Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджетти кантип бекемдеш керек: эксперттердин туруму жана Жогорку Кеңештин ниети азырынча төп келүүдө

2011-12-30 / ЖӨБ КАРЖЫСЫ

2011-жылдын ноябрь айында Бишкекте Жогорку Кеңештин Бюджет жана каражат комитетинде “Кыргыз Республикасында каржылык жактан борбордон алыстатуунун көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу коомдук угуу өттү.

 

2011-жылдын ноябрь айында Бишкекте Жогорку Кеңештин Бюджет жана каражат комитетинде “Кыргыз Республикасында каржылык жактан борбордон алыстатуунун көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу коомдук угуу өттү. Бул иш-чара ушунчалык актуалдуу, керектүү жана көпкө күтүлгөндүктөн адегенде ал өтөбү деген күмөн саноолор да болгон. Бирок тилек орундалып, угууга муниципалдык башкаруу тармагындагы көпчүлүк эксперттер, ЖӨБну өнүктүрүүгө кызыкдар болгон муниципалитеттердин башчылары катышты. Мында депутаттар жана өкмөттүн өкүлдөрү да болду. Сүйлөшүү өтө катаал маанайда өттү – жергиликтүү бюджеттердин чабалдыгы жана көз карандысыздыгы ЖӨБ органдарынын көкөйүнө тийген маселе болгону ачыкталып, айрым эксперттердин билдирүүлөрү катуу чыкты. Угуунун соңунда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровдын сунушу менен жергиликтүү бюджеттерди бекемдөө максатында мыйзамга чукул өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул жумушчу топ мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча пакет иштеп чыкты. Анда негизинен 2012-жылга карата республикалык бюджет тууралуу мыйзамга айрым өзгөртүүлөр камтылган. Анын ичинде төмөнкү сунуштар:
 
- райондун бюджетин ЖӨБнун бюджетинин курамын чыгаруу жана аны республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү;
 
- жергиликтүү бюджеттердин пайдасына тескелүүчү салыктардын үлүшүн көбөйтүү, анын ичинде айылдык аймактын бюджетинде калтырылган киреше салыгынын үлүшүн 50 пайызга жогорулатуу (Буга чейин Каржы министрлиги сунуш кылган 10 пайыздын ордуна);
 
- сатуудан түшкөн салыкты жергиликтүү бюджетке 50%  өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке которуу (Каржы министрлиги 25% сунуш кылган);
 
- жергиликтүү салыкты администрациялоо ишин ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү;
 
- категориалдык гранттарды администрациялоо ишин мамлекеттик органдардын райондук бөлүмдөр деңгээлине өткөрүп берүү;
 
- жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу катаал мыйзамдык талап коюу.
 
Журнал чыгаар алдында бул сунуштардын тагдыры белгисиз болчу, бирок “Муниципалитет” журналынын кийинки санында жумушчу топтун кайсы сунуштары кабыл алынаарына гана эмес, талкуу кандай жүрөөрүнө, МАКУЛ жана КАРШЫ үчүн кандай жүйөлөр айтылаарына да токтолобуз. 
 
Жумушчу топтун курамына Өнүктүрүү саясат институтунун эки эксперти кирди. Алар:  Анарбек Исмаилов жана Жолдош Асибалиев, ал эми угуулар маалындагы докладды Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецова жасады. Кайсы маалыматтардын негизинде сунуштар иштелип чыкканын жана алар кандай максатты көздөөрүн түшүнүү үчүн жергиликтүү бюджеттерге байланыштуу азыркы кырдаал менен таанышып чыгуу зарыл.

Окшош материалы: