Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2017-жылга бюджет долбоорлору боюнча коомдук угуулар өнөктүгү

2016-08-18 / ЖӨБ каржысы
2017-жылга бюджет долбоорлору боюнча коомдук угуулар өнөктүгү

17 муниципалитеттин эки миңден ашуун тургуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен 2017-жылга бюджет долбоорлорун талкуулашты.

Чогулуштарбы же коомдук угууларбы? Айрым муниципалитеттерде коомдук угуулар менен чогулуштар ортосунда чаташуу болот. Ооба, коомдук угуулар жана чогулуштар – бул шаарлардын жана айыл тургундарынын маселелери талкууланчу коомдук иш-чаралар. Анткен менен алардын ортосунда төмөнкүдөй айырмачылыктар бар: чогулуштар айылдагы, көчөдөгү, шаардын кичи районундагы жамааттардын түрдүү деңгээлдеринде өткөрүлсө, коомдук угуулар бүтүндөй жамааттын деңгээлинде гана өткөрүлөт; чогулуштар ЖӨБ органдарынын да, жамааттын да демилгеси боюнча өтсө болот, ал эми коомдук угуулар тигил же бул маселеге колдоо табуу үчүн ЖӨБ органдарынын гана демилгеси боюнча өткөрүлөт; чогулуштун максаты бир нерсе тууралуу калкка жөн гана маалымат берүү же пикирлерди угуу болот.
 
Коомдук угуулар болсо кабыл алынып жаткан чечимге колдоо табуу же түзөтүү киргизүү максатын көздөйт (эрежеге ылайык, коомдук угуулардан кийин чечим өкүлчүлүктүү органдын – жергиликтүү кеңештин кароосуна жиберилет).Өткөрүү мөөнөттөрү “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, КР Финансы министрлиги 30-майга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы органдарына (мындан ары – ЖӨБ) бюджетти түзүү боюнча нускаманы, календардык планды, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн болжолдонгон нормативдерин жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлчү теңдештирүүчү гранттардын суммасын жиберет. Зарыл болгон маалыматтарды алгандан кийин ЖӨБдүн аткаруучу органы бюджеттин баштапкы долбоорун түзөт, коомдук угууларда калк менен талкуулайт, жергиликтүү кеңеш менен макулдашат жана бюджеттин макулдашылган долбоорун КР Финансы министрлигине белгиленген мөөнөттө жиберет.
 
2017-жылга бюджет долбоору боюнча угуулар Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу алдында Чүй облусунун 17 муниципалитетинде биринчи жолу 2017-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угуулар өттү. Бюджетти төмөнкү муниципалитеттердин жашоочулары талкуулашты: Кемин шаарынын, Кемин районунун Боролдой, Кызыл-Октябрь АА, Чүй районунун Бурана АА, Ысык-Ата районунун Юрьевка, Кочкорбаев, Узун-Кыр жана Кең-Булуң АА, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок жана Гроздь АА, Сокулук районунун Кызыл-Туу жана Күн-Туу АА, Москва районунун Биринчи Май жана Александровка АА, Жайыл районунун Ак-Башат АА жана Панфилов районунун Фрунзе АА. Бардык угуулар 2016-жылдын 8-июнунан 27-июнуна чейинки мезгил аралыгында өттү. Угууларга 2 010 киши катышып, орточо эсеп менен алганда, ар бир иш-чарага 118 киши катышты.
 
Бирок 55 киши да, 242 киши да катышкан угуулар болду. Толук маалымат 1-таблицада берилген. Коомдук бюджеттик угууларга даярдык Угууларга даярдык кийинки жылга бюджет долбоорун иштеп чыккандан тышкары маалымат өнөктүгү өңдүү маанилүү элементти өзүнө камтыйт.Коомдук угуулардын алдында муниципалитеттер алдыда өтө турган иш-чара тууралуу калкты маалымдоонун түрдүү аспаптарын колдонушкан. Алар: эл көп жүргөн жерлерде баракчалар илинди; кулактандыруу жазылган чоң плакаттар илинген; жамааттын жигердүү лидерлерине телефон чалышкан, үн күчөткүч аркылуу чакырышкан, жигердүү депутаттарга, пенсионерлерге, мугалимдерге, жамаат мүчөлөрүнө чакыруу барактарын таратышкан ж.б. Мүмкүн болушунча муниципалитеттер жамааттын жигердүү мүчөлөрүнө угуулардын күн тартибин, өткөрүү тартибин жана 2017-жылга бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн таратышкан.
 
Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү – бул калкка бюджеттик маалыматты жеткиликтүү тилде берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан даярдалган документ. Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүндө киреше булактары, алар кантип бөлүштүрүлөрү (чыгашалар) жазылат. Долбоордун адистери бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүнүн макетин даярдап беришип, андан кийин ЖӨБ органдары өз бюджетинин кыскача вариантын даярдашкан. Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн соңку варианты долбоордун адистери менен бирге даярдалган. Консультациялык жардамдан тышкары долбоор муниципалитеттерге угуулар үчүн зарыл санда бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн көбөйтүп чыгарып берүү менен техникалык колдоо да көрсөткөн.Жарандардын бюджетдолбоору боюнча сунуштары Коомдук угуулардын жүрүшүндө муниципалитеттер бала бакчада видеокөзөмөл орнотуудан баштап, ФАПка келгендерге отургуч орнотууга чейин көптөгөн кызыктуу, аткарууга мүмкүн жана такыр аткарылбай турган сунуштарды алышты. 2017-жылга бюджет долбоору боюнча жалпысынан 109 сунуш түштү. Бул деген болжол менен ар бир угууда 6 сунуш дегенди билдирет. Айылдык аймактардын жашоочулары адатта (түшкөн сунуштардын 18%) билим берүү, мектептердин, бала бакчалардын жана балдар аянтчасынын курулушу жана капиталдык ремонту өңдүү маселелерди көтөрүшөт. Бул маселени көбүнчө Александровка, Биринчи Май жана Күн-Туу АА жашоочулары көтөрүп келишет.
 
Экинчи орунда (түшкөн сунуштардын 13%) айыл көчөлөрүн абалы, көпүрөлөрдү оңдоо жана суу менен камсыздоо турат. Айыл көчөлөрүн жана көпүрөлөрдү оңдоо боюнча маселелерди бюджет долбооруна киргизүүнү Кызыл-Туу, Кызыл-Октябрь, Александровка АА жашоочулары суранышат. Ал эми Гроздь, Бурана, Юрьевка жана Фрунзе АА жашоочулары 2017-жылы суу менен жабдуу системасынын трубаларын оңдоо, насосту алмаштыруу ж.б.өңдүү суу менен жабдуу маселесин чечип берүүнү өтүнүштү (түшкөн сунуштардын 10%). Андан кийинки орунда спортту өнүктүрүү турат (түшкөн сунуштардын 7% жакыны). Кызыл-Туу, Гроздь, Таш-Мойнок АА жашоочулары 2017-жылы спорт аянтчаларын оңдоого жана спорттук шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүнү өтүнүштү. Ал эми Фрунзе АА жашоочулары аймактагы спортчулардын райондук, облустук жана республикалык мелдештерге баруусу үчүн алардын жол киресине көбүрөөк каражат бөлүп берүү маселесин көтөрүштү. Кемин шаарынын, Кочкорбаев, Ак-Башат АА жашоочулары көчөлөрдү жарыктандыруу системасын оңдоого жана орнотууга бюджетке каражат киргизгиси келет (түшкөн сунуштардын 6%). Таштанды чыгаруу, аймакты тазалоо жана туш келди жаткан таштанды темасын Гроздь, Бурана, Ак-Башат, Биринчи Май жана Юрьевка АА жашоочулары көтөрүштү (түшкөн сунуштардын 6% жакыны). ФАПтын ремонту (5% жакын), маданиятты өнүктүрүү – музыкалык аспаптарды сатып алуу, маданият үйлөрүн оңдоо, китепканалар үчүн китептерди сатып алуу (4% жакын), көчөлөрдү жарыктандыруу (4% жакын) жана жолбун иттерди атуу, муниципалдык сайтты иштетүү өңдүү башка маселелер да көтөрүлдү.
 
Кирешенин жаңы булактары Коомдук угуулардын катышуучулары бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча гана эмес, ошону менен бирге киреше бөлүктү көбөйтүү боюнча да сунуштарды берип жатышты. Мисалы, Боролдой АА жашоочулары коомдук угууларда короо-жай участогун жана айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо маселесин көтөрүштү. Айылда жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактылары абдан көп жана бул жерлер үчүн салык төлөшпөйт. Мындан улам муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле такыр салык төлөбөй жүргөндөр менен чечишүү, зарыл болсо сотко берүү маселеси көтөрүлдү. Гроздь айылдык аймагында салыктардын ставкалары, салыктарды жана жыйымдарды төлөө мөөнөттөрү тууралуу маалымдоодон баштап, жергиликтүү салыктар менен жыйымдарды көбөйтүүгө чейин маселе көтөрүлдү.Бурана жана Күн-Туу АА жашоочулар айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижара акысын карап чыгуу маселесин көтөрүштү. Таштандыны өз убагында жана сапаттуу чыгаруу максатында коомдук угууларда таштанды чыгаруу үчүн тарифти 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды. Анткени бүгүнкү 15 сомдук тариф чыгашаларды эч жаппайт.
 
Коомдук угуулардын жалпы жыйынтыктары Бюджет долбоору боюнча баары болуп 109 сунуш түштү. Коомдук бюджеттик угуулардан кийин бюджеттин баштапкы долбооруна 42 сунуш киргизилди (түшкөн сунуштардын 39%).Мисалы, Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын бюджет долбооруна коомдук угуулардын катышуучуларынын сунуштары боюнча бала бакчада видеокөзөмөлдү орнотууга каражат кошулду. Бурана айылдык аймагында “Турак жай-коммуналдык чарбалык” бөлүмүнө 2017-жылга 2 196,0 миң сом киргизилген. Бирок коомдук угуулардан кийин жарандардын сунушу боюнча 2 606,8 миң сомго чейин көбөйгөн. Кең-Булуң айылдык аймагынын бюджетинде ТКЧ бөлүмүндө үйлөргө номур коюп чыгууга каражат бөлүнсө, Таш-Мойнок АА “Билим берүү” бөлүмүнө өзгөртүү киргизилип, бюджетте мектептин спорт залы үчүн килем сатып алууга акча каралды. Толук маалымат №2 таблицада берилген. Ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайра байланыш формасын түзүүнүн үстүнөн иштеп жатышат жана жакында маалымат такталарында 2017-жылга бюджет долбооруна кайсы сунуштар кошулганы, ал эми кайсы сунуштар кандай себептер менен кошулбай калганы тууралуу маалыматтар чыгат.
 
Түз сөз МАДИЕВА Г., Кызыл-Октябрь АӨ финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы: “Мурда биз жолдорду оңдоого, айылды жарыктандырууга же жашылдандырууга каражатты жашоочулардын катышуусуз эле бөлүштүрүп койчубуз. Эми болсо коомдук угуулардын жардамы менен 2017-жылы кайсы айылдын кайсы жолун оңдой турганыбызды, же конкреттүү кайсы жерге жарык өткөрөөрүбүздү так аныктап калдык. Мунун баары жашоочулардан түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен чечилет”. АТТОКУРОВ К., Бурана АА жергиликтүү жамаатынын лидери: “Биздин айыл өкмөтү керектүү иштерди жасап жатат. Бюджет боюнча угуулар жакшы. Бирок дайыма эле баарын биле бербейсиң да. Ал эми бул жерде түшүнүктүү кылып жазып, бизге таратып, айтып да беришти. Эми адамдар өзүбүз оңолуп, айыл өкмөтү менен кошо иштешибиз керек. Ошондо салык да убагында төлөнүп, кызмат көрсөтүүлөр да өз маалында болот”.
 

Окшош материалы: