин маянасы, каржылоонун принцибинин өзү жана башка маселелер – талкууга алынып, сындар айтылууда. Бирок эң эле көп сынга кабылган жагдай аз комплекттүү мектептерге, башкача айтканда кеңири жай жана мугалимдердин толук курамы болуп туруп, аз сандагы окуучуларга ээ болгон мектептерге карата түзүлдү. Ал эми киши башына каржылоонун принциби киргизилгенде жиберилип жаткан каржынын көлөмү окуучулардын санына жараша болот. Буга карата сынчыл көз караштар абдан көбөйдү. Бул улана берсе, мектептеги билим берүүнү каржылоонун бүтүндөй реформасын токтотууга алып барышы ыктымал. “Бөрк ал десе, баш алган” кырдаал түзүлүшү ыктымал.
 
Мында жүйөлүү да, жүйөсүз да мүнөзгө ээ болгон сын пикирге карата КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Каржы министрлигинин позициясы таң калтырды. Жүйөлүү болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн өз пикиринин туура болгонун далилдөөнүн жакшы жолу – маалымат өнөктүгү болмок. Аны кызыкдар тараптар коомчулуктун арасында жайылтмак. Тилекке каршы жогоруда аталган минис-трликтер оппоненттердин объективдүү эмес асылууларына карата пассивдүү турумду карманып турду. Алар өзүнүн маанилүү жүйөлөрүн толук өлчөмдө келтире алышкан жок. Алар көп жакшы деле коргонушкан жок жана реформанын маңызын толук өлчөмдө ачып бере алган жок.
 
Эгерде сындар жүйөлүү болсо, анда маселени талкуулоо чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп бериш керек. Ошол нерсе реформанын дизайнын да, ишке ашыруу процессин да жакшыртмак. Тилекке каршы ушундай учурда да кызыкдар болгон мамлекеттик органдар – КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Каржы министрлиги – тиешелүү деңгээлде активдүүлүгүн көрсөтпөй жатышат. Ал эми жаңы системанын дизайнында чындап эле орун алган терс жактары жакшыртылган жок. Эгерде буга көңүл бурулганда бул сынчыл эскертүүлөрдү бир аз жумшартып, мектептеги билим берүүнү каржылоо системасын жалпысынан жакшыртмак.
 
Мисал үчүн аз комплекттүү мектептерди каржылоо боюнча жогорудагы маселени карап көрөлү. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 Токтомунда аз комплекттүү мектептерди каржылоо боюнча тобокелчиликти азайтууга карата төмөнкүдөй компенсациялык чараларды бекиткен.
 
ФЗП - кийинки жылга жалпы билим берүүчү уюмдардын маянага чыгашалары;
 
СБi - кийинки жылга i тепкичи боюнча жалпы билим берүү уюмдарында БКС маянага кеткен чыгашалар;
 
ЧУi - окуу жылынын башына карата жалпы билим берүү уюмунун i тепкичиндеги окуучулардын саны;
 
КВЫС – 1997-жылдын 25-июнундагы “Кыргыз Республикасынын тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №377 токтомуна ылайык, тоолуу жана алыскы аймактар шартында иштеген үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин маянасына кошумча коэффициент;
 
КМ - жалпы билим берүү уюмунун масштаб коэффиценти.
 
Аз комплекттүү мектептер үчүн ЧУi көрсөткүчү төмөн болгон учурда мугалимдердин зарыл болгон штатына каржылоо жетишсиз болуп калат деген коркунуч бар. Бул маселени талкуулай келгенде, аз комплекттүү маселесин жөнгө салышы керек болгон масштаб коэффициенти эмнегедир зарыл болгон анализсиз эле кыйыр түрдө эскертилет. Балким бул учурдагы түрүндө масштаб коэффициенти бул маселени чечүүгө таасирин тийгизе албаганы менен байланыштуу болсо керек. Масштаб коэффициентинин таблицасы төмөнкүдөй түргө ээ.
 
Жалпы билим берүү уюмдардын бюджеттик каржылоо стандарттарына масштабдын түзөтүлчү коэффициенттери
Окуучулардын саны         Мектеп масштабынын коэффицент өлчөмдөрү
50 адамга чейин                                     2,0
51ден 75ке чейин                                   1,9
76дан 100гө чейин                                 1,7
101ден 125ке чейин                               1,6
126дан 150гө чейин                               1,5
151ден 175ке чейин                               1,4
176дан 200гө чейин                               1,3
201ден 225ке чейин                               1,2
226дан 250гө чейин                               1,1
251ден 900гө чейин                               1,0
901ден 1000ге чейин                             0,95
1000 адамдан жогору                             0,9
 
Коэффициенттер таблицасын учурдагы түрүн колдонуу аз комплекттүү мектептерди каржылоо маселесин төм. себептерден улам чечпейт:
 
• “аз комплекттүү” мектеп түшүнүгү норматив жагынан аныкталган эмес, тиги же бул мектепти “аз комплекттүү мектеп” түшүнүгүнө киргизүүнүн так критерийлери жок.
 
• коэффициенттер маанисинде тууралык жок.2-коэффициент мектептерде окуучулардын саны 50гө чейин болсо иштей баштайт.
 
Мында 50дөн 900гө чейин окуучулары бар мектептердин олуттуу бөлүгү масштаб коэффициентин колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңири
колдоно албайт.
 
Белгилей кетчү жагдай, жүйөлүү ыктарга, эсептерге, изилдөөлөргө негизделген масштабдардын коэффициенттерди оңдоо белгилүү бир методология болгондо чоң кыйынчылыктарды деле туудурбайт. Бирок жаңыртылган коэффициенттерди колдонуудан улам анын натыйжасы аз комплекттүү мектептердин каржыланбай калуу тобокелчилигин бир топ эле азайтат.
 
Сунуштар
 
“Аз комплекттүү мектептердин” маселелери боюнча маалыматты анализдөөнүн негизинде мектепти ушундай түшүнүккө киргизүү критерийин орнотуу.
 
Мектептин бюджетиндеги жоготуулар жана алардын окуу процессине таасирине байланыштуу кырдаалды изилдөөнүн негизинде масштабдар коэффициентинин таблицасын өзгөртүү.
 
Масштабдар коэффициентин колдонуу менен компенсациялык чаралар аз комплекттүү мектептерди каржылоону толук өлчөмдө камсыздай албаса, анда 2011-жылдын 20-сентябрында Өкмөттүн №563 токтому менен бекитилген Жалпы билим берүү уюмдарынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби тууралуу жобонун 8-п. колдонулат. Ушул пункттун негизинде окуучулардын санына карата каржылоо шарттарында бюджетте каржылык жоготуу ыктымалдуулугу бар болгон жалпы билим берүү уюмдарына уюштуруучулук структураны жана чыгашаларды оптималдаштыруу үчүн үч жылдык өткөөл мезгил орнотулган. Биринчи жылы бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылоодогу 70% таңкыстык жабылат. Экинчи жылы – 50%, үчүнчү жылы – 30%. Учурда “аз комплекттүү мектептерге” байланыштуу пайда болгон кырдаал Жобонун ушул пунктунда чагылдырылган кырдаалга шайкеш келет. Бирок, тилекке каршы, ушул норманы ишке ашыруунун механизми иштелип чыккан эмес. Анын ичинде конкреттүү түрдө каржылоо булагы (республикалык же жергиликтүү бюджеттер) жана аны колдонуу тартиби аныкталган эмес.
 
Буга байланыштуу төм. сунуштар киргизилет:
 
• компенсациялык чаралар боюнча каржылоо булагы деп республикалык бюджетти аныктоо.
 
• киши башына каржылоо принциптерин киргизүү бюджеттеги жоготууларга жана “аз комплекттүү мектептерде” кырдаалдын начарлашына алып келген учурда компенсациялык чараларды колдонуу боюнча көрсөтмөнү иштеп чыгуу.
 
• Ушул норманы масштабдын коэффициенттерин колдонуу менен компенсациялык чаралар мектептин бюджетиндеги жоготууларды толук өлчөмдө толуктай албаган учурда колдонуу.

 

Окшош материалы: