Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дем берүүчү үлүштүк гранттар: ким утушта калды?

2016-10-21 / ЖӨБ каржысы

2015-жылдан тарта Кыргыз Республикасында ЖӨБ органдары арасында дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартиби иштей баштаган. Көптөгөн позитивдүү жыйынтыктар жана жетишкендиктер бар. Алардын ичинен эң негизгиси – элеттик муниципалитеттер үчүн гранттар мурдагыдай Финансы министрлигинин деңгээлинде эмес, район деңгээлинде бөлүштүрүлүп калды.

Бөлүштүрүү системасы жалпысынан түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуп калды. Ошентсе да акыркы жылдардагы практика айрым бир көйгөйлөрдү алып чыкты. Алардын ичинен төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурулушу керек: каражаттарды үнөмдөө, бул болсо ЖӨБдүн салымдарынын ашыкча өсүшүнө алып келүүдө; муниципалитеттерди топторго туура эмес бөлүштүрүү, бул болсо бир муниципалитеттин башка муниципалитетке салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрүнүн тең болбой калышына алып келүүдө; облустук жана республикалык маанидеги шаарларда долбоорлорду тандап алуу критерийлеринин “иштебеген” абалда болушу; дем берүүчү гранттардын максаттуу багыты, алар ЖӨБдүн чыгашалуу милдеттенмелерин ишке ашыра келгенде алардын керектөөлөрүнө шайкеш келбей калууда; жобонун райондук деңгээлдеги долбоорлорду тандап алууга багытталгандыгы; дем берүүчү грант боюнча отчеттуулукта айкындуулуктун чектелүү болушу.
Макалада аталган көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерине сереп жасалып, аларды чечүү жолдору сунушталат. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына (ЖӨБО) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен жана башка тартылган каражаттар долбоордук-конкурстук негизде республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары. Дем берүүчү гранттар облустук жана республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, ЖӨБОго конкурстун негизинде берилет. Дем берүүчү гранттар маанилүү аспап болуп эсептелет, анткени пландуу капиталдык ремонтту, же башка пландарды ишке ашырууда каражат жетишсиз болуп калган шарттарда ЖӨБО кошо каржылоо издеп, республикалык бюджетке кайрыла алат. +нёмдёё пайда алып келбегенде… 2015-жылы “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 500 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин каржылоо 830 млн. сомго чейин көбөйтүлгөн. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 829,1 млн. сомго 341 жаңы долбоор бекитилген. Өткөрүлгөн тендерлердин натыйжасында долбоорлор боюнча үнөмдөө 100 млн. сомду түзгөн (баштапкы суммасынан 12%).
2016 жылы долбоорлор боюнча тендерлерди өткөргөндөн кийин 2016-жылдын 1-октябрына карата үнөмдөө 120 млн. сомду,же бекитилген долбоорлордун наркынан 24% түздү. Бул сан жыл соңунда көбөйүшү ыктымал, анткени дагы 18 тендер өтүүгө тийиш. Үнөмдөө – дайыма жакшыдай сезилет. Ал каражат туура башкарылганын билдирип, бюджет таңсыктыгы өңдүү көйгөйдү чечүүгө көмөктөшөт. Бирок дайыма эле мындай боло бербейт. Жакшылап карай келгенде, үнөмдөө жергиликтүү бюджеттер жана жергиликтүү жамааттар үчүн жыргалдай көрүнбөйт, соңунда мамлекеттин пайдасына упай топтобойт. Тендердин жыйынтыгы боюнча каражаттардын мынчалык олуттуу түрдө үнөмдөлүшү же пландоо этабында долбоорордун наркы ашкерекөрсөтүлгөнүнөн, же болбосо, ЖӨБ органдары тендердик табыштамалардын спецификациясын даярдоодо сапатсыз жол-жободон кабар берет. Экинчи вариантын карай турган болсок, тендерлерди арзан технологияларды жана материалдарды колдонгон жеткирүүчүлөр утуп алууда.
Бул болсо долбоорлорду ишке ашыруунун сапатына терс таасирин тийгизет. Медалдын экинчи бетин карай турган болсок,тендерлердин жыйынтыгында алынган үнөмдөө толугу менен республикалык бюджетте кала берүүдө. Башкача айтканда, ЖӨБ органдары долбоордун наркын азайтуу менен, иш жүзүндө долбоорлорго кошо каржылоонун КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын неси боюнча каржылоонун жалпы суммасынан 23,3%;
 
  • Чүй облусу, 47 долбоор – 95,1 млн. сом, же 19 %;
  • Ош облусу, 94,1 млн. сомго 42 долбоор, же 18,7 %;
  • Ысык-Көл облусу, 29 долбоор – 63,3 млн. сом, же 12,6%;
  • Нарын облусу, 20 долбоор – 49,3 млн. сом, же 9,8%;
  • Баткен облусу, 20 долбоор – 46,6 млн. сом, же 9,3%;
  • Талас облусу, 13 долбоор – 36,4 млн. сом, же 7,3%;
2016-жылы каржылана турган долбоорлор үчүн жергиликтүү бюджеттер долбоорлорду каржылоодо канчалык салым кошо алаарын аныктоо үчүн бюджеттик камсыз кылуу деңгээлин эсептөө жергиликтүү бюджеттин кирешесинин божомолуна негизделген. Ал болсо Финансы министрлигинин Буйругу менен 16840,9 сом көлөмүндө бекитилген. 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көрсөткүчүнүн мыйзам1 менен бекитилген көлөмү 16867,9 сомго барабар болгон, бул болсо Финансы министрлиги бекиткен эсептик көрсөткүчтөн болгону 0,2% гана көбүрөөк. Ушуну менен бирге эсептөөлөрдө жергиликтүү бюджеттин өз кирешелеринин көрсөткүчтөрү колдонулат (трансферттерди кошпогондо). Жергиликтүү бюджеттин салымынын жана долбоор боюнча тартылган каражаттардын минималдык деңгээлин аныктоо үчүн кирешелик камсыз кылуу деңгээли 2016-жылы долбоорлор үчүн төмөнкү формула боюнча эсептелди: ДОi = (ПДi / Нi) * 100, мында: ДОi - деңгээли - i-жергиликтүү бюджеттин кирешелик камсыз кылуу деңгээли; ПДi - пландалган жылга i-жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин болжолу;Hi - i-жергиликтүү коомчулуктун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика 1 2015-жылдын 31-декабрындагы №233 “2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамы комитетинин акыркы маалыматына ылайык).
Анткен менен бул формула i-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздалуусун 1 адамга карата сом менен эсептөөгө жол ачканы менен, анын деңгээлин пайыз менен эсептөөнү мүмкүн кылбайт. Ал болсо тиешелүү топ боюнча орточо көрсөткүчү менен, конкреттүү жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздалуусун салыштыруунун натыйжасында эсептелет (республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана айылдык аймактар). Көйгөй: 2016-жылы жергиликтүү бюджеттердин салымынын жана тартылган каражаттардын минималдуу деңгээлин аныктоо үчүн кирешелик камсыз кылуу деңгээли эсептөө тиешелүү топтор боюнча (республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана айылдык аймактар) орточо көрсөткүчкө карата жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик кам- сыздалуусунун ара катышын эсепке албастан эсептелип калган. Натыйжада кирешелик камсыз кылуу деңгээлинин бекитилген көрсөткүчтөрү бир аз жогорку деңгээлде бекитилип калган жана 2016-жылы айрым ЖӨБ органдары долбоорлорду кошо каржылоого көбүрөөк ресурс сарпташат.
Эгерде алардын көрсөткүчтөрү топтор боюнча орточо көрсөткүчтөр менен ара катышты эсепке алып эсептелингенде азыраак болмок. Х шаарынын мисалында түшүндүрүп берели. Ушул тапта кирешелик камсыз кылуу деңгээлинин көрсөткүчү шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше божомолун шаардагы калктын санына бөлүү менен эсептелет. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше божомолу пландалган жылга 50 028 миң сомго барабар, калктын саны болсо 21 882 кишини түзөт. Х шаарынын ДО деңгээли = (50 028 / 21 882 ) * 100 = 228,63 Ошентип, колдонуудагы жобо боюнча Х шаары бюджеттик камсыздалуу деңгээли 200дөн 500% чейинки топко киргизилип, анын салымынын көлөмү долбоордун суммасынан 25% кем болбош керек. Бирок бул формула жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздалуусунун 1 адамга карата миң сом менен эсептөөгө гана жарайт. Формула анын деңгээлин пайыздар менен көрсөтө албайт. Пайыздар менен көрсөткөндө конкреттүү шаардын бюджеттик камсыздалуусу облустук маанидеги шаарлар боюнча орточо канчалык айырмаланарын билинмек. Туура эсептөө үчүн шаардын бюджеттик камсыздалуусун эсептеп чыгуу зарыл:
 
  • 50 028 миң сом / 21, 882 киши = 2286,26 сом/ киши Андан кийин облустук маанидеги шаарлардын орточо бюджеттик камсыздалуусун эсептейбиз. Бул үчүн облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин болжолдонгон кирешесинин 1 716 446,2 миң сомго барабар суммасын облустук маанидеги шаарлардын калкынын 527, 133 миң кишиге барабар болгон санына бөлөбүз. 1 716 446,2 миң сом / 527, 133 миң киши = 3256,19 сом/киши Эми Х шаарынын бюджеттик камсыздалуусун облустук маанидеги шаарлардын орточо бюджеттик камсыздалуусуна бөлүү менен анын пайыз түрүндөгү деңгээлин алабыз. Х шаарынын ДО деңгээли = 2286,26 / 3256,19*100%= 70,2% Ошентип, колдонуудагы жобого түзөтүүлөр кабыл алынган шарттарда Х шаары бюджеттик камсыздалуу деңгээли 50 пайыздан 100% чейинкилердин тобуна кирип, анын салымынын көлөмү долбоордун суммасынан 15% кем болбош керек. Колдонуудагы жобо боюнча азыр 25% болуп турат.
  • Сунуш: жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздалуусунун формуласын такташ керек. Муну анын бюджеттик камсыздалуу деңгээлин топ боюнча орточо маанисине кошууну эсепке алып жасаш керек.Эгерде ЖӨБ органы тарабынан долбоорду кошо каржылоодо салымдын көлөмүн жаңы жобого ылайык салыштыра турган болсок, анда бир караганда өзгөрүүлөр ЖӨБ органдарынын салымынын төмөндөшүнө алып келгендей көрүнөт. Алардын салымы долбоордун жалпы суммасынан 7 пайыздан 30% чейинки көлөмдө деп аныкталды. Ушуну менен бирге ал толугу менен акчалай формада болот.Жаңы жободо ошондой эле топтордо ЖӨБ органдарынын салымдары боюнча ажырымдар кыскарды. 2012-жылдагы Жободо долбоорду каржылоодо арыз берүүчүнүн салымы долбоордун суммасынан 10 пайыздан 60% чейин болчу. Буга чейин материалдар жана эмгек ресурстары түрүндө 50% чейин салым кошууга уруксат берилип келген. Акыркы жылдары ЖӨБ органдары салымды акчалай түрүндө берип жатканын эсепке алуу менен, жаңы жободо акчалай салымдан башка формада салым кошууга тыюу салынган. Айталы, 2014-жылы каржыланган 309 долбоор боюнча салым 123,7 млн. сом болсо, анын ичинен эмгек салымы 15,1 млн. сомду, же жалпы салымдын көлөмүнүн 12,2% түздү.

2012-2014-жылдары ишке ашырылган долбоорлорго жасалган анализ көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары долбоорду ишке ашырууга салым кошкондон тышкары, долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу үчүн тиешелүү адистерди ишке алууга кеткен чыгашаларды да көтөрүшкөн. Бул чыгаша сметалык баасында эсепке алынган эмес. Долбоорлордун сапатын жакшыртуу максатында жаңы жобого ылайык, долбоорду даярдай баштагандан тартып, аны жыйынтыктаганга чейинки жумуштарды коштоп жүрчү тиешелүү адистерди ишке алууга кеткен бардык чыгашалар долбоордун бюджетине кошулат жана ЖӨБ органдарынын салымы катары эсепке алынат.

Тең эмес теңгеби? Ушул тапта бюджеттик камсыздуулук деңгээли 100% аз болгон ЖӨБО үчүн төмөн шкала эки топко бөлүнгөн:

  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 50 пайыздан аз ЖӨБ органы – салым 7% кем болбош керек;
  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 50 пайыздан 100% чейин ЖӨБ органы – салым 15% кем болбош керек;
Финансы министрлигинин буйругуна ылайык, 2015-жылы долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттердин салымынын үлүшү алардын бюджеттик камсыздуулук деңгээлин эсепке алуу менен төмөнкү топтор боюнча бекитилди:
 
  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 50% кем болгон 144 ЖӨБ органы 7% кем эмес салым кошот;
  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 50-100% болгон 169 ЖӨБ органы 15% кем эмес салым кошот;
  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 100 пайыздан 200% чейинки 88 ЖӨБ органы 20% кем эмес салым кошот;
  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 200-500% болгон 67 ЖӨБ органы 25% кем эмес салым кошот;
  • бюджеттик камсыздуулук деңгээли 500% ашкан 16 ЖӨБ органы гана 30% кем эмес салым кошот.
Финансы министрлигинин Буйругуна ылайык, алгачкы эки топко кирген (бюджеттик камсыздалуусу 100% чейинкилер) ЖӨБ органдарынын саны 313 болду. Экинчи жагынан Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, республикада айылдык аймактардын 83% (болжол менен 373 АА) теңдештирүүчү грант алат жана дотацияда турат. Мындай айылдык аймактар теориялык жактан алып караганда бюджеттик камсыздалуусу 100% чейинкилердин тобунда болууга тийиш. Көйгөй: Теңдештирүүчү грант алган ЖӨБ органдарынын саны бюджеттик камсыздалуусу 100% кем болгон ЖӨБ органдарынын санынан көп (60 ЖӨБО). Дотациядагы айрым ЖӨБ органдары алардын долбоорлору бекитилген учурда бюджеттик камсыздалуу деңгээлинин көрсөткүчтөрү туура эмес эсептелип калгандыктан улам долбоордун суммасынан 20% ашык салым кошууга мажбур болот деп божомолдосо болот. Сунуш. Теңдештирүүчү грант алган ЖӨБ органдары үчүн салымдын бирдиктүү көлөмүн – долбоордун суммасынан 10% деңгээлинде киргизүүнү сунуштайбыз. Дотацияда болбогон ЖӨБ органда-ры үчүн салым көлөмүн жобого ылайык калтырыш керек.
Тандап алуу критерийлери Долбоорлорду тандап алуу берилген баанын негизинде жүргүзүлөт. Ал бааны долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү балл түрүндө коюп чыгат. Ал эми долбоор боюнча балл- дарды жалпы эсептөө комиссия мүчөлөрү толтурган баалоочу кагаздардын негизинде жүргүзүлөт. Комиссия мүчөлөрүнүн санынан көз каранды болгон баллдарды топтоп, баа рейтинги түзүлөт. Ал райондо же шаарда квотаны бөлүштүрө келгенде мааниге ээ болбойт, анткени баалоо рейтингин ошол эле комиссия коет. Бирок кийин республикалык деңгээлде айрым райондордо жана/же шаарларда квоталарды колдонбогондун натыйжасында пайда болгон ресурстарды бөлүштүргөндө кошумча долбоорлордун баалоо рейтинги боюнча комиссиянын көп мүчөсү баа берген долбоорлорго артыкчылык берилип калышы мүмкүн. Бул көйгөй бардык деңгээлдер үчүн комиссиялардын белгилүү бир санына талап киргизүү менен чечилиши керек. Анын үстүнө жобонун критерийлерине ылайык белгиленген баллдар жеринде ошол критерий боюнча жеткен чеги катары чечмеленген. Мисалы, теңдештирүүчү гранттар боюнча камсыздуулук коэффициентинин критерийи боюнча баа 5 баллга чейин деген чекте коюлушу мүмкүн.
Көйгөй: өтүнмөлөрдү баалоодо балл койгондо мындай мамиле субъективдүүлүккө жол ачып, долбоорлорду баалоонун айкындуулугуна көмөктөшпөйт. Сунуш. Критерийлер боюнча чоң градацияны белгилөөнү сунуштайбыз. Бул болсо коюлган баллдарды айкын критерийлердин негизинде дифференциациялоого жардам берет. Мисалы, теңдештирүүчү гранттар боюнча камсыздуулук коэффициенти боюнча үч топтун ордуна алты топ киргизүүнү (бул көрсөткүчтүн практикада түзүлгөн маанисин эсепке алуу менен) сунуштайбыз (3-таблицада көрсөтүлгөндөй). Калктын артыкчылыктарын сөзсүз изилдөө, аларды өнүгүү программаларына жана жарандар демилге көтөрүп чыккан долбоорлорду даярдап жатканда кошуу талаптары жобонун 11-пунктунда жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускаманын 17-18-пункттарында көрсөтүлгөн. Практикада болсо, адатта ЖӨБ органы бул талапты формалдуу түрдө гана аткарып коет: өнүгүү программасынан көчүрмө бөлүктү берет. Анда социалдык-экономикалык өнүгүү программасын кабыл алуу күнү менен дал келбеген күн көрсөтүлүп калат. Долбоорду тандап алуу боюнча комиссиянын катчылыгы же Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар бөлүмү эскертүү бергенден кийин гана долбоор жобонун талаптарына шайкеш келтирилет. Бул көйгөйдү өз ара байланышта болгон критерийлерди киргизүү менен чечсе болот: калкты артыкчылыктуу долбоорду аныктоого тартып, долбоорду социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизиш керек.
Жободо дем берүүчү гранттардын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу каржылана турганы аныкталган (муниципалдык менчиктин курулушу, реконструкциялоо, абаттоо жана капиталдык ремонту). Дем берүүчү гранттар бюджеттер аралык мамилелер системасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Гранттар мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосунда бир жагынан функцияларды жана ыйгарым укуктарды, экинчи жагынан аларды ишке ашыруу үчүн киреше булактарын ажыратууга негизделген. Дем берүүчү гранттардын максаттуу багыты бюджеттер аралык мамилелер системасында алардын ролун эсепке алуу менен аныкталыш керек. ЖӨБдүн иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамында белгиленген. ЖӨБО карамагына жергиликтүү маанидеги 23 маселе киргизилген (18-берене). Ошону менен бирге алардын ичинен 16сын ишке ашыруу тигил же бул деңгээлинде социалдык-экономикалык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө байланыштуу (4-табл.). Мындан улам дем берүүчү гранттар эч кандай шылтоосуз жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү каржылоого гана багытталыш керек.
ЖӨБОга бекитилген чыгашалуу ыйгарым укуктары негизги фонддорго (мисалы, таштанды жыйноо жана чыгаруу үчүн машинелер, дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шаймандар) кеткен капитал сыйымдуу чыгашаларды да жүзөгө ашырууну караштырат. Бул болсо бюджеттер аралык мамилелер системасында жалгыз капиталдык трансферт болуп эсептелген дем берүүчү грант- тардын максаттуу багытын кайра карап чыгуу зарылчылыгын пайда кылат. Көйгөй. Бүгүнкү күндө бюджеттер аралык мамилелер системасында дем берүүчү гранттардын максаттуу багыты ЖӨБдүн муктаждыктарына жана функция менен ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн негизинде түзүлгөн чыгаша мил деттенмелерге объективдүү түрдө жооп бербейт. Сунуш. Орто мөөнөттүү келечекте Финансы министрлигине дем берүүчү гранттардын максаттуу багытын ЖӨБ органдарынын чыгашалуу ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен карап чыгууну сунуштайбыз. Ошондо жергиликтүү социалдык-экономикалык инфраструктуранын өнүгүүсүн гана шарттабастан, ошону менен бирге жабдууларды, шаймандарды сатып алуу менен жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу (сапаттуу) башкаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн шарт түзүлмөк.
Жаңы жобого облустук жана республикалык маанидеги райондор жана шаарлар үчүн дем берүүчү гранттар боюнча квоталарды киргизүү аталган ЖӨБ органдарына жергиликтүү жамаат менен биргелешкен демилгелердин алкагында долбоорлорду ишке ашырып туруу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен финансылык “гүлазыкты” кепилдемек. Райондук деңгээлде өтүнмө берген ЖӨБ органдары өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн финансы жардамын конкурстук негизде алып туруу мүмкүнчүлүгүнө гана ээ. Жобонун 4-тиркемесине ылайык, долбоорлорду конкурстук тандоо 9 критерий боюнча жүзөгө ашырылат. Анткен менен долбоордун сунуштарды баалоо критерийлери жаңы жобонун башка нормаларындай эле долбоорлорду райондук деңгээлде тандоого багытталган. Райондук деңгээлде конкурстук негизде ар кайсы ЖӨБ органдарынан табыштамалар кабыл алынат жана каралат. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү (долбоорлорду эмес) тандоо өзүнчө жол-жоболорду жана критерийлерди иштеп чыгууну жана кабыл алууну талап кылат. Себеби бардык табыштамалар бир ЖӨБ органынан кабыл алынат. Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда биринчи этабында (январь-апрелде) ЖӨБ органына долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн артыкчылыктуу көйгөйлөрдү төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандап алуу сунушталат. Долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн артычылыктуу көйгөйлөрдүн тизмеси болжолдонгон мезгилге карата пландалган квотанын чегинде баалоо рейтингинин негизинде түзүлүш керек. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлар үчүн долбоорлордун суммасы боюнча чектөөлөрдү алып салуу зарыл.
Анткени бөлүнгөн квотаны бир ЖӨБ органы колдонот. Финансы министрлиги баалоо үчүн комиссияга берүү максатында артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандоонун максатын, тапшырмаларын, жол-жоболорун; долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн көйгөйлөрдүн санын жана долбоордун суммасы боюнча чектөөлөрдү; комиссиянын артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алуу критерийлерин жана башка жоболорду аныктап алышы керек. КР Бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын классификациясына ылайык, дем берүүчү гранттар бюджеттердин киреше бөлүгүнүн (13311300-код) жана бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн курамына (экономикалык классификациянын 26311300-коду) кирет. Ага жараша дем берүүчү гранттар мамлекеттик бюджетти, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу тууралуу отчетто чагылдырылыш керек. Ошону менен бирге дем берүүчү гранттар мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу 2014-жылдагы отчетто ведомстволук классификацияда (26621-код – Финансы министрлиги - дем берүүчү гранттар) республикалык бюджеттин бөлүгүндө гана каралган. Мамлекеттик бюджеттин 2015-жылы аткарылышы тууралуу отчеттун “Операциялык ишмердиктен Кирешелер/Акча каражаттарынын түшүүсү”, “Операциялык ишмердикти жүргүзүү үчүн Чыгашалар/ Акча каражаттарын төлөп берүү” жана “Финансылык эмес активдерге салымдарга байланыштуу акча каражаттарынын агымы” бөлүмдөрүндө дем берүүчү гранттардын өлчөмү көрсөтүлгөн эмес. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко дем берүүчү гранттар тууралуу маалыматтарды кошуу мамлекеттик бюджеттин чыгашалар менен кирешелерин толук эсепке алууну, айкындуулукту камсыздайт.

 

Окшош материалы: