Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дем берүүчүгранттар жана коррупция. Ушундай да болот экен …

2015-11-13 / ЖӨБ каржысы

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Үгүт айылдык управасынын башчысы жана “Болот-Уста” компаниясынын жетекчиси 254 миң сомду кымырып алган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бюджеттик каражатты кымырып алуу максатында кылмыштуу көмүскө бүтүм фактысы катталды. Бул тууралуу 24-ноябрда облустук ИИБдин 5-бөлүмүнүн башчысы Жаныбай МУРАДИЛОВ билдирди. Анын айтымында, М.БАЕТОВ атындагы мектептин капиталдык ремонту үчүн дем берүүчү грант катары финансы каражаты бөлүнгөн. Б.А. жетекчилиги алдындагы “Болот-Уста” курулуш фирмасы сапатсыз ремонттук иштерин жүргүзгөн. Буга карабастан Үгүт айылдык управанын башчысы А.О. объектти толук бүткөрүлгөн катары кабыл алган. Калган 253 650 сом көлөмүндө акча каражатын алар жеке максаттарында колдонгон.
 
“Муниципалитет” журналынын комментарийи Маалымат агенттиктердин жаңылыктарына сереп салганда жана эксперттердин баамында, дем берүүчү гранттар коррупциялык кылмыштар үчүн, өзгөчө мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө ресурс болушу мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик сатып алуулар процессинде коррупцияга каршы туруу принциптерин канчалык карманарын текшерүү үчүн жамаат белгилүү бир көрсөткүчтөрдүн болуп-болбогонуна талдоо жүргүзө алат (таблицаны караңыз). Журналдын кийинки сандарында биз ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана кор-рупцияга каршы туруу принциптерин кармануусун текшерүү үчүн дагы башка көрсөткүчтөрдү беребиз.
 
ЧУАнын тамга м-н коду
Көрсөткүчтү бышыктоо
МСМ110,
21, 30-32-
бер., МЖМ2
20-бер.
ЖӨБ органдары өткөргөн конкурстун
жыйынтыктары тууралуу ачыкталган
маалымат төм. жайгаштырылган:
МСМ 10,
12, 15, 21,
38-бер.,
МЖМ 20-
бер.
Сатып алуулар планы, жарыялар
маалымат керегесинде, же ММКда, же
аталган жамааттын мүчөсүнө жеткиликтүү
болгон маалымат жеткирүүнүн башка
каналдарында жайгаштырылган
МЖМ 20-
бер.
Конкурстук комиссиянын маалымат
керегесинде, же ММКда, же аталган
жамааттын мүчөсүнө жеткиликтүү
болгон маалымат жеткирүүнүн башка
каналдарында жайгаштырылган
протоколу
МСМ 27
жана 51-
бер., МЖМ
20-бер.
Мамлекеттик орган жана ЖӨБ органы
башка жеке жана юридикалык жак менен
түзгөн жарандык-укуктук мүнөздөгү
келишимдердин жарыяланган тизмеси
МСМ 39-
бер.
Дооматтар жана аларга жооптор
маалымат керегесинде, же ММКда, же
аталган жамааттын мүчөсүнө жеткиликтүү
болгон маалымат жеткирүүнүн башка
каналдарында жайгаштырылган

 

 

Окшош материалы: