Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаӊы идеялардын эски көйгөйлөрдү чечүүгө интеграцияланышы. Тажрыйба алмашуунун натыйжалары

2014-06-04 / Жарандык катышуу
Жаӊы идеялардын эски көйгөйлөрдү чечүүгө интеграцияланышы. Тажрыйба алмашуунун натыйжалары

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ӨСИ ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси

2014-жылдын июнь айында ӨСИ уюштурган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги сапар Ысык-Көл облусунун айылдык аймактарында жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасына арналды. Иш жүзүндө сапардын катышуучулары жөнөкөй жана көнүмүш болуп калган иш-чаранын – коомдук угуулардын күбөсү болушту. Бирок мисалдар жакшы тандалып алынды – Ысык-Көл облусунун Бостери айылдык аймагында 2015-жылга бюджет долбоору, ал эми Кара-Ой айылдык аймагында ТКЧ боюнча коомдук угуулар өттү. Сапарга 45 адам катышты. Алардын ичинде Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы 19 элеттик муниципалитеттерден 30 айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештердин төрагалары бар. Мындан тышкары сапарга ЖӨБЭММА аймактык өкүлүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ММК кызматкерлери жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери катышты.

Тажрыйба алмашуунун эски жаңы механизмдеринин өзгөчөлүктөрү

Биринчиден, тажрыйба алмашуу бир облустун ЖӨБ органдарынын арасында гана уюштурулган жок, сапарга үч облустун өкүлдөрү катышты. Экинчиден, сапардын катышуучулары жамаат үчүн масштабдуу жана маңыздуу иш-чараларга катышып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандардын катышуусунун чыныгы процессинин күбөсү болуп калышты. Үчүнчүдөн, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун “эски” жана “жаңы” пилоттук муниципалитеттеринин ЖӨБ органдарынын жетекчилери тажрыйба алмашуунун катышуучулары болушту. Бул болсо “жаңы” пилотторго дагы да тажрыйбалуу кесиптештердин практикалык тажрыйбасын көбүрөөк үйрөнүүгө жол берди.Эмесе, тажрыйба алмашуу турунун биринчи иш-чарасы – Бостеридеги коомдук угуулар.

Бостери АА жашоочулары: “Биз бюджетти түшүнөбүз, биз анын кирешелерине жана чыгашаларына көз салып турабыз!”

Бостери АА угуулар бир нече себептер менен өзгөчө деп эсептелсе болот. Адегенде курорттук зонада жайгашкан элеттик муниципалитет үчүн катышуучулардын санынын көп болгону күтүлбөгөн көрүнүш – баары болуп угууларга 171 адам, анын ичинде 90 аял катышты.Угуулар жогорку деңгээлде уюштурулду: зал абдан жакшы жасалгаланды, регламент так сакталды, иш-чаранын алып баруучусу туура тандалып алынган.Талкуулар ашыкча талаш-тартышсыз жана орунсуз пикирлерсиз бир топ конструктивдүү өттү. Бул болсо калкка так жана зарыл суроолорду узатууга, бюджет долбооруна көбүрөөк рационалдуу сунуштарды киргизүүгө жол берди.

Угууларга чейинки маалымат өнөктүгү жакшы уюштурулду. Эл көп жүргөн жерлерде илинген көрсөтмөлүү материалдардан (баннерлер жана афишалар) тышкары баннерлер-жарыялар аймактагы айылдарды дайыма кыдырып жүргөн эки таштанды ташыгычтын капталдарына илинди. Угууларга бир апта калганда жамааттын 50 лидери (депутаттар, мекемелердин, уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, комитеттердин жетекчилери, аксакалдар, демилгелүү топтордун, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун өкүлдөрү) чогултулду. Алдын ала жолугушуунун катышуучуларына чакыруу барактары тапшырылды, анда угуулардын программасы менен бирге угуулар маалында жүрүм-турумдун эрежелери сүрөттөлүп, бюджет долбоорунун кыскача сүрөттөлүшү камтылган. Жамааттын лидерлеринин бул жумушчу жолугушуусу алдыдагы иш-чарага карата дагы да жооптуу мамилени калыптандыруу жана жашоочулар арасында ал тууралуу кеңири маалымат таратуу мүмкүнчүлүгүн  берди. Муну менен жашоочулар күн мурда суроолорун жана сунуштарын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Угууларда жарандар үчүн шыктандыруучу бөлүк да болду – эң активдүү катышуучулар үчүн залдан жаңырган эң кызыктуу суроо үчүн атайын белек каралды (бул тажрыйба Ак-Чий АА алынды). Натыйжада калыстар тобунун чечими менен сынактын 10 жеңүүчүсүнө салтанаттуу түрдө байге тапшырылды.

Жашоочуларды талкууга активдүү катыштыруу аракети ишке ашты. Жалпы жонунан катышуучулардан 20га жакын суроо жана сунуш түштү. Аларды айыл өкмөтү жана кеңеш карап чыгып, талкуулап, кабыл алынган чечим тууралуу калкка маалымдаш керек.

Бюджетти талкуулоодо эң кызыктуусу жалпы дискуссия болуп калды – калкка суроо узатуу, идеяларды, сунуштарды жана эскертүүлөрдү берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Биринчилерден болуп биргелешкен мониторинг жана жана баалоо тобунун мүчөсүнөн 2015-жылы клубдун жаңы имаратынын курулушунун башталуу реалдуулугуна байланыштуу суроо түштү. Бул маселе үч жылдан бери чечилбей келет, концерттерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүдө кыйынчылыктар көбөйө баштады. Айыл өкмөт башчысы бул маселени мындайча чечүүгө сөз берди: “Бизде бош жер калбай калгандыктан, эски клубду муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жаңы клубду куруу максатка ылайыксыз. Эң жакшысы – бардык күчтү “Чайка” клубунун капиталдык ремонтуна жумшоо, аны толугу менен жабдуу, зарыл болгон музыкалык аспаптарды, кийим-кечелерди ж.б. сатып алуу”.

Жергиликтүү ФАПтын медициналык кызматкерлеринен 2015-жылга пландалган жаңы имараттын курулушу тууралуу кызыктуу суроо түштү. Саламаттык сактоонун өкүлдөрүн курулуш чындап эле башталабы жана ал канча убакытка созулушу мүмкүн деген суроолор кызыктырды. Бул суроо өзгөчө актуалдуу болуп турат, анткени бөлмөлөр жана кабыл алуу кабинеттери жетишсиз, калкы он миңге жеткен айылдык аймактагы эски имаратта 10 гана киши иштейт. Эгерде калктын саны жайында көбөйөрүн эске алганда (курорттук зона) тейленүүчү адамдардын саны 100 миң адамга чейин жетиши мүмкүн. Бул суроого жооп берген ЖӨБ органдары иштер өз мөөнөтүндө аяктаарын, ФАП сөзсүз курулаарын айтып, убада беришти.

Мектептердин муктаждыктарын каржылоо маселеси салттуу болуп калды, окуучулардын олимпиадаларга жана спартакиадаларга катышуусуна чыгашаларды көбөйтүү, мектеп мугалимдерине коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жеңилдиктерди караштыруу (көмүр, отун) ж.б., ремонт иштерин өз маалында каржылоо сунуштары түштү.

Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чыгашалары боюнча “ыңгайсыз” суроолорду узатканы угуулардын өзгөчөлүгү болуп калды. Мисалы, резервдик фонддун максатын ачыктоо; эмне үчүн каржылоонун көлөмү боюнча берененин өзү бир кыйла маанилүү болгонуна карабастан ТКЧ кызматкерлеринин маянасы өтө аз болгонун түшүндүрүп берүү; таштанды чыгаруу үчүн каражаттын бөлүштүрүлүшү тууралуу кеңири айтып берүү сунушталды. Айталы, аксакалдар сотунун төрагасы УЧКУРТКАЕВ Т. мындай акыйкат сөзүн айтты: “Таштанды жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөнү үчүн бюджет долбоорунда болгону 50 миң сом чогултуу каралган. Бирок чындыгында бул сумма бери дегенде 500 миң сом болуш керек. Кылдат эсептерди чыгарып, мындай өтө аз пландоонун себептерин аныктоо зарыл”. Аксакалдын сөзүн Бактуу-Долоноту айылынын ТСПЭКБ бухгалтери  МУКАШОВА О. да колдоду: “Бюджеттеги эң көп чыгаша ТКЧга кетет экен. Бирок комплексти чарбалык эсепке которуунун (өзүн өзү каржылоо) эсебинен эки эсеге кыскартса болот”.Киреше бөлүк маселелери жамааттын көңүл сыртында калган жок. Аны менен катар бак-пляж зонасын ижарага берүүдөн жергиликтүү бюджетке каражаттардын түшүүсүн караштыруу сунушу түштү.Аймакты ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси кызуу талкууну жаратты. Эки айылдын жашоочуларынын пикири боюнча, пландалган 863 миң сом – арзыбаган тыйын. Каржылоонун көлөмүн көбөйтүү, ичүүчү суу көп учурда чарбакты жана бактарды сугаруу үчүн колдонулуп келгендиктен буга карата айыл өкмөтү жана башка тийиштүү органдар тарабынан көзөмөлдү күчөтүү, ар бир короого суу насосторун орнотуу, сууну чыгымдоо боюнча чектен ашканы үчүн катаал айыпка тартуу жана башка жазаларды колдонуу зарыл.Ошондой эле жарандар бюджеттик маалыматты берүүнүн форматын жана каналдарын да талкуулашты. Баткуу-Долоноту айылынын ТСПЭКБ бухгалтери МУКАШОВА О.: “Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн пландоодо өткөн жыл үчүн салыштырмалуу маалыматтар зарыл. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге киреше бөлүктү чегерүүнүн пайызын көрсөтүү керек”. Айыл тургуну ЖОЛДОШЕВА А.: “Ар бир жылга карата бюджет долбоорун басылмаларга чыгарып, телевидение жана радиодон чагылдыруу жакшы болмок”.Аксакалдардын биринин мыкты тыянагы талкууну жыйынтыктады: “Жашоочулар жергиликтүү бюджеттин акчасы кайдан келип, кайда жумшалып жатканын түшүнө баштады. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бир тыйынды да коротуудан мурда бул акча элдики болгонун, эл канча бар экенин билээрин жана ал үчүн ким жооп бере турганын унутпашы керек”.

Коноктордун реакциясы: угуулар сонун, бирок бизде да ушундай бюджет болгондо!

Бостери АА 2015-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угуулар бул чөйрөдө кесипкөй болуп калган, алардын тажрыйбасы тууралуу “Муниципалитет” журналы бир нече жолу жазган Ленин жана Ивановка аймактарынын өкүлдөрүн да тамшандырды. Коноктор иш-чараны уюштуруунун жогорку деңгээлин, калктын активдүүлүгүн жана жамаат тараптан узатылган суроолордун жана берилген сунуштардын сапатын белгилешти.

Ошол эле кезде угуулардын предмети болгон Бостеринин жергиликтүү бюджети коноктордун бир маанилүү эмес реакциясын жаратты. Анткени катышуучулардын көпчүлүгү – Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы пилоттук муниципалитеттердин өкүлдөрү – бир эле учурда дотациялык муниципалитеттердин жашоочулары жана жетекчилери болуп эсептелет. Ошондуктан алар бюджеттин жылдык таңсыктыгы жана жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу жана өз маалында чечүүдө каражаттын жетишсиздиги тууралуу көп айтышты. Ал эми калкы 10 миңден бир аз көбүрөөк болгон Бостери АА 2015-жылы 33 миллион сомдон ашык суммага киреше алууну пландап жатат. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары кырдаалга бир аз ич күптү менен карашаарын моюнга алышты. Анткени Бостеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда калктын жашоосун жакшыртууда жана аймактын биринчи кезектеги көйгөйлөрүн чечүүдө чыныгы мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк.

Күндүн экинчи жарымында сапардын катышуучулары жамааттын артыкчылыктуу маселелерин натыйжалуу чечүү чөйрөсүндө бири-бирине жетишкендиктерин көрсөтүштү. Бешик-Жон АА мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жоктугу өңдүү көйгөйдү чечүүнүн жолдорун көрсөтүп берсе, Тогуз-Торо АА жыйындар залын жана электрондук китепкананы уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Көк-Таш АӨ башчысынын бет ачары кызуу талкуу жаратты. Ал “Казахмысголд” алтын кен компаниясынын мисалында инвестор менен диалогду кантип түзүп, инвестицияларды кантип тартса болоорун айтып берди.

Кара-Ой АА: коммуналдык сенсация

Тажрыйба алмашуу сапарынын экинчи күнүндө катышуучулар Кара-Ой АА “ТКЧ жана ТКС башкаруу” муниципалдык ишканасынын ишмердигине байланышкан коомдук угуулардын күбөсү болушту. Бул аймакта мындай иш-чара алгачкы жолу өткөрүлгөнүнө карабастан жамааттын чоң кызыгуусун жаратты. Муниципалитеттин өзү чакан болуп, бир гана айылдан турганына карабастан таштандыны аптасына эки жолу, кээде атүгүл үч жолу чыгарууга туура келет. Бул биринчи кезекте аймактын территориясында көптөгөн жеке пансионаттар жана эс алуу үйлөрү жайгашканына байланыштуу. Айрымдар жай мезгилинде гана эмес, жыл бою да иштешет. Ошондуктан ТКЧ иши тууралуу маселе көпчүлүктүн көңүл чордонунда турат.

“ТКЧ жана ТКС башкаруу” муниципалдык ишкананын директору Марсбек АБДЫКАДЫРОВ 2013-жыл үчүн ишмердиктин натыйжалары жана 2014-жылга карата пландары тууралуу айтып берди; айылдык кеңештин төрага орун басары Курманжан БАДАКШАНОВА  таштанды чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен калктын камтылганы боюнча анализдин жыйынтыктары менен бөлүштү; ал эми айыл өкмөт башчысы Каныбек ТӨЛӨГӨНОВ 2015-жылга карата иш планын тартуулады.

Айыл тургундарын жана конокторду муниципалдык ишкананын иш сапатына карата канааттануунун деңгээлин билүү максатында коомдук угуулар башталганга чейин өткөрүлгөн сурамжылоонун натыйжалары кызыктырды. Адегенде сурамжылоо борбордук көчөдө өткөрүлгөн. Бул жерде таштанды үзгүлтүксүз чыгарылып турат, калк болсо көрсөтүлгөн кызматтын сапатына канааттанат. Ошону менен катар жашоочулардын бардыгы эле кызмат көрсөтүүнүн сапаты мындан да жакшы болгон күндө деле ал үчүн көбүрөөк акы төлөөгө даяр эмес: сурамжылоого катышкандардын 66% көбүрөөк акы төлөөдөн баш тартышты. Айылдын ички көчөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоо тескерисинче көрсөттү: бул жерде канааттанбоо төмөн, ал эми эл көбүрөөк акы төлөөгө даяр. Сурамжылоонун натыйжаларынан улам кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн баяндамачы бир катар чараларды караштырды:

  •  таштанды жыйноо үчүн контейнерлерди орнотуу,
  • бардык короолор менен келишим түзүү,
  • карызы барлар токтоосуз береседен кутулсун,
  • кызмат көрсөтүү үчүн акыны өз убагында төлөө,
  • калк үчүн таштанды чыгарууга ыңгайлуу убакытты аныктоо,
  • КТК жыйноо жана чыгаруу маселелери боюнча калкка маалымат берүү ишин кеңейтүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,
  • көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына мониторингди жана баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү.

Иш жана сурамжылоонун натыйжалары тууралуу отчеттор кызуу талкууну жаратты. Жашоочулардын алгачкы эле суроосу: эмне үчүн муниципалдык ишкана өзүн өзү каржылабастан, жергиликтүү бюджеттен дотация алат? Буга карата ЖӨБ башчысы толук өзүн өзү каржылоо пландалып жатканын, ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан муниципалдык ишкана үчүн дотация мүмкүнчүлүгү ишкананын уставында каралганын айтты.

Жарандардын колдогу техника таштандынын көлөмүнө алы жетпей жатканы тууралуу даттанууларына 2015-жылы кошумча атайын техниканы – таштанды чыгаруучу унааны алуу пландалганы айтылды.

Бүтүндөй аймакта жайнап кеткен пластик жана желим калдыктар тууралуу талкуу кызуу болду. Бул көйгөй өзгөчө жай мезгилинде курч турат; пластикти кайра иштетүү боюнча мини-заводду ачуу тууралуу сунуштар берилди.

Атайын таратылган бланкка жазылган суроолор жана сунуштар көп түштү. Мисалы:

  • беш көчөдө жаңы контейнерлерди орнотуу;
  •  айлана-тегеректи кирдетүүнүн кооптуулугу тууралуу окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • таштандыдан тышкары жолдордун ремонту, суу менен камсыздоо, тазалоочу курулмаларды оңдоо менен алектенүү.

Эпилогдун ордуна: үндү катуу чыгарып талашып-тартышкандын ордуна конструктивдүү талкуу

ЖӨБ башчыларынын, тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын пикири боюнча, кошуналардын тажрыйбасын өз көзүң менен көрүү мүмкүнчүлүгү өтө баалуу. Өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруудан тышкары өтө маанилүү турмуштук көйгөйлөрдүн тегерегинде адамдарды бириктирүү иштери менен маңызы жана формасы боюнча эч ким деле  алектенбейт. Калк менен иштегенди билүү – бул чыныгы искусство. Мунун жакшы үлгүсүн Бостери жана Кара-Ой аймактары көрсөтө алышты, коноктор болсо муну сапардын соңунда тастыкташты.

Адылбек АЛЫМОВ, Көк-Таш АА башчысы: “Бостери жана Кара-Ой айылдык аймактарынын тажрыйбасы башка элеттик муниципалитеттер үчүн үлгү боло алат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тарабынан берилген жардам өзгөчө – биз саясатчы болгонду, жарандар алдында өзүбүзгө көбүрөөк жоопкерчиликти алганды үйрөнүп жатабыз”.

Өмүрбек ТАМАЕВ, Кара-Жал АА башчысы: “Бостеридеги коомдук угуулар биз үчүн жетүүгө умтула тургандай үлгү. Калктын активдүү катышуусу, жарандардан түшкөн сунуштар, материалды түшүнүктүү түрдө жеткире алганы, залдын жасалгаланышы өзгөчө жакты”.

Иличбек КООКОРОВ, Б.Мамбетов АА башчысы: “Бүгүнкү күндө коомдук максаттар үчүн атүгүл үч адамдын башын бириктирүү да оор. Ошондуктан мага өткөрүлгөн иш-чаранын масштабы өзгөчө таасир калтырды. Ошондой эле башка облустардагы кесиптештеримдин тажрыйбасын үйрөнүү мүмкүнчүлүгү өтө пайдалуу жана өз убагында болду”.

Роза ТОКТОБАЕВА, Бостери АА долбоор координатору: “Угуулардын натыйжалары бизге бир нерсени түшүндүрдү: жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен биргеликте жарандар өз жашоосун жакшыртууда өтө көп нерсеге жете алат. Угуулардан кийин иш-чараны уюштуруунун жана өткөрүүнүн жогорку деңгээли тууралуу көптөгөн оң пикирлер түштү. Адамдар артыкчылыктуу маселелерди кеңешип талкуулай алганын, адекваттуу чечим кабыл алганын тастыкташты. Бул болсо буга чейинки чогулуштардан өтө катуу айырмаланат: ал учурда баары үнүн катуу чыгарып талашып-тартышып, мунаса таба алышчу эмес. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары менен баарлашуу бизге кесиптештеримдин ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүүгө жол берди, биз аны өз ишибизде колдонууну ойлонуштуруп жатабыз. Мисалы, Кара-Ой АА коммуналдык маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүү, Көк-Таш АА инвестицияларды тартуу боюнча тажрыйбаларына кызыгып калдык. Улахол АА ЖӨБ органдарынын ишин баалоо боюнча тажрыйбасы өтө кызыктуу көрүнүп турат. Мунун баары өзүбүздүн аймакта ишке ашырганга аракет жасайбыз”