Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ишенимге негизделген диалог коррупцияга тоскоол болот жана жергиликтүү бюджеттерди башкарууну жакшыртат

2015-11-16 / ЖӨБ каржысы
Ишенимге негизделген диалог коррупцияга тоскоол болот жана жергиликтүү бюджеттерди башкарууну жакшыртат

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы өзүнүн регионалдык бөлүмдөрүндө Коррупцияга каршы туруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, башкы бухгалтерлер, бюджеттик мекемелердин бухгалтерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен ишенимге негизделген диалогдорду уюштурууну улантууда.2015-жылдын 9-октябрында Талас шаарында министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыктын директору Алмаз БАКЕТАЕВ менен бюджеттик мекемелердин жана айыл өкмөтүнүн финансы кызматкерлеринин жолугушуусу өттү.Жолугушуунун башында Алмаз БАКЕТАЕВ казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн ишинде коррупциялык жерлерди жок кылуу максатында казыналыктын системасын өркүндөтүү, казыналыктын жол-жоболорун оптималдаштыруу үчүн ушул өңдүү жолугушуулар зарыл болгонун белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы мамлекеттик кызматчылардын өзүнүн негизги милдеттенмелеринин бирин – сылык-сыпаа болуп, жүрүмтурум эрежелерин сактап, чыдамкай, принципиалдуу болуп, чечимдерди жогорку кесипкөй деңгээлде жүйөлүү кабыл алыш керектигине багытталган иштерди туруктуу жүргүзүп келатканы айтылды.Башкы бухгалтерлер, бюджеттик мекемелердин бухгалтерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен болгон диалогдун жүрүшүндө төм. маселелер көтөрүлдү:
 
  • келишимдерди жана милдеттенмелерди каттоо боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана кеңсе товарларын сатып алууда каттоо жол-жоболорун жоюп салуу;
  • теңдештирүүчү гранттарды ар бир айдын 25ине чейин каржылоо. Учурда каржылоо айдын аягында жүзөгө ашкандыктан бул белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келүүдө;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистема” мамлекеттик мекемесине 0,1% көлөмүндө чегерүүлөрдү алып салуу;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин өзүнчө бюджеттик классификациясынын болушу,бул отчет түзүүдө оорчулуктарды жаратууда;
  • “Дарыгерлердин депозити” беренесин өз маалында каржылоо;
  • “1.С – Бухгалтерия” программасынын борборлошкон окуусу. Анткени жергиликтүү бюджеттердин сметасында окууга жана тиешелүү сертификат алууга каражат каралган эмес.
Ошону менен бирге тартип коргоо органдары тарабынан дайыма болуп келаткан жана бүтпөгөн текшерүүлөрдүн укук ченемдүүлүгү, айлык акыны жогорулатуу, моралдык дем берүү жана айыл өкмөтүнүн бухгалтерлеринин статусун аныктоо маселелери өзгөчө курч болду.Бардык суроолор боюнча өз компетенциясынын чегинде министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын директору Алмаз БАКЕТАЕВ төмөнкүдөй маалыматтарды берди. Келишимдерди жана милдеттенмелерди каттоо боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү ылайык, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатат (келишимдерди жана милдеттенмелерди каттоо мөөнөттөрү кайра каралууда жана кеңсе товарларын сатып алуу үчүн минималдык босого сумма бекитилүүдө). Теңдештирүүчү гранттарды каржылоо ар бир айдын 25ине чейин камсыздалат.
 
Классификацияга карата булар белгиленди: бардык бюджеттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы күчүндө, аларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы №7 токтомуна ылайык өткөрүлүп берилген (www.kazna.gov.kg сайтында жайгаштырылган).Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы кызматкерлеринин борборлошкон окуусуна байланышкан маселе Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору менен чогуу каралуу пландалып жатат.Казыналыктын ЖӨБ органдары менен өз ара мамилелерин баалоо үчүн ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзүлдү жана төм. жыйынтыктар алынды (диаграмманы караңыз). Сөзүнүн соңунда министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Алмаз БАКЕТАЕВ ведомствонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен диалогго жана кызматташтыкка багытталган позициясын кайталады: “Мындан ары да жасачу иштер көп”.

Окшош материалы: