Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сырттан сереп салганда: өнүктүрүү долбоору өзүнөн кийин ишин уланта берген билимди калтырса, анда ал натыйжалуу болду

2022-02-10 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Сырттан сереп салганда: өнүктүрүү долбоору өзүнөн кийин ишин уланта берген билимди калтырса, анда ал натыйжалуу болду

Автор: Ирена БАЙТАНАЕВА, журналист.

Ишин жыйынтыктоо алдында турган, Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбооруна арналган, “Муниципалитет” журналынын бул майрамдык санында жарыяланган окуяларга баш сөз жатканыма кубанычтамын.

Долбоордун жыйынтыктары жөнүндө окуяларды жазуу тапшырмасын алганымда, мен абдан толкундандым: узун километр жолдорду, кооз пейзаждарды, жаңы адамдар менен таанышкан учурларды көз алдымда элестеттим. Мен баяндап бере турган каармандар менен жолугушууларды чыдамсыздык менен күтүп жашадым.

Беш облусту, он бир районду, он алты айылдык аймагын кыдырып чыгып, чындап эле сериалга тартчудай каармандар менен жолугушуп, алар марттык менен бөлүшө алгыдай мынчалык күчтү, энергияны, чыдамкайлыкты кайдан эле табышат деген ойлор курчап алды.

Менин мекендештерим дүйнөнү кантип баамдаганын, алар ага кандай сезимдерди алып келерин, маалыматты кайдан алаарын, аны ушундай жагдайларда жашап кетүү стратегиясына кантип батырганын түшүнүп, талдап чыгуу мен үчүн абдан кызыктуу болду. Аймактардын жашоочулары жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жергиликтүү өнүгүүнү башкаруу боюнча жаңы билимдерди иш жүзүндө жакшы колдоно алганы, жаңы нерселерди колдон чыгарбай, жаңы чыгармачыл чечимдерди издегени, жалпысынан өнүктүрүү долбоорлору берген жардамды натыйжалуу пайдаланып, материалдык жыргалчылыктарга гана эмес, көбүрөөк жаңы билим алууга басым жасаганы абдан кубандырды.

Мындан тышкары мен өзүмдө бир сапатты ачтым: бир адамды биринчи жолу көргөндө, ал алгачкы сөздөрүн айтканда, менде “бул адам азыр өзү жана жасаган иштери тууралуу айтып бере тургандан да көбүрөөк нерсени билем” деген сезим пайда болду. Балким, бул ички туюм болгон чыгаар, балким убакыт жана аралык, же буга чейин топтогон тажрыйбам мени ушундай көрөгөч кылдыбы, билбейм. Каарманым бир нерсени айтпай калгандай, өтө эле токтоо болгондуктан, өзү ойлогондон да мактоого абдан эле татыктуу болгонун билбей жаткандай сезим калды.

Чынында эле – менин каармандарым жупуну, жөнөкөй адамдар, алтургай өздөрүнүн жетишкендиктери жана жеңиштери жөнүндө айтып берип жатканда, бул иштерде ойногон ролун дайыма төмөндөтүп айтууга аракет кылышат, бирок башкаларга ыраазычылык билдиргенди эч качан унутушпайт. Элеттик муниципалитеттердин тургундарынан ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун дарегине көптөгөн ыраазычылык сөздөрүн уктум. Таң калыштуусу, муниципалитет пилоттук болгондон бери канча жыл өтсө да көптөгөн ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жана активисттери Долбоордон алган билимдерин ушул күндөргө чейин колдонуп келе жатышат, ал эми ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен иштөө процессинде айылын өнүктүрүү боюнча алган жаңы көндүмдөрүн баа жеткис тажрыйба катары баалашат.

Долбоор формалдуу түрдө гана аяктап жатканына, анын идеялары, механизмдери жана өнүктүрүү куралдары Кыргызстандын жергиликтүү жамааттарынын жыргалчылыгы үчүн мындан ары да иштей берээрине ишенем.

Окшош материалы: