Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштанды эми жылына бир жолу эмес, туруктуу чыгарылып калды. Чүй облусунун Сокулук районундагы Кунтуу айылдык аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү тажрыйбасы

2018-08-20 / ЖӨБ каржысы
Таштанды эми жылына бир жолу эмес, туруктуу чыгарылып калды. Чүй облусунун Сокулук районундагы Кунтуу айылдык аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү тажрыйбасы

2015-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айылдык аймагында айылдык чогулуш өткөн. Бул чогулушта айыл өкмөт башчы жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныштырган. Бул иш-чаралар 2015-жылдын жай айында аймактын 393 жашоочусунун катышуусу менен өткөн. Катышуучулардын 197си аялдар болгон.

Жашоочуларды бюджеттик каражаттарды чыгымдоо тууралуу маалыматтын жетишсиздигинен баштап, салттуу болуп калган көрктөндүрүү маселелерине чейин ар кандай маселелер түйшөлтүп келгенин иш-чаранын жыйынтыктары көрсөттү. Бул маселелерди чечүү үчүн АӨ жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер менен биргеликте иш-аракеттер планын иштеп чыгышты. Анда таштандыга, ички жолдордун ремонтуна ж.б. байланышкан маселелерди чечүү
ишин жолго салуу үчүн атайын техника сатып алууга зарылчылык бар экени белгиленген.
 
“Таштанды жыйноо жана чыгаруу маселеси дайыма биз үчүн актуалдуу болчу. Буга чейин таштанды жылына бир жолу – жазында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча айлык өткөн маалда гана чыгарылчу. Биз жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен 50 000 сом бөлүп, атайын техниканы ижарага алууга мажбур болчубуз. Жергиликтүү калктын катышуусу менен айыл муктаждыктарын изилдей баштаганда катышуучулардын 68% бул көйгөйдү өзгөчө артыкчылыктуу деп аныкташкан. Эң көп добушту жана калктын колдоосун алуу менен, бул көйгөй долбоордук өтүнмө катары тариз-
делип, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында Чакан гранттар программасынын конкурсуна катышуу үчүн жиберилген. Эми бизде өзүбүздүн техникабыз бар, анын жардамы менен өз муниципалитетибизде тазалыкты камсыздап жатабыз”, - деп айтты
Күнтуу айыл өкмөтүнүн ТКЧ боюнча адиси Валерий ШИЛОВ.
 
 
Чакан гранттар программасынын гранттык конкурсу ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Чүй облусунун бардык муниципалитеттери арасында жарыяланган. Баары күткөн атайын техниканы сатып алуу үчүн жетпей жаткан 1 миллион 500 миң сомду Күнтуу ААнын ЖӨБ органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрө жана токой чарбалыгы мамлекеттик агенттигине кайрылып алды. Ошентип, жалпы суммасы 2,5 млн. сом болгон “Амкадор Е702” экскаватор-жүктөгүч сатып алынып, жергиликтүү тургундардын кыялы орундалды. Атайын техниканы күтүү боюнча ремонт иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылып келатат. АӨ атайын техниканы сактоо, күтүү жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу адисти дайындаган.

Атайын техниканы колдонуу менен муниципалитеттин ЖӨБ органы суу өткөргүч түйүндөргө ремонт иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүдө (28 жылчык бүтөлдү); 10 километрге жакын арык сугат системасы калыбына келтирилди, муниципалиттетин бардык аймагында жол-ремонт иштери жүргүзүлүп жатат (алты көчөдө ички жолдордун 12 км оңдолду); аймактагы беш айылдан таштанды чыгарылып жатат (жалпысынан эки жылда 380 тонна таштанды чыгарылды) жана селди буруучу каналдын 2 километри тазаланды.
 
Буга чейин түрдүү жагдайлар айыл өкмөттүн ишине жана албетте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө түз же кыйыр түрдө таасирин тийгизип келген. Бул болсо жергиликтүү жамааттын нааразычылыгына себепчи болгон. Атайын техниканы сатып алгандан кийин айыл өкмөттүн иши жанданып, натыйжалуу болуп калды. Ал эми бардык жумуштар ыкчам жана сапаттуу жасала баштады. Таштанды жыйноо жана чыгаруу, жолдорду оңдоо, айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн арык системасы жана селдин жолун тосуучу каналдар өңдүү чөйрөлөрдө көптөгөн көйгөйлөр чечиле баштады. Муну оң өзгөрүүлөрдү сезген калк да белгилеп жатат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) өткөргөн изилдөөнүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктар да калктын баасын тастыктап жатат. Калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, жумуштарды техниканы колдонуу менен уюштургандан бери таштанды чыгаруу иши жөнгө салынып, жолдордун сапаты да оңолду (диаграмманы караңыз).
 
Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу маселесин туруктуу чечип, системага салуу үчүн күнтуулуктарга “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (PSI) консультацияларды уюштурду. Долбоордун алкагында айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери үчүн таштанды жыйноого тарифти эсептөө жана кызмат көрсөтүүнү уюштуруу маселелери боюнча тренингдер өткөрүлдү.
 
Ушул тапта Күнтуу айыл өкмөтүнүн жетекчилиги кызмат көрсөтүүлөрдүн эки түрү – таштанды чыгаруу жана ичүүчү суу боюнча муниципалдык ишкананы түзүү тууралуу маселени караштырып жатат. Тарифтер эсептелинип, муниципалдык ишкананын уставынын долбоору даярдалууда. Ошондон кийин Күнтуу айыл өкмөтү калктын катышуусу менен тарифтерди талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүп, андан соң жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кароосуна жиберүүнү пландап жатат. Ал эми коомдук угууларды өткөргөндү муниципалитет жакшы билип калды.
 

 

Окшош материалы: