Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кош-Дөбө айылындагы АДК: караңгы көчөлөр өткөн чакта калды!

2016-04-04 / Жарандык катышуу
Кош-Дөбө айылындагы АДК: караңгы көчөлөр өткөн чакта калды!

Авторлор: Кулубек ТУРГАНБАЕВ, Жылдыз КЕРИМОВА, “АДК үнү” Долбоорунун адистери.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал АА

Кош-Дөбө айылындагы Токсобаев атындагы көчөнүн тургундары эч качан өз айылында бир да чыракты көргөн эмес. Күүгүм тартаары менен эле балдарын үйгө чакырууга туура келип, күн баткандан кийин кошуналар менен сыртта отуруп сүйлөшүү кыйын болчу. Ал эми бир жерден экинчи жерге жетүү үчүн фонарь күйгүзүп жүрүшчү. Бирок эми жагдай өзгөрдү – көчөгө жарык берип турган төрт чырак орнотулду. Жакын арада алардын саны дагы көбөймөкчү. Мына ушул маселени ордунан Айылдык ден соолук комитети козгоду. Кош-Дөбө – негизги магистраль жолунан алыс жайгашкан чакан айыл. Калкынын саны беш жүзгө жетпейт. Бирок айылдын көйгөйлөрү Кыргызстандагы көптөгөн башка айылдардыкына эле окшош – 20 жылдан бери айылды көрктөндүрүү, шарттарын жакшыртуу, жолдорду, айыл клубдарын жана спорт аянтчаларын оңдоо маселеси менен алектенгендер аз. Ал эми булар айылдагы ыңгайлуу же ыңгайсыз жашоо үчүн ден соолукка жана чөйрөгө таасирин тийгизген шарттар эмеспи. Бул болсо өз кезегинде жашоочулардын өнүгүүсүнө жана жаш муунду тарбиялоого да таасир тийгизет. Эми көчөдөгү жарык эмнени чечмек эле деген ой кетиши мүмкүн. Бирок иш жүзүндө көчөнү жарыктандыруу эс алууга, коопсуздукка таасирин тийгизет.

2014-жылы Кош-Дөбө айылынын Айылдык ден соолук комитети “АДК үнү” Долбоорунун өнөктөшү болуп калды. Арал айылдык аймагынын ЖӨБ органдары менен биргеликте Кош-Дөбө айылындагы АДК саламаттык детерминанттарына байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар циклин өткөрдү. Кош-Дөбө айылынын АДК төрагасы, чон турмуштук тажрыйбага ээ болгон Керимбек МУКАНБЕТОВ калкты мобилдештирүү жана жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чараларды өткөрүүгө чоң салым кошту. Элет тургундары Токсобаев атындагы көчөдө жарыктын жок болушун эң көйгөйлүү маселелердин бири деп чечишти.

Керимбек пикирлештери – АДК мүчөлөрү жана айыл активисттери менен биргеликте ишти аягына чейин чыгарууну чечишти. Алар Арал айылдык аймагынын башчысына расмий кайрылуу даярдашты. Анткени көчөнү жарыктандыруу – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясында турган жергиликтүү маанидеги маселе болуп эсептелет.

Башчы демилгени колдоп, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүүнү суранды. Жергиликтүү бюджет чектелүү болгонуна карабастан кеңеш Токсобаев атындагы көчөгө төрт чырак орнотууга 32 000 сом бөлүү, ошондой эле 2016-жылы чырак орнотуу иштерин улантуу мүмкүнчүлүгүн тапты. Дагы эки чыракты жашоочулар 2016-жылы өз акчасына орнотууну чечишти.

Арал айылдык аймагынын башчысы Бактыбек МАМЫТОВ: “АДКнын демилгеси менен жарандардын саламаттыгына байланышкан көйгөйлөрдү калк ЖӨБ органдары менен биргеликте чечкени абдан жакшы. Ооба, биз түшүнүп турабыз, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, мисалы, жарыктандыруу – бул ЖӨБ органдарынын компетенциясына кире турган маселе. Бирок айыл тургундарынын артыкчылыктары кандай болгонун, алар үчүн биринчи кезекте кайсы маселелерди чечүү маанилүү экенин жана кандай ресурстарды адамдар өз алдынча табууга даяр болгонун дайыма эле биле бербейбиз. АДК менен кызматташтык артыкчылыктуу керектөөлөрдү аныктоого, калктын муктаждыктарына адекваттуу жооп берүүгө жардам берет. Мындан улам жашоочулар эстүүлүгүн көрсөтүп, жарыкты өз алдынча өчүрүп, күйгүзүп турууга даяр болот деп үмтөтөбүз. Бул электр энергиясы дайыма эле туруктуу болбогон, бир аз эле карыз болсо электр компаниясы жарыкты өчүрүп коё турган шарттарда өзгөчө маанилүү. Бул багытта иштер уланууда жана жакын арада биз жарыктандыруу маселесин толугу менен чечебиз”.

Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү инфраструктура үчүн жооптуу болгонун түшүнүп, ишти улантууга даярдыгын көрсөткөнү үлгү болчу көрүнүш. Өзгөчө башчынын жарыктандыруу үчүн каражатты жергиликтүү бюджеттен бөлө алганы да маанилүү. Бул болсо ЖӨБ органдары жарандардын муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө жооп берүүгө даярдыгын, калк, ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары ортосунда байланыш, өз ара түшүнүшүү болгонун билдирет. Дайыма ушундай болуш керек.

“Эми көчөгө жарык орнотулгандан бери күн баткандан кийин балдарды сөзсүз эле үйгө кууп киргизүүнүн кажети жок. Алар жарык көчөдө эле оюндарын улантышууда. Ал эми айыл тургундары топ-топко чогулуп алып, саясат, жашоо жөнүндө баарлашып отурушат”, - деди Кош-Дөбө айылындагы башталгыч мектептин директору КУБАНЫЧ уулу Бакыт.

АДК үчүн долбоорго катышуу баа жеткис тажрыйба болуп калды. Жергиликтүү жамааттын колдоосуна ээ болгон АДК мүчөлөрү адамдардын жашоосун мындан да мыкты жана ыңгайлуу кыла аларына ишенип калды.

Кош-Дөбө айылындагы АДК төрагасы Керимбек МУКАНБЕТОВ: “Айылда көчө жарыгын орнотуу – бул чоң иш, ал жашоону жана адамдардын маанайын өзгөртөт. Ал эми биргелешип иштегенибиз, чогуу ийгиликке жеткенибиз жарандарда өз айылы үчүн болгон жоопкерчилик сезимин күчөтүп, биргелешкен иш-чараларга мындан ары да катыша берүүгө шыктандырды. Биз жердештерибизге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көчөнү жарыктандыруу көйгөйүн биргелешип чечип, өз күчүбүзгө ишенүүгө жардам бергени үчүн абдан ыраазыбыз”.

Окшош материалы: