Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясы тууралуу

2016-04-09 / ЖӨБ каржысы

2016-жылдын 10-мартында КР Өкмөтүнүн №116 токтому менен “2016-2019-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясы”, ошондой эле ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы бекитилди.

Ушул Концепция Кыргыз Республикасында жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү жана финансылык борбордон ажыратуу реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Концепциянын максаты Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын географиялык жайгашуусуна жана аймакты өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө карабастан, жергиликтүү бюджеттерди финансылык ресурстар менен камсыздоо боюнча жагымдуу жана туруктуу шарттарды түзүү болуп саналат.Ушул Концепциянын милдеттери:
 
  • бюджеттер аралык мамилелерде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү;
  • Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун алкагында айыл аймактарын жана райондорду ирилештирүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү коомчулук үчүн жүйөөлүү факторлорду түзүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча негизги багыттарды аныктоо;
  • республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик программаларды каржылоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өз кирешелерин көбөйтүүгө жана чыгашаларын оптималдаштырууга түрткү берүүнү калыптандырууга негизделген трансферттик саясатты өркүндөтүү.
Ушул Концепциянын негизги принциптери:
 
  • бюджеттик процессте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансы жана кызыкчылыктарынын бирдиктүүлүгү;
  • Кыргыз Республикасында бюджеттик саясаттын бирдиктүүлүгү;
  • бюджеттик процессти өркүндөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүгө багытталгандыгы;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыгы үчүн жоопкерчилигин жана отчеттуулугун жогорулатуу.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында Өкмөттүн токтому менен иш-чаралар планын ишке ашырууга катышкан министрликтер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
 
  • иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыздоо боюнча толук чараларды көрсүн;
  • жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январына чейин
Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мониторинг жүргүзүү жана жыл сайын, 5-февралга чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип туруу тапшырылды.

Окшош материалы: