Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджет боюнча угууларды кошуналардын мисалында өткөрүүнү үйрөнөбүз

2016-09-14 / ЖӨБ каржысы
Бюджет боюнча угууларды кошуналардын мисалында өткөрүүнү үйрөнөбүз

Өнүктүрүү саясат институту ЖӨБ органдарынын ишинин түрдүү багыттарында тажрыйба алмашуу боюнча окуу сапарларын өткөрүүнү жакшы салтка айландырды. Миң уккандан бир көргөн артык – бул чын сөз бир топ татаал иш-чараны – бюджет боюнча коомдук угууну уюштурууга жана өткөрүүгө карата дагы бир жолу тастыкталды. 2016-жылдын июнь айында тажрыйба алмашуу сапарлары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун беш максаттуу муниципалитетинин базасында Чүй облусунун беш районунда өттү. Сапарга 108 киши катышты – АӨ башчылары, ФЭБ жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссияларынын төрагалары.

Максаттуу муниципалитеттер бюджет боюнча угууларды биринчи жолу өткөргөнүнө карабастан бардык беш иш-чара тең эң жогорку деңгээлде өттү. Сапардын катышуучуларына биринчи кезекте ЖӨБ органдарынын коомдук иш-чараларга жарандарды тартуу боюнча жакшы иши тартууланды – беш угууга жергиликтүү жамааттын 682 өкүлү, анын ичинде 323 аял катышты. Башкача айтканда, бир иш-чаранын катышуучуларынын орточо саны ар бир муниципалитетте 136 кишини түздү. Бул өзгөчө талаа иштери элеттиктердин болгон убактысын алып, колун байлаган жай мезгилинде муниципалитеттер үчүн чоң көрсөткүч. Адамдардын көңүл буруп, жергиликтүү бюджетти талкуулоого даярдыгы да ошончолук баалуу болду. Бирок дагы бир негизги баалуулук – ЖӨБдүн аткаруучу органдары маалымат өнөктүгүн өткөрүүнүн алкагында бир топ күч жумшашты. Алар жарандарды угууларга чакырып, анда кандай маселелер талкууланары тууралуу маалымат таратышты: баннерлер менен кулактандыруулар илинди, чакыруу баракчалары таратылды, угууларга катышуу эрежелери жазылган маалыматтык материалдар берилди. Угууларга ЧЕЙИН маалыматтык өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүш үчүн максаттуу муниципалитеттердин көптөгөн кызматкерлери ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу алдында атайын окуудан өтүштү.
 
Максаттуу муниципалитеттер сапардын катышуучуларына татаал бюджеттик маселелерди калк менен бирге кеңири талкуулоо процессин көрсөтүп беришти. Угууларга биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБ тобу) мүчөлөрүнүн катышканы да жакшы болду. Алар суроо узатып, ЖӨБдүн бюджет боюнча сунуштарына комментарий гана бербестен, ошону менен бирге ар бир угуунун соңунда аны уюштуруу, маалымдоо, жарандардын активдүүлүк деңгээли, көрсөтмөлүү материалдарды даярдоо көз карашынан иш-чаранын жыйынтыктарына жалпы баа беришти. Кызыл-Туу АА БМжБ тобунун жетекчиси өз баяндамасында топтун максаттары жана тапшырмалары тууралуу айтып берип, соңунда буларды белгиледи: “Бүгүн бюджет  боюнча угуулар маалымат өнөктүгүнөн жана залды жасалгалоодон баштап, калктын катышуусу, презентацияладын сапаты жана материалдардын жеткиликтүүлүгүнө чейин бардык жагынан алып караганда эң жогорку деңгээлде өттү. Бирок кемчиликтер да бар. Мисалы, угууларга жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусу чабал болду. Бирок бул ар бир депутаттын маанилүү милдеттеринин бири да. Ал жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо, элеттиктердин пикирлерин билүү процессинде жигердүү катышуучу болуш керек.
 
Ошентсе да угууларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жол-жоболор жалпысынан сакталды. Ошондуктан биздин БМжБ тобу иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө жогору баа беребиз”.Беш угуунун үчөөнө мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн – Чүй райондук администрациясынын,Ысык-Ата жана Жайыл райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ФЭБ башчыларынын катышуусу кызыктуу тажрыйба болду.Сапардын катышуучулары менен жыйынтыктоочу талкууларга жигердүү катышып, угуулардын жыйынтыгы боюнча туура тыянактарды жасоо менен, алар айылдык аймактын жана жалпысынан өз регионунун өнүгүүсүндө ЖӨБ органдары менен маморгандардын кызматташтыгынын үлгүсүн көрсөтө алышты. Алмазбек ЖУМАЛИЕВ, Ысык-Ата райфинбөлүм башчысы: “Юрьевка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тургундарга социалдык маселелерди чечүүдө алардын акчасы кантип сарпталып жатканын билүү мүмкүнчүлүгүн берди. Иш-чаралар адамдардын кызыгуусун жаратып, айылдын келечегине кайдыгер карабай тургандай уюштурулду. Айыл өкмөт башчысы материалды түшүнүктүү жана так кылып жеткирди, бардык суроолорго сабаттуу жооп кайтарды,жалпысынан угууларды жакшы уюштурду. Бул муниципалитетте жергиликтүү өз алдынча башкаруу жашоочулар менен байланыш түзгөнү, айыл өкмөт аппараты жакшы иштеп жатканы көрүнүп турат. КР Бюджеттик кодекси бюджеттин ачык-айкын болуусун талап кылат.
 
Анын ичинде коомдук талкууларды өткөрүп, бул финансы документин жарандар менен талкуулоо аркылуу да. Биз райондогу бардык муниципалитеттердин угууларды өткөрүү демилгесин колдоп, консультациялык, методологиялык жана эксперттик жардамыбызды беребиз”.Калбүбү ШЕРАЛИЕВА: Жайыл райфинбөлүмүнүн жетекчисинин орун басары: “Биздин райондун айылдык аймактарынын арасында бюджет боюнча коомдук угуулар биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин Кара-Балта шаарында гана ушул өңдүү ишчаралар туруктуу өтүп турчу. Жергиликтүү жамаат бюджеттик каражаттар кантип сарпталып жатканын билиши үчүн бул тажрыйбаны райондогу муниципалитеттердин арасында жайылтуу маанилүү”.Окуу сапарынын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын көбү ушул өңдүү иш-чараларды өз муниципалитеттеринде өткөрүүнү пландашты. Бул үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан техникалык жана консультациялык жардам сурашты. Чүй районунун Ибраимов АӨ башчысы Т. САБЫРОВ: “Биз да угууларды өткөрүп турабыз. Бирок Бурана айылдык аймагында көргөндөй уюштурулбайт. Бюджет боюнча коомдук угуулар – бул дыкаат даярдыкты талап кылган өтө олуттуу иш-чара болгонуна көзүбүз жетти. Мындай иш-чараны так жана регламентке ылайык өткөрүш үчүн АК төрагасы жана АӨ башчысынын алып баруучулук жөндөмдүүлүгү болуш керек экен.
 
Калк коомдук угуулар менен чогулуштар ортосундагы айырманы билиш керек. Угууларда колдоону талап кылган конкреттүү маселе, кийинки жылга финансы планы талкууланса, чогулуштарда күнүмдүк маселелер ыкчам талкууланат”.
Майрам РЫСБАЕВА, Сосновка АӨ башчысы: “АӨ кызматкерлери менен АК депутаттары ынтымактуу иштегени жакты. Алар абдан жакшы маалымат өнөктүгүн өткөрүшүп, банерге жакшы ураан жазышып, коомдук угууларды өткөрүү эрежелерин атайын илишип, баннерлерде кирешелер менен чыгашалардын көлөмү даана көрүнүп турган жакшы диаграмма, түстүү жана түшүнүктүү бюджетти даярдашты. Иш-чаранын өзү кызыктуу өтүп, калк жигердүү катышып, өз пикирлерин ачык билдиришти. Фискалдык органдардын текшерүүлөрүнө караганда, адамдардын бизден талап кылганы жакшы эмеспи”.Сыргак КЫДЫКЕЕВ, Гроздь АӨ башчысы: “Чогулуштарды жана коомдук угууларды канчалык көп өткөргөн сайын, ошончолук даттануулар да азыраак түшө баштады. Айылда пайда болгон көйгөйлөр чогулуштарда көтөрүлүп, жашоочулар менен биргеликте аларды чечүү жолдору изделет. Биздин айылдык кеңештин депутаттары жигердүү иштей башташты, иш да жеңилдеди”. ТУРСУНАЛИЕВ Б., Сайлык АӨ башчысы: “Биз үчүн бул чоң сабак болду. Бурана АӨ чындап эле бюджеттин айкындуулугун жана ачыктыгын көрсөтө алышты. Дотациялык айыл өкмөтүнө эмне үчүн бардык көйгөйлөрдү чечүүгө акча жетпей жатканын адамдарга түшүндүрүп берүү өзгөчө кыйын болот. Угуулар жарандар үчүн кырдаалды бир кыйла түшүндүрөт”.

 

Окшош материалы: