Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ак-Коргон айылындагы АДК: беш жүздөн ашык киши таза сууга жетти

2016-04-04 / Жарандык катышуу
Ак-Коргон айылындагы АДК: беш жүздөн ашык киши таза сууга жетти

Авторлор: Кулубек ТУРГАНБАЕВ, Алмаз РАХИМДИНОВ, “АДК үнү” Долбоорунун адистери.

Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык аймагы

Ак-Коргон айылында 720 киши жашайт жана ар бир онунчу тургунда гана таза сууга жеткиликтүүлүк бар. Көп жылдар бою калк сууну чакан өзөндөн алып келген. Бул болсо жашоочулардын саламаттыгына олуттуу коркунуч жараткан. Анткен менен суу менен жабдуу системасынын курулушу жана аны калыбына келтирүү өтө татаал жана акчаны көп талап кылган долбоор болгондуктан жергиликтүү жамааттын күчү менен аны ишке ашыруу өтө оор болчу. Ошентсе да Ак-Коргон айылы бул көйгөйдү жарым-жартылай чече алды. Таң калычтуусу – бул маселе чакан жамааттык уюмдун – Айылдык ден соолук комитетинин демилгеси менен чечилди.

Таза сууга жеткиликтүүлүк көйгөйүн Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) алкагында артыкчылыктарды тандап жаткан маалда жашоочулар биринчи кезекте чечилүүгө тийиш маселе деп аташкан. Бул иш-чараны Айылдык ден соолук комитети “АДК үнү” Долбоорунун колдоосу менен уюштурган.

Айылдык ден соолук комитети уюштурган айыл активисттеринин жолугушуусунда Ак-Коргон айылында таза суу менен камсыздоо маселеси боюнча чогулуш өткөрүү чечими кабыл алынган. Талкууга АДК мүчөлөрү, айыл жашоочулары, айыл өкмөтү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышкан. Чогулушта жашоочулар алдын ала даярдалган техникалык долбоорду карап чыгышты. Бул техникалык долбоор активисттердин, Айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрүнүн жана айыл өкмөтүнүн адистеринин күчү менен иштелип чыккан.

Долбоорго ылайык, суу булагынан суу алгычка чейин 3,5 км болгон суу түтүк линиясын өткөрүш керек болчу. Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүүнүн жалпы суммасы 468 000 сомду түздү. Биргелешип суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок жергиликтүү бюджет чектелүү болгондуктан калыбына келтирүү иштерин бюджеттик ресурстардын эсебинен жасоо мүмкүн эмес болчу. Мындан улам башка булактарды издөөгө туура келди. Айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнүн жана айыл өкмөтүнүн уюшкан аракеттеринин натыйжасында, бир нече жолу түрдүү инстанцияларга кайрылгандан кийин демөөрчү табылып, ал 400 000 сом берди.

Бул көйгөйлүү маселени чечүүгө айылдын көптөгөн жашоочулары катышты. Алар коомдук иштерге чыгышты: канал казып, суу түтүк трубаларын оңдоп, резервуарды тазалап, анын тегерегиндеги участокту бетондошту. Мындан тышкары жашоочулар 28 000 сом чогултса, айыл өкмөтү 40 000 сом бөлдү.

Бардык жасалган жумуштардын натыйжасында таза суу менен камсыздоо маселеси болгону жарым жылда чечилди. 3,5 км суу түтүк трубалары өткөрүлүп, резервуар тазаланып, тосмолонду, жергиликтүү калктын 70% (504 киши) таза суу менен камсыздалды.

Бул демилге Талас районунун башка Айылдык ден соолук комитеттери үчүн үлгү болуп калды. Ак-Коргон айылынын Айылдык ден соолук комитетинин төрагасы Майрамбек КОШАЛИЕВ буларды айтты: “Эгерде көйгөй чындап эле маанилүү, артыкчылыктуу болсо, анда адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен биригип, ошол маселени чечүү жолдорун чогуу табышат”.

Окшош материалы: