Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өткөрүлүп бери лген ыйгарым укуктар : ордунан козгош керек

2012-11-29 / ЖӨБ КАРЖЫСЫ

Мамлекет да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да жабыркап келген өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар маселеси чечилип калчудай. ЖӨБ органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым

 

Маселенин тарыхы
 
Мамлекет да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да жабыркап келген өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар маселеси чечилип калчудай. ЖӨБ органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү процессин жөнөкөйлөштүргөн мыйзамды кабыл алуу – биринчи кадам болуш керек. “М” журналынын бул санында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери тарабынан даярдалган серепти жарыяладык. Бирок мыйзам панацея эмес. Атүгүл мыйзамды аткаруу үчүн практикалык механизмдер болмоюн, ал жансыз. Андыктан эксперттер дагы бир кадам таштап, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоонун моделин иштеп чыгышты жана аны ноябрда Жогорку Кеңешке жана өкмөткө сунуштаганы даярданышууда. Ошондуктан “М” журналынын кийинки санында экономист-статистиктин, аскер-эсеп столунун адисинин жана ЖӨБ органдарынын өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарган айрым башка адистеринин ыйгарым укуктары кантип каржыланары тууралуу кеңири материалды жарыялайбыз. Ал эми азырынча жакынкы аралыкта жарык көрө турган мыйзам долбооруна серепти сунуш кылабыз.
 
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүндө жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесинде көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартибинин конституциялык принциби укуктук жактан колдонулчу практиканын, өткөрүп берүү тартибинин жана каржылоо механизмдеринин жоктугунан улам иш жүзүндө колдонулбай келет.
 
Буга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдагы нормаларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Э.Б.Исаков, А.К.Кочкорбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) даярдашты. Аталган мыйзам долбоору 2012-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинде каралып, 2012-жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган. 2012-жылдын 19-июнунда бул мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик угуулар өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чараны уюштуруу демилгесин ЕККУнун Бишкектеги борбору, Укук жана бизнести өнүктүрүү фонду жана Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдоду.
 
Мыйзам долбоору жана сереп
 
Жалпысынан мыйзам долбоору ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин аныктайт. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун, токтото туруунун жана аларды аткарууну токтотуунун тартибин аныктайт. Мындан тышкары мыйзам долбоору өткөрүп берүүнүн практикалык максатка ылйыктуулугунун негиздүүлүгүн камтыйт. Анда өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн тоскоолдук жаратпашы керектиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды реалдуу мүмкүнчүлүгү болгондо гана аткарышы керектиги белгиленет. Ошондой эле мыйзам долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттарды бермейинче мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө тыюу салынган. 
 
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун эксперттери мыйзам долбоорун укуктук экспертизадан өткөрүп чыккандан кийин бир катар эскертүүлөрдү жана сунуштарды беришти. Аларды мыйзам долбоорун даярдагандар жактырышты жана КР Жогорку Кенештин профилдик комитетинин кароосуна жиберилди.
 
Жактардын теңдик принциптерине негизделген өткөрүп берүү
 
Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун негизги принциптерин дагы бир принцип менен толуктоо зарыл. Ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде өткөрүп берүү жактардын теңдик принцибинин негизинде ишке ашырылат.
 
Мамлекеттик органдарга отчеттуулукту чектөө
 
Мыйзам долбоорун КР Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүнө шайкеш келтирүү максатында мыйзам долбоорунун 3-беренесин төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толуктоо сунушталат: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар алдынча отчеттуу”.
 
 Өткөрүп берүүнү деталдык түрдөрасмийлештирүү
 
Мыйзамды жана мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу келишимди иштеп чыгууга карата негизги талаптарды жаңы редакцияда дагы да деталдуу түрдө көрсөтүү сунушталды. Айталы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу мыйзамдарда жана келишимдерде төмөнкүлөр камтылыш керек:
 
• мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп жаткан ЖӨБ органынын аталышы;
 
• мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү ишке ашырып жаткан мамлекеттик органдын аталышы;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилип жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктар;
 
• мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилип жаткан мөөнөт;
 
• ЖӨБ органдарына өткөрүлүп жана берилип жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өткөрүү тартиби жана көлөмү;
 
• ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдары көрсөтүп жаткан методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардам;
 
• ЖӨБ органдарынын аларга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу боюнча отчеттуулуктун түрү жана мезгилдүүлүгү;
 
• өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырбай коюу, же тиешелүү деңгээлде ишке ашырбоо үчүн ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги;
 
• өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтотууга жана аткарылышын токтото турууга негиздемелер жана анын тартиби;
 
• колдонулбаган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөтү;
 
• мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көзөмөл жүргүзүүнүн механизми;
 
• ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка жоболор жана шарттар.
 
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу мыйзам же келишим көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген учурда ЖӨБ органы же анын ассоциациялары ошолорду чыныгы эмес деп таануу талабы менен сотко кайрылса болот. Эгерде сот мыйзамды же келишимди чыныгы эмес деп тапса, анда мыйзамдын же келишимдин аракеттери мыйзамдарга ылайык токтотулат.
 
Өткөрүлүп жаткан ыйгарым укуктардын ачык тизмеси
 
ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилип жаткан негизги мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмесин караштырган мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 5-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толуктоо сунушталат: “Кыргыз Республикасынын мыйзамында же келишиминде каралган кырдаалдардагы башка ыйгарым укуктар”. Башкача айтканда, өткөрүлүп берилип жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмеси ачык болуш керек. Болбосо, мыйзам долбоорунда өткөрүлүп жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук тизмесин көрсөтүү зарыл.
 
ЖӨБ тобуна жана өз өзүнчө өткөрүп берүү, муниципалдык бирикмелер менен макулдашуу
 
Мыйзам долбоордун 4-беренесинде мамлекеттик бийлик органдары өзүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктарын ар бир шаарга (айылдык аймакка) да, ошондой эле шаарлар тобуна (айылдык аймактарга) да өткөрүп берүү укугуна ээ болгону көрсөтүлгөн. ӨСИ эксперттери мыйзамдын негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды төм. өткөрүп берүүнү караштырууну сунуш кылат:
 
• бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тобуна;
 
• өзүнчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына.
 
Мындан тышкары ушул эле берененин 2-бөлүгүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу мыйзам долбоорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери (ассоциациялар) жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер менен макулдашуунун өзүнчө жолу каралган. Мыйзам долбоорунун өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын мүнөзүнө, көлөмүнө жана тартибине, ошондой эле аларды материалдык, каржылык жана башка каражаттар менен камсыздоого байланыштуу пайда болгон каршылыктарды макулдашуу комиссияларында кароо сунушталат. Ал комиссиялар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмелеринин (ассоциациялардын) өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмелери (ассоциациялар) менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу” Типтүү келишимди (5-берененин 2-бөлүгү) макулдашуу сунушталат.
 
Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо
 
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 6-бөлүгүндө чектеген норма каралган. Ага ылайык, ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен финансы каражаттарын колдонууга тыюу салынат.
 
Долбоордун эксперттери мындай нормага макул эмес жана аны төмөнкүдөй редакцияда көрсөтүүнү сунушташат: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жергиликтүү жамаатка көрсөтүлгөн кызматтын дагы да жогорку сапатын жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен финансы каражаттарын жергиликтүү кеңештин чечими боюнча колдонууга укуктуу”.
 
Эгерде ЖӨБ органдарынын каржы мүмкүнчүлүктөрү өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча кызматтарды жакшыртууга жол берсе, анда аларга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды сапаттуу аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жергиликтүү кеңештин макулдугу менен бериш керек. Бул каражаттар соңунда калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана жалпысынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган.
 
 Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткарган адистер
 
 Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткарган адистин талапкерлигин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу зарылчылыгы каралган. Мында өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга тартылган ЖӨБнын аткаруу органдарынын аппаратынын кызматкерлери – муниципалдык кызматкерлер. Ошол эле учурда мыйзам долбоору өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча ЖӨБ органдарынын (адистердин эмес) мамлекеттик органдар алдындагы отчеттуулугун жана жоопкерчилигин караштырат. Андыктан ӨСИ эксперттери өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткарган адистерди дайындоо укугун ЖӨБ органдарына макулдашуу жол-жоболорусуз эле берүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.
 
Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча ЖӨБ органдарын текшерүү
 
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда мамлекеттик органдар ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүгө укугу бар болгону каралган. Бирок КР Конституциясынын 113-берене-сине ылайык, мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам тарабынан каралган ыйгарым укуктарына аралашууга акысыз. ЖӨБ органдары мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча гана жооптуу. Демек, текшерүүлөр ыйгарым укуктар боюнча гана болушу керек.
 
Каржылоо болбогон учурда өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышын токтото туруу
 
“ЖӨБ органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздемелер жана анын тартиби тууралуу” мыйзам долбоорунун 14-беренеси ЖӨБ органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтото туруу жөнүндөгү жобо менен толукталган. Бул жобону ЖӨБ органдары мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоо токтотулган учурда колдонот. Каржылоо жандангандан тарта ЖӨБ органдары да өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууну жандандырат.
 
Мыйзамды практикада ишке ашыруу боюнча кадамдар
 
Мыйзамга колдонуунун практикалык механизмдери керек. Аларды өз убагында киргизүү үчүн эксперттер өкмөткө төм. ишке ашырууну сунуштайт:
 
• өзүнүн ченемдик-укуктук акттарын учурдагы Мыйзамга шайкеш келтирүүнү;
 
• 2013-жылдын 1-мартына чейин:
 
• ЖӨБ органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине даярдоо жана киргизүү;
 
• учурда иштеп жаткан мыйзамдарды ушул мыйзамга шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине даярдоо жана киргизүү;
 
• ЖӨБ органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу типтүү келишимди бекитүү;
 
• өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка ресурстардын көлөмүн эсептөөнүн тартибин аныктоо;
 
• 2014-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда учурдагы Мыйзамдын талаптарын эсепке алуу менен өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды караштыруу.
 
Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджет кандай каражат алаарын журналдын ушул санындагы «ЖӨБ КАРЖЫСЫ» рубрикасынан окуңуз!

 

Окшош материалы: