Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2015-жылдын 1-ноябрына карата дем берүүчү гранттардын көлүмү

2015-11-18 / ЖӨБ каржысы

2015-жылдын 1-ноябрына карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен 468 млн. 948 миң сомго 358 долбоор каржыланган.

Бул тууралуу КР финансы министринин орун басары Улукбек КАРМЫШАКОВ билдирди. Анын айтымында, 2015-жылы үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын 829,1 млн. сомго 341 жаңы долбоору жана 37 млн. сомго 72 өтмө долбоору жактырылган жана бекитилген.Долбоорлордун каржыланышы долбоордун тибине жараша каражаттын өздөштүрүлүшүн эсепке алуу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары берген отчеттордон көз каранды. Улукбек КАРМЫШАКОВ белгилегендей, долбоорлордун басымдуу бөлүгү билим берүү тармагында ишке ашырылган – 229 долбоор (мектептер – 146, бала бакчалар – 83).
 
Категориялар
Объекттердин саны
Дем берүүчү грант-
тардын көлөмү
(миң сом менен)
Жалпы
суммадан
(% менен)
1 Мектептер 146 200679,6 42,8
2 Бала бакчалар 83 102397,5    21,8
3 Маданий маанидеги объекттер 50 66194,8 14,1
4 Спорттук багыттагы объекттер 30 41085,6 8,8
5 Саламаттык сактоо объекттери 4 5651,7 1,2
6
Инженердик-коммуникациялык
инфраструктура объекттери
34 39406,4 8,4
7
Административдик маанидеги
ж.б. объекттер
11 13532,6 2,9
  Баары 358 468948,6 100

 

 

Окшош материалы: