Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сары-Ой айылындагы АДК: спорт аянтчасы жана жаңы конушка электр жарыгын өткөрүү

2016-04-04 / Жарандык катышуу
Сары-Ой айылындагы АДК: спорт аянтчасы жана жаңы конушка электр жарыгын өткөрүү

Авторлор: Кулубек ТУРГАНБАЕВ, Жылдыз КЕРИМОВА, “АДК үнү” Долбоорунун адистери.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой АА

Жер – Кыргызстандагы элет тургундары үчүн өтө маанилүү ресурс. Калктын басымдуу бөлүгү өрөөндөрдө айыл чарбасы менен, тоо жергесинде мал чарбалыгы менен алектенип келишет. Бирок өлкөдө өзгөчө бир аймак бар – Ысык-Көл өрөөнү. Бул жерде туризм жана рекреациялык эс алуу өнүгүп келет. Ысык-Көл ойдуңунда жашоо жылына 3-4 ай гана кызыйт. Кыргызстандын булуң-бурчунан жана кошуна өлкөлөрдөн туристтер дарылык касиети бар көлдүн жээгинде эс алуу үчүн келген маалда гана жан киргендей болот.

Айыл чарбалык жана туристтик ишмердиктин циклдүүлүгү элет калкынын турмуш тартибине жана адаттарына таасирин тийгизүүдө. Толук жумуштуулук болбогон чакта улуу муун өзүн бир нерселер менен алагды кыла алса, элеттик жаштар болсо өз энергиясын туура багытка бура албай калат. Бул болсо өз кезегинде деструктивдүү жүрүм-турумга алып келет: жаштар ичимдик ичип, бир же бир нече айылдын жаштары мушташып, же кылмыштуу топторго кошулуп кетишет. Мындай адаттар бара-бара күч алып, тереңдеп отуруп үй-бүлө үчүн да, жалпысынан жамаат үчүн да чоң көйгөйгө айланууда.

Бул көйгөйлөрдү элеттик жамааттар “АДК үнү” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чараларда бир нече жолу талкуулашкан. Дээрлик ар бир айылда жашоочулар жаштар үчүн бош убакты камсыздоо, спорт менен маданиятты өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу айтып келишет. Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги рекреациялык зонада жайгашкан Сары-Ой айылы да алардын бири. “АДК үнү” Долбоорунун пилотторунун бири болуп калган Сары-Ой айылындагы Айылдык ден соолук комитети ЖМБА-иш-чараларынын алкагында элет калкы спорт аянтчасынын курулушун артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн тизмесинде экинчи орунга койгонун, муну менен бул маселе абдан маанилүү экенин аныктады.

Төрайым Нурила АБДЫРАЕВА башында турган Сары-Ой айылындагы АДК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кошо иш алып барды. Айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары идеяны колдоп, АДК менен ЖӨБО спорт аянтчасын куруу үчүн жетиштүү каражатты тартуу жаатында биргелешкен чечим кабыл алышты. Алар ошол маалда гранттык программага өтүнмө кабыл алаарын жарыялаган донордук уюмдардын биринин гранттык программасына катышты. Анткен менен грантты ута алышкан жок. Бирок бул жергиликтүү кеңештин депутаттары менен Айылдык ден соолук комитеттерин токтоткон жок. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен гана спорт аянтчасын куруу чечими кабыл алынып, бул үчүн жергиликтүү кеңеш резервдик фонддон курулуш үчүн зарыл каражат бөлүп берди.

Мындан тышкары биргелешкен аракеттер менен Сары-Ой айылындагы жаңы конуштагы электр жарыгына байланышкан көйгөйдү чечүү мүмкүн болду. Бул жаңы конуш 2006-жылы калкты турак жай менен камсыздоо үчүн бөлүнгөн 20 гектар жерде түзүлгөн. 2006-жылдан бери жаңы конуш кеңейип, үйлөр курула бергени менен электр жеткирүүчү линия жана ичүүчү суу түтүгү өңдүү турмуштук мааниге ээ болгон инфраструктура объекттери курулган эмес. Бул болсо турмуш шартына, саламаттык детерминанттарына да таасир тийгизгендиктен маселени чечүүгө Сары-Ой айылынын АДКсы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жамааттын жигердүү лидерлери киришти. Мына ушул жерден Сары-Ой айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Султангазы КАИРОВдун салымын да өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул депутат өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, 100 миң сомдон ашык каражатка 10 электр устун сатып алды. Устунду сатып алууга жетпеген калган каражатты жаңы конуштун жашоочулары чогултуп беришти.

Кыска мөөнөттүн ичинде – болгону үч айда айылдагы жалпы аракеттердин натыйжасында кубаттуулугу 160 кВт болгон жаңы трансформатор жана  10  электр  устуну орнотулду. Мындан тышкары жаңы конуштун жашоочулары суу менен камсыздоо боюнча көйгөйдү чечүү милдетин өздөрүнө алышты. Алар биригип 100 миң сом чогултуп, өз күчү менен суу түтүк линиясын өткөрүштү.

Бул окуя айыл көйгөйлөрүн чечүүгө бардык тараптар – АДК, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жашоочулар тартылганынын бир мисалы. Сары-Ой айылындагы айылдык кеңештин депутаты Султангазы КАИРОВ: “Салым кошууга мени депутаттык кызматым, же “көзгө илинип калуу” каалоосу эмес, өз айылынын жашоочусу катары жарандык милдетим түрттү. Анткени эгерде ар бир адам өз айылынын турмушуна катышса, аз да болсо пайда алып келсе, биз турмуш шартыбызды абдан эле оңдой алмакпыз”.

Айылдын дагы бир жакшы жетишкендиги – бул ФАПтын аймагын жашылдандыруу. Бул жолу кайрадан эле АДК өкүлдөрү ФАПтын кызматкерлери менен биргелешип, ЖӨБ органдарынын катышуусунда ФАПтын тегерек четин жашылдандырып, абатташты. Алар 20 түп Тянь-Шань карагайын отургузушту. Бүгүнкү күндө бул чакан саламаттык сактоо аймагы ден соолукту чыңдоо жери гана эмес, ошону менен бирге Сары-Ой айылынын бардык тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу жайына айланды.

Ошентип Сары-Ой айылынын тургундары буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен иш алып баруу тажрыйбасына ээ болбогон чакан жамааттык уюм – Айылдык ден соолук комитети аркылуу үнүн жеткире алышты. Тажрыйба көрсөткөндөй, калкты, Айылдык ден соолук комитети өңдүү жарандык коом уюмдарын жигердүү тартканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоо болгондо конкреттүү көйгөйдү оңой жана тез чечүүгө болот. Бул үчүн ошол көйгөйдү көптөгөн көйгөйлөрдүн ичинен эң артыкчылыктуусу катары тандап алыш керек. Бардык көйгөйлөрдү бир маалда чечүүгө аракет жасабастан, бирөөн чечкенден кийин кийинкисине өтүү дагы да жеңил болот.

Окшош материалы: