Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саясий шамал жана Кыргызстандагы жергиликтүү бюджеттердин абалы

2011-12-30 / ЖӨБ КАРЖЫСЫ

Бүгүн жергиликтүү бюджеттер өлкөнүн консолидацияланган бюджетинде 14 пайыздык үлүшкө ээ.

 

2012-жылдын өлкө бюджетинде жергиликтүү бюджеттер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр каралган? 
 
Бүгүн жергиликтүү бюджеттер өлкөнүн консолидацияланган бюджетинде 14 пайыздык үлүшкө ээ. Биздин бюджеттик каражаттын 14 гана пайызы өзүбүздүн эле көйгөйлүү маселелерибизди чечүүгө кетет. Булар жергиликтүү маанидеги маселелер: жол, суу менен камсыздандыруу, таштанды, балдар бакчасы жана башкалар. Ушундай каржылоо менен биздин шаар жана айылдардагы жашоо шартты оңдоого мүмкүнбү? Төмөндөгү графикте көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасында болгону республикалык бюджет өсүүдө. Эскерте кетели, республикалык бюджет – бул мамлекеттик бийлик органдарынын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат өңдүү мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү үчүн жооп берген бюджети). 
 
Бул шаар жана айылдардын тургундарынын муниципалдык кызматтар жаатындагы керектөөлөрү жай өсүүдө дегенди түшүндүрөбү? Мындай ырастоого негиз жок. Бул 2009-жылдан тарта мамлекеттик кызматтардын көлөмү жана сапаты муниципалдык кызматтарга салыштырмалуу кескин өстү дегенди түшүндүрөбү? Мындай ырастоого негиз жок. Жергиликтүү бюджеттердин эволюциясы жана өсүү темпи муниципалдык кызматтардын жана жергиликтүү маанайдагы маселелерди чечүүнүн сапаты жана көлөмү башкаруу саясатынын көшөгөсүнүн артында калып жатканынан, коомдук-мамлекеттик жана муниципалдык каражаттардын олуттуу бөлүгү борбордо топтоштурулуп, калкка жетпей жатканынан кабар берет. 2012-2014-жылга көрсөткүчтөр көп деле жакшы эмес. Бирок бул биринчиден,  болгону долбоор, экинчиден, өсүү темпи чабал бойдон калууда. 
 
Учурдагы абал реформаларга чейин мезгилге кайтып келди – жергиликтүү салыктар дээрлик жокко эсе, ал эми жергиликтүү бюджеттеги олуттуу үлүштү республикалык бюджеттеги гранттар ээлейт. Мунун натыйжасында Кыргызстандагы муниципалитеттердин 80 пайызга жакыны (371 айылдык аймак) дотациялык, чыгашалуу болуп калды. Муниципалитеттердин чыгашалуулугу – бул миф, бюджеттик системаны борбордоштуруунун жардамы менен жасалма түзүлгөн кырдаал. Болгону өкмөткө муниципалитеттерди чабал жана баш ийген абалында кармоо үчүн бардык акчаны борбордо чогултуу ыңгайлуу. Бирок бул бизге, жарандарга ыңгайсыз. Туруксуздук, ички миграция толкуну, элдин нааразылыгы дал ушул башкарууну борбордоштуруу жана көп маселелерди жеринде чече албоодон улам жаралууда. Андыктан борбордон алыстатуу, өзгөчө каржылык жактан борбордон алыстатуу – бул реформанын жүрөгү, кайра куруунун түрткүчү, экономикалык өнүгүү жана саясий туруктуулук.
 
Кыргызстандын мурдагы эки өкмөтүнүн саясаты бардык каражатты борбордо гана топтоо менен муниципалитеттерди дотациялык ийнеде жасалма кармап турууга багытталган. Каржы министрлигинин болжолуна ылайык, мындай саясат болочокто да сакталат.
 
Башка өлкөлөр региондордо жашаган өз калкына кантип кам көрөт?
 
Анализ көрсөткөндөй, борбордук жана федералдык бюджеттер күчтүү жана чоң болгон бул өлкөлөрдө консолидацияланган бюджеттердин 40 пайызы калктын муктаждыктарын чечүүгө багытталган. Алар болсо жергиликтүү жана регионалдык бюджеттерден каржыланат.
 
Медведевдин Орусия Федерациясынын жетекчилигинин саясий багытын аныктаган сөзүн эстеп, ал жакта чындыгында эле реалдуу реформалар башталганын түшүнөсүң. Ал эми биздечи? Жогорку Кеңештин депутаттары региондордо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кырдаалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар бул мүмкүнчүлүктү колдонуп кете алышабы? Алар биздин өлкөнүн өнүгүүсүн жаңы баскычы жайгашкан “Каржылык жактан борбордон алыстатуу” деген жазуусу бар эшикти ача алышабы? 
 
Муниципалдык каржынын реалдуу абалы кандай?
 
Ушул тапта мэрия, шаардык башкармалык жана айылдык аймактарды камтыган муниципалитеттердин жергиликтүү бюджетинде өз казынасын толтуруунун болгону эки булагы бар: жер үчүн салык жана мүлк үчүн салык.
 
Жер үчүн салыктын бир түрү катары айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (мындан ары – АЧЖБФ) жерлеринен түшкөн салык. Көпчүлүк АА үчүн бул салык жүктөй болуп калган, себеби мындай жерлер ижарага берилдиби же жокпу, ал үчүн салыкты АА төлөйт, а бирок бул жерлердин ээси мамлекет. Алыстагы, жетүүгө кыйын, чек аралаш, тоолуу ААда АЧЖБФнын жерлерин ижарага берүү мүмкүн эмес, ошентсе да АА бул үчүн салык төлөйт. 
 
Кыймылсыз мүлк үчүн салык ушул тапта шаарларда гана колдонулат. Анткени айыл жергелеринде, өзгөчө чакан жана алыскы айылдык аймактарда бул салыкты колдонууга болбойт. Балким 90 пайыз айылдык аймак үчүн бул салык эч качан киреше алып келбейт. Ушул тапта салыктын бул түрүнөн түшкөн киреше болгону 0.2 пайызды түзөт
 
Жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлгөн жалпы мамлекеттик салыктар 
 
Жергиликтүү бюджеттерге төмөнкү салыктардын үлүшү түшүп турат: кирешеден түшкөн салыктын бөлүгү жана сатуудан түшкөн салыктын бөлүгү. 
 
Бул салыктарды бөлүштүрүү дискриминациялык принциптердин негизинде жүргүзүлөт: “калк отурукташкан пункт канчалык жакыр болсо, ошончолук аз каражат”. Чындыгында “жакыр” айылдык аймактар көбүрөөк алышы керек эле. 2012-жылга карата да бул принцип сакталган. 
 
Республикалык маанидеги шаарлар   50%
 
Облусттук маанидеги шаарлар   40%
 
Райондук деңгээлдеги шаарлар   40%
 
Айыл өкмөтү     10%
 
Райондор      30%
 
Салыктар менен иштөө 
 
Бул жерде ушул салыктардын толук түшүүсүнө байланышкан курч маселе бар. Каражаттар жергиликтүү бюджетке түшүп жаткандан кийин, ЖӨБнун каржы органдары бул салыктарды болжолдоо жана башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек эле. Бирок ЖӨБ органдары бул салыктарды өздөрү болжолдой албайт, анткени бул салыктар мамлекеттик салык деп эсептелет, ушундан улам аларды мамлекеттик органдар прогноздойт жана администрациялайт. Демек ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджетке түшкөн каражатты алууга укугу бар, бирок аларды башкара албайт экен. Белгилей кетчү жагдай, айыл жергесинде, өзгөчө чакан жана алыскы айылдык аймактарда мамлекеттик салыктан түшкөн каражаттар олуттуу деле эмес.  
 
2012-жылга карата жергиликтүү бюджеттердин реалдуу кирешеси канчалык? 
 
2012-жылдын бюджет долбоорунда жергиликтүү бюджеттердин кирешеси 23 миллиард сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттин кирешесинин чыныгы суммасын көрүү үчүн бул суммадан категориалдык гранттарды, Ош жана Бишкек шаарларынын бюджеттерин алып ташташ керек. Эмесе, 2012-жылдын бюджет долбоорунда: категориалдык гранттар (мугалимдердин айлыгы) 9,6 миллиард сомду түзөт, теңдөөчү гранттар (1.2 миллиард сом, стимулдаштыруучу гранттар 0.3 миллиард сом, Бишкек шаарынын бюджети 5 миллиард сомдон ашуун, Ош шаарынын бюджети 1 миллиард сомдон ашуун. Натыйжада: 23-9,6-5,2-1,2= 7 млрд. сом. Ошентип, шаарлардын жана айылдардын 2012 жылгаиш жүзүндөгү бюджети, Ош жана Бишкек шаарларын кошпогондо,  болгону 5.5 млрд. сомду түзөт. 
 
Реформанын экономикалык таасири 
 
2007-жылдагы реформалардын натыйжасында жергиликтүү бюджеттер өз алдынчалыкка ээ болду. Жергиликтүү салыктардын курамында сатуудан түшкөн салык да болду, мында ЖӨБ органдары өздөрү салыкты администрациялап, чогулта алышты. 2007-жылы бул салыкты чогултуу биринчи жолу пландык чогултууну 134 пайызга ашып түштү (бирок администрациялоонун реалдуу коэффициенти 0,32, же жыйноо 100 пайыздын 32 пайызын түздү). Ушул эле жылы Кыргызстан үчүн чанда кездешүүчү окуя катталды – республикалык бюджеттин профицити жана 2006-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 42,4 пайызга өстү!
 
2007-2008-жылдардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджетине өзүнүн киреше булагы бекитүү менен коштолгон реформалар Кыргызстан боюнча олуттуу оң экономикалык таасирин тийгизген. 2007 жана 2008-жылдары номиналдык ИДПы укмуштуудай өсүштү көрсөттү. Бирок эң негизгиси – муниципалитеттер өз күчүн жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди кабыл алууга даяр экенин сезишти.
 
Азыр реформанын жетишкендиктерине кайтып келүү мүмкүнчүлүгү бар.
 
Орусия тараптан урган саясий шамал
 
Кыргызстанда дээрлик бардык саясатчылар Орусияда болуп аткандарды кайталагысы келет. Мындай көчүрүүлөр элдин жана өлкөнүн пайдасына болсо жакшы. Балким бизде мына дал ушундай көчүрмөнү көрүп калуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
 
Жакында эле Орусиянын президенти Медведев “Өлкөнүн каражаты региондор жана муниципалитеттер тарапка жылышы керек” деп айтты. Мындай билдирүү Орусиянын муниципалдык бийлигин эйфориялык абалга жеткирди. Орусия Федерациясынын президентинин чечими менен түзүлгөн иш топтору ушул жылдын соңуна чейин Орусия Федерациясынын консолидацияланган бюджетинин структурасындагы регионалдык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча чараларды караган сунуштарды иштеп чыгышы керек. “Зарыл болгон учурда Орусия Федерациясынын салык системасынын структурасына жана бюджеттик мыйзамына өзгөртүү киргизиш керек”, - деп айтылат кайрылууда. Бул кокустукпу?
 
Эгерде бай жана кубаттуу Орусия конкреттүү адамдын маселелерин ал жашаган аймакта, башкача айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде чечүү керектигин, жарандардын күнүмдүк жашоосунун деңгээлин жакшыртуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети болгонун түшүнүп жатса, анда Кыргызстан үчүн каржылык жактан борбордон алыстатуу маселеси актуалдуу гана эмес, өтө маанилүү болуп калды.

Окшош материалы: