Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу сүрөтчүлөрдүн көзү менен

2021-12-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу сүрөтчүлөрдүн көзү менен

Жаңылыктар түрмөгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун комдук байланыш боюнча адиси Н. ЖАМАНКУЛОВА даярдады.

2021-жылдын 1-ноябрында “БУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” аттуу плакаттар конкурсу старт алды. Конкурсту Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору уюштурууда. Жалпы байге фонду 130 миң сомду түзөт. Конкурстун негизги маалыматтык аянтчасы: ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg)

Баяндамачылардын Бишкектеги семинары маалында сүйлөгөн сөздөрүнүн жазуусу төмөнкү шилтемеде: https://www.youtube.com/embed/oZcl27OrJpk Визуалдык образдар жана көркөм чечмелөө аркылуу жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон укуктары жөнүндө түшүнүктү кеңейтүү конкурстун максаты болуп саналат. 2021-жылдын 29-октябрынан 12-ноябрына чейин Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле конкурстун алкагында плакаттарды даярдоонун ыкмалары жөнүндө багыт берүүчү семинарлар өткөрүлдү. Плакаттар конкурсунун координатору Жылдыз Керимованын айтымында, конкурстун темасы жарандардын жергиликтүү бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышуусуна, бардыгы үчүн, анын ичинде аялдар, жаштар, кары-картаңдар, мигранттар, азчылыктар жана жамааттын башка мүчөлөрү үчүн жергиликтүү өнүгүүгө, ошондой эле жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүчү кызмат көрсөтүүлөр темасына байланыштуу болду.

Конкурстун консультанттары Наталья Андрианова менен Гамал Бөкөнбаев өз кезегинде плакаттарды жазуу тарыхы, ошондой эле плакаттар аркылуу негизги маанини жана көйгөйлөрдү жеткирүүнүн жолдору менен тааныштырышты.

Семинарларга сүрөтчүлөр, жергиликтүү активисттер, искусство окуу жайларынын студенттери, ошондой эле плакаттарды даярдоого кызыккан жана тиешеси бар шаар тургундары катышты. 

 

Окшош материалы: