Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Совет айылындагы АДК: спорт аянтчасы, муз аянтчасы жана жарык көчөлөр – жашоо оңоло баштады

2016-04-04 / Жарандык катышуу
Совет айылындагы АДК: спорт аянтчасы, муз аянтчасы жана жарык көчөлөр – жашоо оңоло баштады

Авторлор: Кулубек ТУРГАНБАЕВ, Жылдыз КЕРИМОВА, “АДК үнү” Долбоорунун адистери

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий АА

Каракол шаарынан 60 километр аралыкта, өлкөнүн чыгышында, асман тиреген Ала-Тоонун арасында Совет айылы орун алган. Бул жерде миңден ашуун киши жашайт жана аларды көптөн бери начар жолдор жүдөтүп келет. Айылдыктар кызмат көрсөтүүлөр, зарыл товарларды сатып алуу үчүн облус борборуна барыш керек. Бирок жолдордун начардыгы ар бир элеттиктин көкөйүнө тийип бүттү. Кыш маалында айылдан шаарга алып барчу жолго жетүү үчүн элеттиктер мурдагы замандагыдай эле адегенде ат минип алып жолго чыгат. Анткени ансыз да начар жолго жетүү такыр эле мүмкүн болбой калган.

Буга чейин айыл эли колдонуп келген эки көчө адам ыйлай турган деңгээлге жетип калган – алар тар, таштак болуп, жеңил машине оңой менен өтө алчу эмес. Тез жардам чакырганда машине оорулуунун үйүнө жакындай алчу эмес, мунун натыйжасында жашоочулар өз маалында медициналык жардам алалбай кыйналышчу. Жолдордогу аңдарга жана чуңкурларга тыгылып, машинелер көп бузулуп, ансыз да татаал элеттик турмушту кыйындатып, үй-бүлөлүк бюджетке сокку урчу. Буга эми көчөдөгү жарыктын жоктугун кошуп көрүңүзчү: караңгы көчөдө жүрүү кооптуу сапарга айланып калган эле. Бирок адамдар жолдорду оңдоого билек түрө кирише турган учур да келди. Ал эми аларды бул ишке Айылдык ден соолук комитети түрттү.

Буга чейин АДК йод жетишсиздиги, аз кандуулук, бруцеллез жана башка ушул өңдүү элет жергесине мүнөздүү болгон ооруларды алдын алууга салым кошуп, негизинен элет калкын агартуу менен алектенип келген. АДКнын айыл турмушундагы ролу маалымат өнөктүктөрдүн алкагынан чыкчу эмес. Анткен менен өз жердештерине көбүрөөк пайда алып келип, турмуштарын жакшыртуу каалоосунан улам Совет айылындагы Айылдык ден соолук комитети “АДК үнү” Долбооруна катышып көрүүнү чечти. АДК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып барууда социалдык отчеттуулук аспаптарын колдонгонду үйрөндү.

Аталган долбоордун алкагында Совет айылындагы АДК жамаат муктаждыктарын аныктоо жана артыкчылыктуусун тандап алуу методикасын окуп чыгышты. Анын алкагында өз айылында Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) иш-чараларын уюштуруп, ага жүзгө жакын киши катышты. ЖМБАнын түрдүү усулдарынын жардамы менен алар жарандардын ден соолугуна таасир тийгизген жалпы көйгөйлөрдү чогултуп, артыкчылыктууларын бөлүштүрүп чыгышты: ички жолдордун жана көпүрөлөрдүн начар абалы; тиш дарылоочу кабинеттин жоктугу; Жаштар көчөсүндө таза суунун жоктугу; эс алуу үчүн жайдын, маданият менен спортту өнүктүрүү үчүн шарттардын жоктугу; АДК, ТСКАКБ жана айыл башчынын кеңселеринин начар абалы.

Көйгөйлөрдү чечүү үчүн АДК ЖӨБ органдары менен биргеликте калктын жигердүү бөлүгүн мобилдештирип, Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышты. Ошондой эле 2015-жылдын ортосунда АДК, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен жана чогуу жасаган иштеринин алгачкы жыйынтыгы пайда болду.

Төрага жана учурда АК депутаты Төлөгөн ИСАЕВ башында турган АДКнын маанилүү жетишкендиктеринин бири – айылдагы эки көчөнүн жолун оңдоо болду. Узундугу эки километр келген Сартбай атындагы көчө оңдолду: жолдорго жаңы асфальт төшөлүп, эски асфальт кайтадан төшөлүп чыкты жана экинчи көчөдөгү жолго кошумча майда кум төгүлдү. Бул иштердин баарына жергиликтүү бюджеттен каражаттар бөлүндү. Айыл өкмөт башчысы Максат ДОРБАЕВ жүк ташуучу унаа менен экскаватор техникасын жалдап, оңдолуш керек болгон жолдорго топурак төгүү үчүн шарт түзүп берди эле жашоочулар анын баарын тегиздеп чыгышты. Көчөлөрдүн биринде жергиликтүү жамааттын эсебинен 17 көчө чырагы сатып алынып, орнотулду. Эми көчөлөр ыңгайлуу жана тегиз гана болбостон, ошондой эле коопсуз жана жарык да болуп калды.

Айыл тургундары: “Эми ылай же көлчүк тебелеп алабыз деп коркпостон тегиз жана жарык көчөдөн басып калдык. АДКга, айыл өкмөтүнө жана депутаттарга бул керемет үчүн ыраазычылык билдиребиз”.

Андан кийин эс алууну уюштуруу жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттар менен камсыздоого киришишти: спорт аянтчасы үчүн тосмо орнотушту. Бул үчүн каражат да жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Өз кезегинде жамаат тосмо тургузуу менен эмгек салымын кошту. Андан кийин муз тебүү аянтчасын жасай алышты. Эми АДК аянттын ишин камсыздоого, аймактагы тазалыкка жана тартипке көз салууга жигердүү тартылды. Жергиликтүү жамаат ыраазы: “Эми муз тебе турган аянтчабыз бар, ал жерден бош убактыбызды өткөрө алабыз. Адатта жаштар ичимдик ичип, көчө “таптап” жүрчү. Эми болсо спорт менен алектене башташты”.

Жергиликтүү бийлик айылдагы жамааттык уюмдарды жигердүү колдоого ала баштады. АДК, ТСКАКБ жана айыл башчысы эми ыңгайлуу шарттарда иштеп калды. Анткени алардын кеңселери жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолду.

“Акыры биздин жашообуз да ыңгайлуу болуп калды. Биз дээрлик шаардагыдай жашайбыз: көчөлөрүбүз жарык, жолдор түз, эс алуу жайлары бар”, - дейт ыраазы болгон элеттиктер. - Мунун баарына АДКнын аракети жана иши себепчи болду. Элет калкында кооз айылда жашагың келсе, алакан жайып отура бербестен, күчтөрдү бириктирип, алдыга койгон максатка өз алдынча жетүү керек деген түшүнүк пайда болду".