Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БОСТЕРИ АА: жаӊыланган “Чынар” бала бакчасы мектеп жашка чейинкилер үчүн кайрадан ачык!

2014-02-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
БОСТЕРИ АА: жаӊыланган “Чынар” бала бакчасы мектеп жашка чейинкилер үчүн кайрадан ачык!

“Балдар – биздин келечегибиз” Долбоорунун алкагында Бостери айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) Чакан гранттар программасы сынагынын жети жеңүүчүсүнүн бири болуп, ремонтко акча алышты

 

2013-жылдын соңунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылы үчүн маанилүү окуя болду. Бул айылда жаңыланган “Чынар” бала бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Социалдык объектти кайра кургандан кийин 140 аял ишке орношуу, ошондой эле үй чарбачылыгын жүргүзүү үчүн көбүрөөк бош убакытка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Эми алардын көңүлү тынч, анткени балдары тажрыйбалуу тарбиячылардын көзөмөлүндө жана камкордугунда. “Балдар – биздин келечегибиз” Долбоорунун алкагында Бостери айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) Чакан гранттар программасы сынагынын жети жеңүүчүсүнүн бири болуп, ремонтко акча алышты1. Бул муниципалитет 1 млн. 35 миң сом утуп алды. “Чынар” бала бакчасынын ачылышына ЖӨБЭММАнын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зарылбек ШАРИПОВ, район акиминин орун басары, Бостери АӨ башчысы Тимур АЙЫЛ ЧИЕВ, жумушчу топтун мүчөлөрү анын башчысы Роза ТОКТОБАЕВА, “Вектор ИК” подрядчы уюмдун директору Замир ОТОРБАЕВ, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун кызматкерлери Султан МАЙРАМБЕКОВ жана Нургуль ЖАМАНКУЛО ВА, ата-энелер, жергиликтүү ММКлар катышты.
 
  • Мен бул демилге жергиликтүү жашоочулардын колдоосуна ээ болгонун дагы бир жолу белгилегим келет. Ата-энелердин өздөрү инвестицияны балдарына жумшашы керектигин түшүнүштү, келечек балдарга көз каранды, - деди өз сөзүндө Зарылбек ШАРИПОВ. – Бул иштин баары ЖӨБ органдары менен жумушчу топтун биргелешкен аракети менен ишке ашырылганы өзгөчө кубандырат. Дал ушундай өнөктөштүк элеттиктердин жашоосун жакшыртат. Биз Өнүктүрүү саясат институту менен узак убакыттан бери кызматташып келатабыз жана кызматташтыкты токтотуу оюбузда жок. Алдыда ӨС менен Меморандумдун алкагында иштеше турган көптөгөн пландарыбыз бар. Ийгиликке жеткирген жол тууралуу Демилгелүү топтун жетекчиси Роза ТОКТОБАЕВА айтып берди: “Бул сынак тууралуу билээр замат биздин негизги көйгөйлөрүбүздү жана аны чечүү жолдорун сүрөттөп, бир нече табыштама даярдадык. Бирок бардык сунуштардын ичинен адамдар “Балдар - биздин келечегибиз” деп атап койгон демилгени колдоп беришти.Жалпы жонунан 1 млн. 875 миң сом сарпталды: “Чынар” бала бакчасын реконструкциялоо долбоорунун жалпы суммасы 1 млн. 600 миң сом болду, анын ичинен 565 000 сом – бюджеттик каражаттар. Курулуш иштеринин жүрүшүндө гана канализация түйүнүн оңдоп, электр линиялары монтаждалыш керектиги аныкталды. Бул муктаждыктарга жергиликтүү казынадан кошумча дагы 275 миң сом бөлүндү. Бул маанилүү маселе боюнча чечимди Аө башчы Тимур АЙЫЛ ЧИЕВ жана кеңештин депутаттары кабыл алышты.
  • Эч ким четте карап турган жок, анткени бала бакчаны калыбына келтирүүнү баары муниципалитеттин эң башкы жана маанилүү тапшырмасы деп чечишти. Ошентип жергиликтүү бюджеттин салымы 840 миң сомго жетти. Албетте реконструкция бала бакчанын ажарын ачты. Дубалдар демонтаждалып, шыбалды, тосмолор курулуп, жаңы каалгалар жана терезелер орнотулду, сантехника жаңыртылып, кампа жайынын курулушу үчүн чуңкур казылды. Учурда жемиш сактоочу жайдын курулушу соңуна чыгып жатат.
  •  Наристелер үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Башында бул имарат балдар үчүн эмес болчу – мурда бул жер мейманкана эле. Бардык жасалгалар, анын ичинде сантехника, кийим илчү жер, атүгүл ашкана да чоң адамдар үчүн болчу, - деп айтып берди Роза ТОКТОБАЕВА. Белгилей кетчү нерсе, Бостери АӨ 2013-жылдын июнь айында жарыялаган тендерин “Вектор ИК” подрядчы уюму утуп алды. Тимур АЙЫЛЧИЕВдин айтымында, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл сатып алууларды жүргүзүүнүн жол жоболоруна бурулду. “Бул иш өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн биздин адистер КР Каржы министрлигинин Окуу борборунда атайын окуудан өтүштү. Бирок кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анткени сатып алуулар тууралуу мыйзамдагы нормалар өтө татаал, кээде бири-бирине карама каршы келет, - деп эскерет муниципалитеттин башчысы.
     
     
    • Бирок бүгүн балдар жана ата-энелердин куЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жа ңылыктар ыбанычы менен салыштыра келгенде мунун баары кепке арзыбай калат”.  - Мен бул жерде “Чынардын” ачылышынан бери – 4 жылдан бери иштеп келатам. Алгачкы учурда өтө  кыйналгам: имарат бала бакча үчүн ыңгайсыз болчу, бөлмөлөр кууш, ар бир бөлмөгө 4 гана керебет батат. Башкача айтканда биздин бала бакча талаптарга жооп берчү эмес. Кампа үчүн атайын жай болбогондуктан жер-жемиштерди сактоо кыйынчылык жаратчу. Бирок эми ушул гранттын жардамы менен өзүбүздүн жемиш сактоочу кампабыз да болот, - деп кубанычын жашыра алган жок балдар мекемесинин башчысы Асел ЖУМАБЕКОВА. – Эми 100 баланын ордуна биз 140 баланы кабыл алсак болот. Ремонттун жардамы менен дагы бир топ ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Учурда бакчада 7 тарбиячы, 4 тарбиячынын жардамчысы, 1 дарыгер жана 9 техникалык кызматкер иштейт. Тилекке каршы, “Чынар” бардык каалоочуларды кабыл ала албайт. Ар бир топто 30дан бала болуш керек, бизде 35 болду. Бирок керебеттер, стол, отургучтар жетиштүү. Бала үчүн айлык акы – 600 сом. Тамактанууга бир кыйла каражат Бостери АӨ жергиликтүү бюджетинен бөлүнөт. Бала бакчадагы балдардын курагы 3 жаштан 6-7 жашка чейин болот. Үч жаштагы Айгеримдин атасы Урмат АКМАТОВдун айтымында, жакындан бери алар өз кызын жылуу жана таза бала бакчада көңүл ток калтыра башташты. “Биз швейцариялык долбоорго жана ушул долбоорду колдоп берген айылдаштарыбызга абдан ыраазыбыз. Жардам жана колдоо катары биз, ата-энелер бала бакчаны жаңы пардалар менен камсыздап бердик. Бул биздин белегибиз болсун”, - деди ал.
    Подрядчы компаниянын директору Замир ОТОРБАЕВ бул ишке тартылгандардын баарына ыраазычылыгын билдирди. Ал курулушчулар акчага эмес, чын дилинен эмгектенгенин айтты: “Бала бакчанын жетекчиси менен линолеум, зарыл болгон курулуш материалдарын тандадык. Биз бардык ишти акылдашып, чогуу жасадык. Бул бала бакча узак убакыт кызмат өтөп, бул жерде өлкөбүздүн татыктуу жарандары тарбияланат деп ишенем!”.Ата-энелер да четте карап турган жок. Алар акча чогултуп, телевизор, DVD, оюнчуктарды, андан соң балдар үчүн улуттук кийимдерди сатып алышты. Бул жакшы ишке апалар менен аталардын салымы 40 миң сомдон ашты. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ да салтанаттуу ачылышка катышып жаткан жашоочуларды, балдардын ата-энелерин жана бала бакчанын тарбиячыларын бала бакчаны реконструкциялоо иштеринин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ал бир аз да болсо айыл өнүгүп баратканын белгиледи:
     
    • Биз алдыга баратабыз. Мындай окуялардын күбөсү болгонубуз кубандырат. Анткени бул иштер жергиликтүү жашоочулар өз көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаганын, мындай маселелерди өз күчү менен чечүү канчалык маанилүү болгонун түшүнүп жатканын тастыктайт, - деп белгиледи С. МАЙРАМБЕКОВ.

    ​Нургул Жаманкулова,

    ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адиси
 

Окшош материалы: