Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкектин бюджети дагы да жеткиликтүү болуп калды

2015-11-19 / ЖӨБ каржысы

“Бишкектин бюджеттик процессинин айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу” Долбоорунун аткарылышы тууралуу финалдык отчет (DFID тапшырыгы боюнча)

Долбоордун максаттары жана милдеттери Долбоордун өзөктүк максаты – Бишкек шаарынын мэриясынын ишмердигинде айкындуулук процессинин туруктуулугун камсыздоо, жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн түзүүдө айкындуулук аспаптарынын натыйжалуулугун көрсөтүү. Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылып, өзөктүк иш-чаралар өткөрүлдү:
 
  • жарандык бюджеттин экинчи китебин басып чыгаруу жана Жарандык бюджетти иштеп чыгуу тууралуу Нускаманы кабыл алуу жолу менен шаардыктар үчүн жеткиликтүү бюджеттик маалыматты берүү практикасын бекитүү;
  • Бишкек шаарынын жарандык коомунун өкүлдөрүн маалымдоо жана окутуу жолу менен шаардык бюджет боюнча маалыматты колдонуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
  • жарандар өз демилгелерин ишке ашырууда натыйжалуулукка жетиши үчүн дем берүүчү гранттар боюнча бюджеттик маалыматты кеңейтүү жана деталдаштыруу;
  • калкка алардын салык төлөөчү катары милдеттенмелери жана алардын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдөгү ролу тууралуу маалымат берүү.
Негизги жыйынтыктар Бюджеттик процесстин ачыктыгын камсыздоого карата комплекстүү мамиле Бишкек мэриясынын бекитилген практикасына айланды. Мындай жыйынтыкка жетүү Жарандык бюджетти иштеп чыгуу тууралуу Нускаманын кабыл алынышы менен тастыкталат. Бул Нускамада жоболор так белгиленген: Жарандык бюджеттин максаттары жана тапшырмалары, аны даярдоого кайсы уюмдар жана топтор катышат, маалыматты жана статистиканы кимдер бериш керек, мөөнөттөрү,механизмдери, аспаптары, каржылоо булактары.Мындан ары Жарандык бюджет Бишкек шаардык кеңеши мыйзамдарда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын бюджетин бекиткенден кийин 30 календардык күндүн ичинде жарыяланыш керек.Бул документ абдан маанилүү. Себеби бюджеттик маалыматты жөнөкөй жана жеткиликтүү түрүндө милдеттүү түрдө ачыктоого системалык мамиленин башатын берет. Китепченин ар бир нускасы бир нече колдон өтөт. Ошондуктан 1000 тираж менен басылып чыккан борбор калаанын 2015-жылдагы Жарандык бюджетин бир нече миң адам окуйт деп ишенимдүү айтса болот. Анын үстүнө Жарандык бюджеттин электрондук версиясы мэриянын, Шаарды өнүктүрүү агенттигинин, Өнүктүрүү саясат институтунун сайттарында жайгаштырылган. Бул маалымат ресурстарынын жүз миңдеген окурмандары бар.
 
Бишкектин мэри Кубанычбек КУЛМАТОВ “биргелешип болсун, донорсуз болсун”, бирок Жарандык бюджет үзгүлтүксүз чыгып турарын, себеби бул биринчи кезекте баш калаанын тургундары үчүн керектигин так кесе айтты. Башталышы жакшы, эми процесс өнүгө берет деп ишенимдүү айтууга болот. Мисал катары, Финансы министрлиги өз күчү менен республиканын Жарандык бюджетин чыгара баштады. Китептин алгачкы чыгарылышы ӨСИнин сунушу жана финансылык колдоосу менен чыккан эле. ЖӨБ органдарына кызмат көрсөтүүгө суроо-талапты түзүүдө жарандык коом тарабынан кайрылуулардын сапаты жана негиздүүлүгү артты, мэрия колдоп берген жарандык долбоорлордун саны дээрлик үч эсе көбөйдү Жетишилген бул жыйынтык шаардыктардын демилгесин колдоо долбоорлорунун санынын 2014-жылга салыштырмалуу 265 пайызга өсүшүн тастыктайт (2014: 2013-жылдагы долбоорлорду эсепке албаганда 12 долбоор; 2015: 9 айда 25 долбоор). Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Шаарды өнүктүрүү программасы 2005-жылдан бери ишке ашырылып келатат. 2014-жылы расмий катталган жана кароо баскычына чейин иштелип чыккан 33 долбоордук өтүнмө болсо, алардын 21и колдоого алынды, 3 211 550 сомго 20 долбоор каржыланды, бир долбоорду арыз берүүчү кайтарып алды.
 
Ошондой эле белгилей кетүү керек, 2014-жылдагы каражаттын эсебинен 2 063 052 сомго 2013-жылы каралган 9 долбоордук өтүнмө каржыланды. Натыйжада 2014-жылы 5 274 602 сомго 29 долбоордук өтүнмөгө дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен акча каражаты бөлүнгөн. Бирок ушул жылдын 9 айында эле ондогон долбоорлор каралып, алардын ичинен 25и бекитилди. Алардын баарына 18,7 миллион сом бөлүндү. Акча каражаты көп батирлүү үйлөрдүн чатырларын, подъезддерин, короолорун ремонттого, ошондой эле спорт аянтчаларынын курулушуна жана борбор калаадагы жаңы конуштардагы машыктыруучу залдарга шаймандарды жана башка пайдалуу демилгелерди сатып алууга жумшалды.Гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн берилген өтүнмөлөрдүн сандык өсүшү мэриянын жана Шаарды өнүктүрүү агенттигинин маалыматы өз дарегине жеткенин билдирет. Анын үстүнө шаардыктар да бири-бирине айтып отуруп бул маалымат көпчүлүккө жетти. Агенттиктин адиси Чолпон ЖУМАЛИЕВАнын айтымында, барган сайын көп адамдар Программага кызыгууда жана агенттик өз күчү, ЖИФИД жана ӨСИнин колдоосу менен өткөрүлгөн тренингдердин жана семинарлардын жыйынтыгы болуп, Турак жай ээлеринин шериктигинин (ТЭШ) жетекчилеринин, кварталдык комитеттердин жана жөн гана кайдыгер эмес жарандардын маалымдуулугу жакшырды.
 
Т. АНТОНОВА, “Ынтымактуу үй” ТЭШ төрайымы: “Конкурска катышуу көп убакытты жана бир топ аракеттер менен чыдамкайлуулукту талап кылат. Бирок эмгектин акыбети кайтат. Себеби шаардык бюджеттен үйдү көрктөндүрүүгө же оңдоп-түзөөгө 450 миң сомго чейинки көлөмдөгү грант алса болот да. Мисалы, биз мэриянын жардамы менен көп жылдан бери суу өткөрүп келаткан чатырыбызды толук оңдоп алдык. Эми адамдар ыңгайлуу жана тынч жашап калды”. М. КЕРЕМАЕВА, “Айгүл” ТЭШ төрайымы: “Дем берүүчү гранттардан пайда подъезддерди жаңылоодо, жолдорго асфальт төшөөдө гана болбойт. Бул материалдык жагы. Дагы башка бир фактор бар – адамдарды мобилдештирүү. Конкурска катышып, грантты өздөштүрүү боюнча биргелешкен иштин арты менен үйлөрдүн жашоочулары бири-бирин жакшы таанып, достошуп калышты. Алар шериктиктин коомдук турмушуна мурдагыдан да жигердүү катыша башташты”.Н. БАРАТБАЕВА, SBDC consult: “Дем берүүчү гранттар тууралуу маалыматты дагы да активдүү жайылта берүү зарыл. Бизде оңдоп-түзөөнү талап кылган дагы көп үйлөр, коомдук жайлар бар.Анын үстүнө, менин оюмча, үлүштүк грантты алууга мүмкүн болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү зарыл. Мындан тышкары өтүнмө берүүдө бюрократиялык тоскоолдуктарды да азайтуу керек”.Шаардыктар Бишкектин бюджеттик процессинде өз ролун баамдап калышты Бул жыйынтык боюнча өзгөрүүлөр тренингдин катышуучуларынын – Бишкек шаарынын тургундарынын билиминин өсүшү менен тастыкталат – 20 пайыздын тегерегинде болду.
 
Нурия ТЕМИРОВА, “Арыш” КУ координатору: “Борбор калаанын 2015-жылдагы бюджетин түзүүдөгү өзгөчөлүктөр” тренингинин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем. Үч сааттын ичинде бизге шаардык казынанын эң негизги бөлүмдөрү, учурдагы көйгөйлөрү, борбор калаабызды дагы да кооз, бакубат шаарга айландыруу үчүн мэрия кандай аракеттерди жасап, иш-чараларды көрүп жатканы тууралуу айтып беришти. Ушул өңдүү семинарларды мүмкүн болушунча көбүрөөк жана тезтез өткөрүп туруу керек. Ошондо бейөкмөт уюмдардын ичинен катышуучулар да көп болуп, алар алган билимин калкка жеткиришмек”.Аткарылган иштер, тийгизген таасири жана алынган сабактар 1-тапшырма: Жарандык бюджеттин экинчи китебин басып чыгаруу жана Жарандык бюджетти иштеп чыгуу тууралуу Нускаманы кабыл алуу жолу менен шаардыктар үчүн жеткиликтүү бюджеттик маалыматты берүү практикасын бекитүү.ТААСИРИ: долбоордун аракеттери менен тиешелүү нускаманы бекитүү аркылуу Бишкек шаарынын жарандык бюджетин иштеп чыгуу жана жайылтуу практикасын институционалдаштырууга мүмкүн болду.
 
Эми мындан ары шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жарандык бюджетти өз алдынча даярдап, аны шаардыктар үчүн жеткиликтүү кылат деген ишеним көп.Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча шаардыктардын 41,7% акыркы 2 жылда шаардык бюджет тууралуу маалымат жетиштүү жана жарым-жартылай жеткиликтүү болуп калганын белгилешкен. САБАКТАР: документти иштеп чыгуу жана бекитүү процессинде бюджеттик маалыматты ачыкка чыгарууда өкүлчүлүктүү орган – кеңеш жана аткаруучу орган – мэрия макулдашылган позицияны карманып, бирдей даражада айкындуулук, отчеттуулук жана коррупцияга каршы туруу принциптерин сакташ керектиги негизги сабак болуп калды. Бул тапшырманы аткарууда Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте төмөнкүлөр жасалды:
 
  • Жарандык бюджетти иштеп чыгуу тууралуу Нускаманын долбоору даярдалды жана бекитилди;
  • жарандык бюджет орус жана кыргыз тилдеринде 1000 нуска менен чыгарылды;
  • Жарандык бюджеттин инфографикасы бар плакаты орус жана кыргыз тилдеринде 1000 нускада чыгарылды;
  • Жарандык бюджет жана инфографикасы бар плакат Шаарды өнүктүрүү агенттигине берилди, ал аны мэриянын бөлүмдөрү, МАБ, ТЭШ арасында жайылтты;
  • Жарандык бюджет мэриянын жана Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин сайттарында жарыяланды.
2-тапшырма: Бишкек шаарынын жарандык коомунун өкүлдөрүн маалымдоо жана окутуу жолу менен шаардык бюджет боюнча маалыматты колдонуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү. ТААСИРИ: жарандык коомдун өкүлдөрү, өзгөчө Бишкектин тегерегиндеги жаңы конушта жашагандар шаардык бюджеттин түзүмү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болуп калышты, алардын мэрияга суроо-талаптары дагы да негиздүү болуп, кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнө жана сапатына карата талаптары өстү.Аны менен катар алар шаардын финансылык башкаруусун реформалоо жүрүп жаткан оор учурда шаардык бюджеттин кыйынчылыктарын көрө алышты. Бул болсо шаардыктар тарабынан ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жол ачты. Изилдөө көрсөткөндөй, шаардыктардын 25% ММК шаардык бюджет тууралуу маалыматты дагы да толук жана кызыктуу кылып бере баштады деп эсептейт.
 
САБАКТАР: мэрия шаардык бюджеттин абалы жана кыйынчылыктар тууралуу шаардыктар үчүн системалык негизде маалымат даярдаш керек, пайда болгон көйгөйлөр, анын ичинде жарандардын катышуусуна жана жоопкерчилигине байланышкан көйгөйлөрдү ыкчам кабарлап турууга тийиш. Ошондо шаардыктар борбор калаанын өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен кошо тең бөлүшмөк. Шаарды өнүктүрүү агенттиги алынган тажрыйбанын негизинде бюджеттик процесстин өзгөчөлүктөрү тууралуу шаардыктарды маалымдоо жана окутуу практикасын уланта бермекчи.Аталган тапшырманы аткаруунун алкагында төмөнкүлөр жасалды.
 
  • “Слово Кыргызстана”, “Вечерний Бишкек”,24kg, Акипресс, “Для Вас”, “МСН”, “Общественный рейтинг”, КирТАГ, ВБ сайты,Comment.kg ж.б. өңдүү баш калаанын бир катар алдыңкы басылмаларында июнь-июль айларында ТЭШтин шаарды көрктөндүрүү боюнча ишине, ошондой эле 2015-жылдагы шаардын бюджетиндеги реформаларга жана жаңылыктарга арналган макалалар, репортаждар чыкты.
  • Бейөкмөт уюмдар, коомдук фонддор, коомдук уюмдар үчүн 30-июнда “Бишкек шаарынын бюджеттик процессинин айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу” темасына семинар өткөрүлдү.
  • 8-июлда борбордук ММК үчүн Бишкектин бюджетинин 2015-жылда ишке ашырылышына арналган пресс-сессия уюштурулду.
  • 22-сентябрда “Шаардыктар үчүн Бишкектин бюджети: прогресс, көйгөйлөр жана келечеги” темасына тегерек стол талкуусу өттү. Ал маалга карата Долбоор пландаган бардык иш-чаралар жана тапшырмалар аткарылып бүткөн. Талкууга Финансы финистрлиги, мэрия жана анын түзүмдөрү, Шаарды өнүктүрүү агенттиги, ПРООН, DFID, Сорос-Кыргыз фонду, ЕБ, Ханнс Зайдель фонду, Хельветас, Евразия фонду өңдүү эл аралык уюмдар, ошондой эле жергиликтүү бейөкмөт уюмдар жана коомдук уюмдар, ММК чакырылган жана алардын көңүлүнө эң көйгөйлүү темалар сунушталган.
  • Сүйлөшүүнүн тонун мэр К.КУЛМАТОВ баштап берди. Талкуунун программасында ӨСИ эксперттеринин баяндамалары, тренинг жана семинарлардын процессинде алынган бюджеттин айкындуулугун изилдөөнүн жыйынтыктары болду, катышуучуларга 2015-жылдын Жарандык бюджети сунушталды, шаардык кеңештин депутаты Э.ДОВЕНОВ жана вице-мэр З.МАЛАБЕКОВ сөз сүйлөштү, суроолор узатылып, жооптор кайтарылды. Катышуучулар Борбор Азядагы
DFID өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Ник БОУЛЕРдин жана ӨСИнин жетекчиси Надежда ДОБРЕЦОВАнын сөздөрүн өзгөчө кызыгуу менен угушту. Талкууга баары болуп 60ка жакын киши катышты.3-тапшырма: Жарандар өз демилгелерин ишке ашырууда натыйжалуулукка жетиши үчүн дем берүүчү гранттар боюнча бюджеттик маалыматты кеңейтүү жана деталдаштыруу. ТААСИРИ: Жарандарга алардын демилгелерине финансылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу туруктуу маалымдоо схемасы киргизилди. Дем берүүчү гранттарды алууга өтүнмөлөрдүн саны бир нече эсеге өстү. Мунун баары Шаарды өнүктүрүү агенттиги өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана карап чыгуу процессин жыл бою кылып койгонунан улам болуп жатат. Программанын кеңири жайылышына шаардыктарды окутуу да таасирин тийгизди – мэриянын адистери өз алдынча жана демөөрчү уюмдардын жардамы менен тренингдерди жана семинарларды, консультацияларды өткөрүштү.Ошондой эле белгилей кетүү керек, мэрия дем берүүчү гранттарды жарнамалоо үчүн бизнес менен өнөктөштүктү да жигердүү колдонууда. Анын үстүнө Бишкектин тажрыйбасы муну өз жеринде да колдонууну каалаган республиканын башка муниципалитеттеринин жана аймактардагы жарандык коомдун көңүлүн бурду.
 
Муну ӨСИге Токмоктон, Караколдон жана башка шаарлардан телефон чалуулар тастыктайт. Аталган Долбоордун финансылык колдоосу менен, Шаарды өнүктүрүү агенттигинин автордук тобу иштеп чыккан жана 1000 нускада жарык көргөн “Көп батирлүү үйдү башкаруу” Методикалык окуу китебин дем берүүчү грантты алуу үчүн конкурска катышуу боюнча дээлик даяр нускама десек болот. Бул китептин жардамы менен Бишкектеги гана эмес, өлкөнүн башка шаарларындагы дагы оң миңдеген жарандык активисттер бардык суроолорго жооп алалышат. “Для Вас” гезитинин башкы редактору Елена Жолобова: “Мен китепти биздин кварталчыбызга бериш үчүн атайын сатып алдым. Ал короону жана подъездди тартипке келтирүүдө ага эч ким жардам бербегенин, атүгүл чакан ремонтко да акча жок болгонун айтып наалый берет. Көрсө, мүмкүнчүлүктөр абдан көп экен, болгону демилге гана көтөрүш керек турбайбы”.САБАКТАР: ТЭШтин демилгелерин колдоодон тышкары, дем берүүчү гранттарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлдү. Дем берүүчү гранттарды берүүнүн жол-жоболорун өзгөртүү боюнча талкууларды баштоо үчүн негиз пайда болду. Шаардык бюджеттин кирешесинин өсүшү менен дем берүүчү гранттардын көлөмүн да көбөйтүү зарылчылыгы бар.Аталган тапшырманы аткаруунун алкагында төмөнкүлөр жасалды:
 
  • Дем берүүчү гранттардын пайдасы тууралуу маалыматтык жана басма продукцияны даярдоо жана басып чыгаруу боюнча агенттиктин адистеринин, ӨСИ эксперттеринин жана консультанттарынын, дизайнердик топтун катышуусунда талкуулар өттү.
  • Борбор калаанын эл эң көп жүргөн жерлеринде 5 билборд жайгаштырылды.
  • Алардын ичинен төртөө 3х6 жана бирөө 3х4 көлөмүндө болуп, жарандарды дем берүүчү үлүштүк гранттарды алууга сынакка жигердүү катышууга чакырды (билборддор жайгаштырылган жерлер: Павлов көч. менен Чүй пр. кесилиши,Жукеев-Пудовкин – Камский көч., Орто-Сай базарынын району, Т.Молдо – Фрунзе көч.,Токомбаев – Байтик Баатыр көч. кесилиши).
  • Дем берүүчү гранттардын эсебинен Шаарды өнүктүрүү Программасы боюнча 5 тренинг уюштурулуп, өткөрүлдү (25-26-июнда, 2-июлда, 27-28-августта).
  • “Таш-Рабат” бизнес-борборунун аянтчасында “Шаардык демилгелер” коомдук уюму менен биргеликте шаардын көйгөйлөрү жана аларды дем берүүчү гранттардын жардамы менен чечүү маселеси талкууланды (2-сентябрь).
  • Шаарды өнүктүрүү агенттигинин адистери тарабынан даярдалган “Көп батирлүү үйдү башкаруу” методикалык окуу китебин даярдоо иштери жыйынтыкталды (дизайн, калыптоо, редакциялоо, которуу). 4-тапшырма: Калкка алардын бюджеттик процесстеги ролу тууралуу маалымат берүү.
ТААСИРИ: Бишкек шаарынын ЖӨБ органдары жарандардын салыктык милдеттенмелери боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүсү үчүн укуктук негиздер киргизилди. Райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктын салыкты жыйноону жогорулатууга мотивациясы үчүн шарттар түзүлдү.САБАКТАР: Жогоруда аталган Тартипти ишке ашыруу үчүн кошумча аракеттер жана күч зарыл.Мэриянын, райондук администрациялардын, өзгөчө МАБ кызматкерлеринин дарамети алдыга коюлган тапшырмаларга шайкеш келүүсү маанилүү.Аталган тапшырманы аткаруунун алкагында төмөнкүлөр жасалды:
 
  • Долбоордун эксперттеринин катышуусунда Бишкек шаардык кеңеш Административдик райондорду башкаруу Тартибин иштеп чыкты жана кабыл алды. Ал Тартипте салык төлөөчүлөр арасында салыктарды жыйноо боюнча маалымат өнөктүгүн өткөрүүдө мэриянын аймактык бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктары аныкталган.
  • Бейөкмөт уюмдар, коомдук фонддор, коомдук уюмдар үчүн 30-июнда “Бишкек шаарынын бюджеттик процессинин айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу” темасына семинар өткөрүлүп, анда ӨСИнин эксперти А.ЧЕКИРОВ баяндама менен чыкты.
  • 8-июлда борбордук ММК үчүн Бишкектин бюджетинин 2015-жылда ишке ашырылышына арналган пресс-сессия уюштурулду. Ага мэриянын жана Шаарды өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү катышты. Журналисттердин алдында А.ЧЕКИРОВ сөз сүйлөдү.
  • Салык төлөөчүлөр үчүн плакаттардын варианттары даярдалды.
  • Долбоордун иши тууралуу маалымат социалдык тармактарга жана ӨСИнин сайтында жайгаштырылды.
  • Жыйынтыктоочу тегерек столдо борбор калаанын мэри К.КУЛМАТОВ, Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Д.ТУРДУМАЛИЕВА, ӨСИ эксперти А.ЧЕКИРОВ баяндама жасап, талкууга алынды.

Окшош материалы: