Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары

2017-03-23 / ЖӨБ каржысы

2016-жылдын 20-декабрында Эсептөө палатасынын Кеңеши Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (КР ЭП) жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү боюнча жаңы Колдонмосун бекитти. Аталган Колдонмону өткөн жылдын соңунда Эсептөө палатасынын Кеңеши негиз катары алып, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында пилоттук аудиттерди өткөрүүдө колдонгон. Пилоттук аудиттердин жыйынтыгы боюнча Колдонмо ийине жеткире иштелип чыккан соң Эсептөө палатасынын Кеңеши бекиткен. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү боюнча колдонмосу 2004 жылдын 13-августундагы №117 “Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, КР ЭП Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы № 01-3/96 токтому менен бекитилген КР ЭП Регламентине жана КР ЭП Кеңешинин 2008 жылдын 23-июлундагы № 01-9/33 токтому менен бекитилген КР ЭП жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн аудит жүргүзүү тартиби тууралуу Жалпы колдонмосуна ылайык иштелип чыкты.

Колдонмо негизинен эл аралык стандарттарга шайкеш келет жана бюджеттин айкындуулугуна жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусуна аудит бөлүгүндө күчөтүлгөн. Жергиликтүү бюджеттерге аудиттин планын жана программасын түзүү, ошондой эле аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчетту даярдоо тартиби Колдонмого киргизилген жаңычылдыктар болуп эсептелет. КР Эсептөө палатасынын аудит ишмердүүлүгүнүн жылдык планына кошулган аудит объекттеринин тизмесин түзүү КР ЭП аудит ишмердүүлүгүн пландоо боюнча Колдонмого ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү бюджеттерге аудиттин максаты – объекттин финансы маалыматы финансылык отчеттуулугунун кабыл алынган системасына жана аны жөнгө салган мыйзам чыгаруу базасына ылайык берилгенин, жергиликтүү бюджет мыйзамдардын жана жергиликтүү деңгээлде финансыны башкаруу маселелерин жөнгө салган ченемдик документтердин колдонуудагы талаптарына шайкеш келгенин тактоо, ошондой эле жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу системасын өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү таап чыгуу. Жергиликтүү бюджеттерге аудиттин тапшырмалары:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик процессти жүзөгө ашырууну жөнгө салган колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын канчалык сактаганын текшерүү;
 
 
  • жергиликтүү бюджеттин туруктуулук, кирешелер менен чыгашалардын теңдемделгендиги принциптерине шайкеш келгенин, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын максаттарына жетүүгө багытталганын, жергиликтүү бюджеттин курамына бардык кирешелер менен чыгашалар кошулганын баалоо;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу этаптарында ачыктык, айкындуулук жана отчеттуулук принциптеринин сакталышын текшерүү;
  • бюджеттин кирешелер жана чыгашалар пландарын түзүүдө негизделгендигин жана реалдуу болгонун, анын бекитилген методикаларга жана эрежелерге шайкештигин текшерүү;
  • ЖӨБ органынын ресурстук базасын кеңейтүү үчүн мүмкүн болгон резервдерди аныктап чыгуу;
  • бюджеттин кирешелери жана чыгашалары канчалык негиздүү, толук жана өз убагында аткарылганын текшерүү;
  • жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу берилген отчетто маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү;
  • аудит объекттеринин бухгалтердик отчеттуулугунда берилген маалыматтын ишенимдүүлүгүн текшерүү;
  • аныкталган четтеп кетүүлөргө жана тартип бузууларга талдоо жүргүзүү, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүү.
Ошентип, жергиликтүү деңгээлде аудиттин жаңы системасынын бир бөлүгү болуп ЖӨБ органдарынын отчеттуулук жана айкындуулук маселеси эсептелет. Жаңы Колдонмодо аудиттин чөйрөсү жана көлөмү деген жаңы түшүнүктөр киргизилген. Аудиттин чөйрөсү – аудиттин мазмуну жана чек аралары, белгилүү бир мезгил ичинде изилденип, талдана турган ишмердүүлүктүн жана процесстердин түрлөрү, б.а. аудитке алынып жаткан негизги маселелердин тизмеги. Аудиттин көлөмү (же аудиттин масштабы) – аудиттин максатына жетүү үчүн жүргүзүш керек болгон аудитордук жол жоболор. Аудитти жүргүзүүүчүн зарыл болгон жол-жоболорду аудитордук топтун жетекчиси аудитти пландоодо аудиттин стандарттарынын талаптарын эсепке алуу менен өз пикирине жараша аныктайт. Аудиттин күтүлгөн мүнөзүнө, убактылуу алкактарына жана көлөмүнө карата жалпы стратегияны жана деталдуу мамилени иштеп чыгуу аудитти пландоодо негизги тапшырма болуп эсептелет. Аудит сапаттын, үнөмдүүлүктүн, өндүрүмдүүлүктүн, натыйжалуулуктун параметрлери боюнча жана өз убагында, ошондой эле мүмкүн болушунча кыска убакыт ичинде максималдуу түрдө эффективдүү жүргүзүлө тургандай пландалыш керек.Пландоо процесси өзүнө төмөнкүлөрдү кошот: аудиттин объектисин алдын ала изилдөөнү; аудиттин планын жана аудиттин программасын даярдоону.
Аудиттин объектин алдын ала изилдөө аудит объекттеринин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды изилдөөдөн тышкары жергиликтүү жамааттын уставын изилдөөнү да камтыйт. Жергиликтүү жамааттын уставы аудиттин жүрүшүндө колдонулат. Себеби мыйзам менен жөнгө салынбаган маселе уставга ылайык чечилет. Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттейт, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт. Алдын ала этапта өткөн аудиттин отчету жана ЖӨБ органдарынын өткөн аудиттердин эскертүүлөрү, аудит объектисинин негизги мүнөздөмөлөрү (мекемелердин тизмеги, каржылоо көлөмү, республикалык бюджеттен трансферттердин көлөмү, ишмердүүлүктүн жыйынтыктары) жана айылдык аймактын (шаардын) социалдык-экономикалык абалы изилденет. Мындай көрсөткүчтөр боюнча маалымат булагы катары айылдык аймактын (шаардын) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана аймактын акыркы үч жыл ичиндеги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн статистикасы колдонулат.
Алдын ала таанышып чыгуу жогорудагы тизме менен чектелбейт. Ыйгарым укуктуу адам аудитти жүргүзүү үчүн кошумча документтерди жана материалдарды, анын ичинде ЖӨБ органдарынын, муниципалдык бюджеттик мекемелердин жана ишканалардын бухгалтердик, финансылык, тескөө, келишим документтерин суратып алып, таанышып чыкса болот. Аудиттин объекти менен алдын ала таанышуунун жыйынтыктары тийиштүү сунушталган формада документтештирилет. Аудиттин планын, программасын жана жыйынтыктарын баяндоо үчүн сунушталган типтүү формалар Колдонмонун бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул болсо жумушчу документтерди да, жергиликтүү бюджеттерге жүргүзүлгөн аудит боюнча отчетторду да унификациялоого жол ачат.Эл аралык стандарттарга ылайык, аудитордук жол-жоболорду жүргүзүү башталганы тууралуу аудиттин объектисине кабар берүү Колдонмодогу жаңычылдыктардын бири болуп эсептелет. Аудиттин планы жана программасы бекитилгенден кийин аудит жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адам аудит объектисинин жетекчисине алдыдагы аудит тууралуу алдын ала жазуу түрүндө кабар бериши керек. Катта аудиттин объектисине аудиттин максаты, предмети, көлөмү; аудиттин мүнөзү (тандап алма же аралаш усул), аудит тобунун жана аудит объектисинин укуктары жана жоопкерчилиги, объектте аудитордук далилдерди чогулткан кызматкерлердин, анын ичинде сырттан тартылган эксперттердин аты-жөнү жазылган тизме, аудитти жүргүзүү мөөнөтү жана аудиттин жыйынтыктарын кабарлоо ыкмасы (формасы) баяндалат. Аудитордук жол-жоболор аудиттин планына жана аудиттин программасына ылайык жүргүзүлөт. Муну менен катар аудитордук жол-жоболор аудиттин төмөнкүдөй чөйрөлөрүндө жүзөгө ашырылат:
 
  • бюджеттик процесстин мыйзам чыгаруу ченемдерине шайкештигине аудит;
  • жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө аудит;
  •  жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшүнө аудит;
  • жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына аудит;
  • жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына аудит;
  • сатып алууларга аудит;
  • муниципалдык менчикти башкарууга аудит;
  • муниципалдык ишканаларга аудит;
  • эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурууга аудит.
Бюджеттик процесстин мыйзам чыгаруу ченемдерине шайкештигине аудит төмөнкү маселелер боюнча жүргүзүлөт: жергиликтүү бюджеттин добоорун түзүү, кароо жана бекитүү жол-жобосун баалоо; бекитилген бюджеттин түзүмүн баалоо; бюджеттер аралык мамилелерге аудит; бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттун түзүлүшүн жана бекитилишин баалоо. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү, кароо жана бекитүү жол-жобосун баалоону жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу адам төмөнкүлөрдү аныкташы керек:
 
  • жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер жергиликтүү кеңештин чечими менен киргизилгенби, бул чечимдер мыйзамдардагы талаптарга ылайык жарыяланганбы;
  • жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору жергиликтүү кеңеш менен макулдашылганбы;
  •  жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөнбү;
  •  аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жергиликтүү кеңеш бекиткенби, программанын долбоору коомдук талкууга коюлганбы;
  • жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсе-бинен ишке ашырыла турган инвестициялык долбоорлорго сунуштар коомдук талкууга коюлганбы (бул жобо 2017-жылдан тарта күчүнө кирет);
  • жергиликтүү бюджетти кароо жана бекитүү жергиликтүү кеңештин кабыл алынган регламентине, бюджеттик процестти жөнгө салган мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлгөнбү;
  • жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссия-сы бюджеттин долбоору боюнча корутунду түзгөнбүжана ал жергиликтүү кеңешке жиберилгенби;
  • тийиштүү жылга бюджет тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими массалык маалымат каражаттарында жарыяланганбы;
  • жергиликтүү бюджетти кабыл алуу, кабыл алынган бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү бюджеттеги эркин калдыктарды бөлүштүрүү боюнча жергиликтүү кеңештин токтомдору болгонбу;
  • жергиликтүү бюджетти кабыл алуу, кабыл алынган бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жергиликтүү кеңештин токтомдору расмий булактарда жарыяланганбы (кабыл алынган документтерди тиркөө менен) жана ченемдик укуктук актылардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилгенби.
Бекитилген бюджеттин структурасын баалоо, бюджеттер аралык мамилелерге аудит жана бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттун түзүлүшүн жана бекитилишин баалоо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык текшерилет. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө аудит жүргүзгөндө төмөнкүлөр бааланат: жергиликтүү бюджеттин ресурстук базасы канчалык толук камтылганы; жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнүн негиздүүлүгү жана ишенимдүүлүгү; Бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмүнө таасирин тийгизген ЖӨБ органдары кабыл алган чечимдердин негиздүүлүгү. Жергиликтүү бюджеттин ресурстук базасына аудит кирешелерди болжолдоо жана анын толуктугун баалоо үчүн маалымат базасынын болгонуна контролду камтыйт. Төмөнкүлөр текшерилет:
 
  • салык төлөөчүлөрдүн алкагында кирешелердин түрлөрү боюнча, а.и. жер салыгы, мүлккө салык, сатуудан алынган салык, киреше салыгы, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттердин негизинде салыктар, чакан ишкерлик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, жер казынасын пайдалануу үчүн салык, ижара акысы жана жергиликтүү бюджеттин башка кирешелери боюнча статистикалык маалыматтардын бар болгону жана толуктугу;
  •  божомолдорду түзүү үчүн статистикалык маалыматтардын болгонун, толуктугун жана үзгүлтүксүз жаңыртылып турганын (жылына бир жолу). Мисалы, калктын киреше көрсөткүчү киреше салыгын; кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана чекене товар жүгүртүү – сатуудан алынган салыкты;калктын саны жана ишканаларда иштеген кызматкерлердин саны – таштанды чыгаруу үчүн жыйымды; турак жай жана турак жайга кирбеген фонддун көрсөткүчтөрү, транспорт каражаттарынын саны жана мүнөздөмөсү – мүлккө салыкты ж.б. эсептөө үчүн база катары талданат.
  • талданган мезгилде ишкерчиликтин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин ставкаларын орнотуу үчүн хронометражды жүргүзүү фактылары (зарыл болгон учурда тийиштүү суроо-талап МСКга жиберилет);
  • муниципалдык менчикте турган объекттерге инвентаризациялоо жүргүзүү жана эсепке алуу фактылары;
  •  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тартибинин сакталышын;
  • жайыт жерлерин колдонуу үчүн акынын көлөмүн аныктоо жана жайыт жерлерин колдонуу боюнча жамааттын планын аткаруу үчүн эсептөөлөрдүн болгонун жана негиздүүлүгүн.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн негиздүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн кирешелер боюнча божомолдуу эсептөөлөрдү (кирешелер булактарынын алкагында) талданып жаткан мезгилде салык салуу үчүн берилген базадагы көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсү менен салыштырыш керек жана кирешелердин айрым түрлөрү үчүн болжолдоонун конкреттүү усулдарын колдонуунун тууралыгын баалаш керек. Мисалы, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттердин негизинде түшкөн салыктардын болжолдуу суммасын ошол аймак үчүн патенттин белгиленген ставкасынын, жеке ишкерлердин санынын базасында, ошондой эле болжолдонгон жылга патенттердин ставкасындагы ыктымал өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен эсептөө сунушталат. Ошондой эле атайын каражаттар боюнча эсептөөлөрдү түзүүнүн негиздүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн текшерүү зарыл.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө аудит жүргүзгөндө аткаруучу органдын карамагында турган ишканалардан жана чарбачыл уюмдардан түшкөн төлөмдөрдүн, ошондой эле башка пландуу кирешелердин реалдуулугу жана толуктугу да бааланат. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмүнө таасирин тийгизген ЖӨБ органдары кабыл алган чечимдердин негиздүүлүгүн баалоо жергиликтүү кеңештин жергиликтүү салыкты төлөөдөн бошотууга, төлөө мөөнөтүн кийинки калтырууга уруксат берүүсүнүнө, салык жеңилдиктерин берүүсүнүн укуктуулугуна аудитти; айылдык аймактын (шаардын) салык төлөөчүлөрүнүн салык төлөмдөрүн (факт боюнча) төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруунун шарттарын сактап жатканын контролдоону камтыйт. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө аудиттин багыттары төмөнкүлөр:
 
  • жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзүүдө колдонулган көрсөткүчтөрдүн негиздүүлүгүн жана реалдуулугун текшерүү;
  • муниципалдык бюджеттик мекемелердин чыгашалар сметасын эсептөө мыйзам чыгаруу ченемдерине шайкеш келгенин текшерүү.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзүүдө колдонулган көрсөткүчтөрдүн негиздүүлүгүнө жана реалдуулугуна аудит жүргүзгөн маалда ыйгарым укуктуу адам төмөнкүлөрдү текшерет:
 
  • айылдык аймакта (шаарда) муниципалдык менчик объекттерин мүнөздөгөн маалыматтар (техникалык, социалдык, экологиялык жана башка параметрлер), инфраструктуралык тармактардын, жолдордун мүнөздөмөлөрү, бюджеттик чыгашаларды пландоо үчүн зарыл болгон башка индикаторлор чогултулабы;

Мындай маалыматтарды эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана түзөтүүлөрдү киргизүү системасы барбы. Алар документтер менен катталганбы. Аудиттин бул баскычында төмөнкүлөр бааланат:

  • жергиликтүү бюджеттин чыгашалары айылдык аймактын (шаардын) социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын артыкчылыктарына шайкеш келеби жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзүүдө бул артыкчылыктар толугу менен эсепке алынганбы;
  • жергиликтүү бюджеттин каражаттарын чыгымдоо багыты жергиликтүү маанидеги маселелерге шайкеш келеби (берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жергиликтүү бюджетке тийиштүү финансы ресурстары берилген учурда) жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын сметалары жүйөлүү эсептелгенби. Бул максатта чыгашалардын зарылдыгы бааланат, долбоорлордун болупболбогону жана чыгашалар сметасына жүйөлүү эсептөөлөр текшерилет;
  • жергиликтүү бюджеттин күнүмдүк жана капиталдык чыгашаларынын ара катышынын максаттуулугу (өзүн өзү камсыздаган ЖӨБ органдарында);
  •  бюджеттин күнүмдүк чыгашаларынын структурасынын рационалдуулугу. Мында чыгашалардын деңгээлин жана багытын аныктаган индикаторлордогу өзгөрүүлөрдүн динамикасы эсепке алынат;
  • бюджет долбооруна ЖӨБдүн бардык чыгаша милдеттенмелеринин, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалардын толук кошулганын;
  • жергиликтүү бюджеттин резерв фондунун түзүлүшүнүн жол-жоболорунун сакталганын жана анын көлөмүн аныктоонун тууралыгын;
  • юридикалык жактарга субсидиялардын баары эле мыйзамдуу негизде пландалганбы.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшүнө аудит жүргүзгөндө чыгаша бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелердин чыгашалар сметасынын долбоорунун негизинде эсептелине турганы көңүлгө алынат. Эсептер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылышы керек. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына аудит маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
 
  • кирешелердин толук жана өз убагында түшүп жатканын текшерүү;
  • кирешелер маселелери боюнча бюджеттер аралык мамилелерге аудит.

Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына аудит маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын жалпы жол-жоболоруна аудит;
  • эмгек акыны төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын колдонулушуна аудит;
  1. тамактанууга бөлүнгөн каражаттардын колдонулушуна аудит;
  • отчет алынуучу суммаларга жана насы\/дебитордук береселерге аудит;
  1. мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каражаттын колдонулушуна жана аны эсептен чыгарып салуунун тууралыгына аудит;
  • муниципалдык менчиктеги объекттерди курууга, алардын капиталдык жана күнүмдүк ремонтуна бөлүнгөн каражаттын колдонулушуна аудит;
  • автотранспортту күтүүгө бөлүнгөн каражаттын колдонулушуна аудит;
  •  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттын колдонулушуна аудит.
Муниципалдык менчикти башкарууга аудит Колдонмонун жаңы бөлүмү болуп эсептелет. Ушуну менен бирге төмөнкүлөргө аудит жүргүзүлөт:
 
  • муниципалдык менчиктеги объекттердин толук эсепке алынганына;
  • муниципалдык менчиктеги объекттердин менчиктештирүү жол-жоболорунун толук эсепке алынганына жана натыйжалуулугуна;
  •  муниципалдык менчикке чектелүү укуктардын, муниципалдык менчикти башкарууга жана күтүүгө укуктардын берилишине.
Муниципалдык менчиктеги объекттердин толук эсепке алынганын текшерген учурда ыйгарым укуктуу адам төмөнкүлөрдү такташы керек:
 
  • мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби ЖӨБ органы тарабынан белгиленген жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген;
  •  реестрди ЖӨБ органы жүргүзөт жана ага бардык зарыл жазуулар өз убагында киргизилип турат;
  •  реестр айылдык аймакка (шаарга) тиешелүү муниципалдык менчиктеги бардык объекттерди камтыйт;
  • реестрде мыйзамдар талап кылган маалыматтардын бардык бөлүмдөрү бар;
  • жарандар реестрдин мазмуну менен ЖӨБ органдарынын кадимки иш учурунда тааныша алышат;
  • негизги каражаттардын баланстык наркы жана амортизациясы толук жана өз убагында эсепке алынган;
  • ЖӨБ органы муниципалдык менчикте турган объекттерге үзгүлтүксүз инвентаризациялоо жүргүзүп турат;
  • муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген, муниципалдык менчикти ажыратуу боюнча операциялар укуктуу, негизги каражаттардын чыгарылышына толук жана өз убагында эсеп жүргүзүлүп турат.
Менчиктештирүү жол-жоболорун эсепке алуу толуктугун жана эффективдүүлүгүн текшерүү, муниципалдык менчикке чектелүү укуктардын, муниципалдык менчикти башкарууга жана күтүүгө укуктардын берилишине аудит колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Муниципалдык ишканалардын бюджетти түзгөнүнө аудит төмөнкүлөрдү камтыйт:
 
  • текшерүүгө алынып жаткан мезгилге муниципалдык ишканада өндүрүштүк программанын (өзүнө муниципалдык тапшырыктардын пландалган көлөмдөрүн камтыган) бар болгонун, ЖӨБ органы макулдашуу жана бекитүү жол-жоболорун сактаганын текшерүү;
  • муниципалдык ишкананын бюджети (кирешелердин жана чыгашалардын болжолдуу финансылык планы) негиздүү жана туура түзүлгөнүн, буга кошумча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн жана жана баасын аныктоонун тууралыгын, алардын ЖӨБ органы же башка ыйгарым укуктуу орган бекиткен (монополияга каршы мыйзамдарына ылайык) нормативдерге жана тарифтерге шайкештигин текшерүү;
  •  муниципалдык ишкана алган кирешелердин муниципалдык ишкананын уставында/жобосунда бекитилген ишмердиктин түрлөрүнө шайкештигин текшерүү; 
  •  ЖӨБ органы муниципалдык ишкананын бюджетин макулдашуу жана бекитүү жол-жобосун сактаганын текшерүү.
“Эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурууга аудит” бөлүмүнө “Финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо” аттуу жаңы бөлүм кошулган. Мында ыйгарым укуктуу адам финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын мыйзамдар менен белгиленген төмөнкүдөй компоненттеринин болгонун жана иштегенин баалашы керек:
 
  • контролдук чөйрө (түшүнүктүү жана логикалуу уюштуруучулук түзүмдүн болгону, милдеттердин, укуктардын жана отчеттуулук деңгээлинин так бөлүштүрүлүшү, кесиптик этиканын формулировкаланган талаптарынын, персоналды башкаруунун эрежелеринин жана анын компетенттүүлүгүнө карата талаптардын бар болгонун);
  • тобокелдиктерди башкаруу (тобокелдиктерди башкаруу программасынын жана аларды азайтууга багытталган иштелип чыккан контролдоочу чаралардын бар болгону);
  • контролдук иш-чаралар (тобокелдиктерди башкаруу процессинде аныкталган тобокелдиктерди чектөөнүн алдын ала, учурдагы жана кийинки контролунун жазуу жүзүндөгү эрежелеринин жана жол-жоболорунун бар болгону. Контролдук иш-чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдар күтүлүүчү пайдадан ашып кетпегенин текшерип алуу зарыл);
  • маалымат жана байланыш (ишенимдүү маалыматтык жана байланыш системаларынын болгонун жана иштешин баалоо зарыл. Булар маалыматты башкарууну, майнаптуу горизонталдуу жана вертикалдуу байланышты, персоналды башкарууну, документ жүгүртүүнү башкарууну, отчеттуулукту жүргүзүүнү камсыздашат);
  • мониторинг (финансылык башкарууга мониторинг жүргүзүү системасынын болгону, ал өзүнө учурдагы мониторингди, жетекчинин өзүнө баа берүүсүн жана ички аудитти камтыйт). 

Жалпысынан бул этапта аудиттин тапшырмасы – бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бюджеттик уюмдар үчүн бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүп жана түзүлүп жатканын текшерүү. Аудиттин жыйынтыктарын макулдашуу, аудит материалдарын тапшыруу, аудиттин жыйынтыктарын андан кийин эсепке алуу жол-жоболору Эсептөө палатасынын Регламентине, КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2008-жылдын 23-июлундагы № 01-9/33 Токтому менен бекитилген “КР Эсептөө палатасы жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жалпы колдонмого жана башка ички документтерге ылайык жүргүзүлөт. “Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетту даярдоо” бөлүмүндө аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчеттордун формалары жана мазмуну сүрөттөлөт. Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчеттордун төмөнкүдөй түрлөрү даярдалат:

  • аудит объектисине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары тууралуу жана/же айрым фактылар (маселелер) боюнча орто-аралык отчету;
  • жергиликтүү бюджетке жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчеттун долбоору.
Аудиттин жүрүшүндө кызмат адамдарынын жана (же) айрым адамдардын аракеттеринде аудит тобунун пикири боюнча кылмыштын белгилери аныкталган учурда аудит жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адам орто-аралыктагы отчетту түзөт жана аны тийиштүү тартип коргоо органдарына жиберет. Ошону менен катар ал текшерүүгө алынган объектте мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо жана аныктоо үчүн негизги жоопкерчиликти алган аудиттин объектисинин жетекчилигин бул тууралуу кабардар кылууга тийиш.

Окшош материалы: