Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жакшырган жашоо шарттары – ЖӨБ менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” конференциясынын резолюциясы

2022-04-23 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
“Жакшырган жашоо шарттары – ЖӨБ менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” конференциясынын резолюциясы

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 2022-жылдын 3-марты.

Биз, “Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” Конференциясынын (мындан ары – Конференция) катышуучулары, төмөндөгүлөр:

  • ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү;
  • мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде КР Президентинин Администрациясынын, КР Жогорку Кеңешинин, КР Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү;
  • ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо менен; 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын колдоп, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын; 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн “Кыргыз жараны” концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планын (мындан ары – Концепция) колдоп; БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин өтүнүчү боюнча иштелип чыккан чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусунун Жетектөөчү принциптерин Кыргыз Республикасы бекем сактаганын ырастап, төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, өлкөнүн ар бир жаранынын бакубаттуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жашоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүүдө бирдей шарттарды түзүү (Концепциянын 4-багыты), саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу (Концепциянын 5-багыты) өңдүү Концепциянын негизги багыттарына ылайык, Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү жана тең салмактуу өнүктүрүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү боюнча зарыл чаралар керек деп эсептешет:

  • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жалпысынан чечимдерди кабыл алууга катышуусунун эффективдүүлүгүн далилдеген механизмдерин колдонуу практикасын кеңейтүү;
  • башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү, анын ичинде Конференцияда сунушталган эң мыкты эл аралык тажрыйбаны колдонуу (Монголиянын, Орусия Федерациясынын, Латвиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн);
  • жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ортосунда билимди башкаруу жана тажрыйба алмашуу системасын бекемдөө.

Конференциянын катышуучулары бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик башкаруу органдары ЖӨБ органдары менен биргеликте жарандык коом жана жергиликтүү жамааттар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу системасын өнүктүрүүнү улантууга тийиш экендигин белгилешет жана төмөндөгүлөрдү сунушташат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана алардын жетекчилерине (акимдерге):

  • ЖӨБ органдарына аялуу топтордун, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ж.б. кызыкчылыктарын эске алуу менен “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жоболорду жигердүү колдонууну сунуштайбыз;
  • ЖӨБ органдарына жарандардын демилгелүү топтору, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору менен иштөөнүн статусун жана формаларын жергиликтүү жамааттын уставдарында бекитүүнү сунуштап, ошондой эле калктын аялуу катмарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ж.б. кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын ишине көмөк көрсөтүүнү сунуш кылабыз;
  • КР Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарынын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү сунушталат; ЖӨБ органдары бюджеттик маалыматты ачыкка чыгарып, жарандарды бюджеттик процесске тартсын, бул иштерди калктын аялуу катмарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен министрликтин сайтында жайгаштырылган “Онлайн Жарандык бюджет” аркылуу да жасоо сунушталат;
  • ЖӨБ органдарына калктын аялуу катмарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдардын жана бизнестин катышуусу менен социалдык өнүктүрүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн мамлекеттик социалдык заказ механизмин жигердүү колдонуу сунушталат;
  • жергиликтүү өнүгүүгө жарандарды тартуу механизмдерин (аялуу топтордун, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен) пайдалануу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу боюнча максаттуу саясатты ишке ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин аныктап, аларды колдоого алуу сунушталат;
  • райондук мамлекеттик администрациялардын деңгээлинде жыйындарды өткөрүүдө баалоо, сыйлоо, айыл өкмөттөрүнүн ортосунда конкурстарды өткөрүү жол-жоболоруна жергиликтүү жамаат менен жарандык коомдун кызматташуу деңгээлинин критерийлерин киргизүүнү сунуш кылабыз;
  • калктын аялуу катмарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ж.б. кызыкчылыктарын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкарууга жарандарды тартуу процессин автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү үчүн улуттук масштабда санариптик аспаптарды өнүктүрүү ишин уланта берүү сунуш кылынат;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Демилгелүү бюджеттөө механизмин киргизүү боюнча Орусия Федерациясынын тажрыйбасын, жергиликтүү өнүгүүнү пландаштырууга жарандардын санариптик катышуусун уюштуруу боюнча Монголиянын тажрыйбасын өздөштүрүп, аялуу топтордун, анын ичинде аялдардын, жаштардын, майыптардын жана башкалардын кызыкчылыктарын эске алуу менен бул өлкөлөргө иш сапарлары менен барууга көмөк көрсөтүү сунушталат;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке (МКЖӨБМА):

  • “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жоболордо баяндалган механизмдердин практикага киргизилишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп туруу;
  • ЖӨБ органдары мамлекеттик социалдык заказ механизмин кантип колдонуп жатканына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
  • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун жаңы механизмдерин колдонууну жана иштеп жаткан механизмдерин кеңейтүүнү жөнгө салган типтүү документтердииштеп чыгуу, анын ичинде Демилгелүү бюджеттөө (катышуу бюджети) механизмин киргизүү боюнча Орусия Федерациясынын тажрыйбасынын, жергиликтүү өнүгүүнү пландаштырууга жарандардын санариптик ыкма менен катышуусун уюштуруу боюнча Монголиянын тажрыйбасынын негизинде ишке ашыруу сунушталат;

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

  • калктын аялуу катмарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкарууга жарандарды тартуу процессин автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү үчүн улуттук масштабда санариптик аспаптарды өнүктүрүү ишин уланта берүү сунуш кылынат;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Демилгелүү бюджеттөө механизмин киргизүү боюнча Орусия Федерациясынын тажрыйбасын, жергиликтүү өнүгүүнү пландаштырууга жарандардын санариптик катышуусун уюштуруу боюнча Монголиянын тажрыйбасын өздөштүрүп, аялуу топтордун, анын ичинде аялдардын, жаштардын, майыптардын жана башкалардын кызыкчылыктарын эске алуу менен бул өлкөлөргө иш сапарлары менен барууга көмөк көрсөтүү сунушталат;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке (МКЖӨБМА):

  • “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жоболордо баяндалган механизмдердин практикага киргизилишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп туруу;
  • ЖӨБ органдары мамлекеттик социалдык заказ механизмин кантип колдонуп жатканына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
  • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун жаңы механизмдерин колдонууну жана иштеп жаткан механизмдерин кеңейтүүнү жөнгө салган типтүү документтерди иштеп чыгуу, анын ичинде Демилгелүү бюджеттөө (катышуу бюджети) механизмин киргизүү боюнча Орусия Федерациясынын тажрыйбасынын, жергиликтүү өнүгүүнү пландаштырууга жарандардын санариптик ыкма менен катышуусун уюштуруу боюнча Монголиянын тажрыйбасынын негизинде ишке ашыруу сунушталат;

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

  • калктын аялуу катмарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын механизмдерин, анын ичинде Орусия Федерациясынын тажрыйбасынын негизинде демилгелүү бюджетти (катышуу бюджетин) андан ары иштеп чыгууга жана тактоого МКЖӨБМАга көмөк көрсөтүү сунушталат;
  • мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосунда бюджеттер аралык диалогду уюштуруу боюнча ишти улантуу сунуш кылынат;
  • “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталын (www.myktyaimak.gov.kg) кошо, бирок алар менен чектелбестен, жергиликтүү өнүгүү жөнүндө билимдерин башкаруу системасын өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү улантуу сунушталат;
  • ведомстволук багыттын алкагында муниципалдык кызматкерлерди, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо программасына жарандар менен өз ара аракеттенүү маселелерин кеңейтилген жана деталдуу түрдө киргизүү сунуш кылынат;
  • ЖӨБ органдарынын деңгээлинде жана райондук деңгээлде калктын керектөөлөрүн изилдөө же программанын артыкчылыктарын макулдашуу чөйрөсүндө Монголиянын тажрыйбасын (социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн райондук программаларын иштеп чыгууда жана артыкчылыктуусун тандап алууда) интеграциялоо формасын ылайыкташтыруу сунушталат.

Бул резолюция 2022-жылдын 3-мартында “Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” Конференциясынын катышуучулары тарабынан кабыл алынды. Катышуучулар резолюцияны бир добуштан колдоп беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын Конференциянын уюштуруучуларынын атынан протоколдук топ белгилеп, тастыктайт. Протоколдук топтун курамы:

Ч.АЧИКЕЕВА, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;

Ш.АЛИШЕВ, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” ЮЖБнын өкүлү;

А.БУЗУРМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;

А.ИСМАНОВА, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын өкүлү.

 

Окшош материалы: