Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Манас айылындагы АДК: чакан жеңиштер – чоң жетишкендиктер

2016-04-04 / Жарандык катышуу
Манас айылындагы АДК: чакан жеңиштер – чоң жетишкендиктер

Авторлор: Кулубек ТУРГАНБАЕВ, Жылдыз КЕРИМОВА, “АДК үнү” Долбоорунун адистери.

Талас облусунун Манас районундагы Кыргызстан айылдык аймагы

Манас айылы Казакстан менен чек аранын жанында жайгашкан. Талкаланган жол менен айылга жетүү оңой эмес. Бул жерде 735 киши жашайт. Элеттиктердин турмушунда көптөн бери өзгөрүүлөр болгон эмес жана күтө берип деле үмүттөрүн үзүп коюшкан. Бирок 2015-жылы акыры өзгөрүүлөр болду – эки көчө оңдолуп, фельдшердик-акушердик пункт ирээтке келтирилди.

Айылда инфраструктура андай деле көп эмес: 8 жыл мурда донордук уюмдун акчасына курулган, бирок андан бери бир да жолу ремонттолбогон фельдшердик-акушердик пункт жана Манас атын алып жүргөн негизги көчөнүн жээгинде орун алган, “ашар” жолу менен курулган кичинекей мектеп бар. Бирок аны негизги көчө деп айтууга да ооз барбайт. Анткени анын басымдуу бөлүгүнөн атүгүл машинелер да оңой менен өтө албайт. Ал эми жергиликтүү мектепке барган окуучулар белине чейин ылай болушат.

Жергиликтүү жамааттык уюм – Айылдык ден соолук комитети “АДК үнү” Долбоорунун катышуучусу болуп, жамааттын муктаждыктарын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашырды. Элеттиктер бир топ көйгөйлөрүн айтып беришти, алар чогултулуп, жергиликтүү жамааттын жардамы менен алардын ичинен эң артыкчылыктуусу тандалып алынды. Эң актуалдуу деп төмөнкүдөй көйгөйлөр тандалып алынды:

  • бала бакчанын жана заманбап мектептин, спорт залдын жоктугу;
  • эски мектептеги ашкананын канааттандырарлык эмес абалда болгону;
  • айылдын ичиндеги муниципалдык жолдор;
  • ошондой эле ФАПты ремонттоо жана тегерегин курчоо зарылчылыгы.

Жергиликтүү жамаат бардык көйгөйлөрдү бир заматта чече алмак эмес. Ошондуктан чакан иштерден баштоону чечишти.

АДКнын төрайымы Байыскан ШАБРАЛИЕВАнын демилгесин колдоо менен айыл тургундары Манас жана Чымырбай аттуу эки негизги көчөдө ремонт жасоону чечишти. Долбоорго Айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты. Депутаттар өзгөчө көйгөйлүү участокторго майда кумду жеткирүүнү камсыздап беришти. Айыл тургундары 5000 сом көлөмүндө акча каражатын чогултуп, 40 литр күйүүчү май беришти. Айыл өкмөт башчысы Сабит ТӨРӨБЕКОВ жергиликтүү өкмөттөн 10 миң сом бөлүп, жол-эксплуатациялык башкармалык менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен автогрейдерди ижарага алып берди.

Элеттиктерди көйгөйдү чечүүгө көп деле убакыт кетпегени таң калтырды. Айыл тургундары эми ыраазы: “Жолдордун абалы оңолду, балдар үчүн мектепке жетүү жеңил болуп калды. Айылда өз жамаатындагы көйгөйлөргө кайдыгер карабаган демилгелүү адамдар бар болгону жакшы экен. Алар өз маселелерин өз күчү менен чечип, башкаларды мобилдештирүүгө даяр”.

Элеттиктер ЖМБА иш-чараларында көтөргөн башка көйгөй – бул ФАПтын ремонту жана анын тегерегиндеги аймакты көрктөндүрүү болду. 2008-жылы курулган ФАП жетиштүү көңүл бурулбагандыктан жыл сайын абалы начарлап келаткан. ФАП имаратында зарыл болгон шарттардын жоктугунан улам калкка кызмат көрсөтүү да барган сайын оорлой берди. Ал эми калк болсо медициналык жардам сурап мурдагыдай көп кайрылбай калды. ЖМБА сессияларында айыл аксакалдардын бири Рахым ИСМАИЛОВ буларды айтты: “Биз узак жашадык, бирок мен эми балдарым, неберелерим, алардын ден соолугу үчүн кооптонуп турам. Ошондуктан биз ФАПтын абалын жакшыртууга көмөктөшүшүбүз керек. Эгерде зарыл болсо ремонт үчүн акча чогултабыз”. Айыл тургундары демилгени колдоп беришти. Жеринде демилгелүү топ түзүлдү: айыл активисттери тандалып алынып, кийин алар АДК мүчөлөрү менен кошо ремонттук иштердин сметасын иштеп чыгып, жардам сурап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылышты.

Демилгелүү топтун айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ФАПтын ремонту үчүн жергиликтүү бюджеттен 8 000 сом бөлүндү. Дагы 7 000 сомду АДК өз фондунан бөлүп берди. Биргелешкен аракеттер менен фельдшердик-акушердик пункт ремонттолуп, дубалдары акталып, терезелери, каалгалары сырдалып, аймактын тегерек чети көрктөндүрүлдү.

Манас айылынын мисалы көрсөткөндөй, айылдын чоң жетишкендиктери чакан жеңиштерден башталат. Кичинекей жамааттык уюм – Манас айылынын Айылдык ден соолук комитетинин демилгеси айыл тургундарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана айыл өкмөтүн чакан болсо да өтө маанилүү маселелерди чечүүнүн тегерегинде бириктире алды. Кээде кимдир бирөөнүн адамдардын жашоосун өзгөртүүгө болгон аракети менен тутанган кичинекей учкун да жашоого алоолонгон жарык берген жалынга айланып кетет экен.

Окшош материалы: