Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга негизги фискалдык багыттары бюджет аралык мамилелердин азыркы абалын жана аймактардын өнүгүү үчүн ресурстарга болгон муктаждыгын азыркыдан да прогрессивдүү эске алышы керек

2020-10-06 / ЖӨБ каржысы
Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга негизги фискалдык багыттары бюджет аралык мамилелердин азыркы абалын жана аймактардын өнүгүү үчүн ресурстарга болгон муктаждыгын азыркыдан да прогрессивдүү эске алышы керек

Надежда ДОБРЕЦОВА, Максим СЕМЕНЯК, КР ЖӨБ Союзунун буюртмасы боюнча.

“Мамлекеттин фискалдык саясаты – бул мамлекеттин жалпы саясатынын эң негизги, атүгүл эң маанилүү бөлүгү. Чынында, рынок мамилелери өкүм сүрүп турган шарттарда дал ушул фискалдык саясат элдик чарбанын өнүгүү багытын жана ыргагын аныктап турат. Мамлекеттин фискалдык саясаты жалпысынан коомдун нормалдуу турмуш тиричилиги үчүн зарыл болгон мамлекеттик бюджетти гана түзбөстөн, ошону менен бирге акыйкат да болууга тийиш. Фискалдык саясаттын маанилүү принциптеринин бири – киреше канчалык көп болсо, бюджетке төлөмдөр да ошончолук көп болот. Бирок ошол эле маалда байларга мүмкүн болушунча аз салык салып, ал эми жакырлардын жонун тилип алууга жол берилбеши керек”1. Бул өзгөчө ЖӨБ органдарына жана алардын жергиликтүү бюджеттерине карата актуалдуу болуп турат. Жергиликтүү бюджеттер масштабы жагынан да, экономикалык потенциалы боюнча да бири-биринен айырмаланары турган иш. Мындан улам жергиликтүү бюджеттердин да мүмкүнчүлүктөрү ар башкача болот. Бирок бардык жерде адамдардын муктаждыктары дээрлик окшош да. Мына ошентип “бакубат” жана “жакыр” муниципалитеттер, шарты жакшы жана артта калып аткан жамааттар, тездик менен өсүп-өнүгүп жаткан борбор менен бир орунда туруп, өнүгүү такыр байкалбаган элет жергеси пайда болууда. Ошондуктан борбор менен аймактар ортосундагы бюджеттердин кирешелерин натыйжалуу бөлүштүрүү максатын көздөгөн бюджет аралык мамилелер – бул фискалдык саясаттын маанилүү элементи.

Мындан тышкары, фискалдык саясат дегенде мамлекеттик чыгашаларды макроэкономикалык шарттарга таасир тийгизүү максатында колдонууну түшүнүш керек. Башкача айтканда мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн башкарууну (анын ичинде мыйзамдар менен белгиленген ченемдер аркылуу да) туруктуу экономика жана анын эффективдүү өнүгүүсү камсыз кылууга тийиш.

Аймактардын өнүгүүсү үчүн тең салмактуу бюджет аралык мамилелердин маанисин эсепке алуу менен, ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын көздөгөн легитимдүү орган катары ЖӨБ Союзу “2021-2023-жылдарга КРнын фискалдык саясатынын негизги багыттары” (ФСНБ) аттуу документтин долбоору менен дыкат таанышып чыкты. ЖӨБ Союзу өкүнүү менен төмөнкүдөй тыянакка келди: бюджет аралык мамилелер бөлүгүндө бул документ Бюджеттик резолюцияга (мындан ары – Бюджеттик резолюция) көп жакшы шайкеш келбейт. Бюджеттик резолюция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (КР ЖК) 2020-жылдын 10-июнундагы № 3822-VI “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” токтому менен кабыл алынган. КР Бюджеттик резолюциясына ылайык, бул эки документ тең республикалык бюджет үчүн негиз катары кызмат өтөшү керек. Ошондуктан Бюджеттик резолюция менен ФСНБ ортосундагы координацияны камсыз кылуу логикалуу болуп турат.

ФСНБ мындан да аналитикалык, прогрессивдүү жана реформалоочу мүнөзгө ээ болушу керек

ФСНБ документинин сунуш кылынып жаткан долбоорунун структурасы ченемдик актылар менен аныкталган талаптарга жалпысынан шайкеш келет. Бул документте негизги бөлүмдөр тыкандык менен, атүгүл айрым жерлеринде чоо-жайы ашыкча көрсөтүлүп баяндалган. Бирок документтин артыкчылыктары мына ошону менен эле бүтүп калгандай. Прогрессивдүү өзгөрүүлөрдүн комплексин караштырышы керек болгон “Фискалдык саясат” документте учурдагы кырдаалдын констатациясы катары берилген, айрым жерлери эскирип бараткан, жылдан жылга эч өзгөртүлбөстөн кайталанып көчүрүлгөн программалардагы цитаталар менен “жаңыланмыш” болуп калгандай.

ФСНБ мындан да аналитикалык, прогрессивдүү жана реформалоочу мүнөзгө ээ болушу керек эле. Ошону менен катар алдыдагы үч жылга сунушталып жаткан иш-аракеттерге аналитикалык баа берүү үчүн жетиштүү орун калтырышы керек болчу. ФСНБны даярдоо иши бюджеттик жылнаамада белгиленген, жадатма жумуш катары кабыл алынбастан, КР Финансы министрлигинин бир нече кызматкери эмес, мамлекеттик финансыны башкаруу системасынын бардык оюнчулары тартылган, биргелешкен чыгармачыл ишке айланышы керек.

Дотациядагы ЖӨБ органдарынын санын кыскартуу мамлекеттик саясаттын максатына айланбашы керек!

ФСНБнын 3.4.-бөлүмүндө (“Мамлекеттик чыгашалардын негизги милдеттери жана стратегиялык артыкчылыктары”) дотациядагы ЖӨБ органдарынын санын кыскартуу стратегиялык артыкчылыктардын бири катары көрсөтүлгөн. Буга чейин көп эле жолу айтылган: дотациядагы ЖӨБдүн санынын көбөйүшү же азайышы алардын өнүгүүсүнүн көрсөткүчү боло албайт, мындан улам өнүгүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын максатына айланбашы керек. Борбордон көз каранды болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын саны болгону бюджеттик системанын централдашуу деңгээлин гана көрсөтөт. Эгерде эртең мамлекет жергиликтүү бюджеттерге олуттуу финансы ресурстарын багыттоону чечсе, анда бардык муниципалитеттер дотациялык болуп калат. Бул жаран үчүн жаманбы? Жаман дегенге караганда, жакшы жагы көбүрөөк. Ошондуктан дотациядагы ЖӨБдүн санын өнүгүүнүн көрсөткүчү катары сөз кылуунун мааниси жок. Мындан улам бул санды максат, артыкчылык же мамлекеттик саясаттын милдети катары көрсөтүү туура эмес.

Ошондуктан жергиликтүү бюджеттердин дотациялуулугун азайтуунун ордуна жер-жерлерде кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык стандарттарын камсыз кылууну максат катары көрсөтүш керек.

Бюджет аралык мамилелерди реформалоонун КААЛАНГАН жыйынтыктарын АНЫК жыйынтыктары катары көрсөтпөш керек

5-бөлүм (“Бюджет аралык мамилелер реформасы”) кырдаалга жасалган анализ калыс болгонунан шек жаратат. Реформа өтө жай жүрүп жатканын моюнга алуу зарыл. ФСНБ долбоорундагы “Акыркы жылдарда финансылык борбордон ажыратуу, бюджеттик тартипти жогорулатуу, финансылык ресурстарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугу жана туруктуулугу шартында ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин өз ара финансылык мамилеси принциптүү өзгөргөн” деген тыянак чындыкка дал келбейт.

Өкмөт бир нерсени мойнуна алышы керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы №116 токтому менен бекитилген 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясындагы милдеттердин көбү толук ишке ашырылбай калган же такыр эле ишке ашкан эмес. Бюджет аралык мамилелер реформасы тууралуу сөз кылганда жаңы Бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү программасын кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу да сөз кылуу керек. Мында концепциядагы милдеттердин чукул арада кабыл алынышын жана баскыч-баскычы менен так аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу зарыл.

ФСНБ долбоорунан эскирген Концепцияны алып салып, жаңы Программаны чукул арада кабыл алуу жана ишке ашыруу зарылчылыгына басым жасоо сунушталат. Бюджет аралык мамилелер үчүн милдеттердин тизмеги – бул жөн гана эски концепцияны көчүрүп алуу эмес. Мында Бюджеттик резолюцияны негиз катары алып, орто мөөнөттүү мезгилге конкреттештирүү керек. Милдеттердин тизмегин төмөнкүлөргө өзгөртүүнү сунуш кылабыз:

  • алкактарды белгилеп алып, бюджет аралык мамилелердин алкагында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын макулдашуу процессин киргизүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын киреше потенциалын жана кирешелер деңгээлин жогорулатууга, чыгашаларды кыскартууга шыктандырган чараларды киргизүү;
  • методиканы жакшыртып, төмөнкүдөй бюджет аралык трансферттерди эсептөөдө ачык-айкындуулукту жогорулатуу:
    • теңдештирүүчү трансферттер;
    • максаттуу трансферттер (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу үчүн каржылоого бөлүнгөн трансферттер);
    • дем берүүчү (үлүштүк) гранттар;
    • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында финансылык тартипти бекемдөө жана финансылык менеджментти күчөтүү механизмдерин киргизүү.

ФСНБ долбоорундагы “мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасындагы ыйгарым укуктар чектелген” деген ырастоо да чындыкка дал келбейт – бул маселеде аныксыздык көп. Айталы, финансылык ресурстар менен камсыздалбаган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеги дээрлик көзөмөлсүз эле узарууда. ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген, бирок каржыланбаган функциялар өтө көп, аларга жаңы ыйгарым укуктар кошулуп турат, алар да финансылык каржылоосуз берилүүдө. Мунун баары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына карама-каршы келет. ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды ачык айтпастан, бейформалдуу өткөрүп берген учурлар бар.

Натыйжада ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү формалдуу мүнөзгө ээ болуп, иш жүзүндө ЖӨБ органдары көптөгөн кошумча функцияларды аткарууга мажбур. Мындай жагдай муниципалдык кызматчылардын мойнундагы жүктү ого бетер көбөйтүп, алардын ишке болгон демин суутууда. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүндө “мамлекеттик органдар өзүнүн кайсы бир милдеттерин аткара албай, ошону ЖӨБ органдарынын мойнуна арта салууга умтулушат” деген пикир терең калыптанып калган.

Буга байланыштуу жетишкендиктерди баса көрсөткөн туюндурманы башкасына өзгөртүү сунушталат. Ал туюндурма ушул маселедеги көйгөйдү баса көрсөтүшү керек. Ал эми бул көйгөйдү жок кылуу үчүн төмөнкүдөй иш-аракеттер зарыл: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3296-VI токтомуна ылайык, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо, республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттер ортосундагы, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөлөрүндөгү, ошондой эле чукул кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген шарттарда алардын чыгаша милдеттенмелерин так аныктап алуу” (Бюджеттик резолюциядан алынган сунуш).

ЖӨБ органдарынын киреше потенциалы аймактар ортосундагы табигый айырмачылыктар үчүн эмес, чаралардын жетишсиздигинен улам бекемделбей жатат

Андан ары бул бөлүмдө мындай ырастама бар: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын бекемдөө боюнча көрүлгөн чаралар аны көпчүлүк учурда анын көбөйүшүнө түрткү бербейт, буга байланыштуу табигый-климаттык шарттар, экономиканын агрардык багыты, кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн жетишсиз деңгээли, өнөр жай потенциалын толук пайдалануу, өндүрүштүк инфраструктураны жайгаштыруудагы айырмачылыктар, ресурстарга, өзгөчө финансылык, коммуникациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө кирүү менен шартталган”. Бул ырастоодо себеп-натыйжалаш байланыш бузулган. Өнүгүүдөгү айырмачылыктар киреше потенциалынын көбөйбөй жатканынын негизги себеби эмес жана андай боло да албайт. Жогоруда айтылган (бирок саналбаган) “чаралардын” фрагменттүү болуп, системага салынбаганы буга себеп.

ЖӨБдүн киреше потенциалын жогорулатуу боюнча орто мөөнөттүү мезгилде кандай чаралар көрүлөрүн тагыраак көрсөтүүнү сунуш кылабыз. Мисалы, төмөнкүдөй чаралар көрүлсө болот:

  • муниципалдык мүлктү азыркыдан сапаттуурак башкаруу, муну мүлккө инвентаризация жасабай туруп ишке ашыруу оор болот;
  • социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде финансылык менеджменттин сапатын жана жергиликтүү бюджеттердин кирешесин болжолдоонун сапатын жогорулатуу;
  • жергиликтүү салык саясатын өркүндөтүү, анын ичинде жер салыгынын ставкасын аныктоо укугун өкмөткө өткөрүп берүү;
  • муниципалдык менчиктеги объекттерге жана муниципалдык жерге байланышкан бүтүмдөрдү жасоо үчүн (ижара, сатуу) электрондук соода аянтчасын түзүү боюнча иштерди тездетүү (Бюджеттик резолюциядан алынган сунуш);
  • муниципалдык менчикте турган, бирок мамлекеттик органдар пайдаланган объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү (Бюджеттик резолюциядан алынган сунуш).
Киреше салыгын бөлүү методикасын өзгөртүү бюджет аралык мамилелер реформасынын бардык жердеги жетишкендиги болуп саналбайт

Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдерин өзгөртүү (салык агенти төлөгөн киреше салыгынан чегерүүлөрдүн нормативдерин баскыч-баскычы менен көбөйтүү, сатуудан алынган салыктан чегерүүлөрдүн нормативдерин баскыч-баскычы менен өзгөртүү) ФСНБ долбоорунда жергиликтүү бюджеттердин киреше базасын бекемдөө боюнча чара катары тартууланат. Бирок бардык эле жерде бул чара кирешелердин өсүшүнө алып келбейт. Айылдык аймактарга карата алсак, салык агенти кармаган киреше салыгынын жергиликтүү бюджетке түшкөн үлүшүн пландуу жогорулатуу жергиликтүү бюджетке сатуудан алынган салыктан түшкөн үлүшүн пландуу азайтуудан жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толуктай алган жок. Айталы, фокус-топтордогу талкуулардын жана өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, соода өнүккөн ЖӨБдүн өкүлдөрү бул чара өзгөчө шаардык жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин абалы үчүн абдан терс кесепеттерди тийгизгенин белгилешкен. Мисалы, Кара-Балта шаарынын бюджетинин жоготуулары жылына 70 миллион сомго жакын сумманы түзсө, Чолпон-Ата шаарыныкы 20 млн. сомду, Кайыңды шаарыныкы 20 млн. сомду түздү. Айрым айылдык аймактар жылына орточо 1 миллион сомдун тегерегинде кирешеден куру калууда. Мындай аймактар үчүн киреше салыгынын үлүшүн көбөйтүү жоготуулардын ордун толуктай албайт. Бул чара соода өнүкпөгөн, бюджетке түшкөн кирешенин олуттуу бөлүгү социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине салык салуунун эсебинен толукталган чакан муниципалитеттерге гана оң таасирин тийгизүүдө.

Бул чараны кезектеги жетишкендик катары сүрөттөбөстөн, тийгизип жаткан таасирине анализ жасап, салык базасынын структурасына жараша ЖӨБгө дифференцияланган ыкманы колдонууга өтүүнү сунуш кылабыз.

Жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктуу чыгаша багыты күнүмдүк чыгашаларга кеткен ресурстарды “жеп” отурбастан, өнүгүүгө багыт алышы керек

ФСНБ долбоорунда мындай ырастама бар: “жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда чыгашалардын негизги артыкчылыктуу чыгашалары болуп алар үчүн корголгон беренелер кала берүүдө, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу бар”. Бирок бул жерде өнүктүрүү маселелери тууралуу сөз жок. Мындай ыкма ресурстарды “жеп отура берүү” саясатына көбүрөөк окшошот жана жада калса жергиликтүү өнүктүрүү бюджеттерин түзүү милдетин коюп жаткан Финансы министрлигинин ички документтерине да карама-каршы келет (2018-2025-жылдарга КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча КР Финансы министрлигинин Иш-чаралар планы. Бул Иш-чаралар планы Финансы министринин 2019-жылдын 25-февралындагы №28Б буйругу менен бекитилген). Бул билдирүү ФСНБ долбооруна жана республикалык бюджетке түшүндүрмө катка жылдан жылга “көчүп-конуп” келатат. Бул ыкманы кайра карап чыгып, аймактар үчүн өнүктүрүү бюджеттерин түзүү ниетин так аныктап алуу зарыл.

Маселени констатациялоонун ордуна аларды чечүү боюнча чараларга өтүү зарыл

ФСНБ долбоорунда “Билим берүү системасын каржылоону жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусунда республикалык бюджетке которууга карабастан, жергиликтүү бюджеттерде муниципалдык менчик объекттерин күтүү боюнча чыгымдарды каржылоо мыйзамдык негизде сакталат” деп айтылган. Бул абзац да жылдан жылга ФСНБ текстине жана бюджетке түшүндүрмө катка көчүрүлүп келатат.

Мындай шайкешсиздикти жок кылуу үчүн эмнелер жасаларын так айтууну сунуш кылабыз.

Позитивдүү көрүнүш катары ФСНБ долбоорунда белгиленген өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетин белгилегибиз келет. Долбоордо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгым милдеттенмелеринин көлөмүн көбөйтүүгө таасир этүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда жогору тургандардан төмөн тургандарга өткөрүлүп берилген каражаттарды берүү тартибин өзгөртүү боюнча колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет” деп айтылат.

Келечекте жасоо ниети менен гана эмес, ошону менен бирге ЖӨБ органдары ишке ашырган бардык функцияларды каржылоо үчүн конкреттүү иш-аракеттерди санап чыгуу менен да бул өңүтүн күчөтүү сунушталат. Бул үчүн каржыланбай калган көлөмдү жана бул маселени четтетүү үчүн көрүлгөн чараларды көрсөтүп, тийиштүү анализ жүргүзүү зарыл.

Капиталдык салым объекттеринин тизмегин бекитүү боюнча ачык-айкын эмес, болжолдоого мүмкүн болбогон механизмин алмаштыруу тапшырмасы колдон чыкты

6.1-бөлүмчөдө (“Капиталдык салымдар”) ФСНБ долбоору мындай деп аныктайт: “Мамлекеттик капиталдык салымдар эсебинен каржылоону өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр: инвестициялык сунуштарды орточо мөөнөттү мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды иштеп чыгуу стадиясында түзүү; мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды макулдашуу стадиясында баалоону жүргүзүү, аларды баалоо боюнча оң корутундунун негизинде тандоону жүргүзүү”. Бул прогрессивдүү ниет, бирок алар жетишсиз. Ошондуктан алар республикалык бюджеттен ички капиталдык салымдардын эсебинен каржыланган курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин бекитүүнүн азыркыдай ачык-айкын болбогон, болжолдоого жол ачпаган механизмин алмаштырган жок. Башкача айтканда, реформа өзүнө ички капиталдык салымдарды пландоо жана ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин түшүнүктүү жана ачык-айкын эрежелерине өтүүнү камтышы керек.

Бюджеттик резолюциянын II бөлүмүнүн 5-пункту мындай сунуш берет: “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 29-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү. Бул берене ички бюджеттик инвестицияларды капиталдык салымдар формасында пландоону камсыз кылат, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн экономикалык-социалдык өнүгүү программаларын, пландарын жана жергиликтүү бюджеттердин болжолдорун жүйөлүү негизде иштеп чыгышы үчүн программалык негизде жана ачык-айкын маалыматка таянуу менен бюджет түзүүнүн принциптерине шайкеш келиши керек”.

Бул бөлүмчө боюнча багыттардын тизмегине төмөнкүлөрдү кошуу сунушталат: “ички капиталдык салымдардын долбоорлорун пландоо жана алардын республикалык бюджеттен каржылоо принциптерин мыйзамдар менен өзгөртүү – курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин жыл сайын үч жылдык мезгилге иштеп чыгуу, ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү планынын курамында болууга тийиш, бул болсо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди даярдоодо негиз болуп кызмат кылып берет. Капиталдык салымдардын жалпы суммасын бир сап менен бекитүү практикасын мыйзамдар менен өзгөртүү; Өкмөт республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды бекитип, КР ЖКга бергенден кийин бир айдан кеч эмес мөөнөттө курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин андан ары бекитүү практикасын мыйзамдар менен өзгөртүү”. Ошондой эле капиталдык салымдар беренеси боюнча социалдык объекттерди тандап алуунун критерийлерин да кайра карап чыгуу зарыл. Өзгөчө жергиликтүү калктын демографиялык өнүгүүсүн эсепке алуу менен мектептердин курулушун жана жеринде мектептеги билим берүү тарамдарын оптималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу зарыл. Мында маселени чечүүнүн альтернативалык чараларын кабыл алуу абзел (Бюджеттик резолюцияда сунушталды).

Дем берүүчү үлүштүк гранттардын механизмин реформалоону уланта берүү зарылчылыгы көз жаздымында калды

6.2.-бөлүмчөдө (“Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар” (мындан ары – ДҮГ) ФСНБ долбоорунда ДҮГдү бөлүштүрүү саясатын өркүндөтүү багытында эч нерсе сунуш кылынган эмес. ЖӨБО өкүлдөрүнүн арасында дем берүүчү (үлүштүк) гранттар да акыйкатсыз бөлүштүрүлүп жатат деген пикир калыптанган. Шаарлар үчүн квоталар, КР Финансы министрлигинин мындайча айтканда “кара тизмелери” мына ушундай пикирдин калыптанышына таасирин тийгизүүдө. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорлорун кошо каржылоо же ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерин кандайдыр бир объективдүү же субъективдүү себептерден улам өз убагында аткара албай калган ЖӨБ органдарын Финансы министрлиги “кара тизмеге” киргизет. Мындай тизмеге кирген ЖӨБ органдары дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алуу боюнча конкурстарга катыша албай калышат. Балким милдеттенмелердин сакталбай калышы кыйыр түрдө бир нерсеге байланыштуу болууда: дем берүүчү гранттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өтө аз убакыт бөлүнөт. Мындан тышкары дем берүүчү гранттарды жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүнүн көбөйүшү дотациядагы ЖӨБ органдарынын бул грантка жетүүсүн мүмкүн кылбай жатат.

ФСНБ долбооруна ДҮГны бөлүштүрүү саясатын өркүндөтүүнүн өңүттөрүн кошууну сунуш кылабыз. Ал төмөнкүлөрдү камтый алат:

  • долбоорлорду кошо каржылоонун үлүш босогосун кайра карап чыгуу же ЖӨБ органынын киреше потенциалына жараша прогрессивдүү үлүштөрдү колдонуу;
  • ДҮГ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн убакытты кайра карап чыгуу;
  • орто мөөнөттүү келечекте дем берүүчү гранттардын бөлүштүрүлүшүн жергиликтүү өнүгүү бюджеттери менен алмаштыруу же айкалыштыруу.

Сөз соңунда бир нерсени белгилей кетүү зарыл: ЖӨБ органдарына, жергиликтүү бюджеттерге жана бюджет аралык мамилелерге карата ФСНБ көп убакыттан бери саясаттын декларативдүү жана натыйжасы аз аспабы бойдон калып келатат. Буга көп учурда ЖӨБ органдарынын өздөрүнүн пассивдүүлүгү себеп болууда. Бюджеттик жана фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзүү баскычында ЖӨБ органдары ушул кезге чейин өзүнүн бирдиктүү пикирин көп жакшы жеткире албай келишти. Эрежеге ылайык, бул багыттарды ишке ашыруунун тигил же бул кесепеттери пайда болгон учурда гана ЖӨБ органдарынын реакциясы билинет. ЖӨБ органдары үчүн саясатты түзүү процессине активдүү кошулуп, бул саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликти өкмөт менен тең бөлүшүүгө убакыт жетти. Бул жагынан алып караганда, 2020-жылы биринчи жолу ЖӨБ Союзунун атынан ЖӨБ органдары КР ЖК Бюджеттик резолюциясын түзүүгө да, ФСНБ долбоорун даярдоого да жигердүү катышты. ФСНБны бекитип жатканда ЖӨБ органдарынын үнү жетеби – бул башка маселе.

 

_____________________


1 Ибрахим М.А. Мамлекеттин фискалдык саясатынын өңүттөрү // Университеттин жарчысы, № 7-8, 2016. URL: https://vestnik.guu.ru/jour/article/viewFile/321/1336

 

Окшош материалы: