Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер мамлекеттик сатып алуулардагы кыйынчылыктарды жеңүүдө

2016-07-20 / ЖӨБ каржысы

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) Чакан гранттар программасынын 2016-жылдагы конкурстун жыйынтыктары боюнча Чүй облусунун муниципалитеттери арасында жеңүүчүлөр аныкталды. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашыруу максатында 17 муниципалитеттин ар бири 1 000 000 сом өлчөмүндө грант алды. Долбоордун Чакан гранттар программасынын Жобосуна ылайык, гранттын каражаттары муниципалитеттердин атайын эсебине которулат. Муниципалитеттер алынган гранттык каражаттарды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык колдонушат. Ал эми бул ченемдик укуктук актынын талаптары өтө жогору жана практикада муниципалитеттер көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат. Ушул макала кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолдоруна арналды.

 
Сатып алуучу уюмда конкурстук сатып алууларды жүргүзүү укугун берген тиешелүү сертификаты бар сатып алуулар боюнча адистин болушу “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарынын бири. Жеңүүчү деп табылган муниципалитеттер үчүн Долбоор тарабынан берилген жардамдардын бири – КР Финансы министрлигине караштуу Окуу борборунда беш күндүк күндүзгү окууну каржылоо. 2016-жылы Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 18 өкүлү – айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары окуу курсунан өттү. Бирок окуу борбору мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүгө укук берген сертификатты бардык каалоочуларга эле кармата бербейт.Тестирлөөдөн өтө албай калгандар сертификат алалбайт. 18 катышуучунун 13ү гана сертификат алышты. Эгерде сатып алуучу уюм катары муниципалитетте сертификаты бар адис болбосо, анда КР Мыйзамынын талаптарына ылайык, алар мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү үчүн мындай адисти келишим боюнча тарта алат. Муниципалитеттер ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп келишет. Бирок практика көрсөткөндөй, кээде муниципалитетте аппаратта сертификатка ээ кызматкер болот.
 
Анткен менен мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү үчүн четтен адис тартылат. Муниципалитеттердин башчылары муну өз адистеринде тажрыйбанын жетишсиздиги менен түшүндүрүшөт. Мындан улам сатып алуулар мыйзамдардын нормаларын бузуу менен өтүп калышы ыктымал деген тобокелдик бар. Анткени сатып алуулардын жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик уюмдун жетекчиси катары муниципалитет башчысына жүктөлөт.Муниципалитеттер үчүн мамлекеттик сатып алууларды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамынын алкагында мыйзам менен белгиленген иш-чараларды өткөрүүнү талап кылат. Жыл башында сатып алуулар Планы түзүлүп, Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылат. Ар бир сатып алууга өзгөчө даярдык иштери талап кылынат. Мамлекеттик сатып алуулар порталына кулактандырууну берүү үчүн муниципалитеттер өз долбоорлорунун сметасын даярдашы керек. Долбоор тараптан техникалык жардам катары муниципалитеттерге долбоордун багытына ылайык (курулуш же ремонт иштери, таза суу жана энергетика) техникалык эксперттердин консультациялык жардамы сунушталды. Муниципалитеттер берген долбоорлор менен техникалык эксперттер таанышып чыккандан кийин көпчүлүк сметаларга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек болду. Бул болсо муниципалитеттерде тиешелүү адистердин болбогонунан кабар берет.
 
Смета түзгөн адистерди муниципалитеттер четтен  келишим боюнча тартышат. Практика көрсөткөндөй, бардык эле смета боюнча адистер өз милдеттенмесине ак ниет мамиле жасай бербейт. Муниципалитет жалдаган адис смета түзгөн объектти такыр көрбөгөн (объектке барбаган) учурлар да болгон. Ал адис комиссия түзгөн дефекттүү актыга ылайык иш алып барган. Натыйжада долбоордун сметасы чийки болуп, же жумуштун көлөмү көбөйтүлүп (азайтылып) көрсөтүлүп калган. Муниципалитет жетекчилери билими боюнча курулушчу эмес. Андыктан алар курулушчу-инженерлердин – сметачылардын айтканына ишенүүгө  аргасыз болушат. КР Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы №175-б буйругу менен бекитилген Стандарттык конкурстук документтердин талаптарына ылайык, жумуштарды бир этаптуу, эки этаптуу жана жөнөкөйлөтүлгөн усулдар аркылуу сатып алуу үчүн: “Сатып алуучу уюм курулуш иштерине конкурс жарыялаганга чейин курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органда экспертизадан өткөн иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтерге жана участоктун документине ээ болуугатийиш. Долбоордук-сметалык документтер курулуштун бардык негизги талаптарын жана принциптерин аныктоочу, ошондой эле курулуштун бардык этаптарын жана курулуш иштеринин түрлөрүн камтуучу курулуш ченемдерин жана эрежелерин (КЧжЭ) эсепке алуу менен иштелип чыгууга тийиш. КЧжЭны, анын ичинде курулуштун бюджетин аныктоо үчүн колдонулат”.
 
Практика көрсөткөндөй, муниципалитеттердин деңгээлинде иштелип чыккан курулуш иштерине долбоордук-сметалык документтер курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органда экспертизадан дайыма эле өтө бербейт. Муниципалитеттердин бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык боюнча мамлекеттик агенттиктен үч жолкудан кийин араң техникалык экспертизадан өткөн. Экинчи жагынан бул окуя курулуш иштерине долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүү жеринде көп сапаттуу болбой жатканынан, тажрыйбасы бар тиешелүү адистердин, ошол кызматты сапаттуу көрсөткөн уюмдардын жетишсиздигинен кабар берет. Муниципалитет кызматкерлери мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштейт: сатып алууларды пландайт, тиешелүү талаптары жазылган кулактандырууну жайгаштырышат, түшкөн табыштамаларды баалашат, сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун илишет. Жогоруда саналган жумуштарды жасоо үчүн муниципалдык кызматчыларга компьютердик жабдуу, жакшы интернет байланыш жана интернетте иштөө тажрыйбасы, Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштеш үчүн билим жана тажрыйба талап кылынат. Муниципалитеттердин көйгөйлөрүнүн бири – сертификатка ээ болгон, интернетте иштөө тажрыйбасы бар жана Порталдын ишин билген мындай кызматкердин жоктугу. Практика көрсөткөндөй, муниципалитет аппаратында жаштар саналуу гана, КР Финансы министрлигинин окуу борборуна сертификат алуу үчүн келгендердин  басымдуу бөлүгүн орто жаштан жогору курактагылар түзөт.
 
Мындан улам дагы бир көйгөй ортого чыгууда – адистин билими, мамсатып алууларды өткөрүү тажрыйбасы бар, бирок ал интернетте жана Порталда иштөө көндүмдөрүнө ээ эмес. Долбоордун Чакан гранттар программасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү зарылчылыгына байланыштуу грант алуучулардын ичинен орто жаштан ашып калган курактагы бир нече муниципалдык кызматчы электрондук почта менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуп, почта аркылуу кат жиберип-жазышканды, Порталда иштегенди үйрөнүштү. Айрым муниципалдык кызматчылар бул нерселерди билбегенин, сатып алуулар боюнча иштерди жасоо үчүн интернет менен “дос” жаштарды тартарын, мындан улам ошол адиске көз каранды болушканын, натыйжада мунун баары жумуштарды аткаруу жана сатып алуулардын этаптарын жүргүзүү мөөнөттөрүнө да таасирин тийгизип жатканын мойнуна алышты. Дагы бир көйгөй – Порталга кошулуу үчүн интернет байланыш дайыма эле туруктуу эмес, үзүлүп турат, кээде Портал өзү да иштебей калып, кайсы бир убакыттан кийин кайра кирүүгө туура келет. Бул да белгилүү бир ыңгайсыздыкты жаратууда. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн интернет байланышы туруктуу болгон райондун борборуна же жакынкы шаарга барыш керек болот. Мамлекеттик сатып алуулар Порталы менен иштөөнүн талаптарына ылайык, Порталда сатып алуулар боюнча адис гана эмес, ошондой эле сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси жана уюмдун жетекчиси да иштеш керек. Алар сатып алуулар планын, кулактандырууларды бекитүү процессине катышат.
 
Практика көрсөткөндөй, сатып алуулар бөлүмүнүн жана уюмдардын бардык эле жетекчилери Порталдын талаптарын сактай бербейт.Көпчүлүк учурларда алар бул функцияны сатып алуулар боюнча адиске “өткөрүп беришет”. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарынын негиздери” боюнча тренингде бардык катышуучулардын ичинен 1 гана айыл өкмөт башчы Порталда жеке өзү иштей турганын, сатып алуулар Планын жана кулактандырууларды жеке өзү беките турганын тастыктады. Сатып алуулар боюнча адис четтен чакырылып, ал эми уюмдун жетекчиси кырдаалдан кабары болбогону муниципалитеттер үчүн чоң тобокелдикти жаратат. Мындай да бир окуя болгон: сырттан тартылган адис кулактандырууга башка документти тиркеп коюп, муну “муниципалитет кандай документ берсе, ошону кулактандырууга тиркегени” менен түшүндүргөн. Натыйжада Конкурсту жокко чыгарууга туура келген. 2016-жылы мамсатып алуулар боюнча окуудан өткөн 18 адистин арасында бир нече айыл өкмөт башчылары да болду. Алар иш жүзүндө өздөрү мамлекеттик сатып алууларды өткөрүп, бул иш-чаралардын маанисин жана жоопкерчилигин белгилешкен. Ар бир сатып алуучу уюмдун жетекчиси окуу борборунда окуу курсунан өтүп, Мамлекеттик сатып алуулар порталында иштөө көндүмдөрүн үйрөнүшү абзел.
 
ЖӨБ органдарынын сатып алуучу уюмдарына практикалык кеңештер Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө эң жоопкерчиликтүү жана маанилүү учурлардын бири болуп туура жана сабаттуу даярдалган конкурстук документтер эсептелет. Конкурстук документтер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы№175-б Буйругу менен бекитилген Стандарттуу конкурстук документтерге ылайык даярдалат. Анда талаптар сүрөттөлүп, шарттар, формалар, техникалык өзгөчөлүктөр берилген. Сатып алуулардын түрлөрүн (товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) аныктап алуу өтө маанилүү иш. Адистер-сатып алуучулар көп учурда бул түрлөрдү чаташтырып, же сатып алуулардын түрүн аныктоого жетиштүү көңүл бурбай келет.Сатып алуулардын түрү сатып алуулардын структурасына, долбоордун бюджетине көз каранды болот. Мисалы, эгерде бала бакчанын, же мектептин имаратынын терезелерин жана каалгаларын пластикалык материалдарга алмаштырыш керек болсо, айрым адистер муну жумуштар деп аныктайт. Бирок адегенде мунун баары өз-өзүнчө канча тураарын, санына жараша пластикалык терезекаалгалар канча болоорун, эскилерин алып салып, жаңы терезе-каалгаларды орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр канчага бааланарын аныктап алыш керек. Эгерде товардын (пластикалык терезе жана каалгалардын) суммасы монтаж менен демонтаждын суммасынан жогору болсо, анда бул тийиштүү кызмат көрсөтүүлөр менен товарларды сатып алууга кирет.
 
Эгерде тескерисинче төмөн болсо, анда бул жумуштарды сатып алууларга кирет. Белгилүү бир кыйынчылыктарды сатып алуулар боюнча адистер Конкурстук табыштаманын негизги жана квалификациялык талаптарын аныктаганда башынан өткөрүшөт. Адатта сатып алуучу адистер болгону бир нече талапты гана коюшат жана аларды сатып алууларды өткөрүү үчүн жетиштүү деп эсептешет. Булар негизинен: каттоо документтеринин, күбөлүктүн жана уставдын, Салык кызматынан жана Социалдык фонддон карызы жоктугу тууралуу маалымат каттардын, бухгалтердик баланстын көчүрмөлөрү, аткаруучулардын иш тажрыйбасы жана квалификасынын деңгээли. Стандарттуу конкурстук документтер конкурстук табыштамалардын негизги жана квалификациялык талаптарынын 19 пунктун сунуштайт. Алар пландалган сатып алууларды ишке ашыруу үчүн подрядчыны сапаттуу тандап алуу үчүн өзгөчө маанилүү жана зарыл. Курулуш жумуштары боюнча алардын айрымдарына көңүлүңүздү бурабыз (таблица). Жогоруда келтирилген квалификациялык талаптар кулактандырууну берип жатканда милдеттүү болот. Ар бир мамлекеттик сатып алуу үчүн анын түрүнө жараша квалификациялык талаптары боюнча өзгөчөлүктөр бар. Муниципалитеттер-сатып алуучу уюмдар үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жеткирүүчүлөр – дагы бир көйгөй. Конкурстук документтерди толук бербеген жеткирүүчүлөрдүн айынан сатып алууларды жокко чыгарып, жаңысын жарыялоого мажбурлайт. Негизинен жеткирүүчүлөр төмөнкү талаптарды аткарышпайт:
 
  • акыркы 2 жылдагы бухгалтердик баланс талап кылынган чакта 1 жылдын балансы гана берилет;
  • өздүк жүгүртмө каражаттар болгону, же кредиттик линияга жеткиликтүүлүк тууралуу маалымат берилбейт, же толук эмес берилет;
  • соттук териштирүүлөр тууралуу маалымат берилбейт;
  • жетекчинин жана адистердин квалификациясы жана тажрыйбасы тууралуу маалымат берилбейт же толук берилбейт;
  • сертификаттар боюнча маалымат берилбейт же толук эмес берилет. Адатта подрядчылар сертификаттын ордуна товар боюнча сыноо
     
  • Протоколу берилет. Бул болсо талаптарга жооп бербейт. Анткени Протоколдун негизинде Сертификат берилет;
  • жумуштардын графиги боюнча маалымат берилбейт.
  • Көрүп турганыңыздай, кемчиликтер олуттуу жана подрядчылар “Кудай сактасын” деп кол шилтеп коюшат. Бирок бул “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын бузууга жатат. Мунун натыйжасында конкурстук табыштаманы четке кагууга / же аны жокко чыгарууга туура келет.
  • Муниципалитеттерге оор эле болуп жатат, бирок алар бул кыйынчылыктарды жеңгенди үйрөнүп жатышат, сатып алуу көндүмдөрүнө ээ болуп, тажрыйба топтоп жатышат – бир сөз менен айтканда өнүгүү уланууда.

Окшош материалы: