Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (92) 20 Август 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маалымат такта: жаӊы эски тааныш

2014-03-07 / Жарандык катышуу
Маалымат такта:  жаӊы эски тааныш

Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары

 

Маалымат такта дээрлик ар бир административдик имараттын алдында турат. Анын формалары жана мазмуну ар түрдүү. Мурдагы доордон мураска калган, гипс жабыштыруу техникасы менен аткарылган, советтик эн белги менен жасалгаланган темир-бетон монстрларды да кезиктирсе болот.Кээ бир жерде жарык жана ламинат менен ультра заманбап хайтек конструкциялар жаркырап турат. Көпчүлүк жерде болсо колго жана арзан материалдан жасалган, шамалдан туурулган жана чаң болгон жөнөкөй такталар турат. Бирок ар бир маалымат тактанын баалуулугу албетте анын тышкы келбети менен эмес, ал калкка жеткирген маалыматтын сапаты менен аныкталат.Эмне үчүн маалымат такталары Байыркы Рим заманынан биздин күнгө чейин расмий маалыматты жеткирүүнүн эң белгилүү ыкмасы бойдон кала берүүдө? Сыры ачык: жөнөкөй, арзан, жеткиликтүү жана натыйжалуу. Чындыгында эле, кагазды илип коюп, аны окуп койгондон жеңил нерсе барбы?
 
Ошондуктан коммуникациянын каналы катары маалымат тактасынын пайдасы тууралуу эки миң жылдан ашык убакыттан бери бир да талкуу болгон эмес. Маселе башка: маалымат тактасынын натыйжалуулугун өлчөсө болобу жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айкындуулук индикаторлорунун бири катары жасай алабызбы?Бул суроого жооп бериш үчүн Өнүктүрүү саясат институту ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эки пилоттук облусу – Ысык-Көлдөгү жана Жалал-Абаддагы айылдык аймактарда сурамжылоо жүргүздү. 2014-жылдын январь айында телефон аркылуу анкета толтуруу жолу менен жүргүзүлгөн сурамжылоого долбоордун пилоттук жана пилоттук эмес ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын 166 өкүлү катышты.
 
Эмне үчүн бул сурамжылоо үчүн муниципалитеттерди пилоттук жана пилоттук эмес деп бөлүү маанилүү? Анткени пилоттук деп аталган элеттик муниципалитеттерде долбоор ЖӨБ органдары маалымат такталарын толтурууга дагы да жоопкерчиликтүү мамиле жасашы үчүн чоң иштерди аткарышкан. Муниципалитеттер такталарды кандай болсо, ошол бойдон алышкан, бирок андан ары ошол такталарда кандай маалыматтар жайгаштырылышы керектиги тууралуу олуттуу кеңештерге да ээ болушкан. Көпчүлүгү ошол кеңештерди угушту. Ошол эле учурда пилоттук эмес муниципалитеттерде такталар эскиче, башкача айтканда башаламан толтурулса, кээ бир жерлерде такыр эле эч нерсе болгон эмес. Бир жылдан кийин муниципалитеттердин түрдүү топторунда жамаат канчалык маалыматка ээ болгонун салыштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
 
Эмесе, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 38 айылдык аймактан 166 адам сурамжылоого катышты.Маалымат булагы – ЖӨБ органдары тарабынан да, маалыматты алуучу – жарандар тарабынан да маалымат такталарга мамилени түшүнүү маанилүү болду. Респонденттердин санынан сурамжылоого катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышы үчтөн бирди түздү: ЖӨБ органдары 69%, жергиликтүү жамаат – 31%. Сурамжылоонун натыйжалары төмөнкүдөй тыянак чыгарууга жол ачат:
 
  • бардык айылдык аймактарда калк менен ЖӨБ органдары ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат;
 
  • маалымат такталары ЖӨБ органдарынын жумушчу куралы бойдон кала берүүдө;
  • маалымат такталардын саны анын мазмунунун сапатына кепилдик бербейт;
  • ЖӨБ органдарында жүргүзүлгөн текшерүүлөр,муниципалдык менчик жана бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн сатып алуулар тууралуу маалымат эң жабык бойдон кала берүүдө;
  • Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин басымдуу көпчүлүгүндө жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат такталарда жайгаштырылат;
 
  • аймактардын калкынын жарымынан көбү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө көбүрөөк активдүүлүгүн көрсөтөт;
  • жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө салыштырмалуу өз активдүүлүгүн жогору баалашат, бирок баалоодо айырма анчалык деле олуттуу эмес жана 12% түзөт;
 
  • калктын ЖӨБ органдарына кызыгуусун жана калктын маалыматка ээ болуу деңгээлин баалоодо да жогорудагыдай кырдаал түзүлгөн;
 
  • долбоор менен тыгыз кызматташкан ЖӨБ органдары (пилоттук) бюджет айкындуулугунда жана жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусун камсыздоодо жакшы көрсөткүчкө жете алган. Респонденттердин 100% айылдык аймактын территориясында маалымат такталары бар болгонун тастыкташкан. Түрдүү муниципалитеттерде такталардын саны да ар башка. Бул биринчи кезекте аймакка кирген айылдардын санына жараша болот. Айылдар канчалык көп болсо, маалыматтакталары да ошончолук көп болуш керек.ЖӨБ органдарынын маалымат такталардын мазмунун толтуруу жана маал-маалы менен жаңылоо боюнча иштеринин натыйжалары пилоттук аймактарда пилоттук эместерге салыштырмалуу жалпысынан 16% жакшы. Анткен менен пилоттордо да кемчиликтер бар. Мисалы, ЖӨБ органдары кабыл алган жаңы чечимдер жана жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн сатып алуулар тууралуу маалымат аз. Жергиликтүү жамааттардын бюджети тууралуу маалыматты жайгаштыруунун жогорку деңгээли  кубандырат.Долбоор менен эки жылдык тыгызкызматташуудан кийин пилоттук муниципалитеттердин пилоттук эместерден бир топ озуп чыгышы бул тажрыйбаны пилоттук облустардагы бардык айылдык аймактар арасында жайылткандан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Долбоор бул иштерге көмөктөшөт. Негизгиси ар бир райондун аймагында көрүүгө мүмкүн болгон, ал тууралуу аны түзгөндөрдөн (кошуна айылдык округдагы кесиптештерден) сурай ала турган мисал пайда болду.
Жарандык катышуунун теориясы ырастагандай, калктын маалымдуулугун камыздоо башкаруу органдары менен жамааттын катардагы өкүлүнүн ортосунда баамдалган, түшүмдүү жана натыйжалуу кызматташууга жетүү үчүн алгачкы маанилүү кадам болуп эсептелет. Маалымдуулуктан кийин активдүүлүк пайда болуш керек. Сурамжылоонун натыйжалары теорияны тастыктап турат: маалымдуулуктун деңгээли жогору болгон аймактарда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандардын активдүүлүгү да жогору. Бул байланышты көрсөтүп турат: бюджет тууралуу маалымат канчалык ачык болсо, жамааттын көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн тартылган инвестициялардын көлөмү да ошончолук олуттуу болот.
 
Ошону менен бирге жарандар маалыматты таратууга өз салымын кошууга даяр. Респонденттерге алардын аймагында айылдык округдарга маалыматты жайылтууга ыктыярдуу негизде жардам бере ала турган жарандар барбы деген суроого жооп берүү сунушталган. Пилоттук эмес айылдык аймактардан респонденттердин 4% жана пилоттук аймактардан 15% мындай адамдар бар болгонун айтышкан. Элеттик муниципалитеттерде маалымат тактанын бар болгону тууралуу жүз алтымыш алты оң жооп – бул кызыгуунун жана катышуунун,биридиктүү пикирдин жана айылдагы жашоо шартты жакшыртуу каалоосунун пайдубалы. М