Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджет реформанын индикатору катары. 2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн долбооруна сереп

2014-01-15 / ЖӨБ каржысы

Эгерде 2014-жылы бюджетке киргизүүгө пландалып жаткан өзгөрүүлөр толук өлчөмдө аткарылса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык өз алдынчалуулугун чындап бекемдөө башталганы тууралуу айтса болот. 2014-жылдын бюджетин жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына бекитилген киреше булактарын берүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реформаларынын ырааттуулугун тастыктаган индикатор катары мүнөздөсө болот.

 
Анткен менен көзгө урунган парадоксту талдоого алып көрөлү: бекитилген мамлекеттик бюджетке ылайык, 2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жалпы көлөмү 15 828,6 млн. сомду түзөт, же 2013-жылдын бюджетине салыштыра келгенде 27,8% азаят (5859,8млн. сомго).
 
Жергиликтүү кеңештердин киреше бөлүгүнүн мынчалык кескин азайышы (2013-жылдагы 6 пайыздан 2014-жылдагы ИДПнын 3,9% чейин) биринчи кезекте жергиликтүү бюджеттерден категориалдык гранттардын алып салынышына байланыштуу. Эскерте кетели, билим берүү уюмдары 2013-жылдын августунда республикалык бюджеттен каржылоого которулган. Буга чейин категориалдык гранттарды каржылоо үчүн жолдонгон ресурстар учурда 2013-жылдын 30-майындагы №302 “Айылдык аймактардын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүкчөлөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө ”КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, толугу менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында турат. Бул билим берүүнү каржылоонун тартипке келтирүү боюнча узак мөөнөттүү, көп күчтү талап кылган иштин натыйжасы болду жана акыры жергиликтүү бюджеттерди көлөмү чоң деген элести калыптандырган, бирок ЖӨБдүн өз функцияларын аткаруусуна эч кандай таасирин тийгизбеген, “үйлөп” койгондой көрсөткөн билим берүүгө жумшалган олчойгон чыгашаларсыз көрүүгө жол ачты (жергиликтүү бюджеттердин курамында билим берүүгө чыгашалардын үлүшү 70% чейин жетчү).
 
2012-2013-ж.ж. категориалдык гранттарды эсепке албаганда жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешелери ИДПнын 4% жакынын түзгөн. 2011-жылы мугалимдердин айлык акысын жогорулатууга кеткен акча өткөрүлүп берилген каражаттардын эсебинен каржылангандыктан, муну менен ошол жылдагы категориалдык гранттардын көлөмүн олуттуу өзгөртпөгөндүктөн бул көрсөткүч бир кыйла төмөн деңгээлде болчу (ИДПнын 2,5%). Эгерде категориалдык гранттарды кошкондо жергиликтүү бюджеттердин кирешесиндеги өзгөрүү тенденциясына анализ жасай турган болсок, 2009-2014-ж.ж. ИДПнын 7,1%дан 2011-2012-ж.ж. мезгилде 7,7% чейин өскөн (2-таблица). Бул республикалык бюджеттен түшкөн жана жергиликтүү бюджеттерде эсептелген категориалдык гранттардын эсебинен каржыланган мугалимдердин айлык акысынын олуттуу өсүшү менен түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, жергиликтүү бюджеттердин өсүшү өз кирешелердин эсебинен эмес, ЖӨБО өз алдынча пайдалана албай турган, анын үстүнө жергиликтүү маанидеги маселелерди каржылоого эмес, мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн багытталган каражаттардын эсебинен болду.
 
Эгерде категориалдык гранттарды эсепке албаганда 2009-жылдагы ИДПдагы жергиликтүү бюджеттердин үлүшүн (4,7%) 2014-жылдагы үлүшү (3,9%) менен салыштырып көрсөк, анда талдоого алынган жылдары жергиликтүү кирешелердин чыныгы өсүшү болгон эмес деген тыянак чыгарса болот. Анын үстүнө категориалдык гранттарды эсепке албаганда бюджеттин кирешелерин кыскартуу тенденциясы өлкөдөгү жергиликтүү чыгашалардын деңгээлине сөзсүз терс таасирин тийгизди, алар салыштырмалуу туюнтмасында беш жылда 0,8 проценттик пунктка кыскарды деп ырастаса болот.
 
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилген каражаттар, 2014-жылга Каржы министрлиги 440 млн. сом көлөмүндө пландады. Бул болсо 2013-жылдагыга салыштырмалуу 800 млн. сомго же 64,5% аз. Ушуну менен бирге берилген каражаттардын курамына төм. кошулду:
 
  • көмүрдү сатып алууга чыгашалар – 215 млн.сом;
  • калктын электр кубатына чыгашаларынын 50% компенсациялоо – 120,0 млн.сом;
  • Оштогу «Теплоснабжения» муниципалдык ишканасынын калкка жылуулук  иштеп чыгуусу жана берүүсү менен  нышкан чыгымдардын компенсациясын  берүү-105,0 млн. сом.
Ошентип 2014-жылдын бюджетинде дын планына салыштырмалуу берилген каражаттардын тизмесинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар (320,6 млн. сом), мектептин ремонтуна (100 млн. сом) жана 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусуна (475 млн. сом) кеткен чыгашалар алып салынды. Эгерде бул чыгарылып жаткан чыгашалар жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун стандарттары аркылуу каржыланса, анда аларды алып таштоо мектептердин каржылык камсыздандырылгандык деңгээлине таасирин тийгизбейт. Кошумча 2014-жылдын бюджетине Оштогу «Теплоснабжения» муниципалдык ишканасынын калкка жылуулук энергиясын иштеп чыгуусу жана берүүсү менен байланышкан чыгымдардын компенсациясын төлөп берүүгө чыгашалар кошулган (105,0 млн. сом).
 
Калган чыгашалар, болжолдонуп жаткандай, 2013-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөрбөй турганын белгилей кетүү зарыл. 2014-жылы көмүрдү сатып алууга 215 млн. сом суммасындагы чыгымдарды (өткөн жылга салыштырмалуу 10,8% көбөйүү) Каржы министрлиги пландап жатат. Ошону менен бирге бул сумма керектөөчү баалардын  индексин эсепке алуу менен эсептелгенин кошумчалайт. 2013-жылы калкка электр кубаты үчүн кызмат көрсөтүүгө акынын ордун толуктоого чыгашалар өткөн жылдын деңгээлинде кала берүүдө. Бирок Каржы министрлиги компенсацияларды кыскартууну же аны өтө муктаж үй-бүлөлөр үчүн гана калтырууну сунуштаган. Анткен менен бул чара аткарылган эмес жана 2014-жылга бюджет тууралуу мыйзамда кайрадан көрсөтүлдү.
 
2014-жылга теңдештирүүчү гранттар 1299,8 млн. сомду түзөт. же 2013-жылдын бюджетине салыштырмалуу 603 млн. сомго көбөйөт. Теңдештирүүчү гранттардын пландалган өсүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген каражаттар боюнча божомол көрсөткүчтөрдүн азайышы менен түшүндүрүлөт. 2009-2014-ж.ж. теңдештирүүчү гранттардагы өзгөрүүлөр динамикасына анализ жасап көрөлү, теңдештирүүчү гранттардын көлөмү абсолюттук көрсөткүчтөрдө 2009-2011-ж.ж. өстү жана үч жылда өсүш 150% түздү.
 
Кийинки эки жылда абсолюттук суммада теңдештирүүчү гранттардын кыскаруусу байкалган (34,4 пайызга). Салыштырмалуу туюнтмасында 2009-2013-ж.ж. мезгилде теңдештирүүчү гранттардын көрсөткүчтөрү ИДПдагы үлүшү катары да (ИДП эң көп маанисиндеги 0,8 пайыздан 0,2ге чейин), бюджеттин жалпы кирешелеринин үлүшү катары да (жалпы кирешелердин 18 пайызынан 3,3кө чейин) азайды. Ошону менен бирге 2012-2013-ж.ж. өлкөдө теңдештирүүчү гранттардын көлөмүнүн азайышы жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын жалпы деңгээлинин азайышынын негизинде болду. Буга чейин көрсөтүлгөндөй,ИДПга карата бюджеттик чыгашалардын деңгээли өлкөдө кыскарды. Мындайда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитилген функциялар кыскарбастан, тескерисинче көбөйүп, чыгашалар кошо өсө турган кырдаал түзүлөт. Ошондуктан тендештирүүнүн учурдагы механизми ЖӨБдүн бардык милдеттенмелерин жаппаган чыгашалардын учурдагы деңгээлине негизделет жана жергиликтүү чыгашаларды көбөйтүү зарылчылыгын көңүлгө албайт. Эскерте кетели, Кыргызстанда теңдештирүүчү гранттар бир жагынан ЖӨБдүн бюджеттик камсыздандырылгандык деңгээлин, ал эми экинчи жагынан алардын чыгаша милдеттенмелерин эсепке алганформула боюнча эсептелет.
 
2014-жылы теңдештирүүчү гранттардын көлөмү олуттуу өсүшү керек – 2013-жылга салыштырмалуу 603 млн. сомго. Бул бир эле маалда жергиликтүү бюджеттерге берилген каражаттарды кыскартуу менен ишке ашат (870 млн. сомго). Эскерте кетели,2014-жылы берилген каражаттардын бөлүгү (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар) бул чыгаша ыйгарым укуктар теңдештирүүчү гранттардын механизми аркылуу дотациялык ЖӨБда каржылана баштаганы менен байланыштуу кыскартылган.

 

Киреше базасы тууралуу айта турган болсок,салыктык кирешелердин деңгээли салыштырмалуу туюнтмасында көбөйгөн жок, атүгүл ЖӨБдүн салык базасында көзгө урунаарлык өзгөрүүлөр болбогон мезгилде (2010-2012-ж.ж.) төмөндөдү: ИДП 3 пайызынан мезгил ичинде орточо маанисине чейин – ИДП 2,6% . 2013-жылы өкмөт ЖӨБдүн салык базасын көбөйтүү боюнча байкалаарлык кадам таштаганда жергиликтүү бюджеттердин салыктык кирешелери ИДП 2,9% түздү (2014-жылга план – ИДП 2,9%). Абсолюттук туюнтмасында 2014-жылы салыктык кирешелер 2013-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 13% же 1352 млн. сомго өсөт. Ушуну менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык кирешелери боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн өсүшү чегерүүлөрдүн нормативдеринин өзгөрүүсү менен байланышпаганын белгилей кетүү зарыл. Анткени нормативдер 2013-жылдагыдай эле калды. 2014 жылы жергиликтүү бюджеттин болжолдонгон салыктык түшүүлөрүнүн структурасын изилдөө үчүн биз мамлекеттик бюджет боюнча божомолдун негизинде эсептедик.
 
2014-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 74,4% түзөт. 2013-жылдагы бюджетте бул көрсөткүч 49,4% түзгөн. 2014-жылдын бюджетинде чоң ыргак менен милдеттүү патенттен (42 пайызга), кирешеге карай салыктан (26,1%), жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (70,6%) жана сатуудан түшкөн пайдага салыктан (13,4%) түшүүлөр өсөт. 2014-жылга милдеттүү патенттин негизинде салыктын пландык көрсөткүчү 227,8 млн. сом өлчөмүндө аныкталды. 67,7 млн. сом көлөмүндө болжолдонгон өсүш ишкердик ишмердүүлүгүнүн жаңы түрлөрүн – чач тарач кызмат көрсөтүүлөр (сулуулук салондору), жеке стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр жана жарнак тактайларын ижарага берүү – 2013-жылдын сентябрь айынан тарта милдеттүү патентке которуунун эсебинен камсыздалат деп болжолдонууда.
 
2014-жылга кирешеге карай салык боюнча пландуу көрсөткүч 2013-ж. мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын маянасынын жогорулашын эсепке алуу менен эсептелген (2013-жылдын 28-июнундагы КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматыларынын эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтому). Ушундан улам 2014-жылы кирешеге карай салык боюнча план 3990 млн. сом суммасында, же ИДП 1% деңгээлинде эсептелген. 2013-жылдагы иш жүзүндөгү көрсөткүч менен салыштыра келгенде түшүүлөр 26,1% көбөйөт. 2014-жылы салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 1 934,0 млн. сом өлчөмүндө пландалууда. ИДП өлчөмүндө алардын үлүшү 0,6% түзот жана 2013-жылдын бюджетинин деңгээлине карата 22% өсөт. Номиналдык туюнтмасында салыктык эмес кирешелер 348,2 млн. сомго көбөйөт. Ошентип, 2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин кирешесинде өткөн жылга салыштырмалуу төмөнкүдөй өзгөрүүлөр пландалууда:
 
  • кирешелердин суммасы (категориалдык гранттарды эсепке албаганда) 5,4% көбөйөт; салыктык кирешелер 12,3% өсөт, ал эми трансферттер (категориалдык гранттарды эсепке албаганда) 10% кыскарат;
  • салыктык эмес кирешелердин көлөмү 22% көбөйөт, бул болсо салыктык түшүүлөргө салыштырмалуу бир кыйла сезилээрлик (12,3%);
  • бюджеттин жалпы кирешелеринде (категориалдык гранттарсыз) трансферттердин үлүшү (категориалдык гранттарды эсепке албаганда) 13,4 пайыздан 11,4% чейин төмөндөйт;
  • теңдештирүүчү гранттардын жана жергиликтүү бюджеттерге берилген каражаттардын ара катышы теңдештирүүчү гранттардын көлөмүнүн өсүү жагына өзгөрөт (2014-жылы теңдештирүүчү гранттар берилген каражаттарга салыштырмалуу 2,9 эсеге көп деп пландалды).
Бул өзгөрүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз киреше базасын бекемдегенинен кабар берет. Оң жылыштар бир эле маалда төрт багыттарда байкалганы кубандырат. Эгерде мамлекет ушул чөйрөдө ырааттуулук саясатын сактай алса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу 20 жылда биринчи жолу чыгаша милдеттенмелерин аткарууну жакшыртуу жаатында чыныгы мүмкүнчүлүккө ээ болот. 
 
Назира ТЮЛЮНДИЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун бюджеттер аралык
мамилелер боюнча эксперти, ӨСИ

 

Окшош материалы: