Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария өкмөтү каржылаган долбоорлордун Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү

2021-12-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Швейцария өкмөтү каржылаган долбоорлордун Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү

Жаңылыктар түрмөгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун комдук байланыш боюнча адиси Н. ЖАМАНКУЛОВА даярдады.

2021-жылдын 1-октябрында Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДККЖ) долбоорлорунун Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Жыйынга КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (АӨМА), КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун (ЖӨБ Союзу), ЖӨБ органдарынын, Мамлекеттик кадр кызматынын, КР Экономика жана финансы министрлигинин, Өнүктүрүү саясат институтунун, Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын (БАЖӨБА) өкүлдөрү катышты.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Р.Алыкулов“ЖӨБдүн өнүгүүсү: анын ичинде Швейцария Өкмөтү колдоого алган (ЭҮЖӨБОЖ жана ЖДККЖ) долбоорлордун абалына, негизги жетишкендиктерине АӨМАнын көз карашы. Көйгөйлөр жана чечилбеген маселелер. Мүмкүнчүлүктөр жана жетүүнүн жолдору” темасын ачып берди. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү тарыхына, учурдагы абалына, негизги жетишкендиктерине, АӨМАнын статусуна, көйгөйлөргө жана аларды чечүү жолдоруна, ошондой эле муниципалдык башкаруу системасына киргизилип жаткан санариптик чечимдерге кеңири токтолду. Катышуучулардын өзгөчө көңүлү “Санарип аймагы” АМСтин, системанын кошумча модулдарын иштеп чыгуу үчүн пландаштырылган мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

КР ЖӨБ Союзунун директору Б.Орозбаев жыйындын катышуучуларына жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу айтып берди, ошондой эле Швейцария Өкмөтүнүн КР ЖӨБ Союзуна көрсөткөн колдоосунун негизги принциптерине токтолду: системалык өзгөрүүлөрдү колдоо, “жыйынтыкка улуттук менчик, уюмдун өнүгүү стратегиясына ылайык ЖӨБ Союзун колдоо” принциби.

Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Б.САГЫНБАЕВ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу, Мамлекеттик кадр кызматынын практикасына сереп (мамлекеттик заказ), жетишкендиктери жана милдеттери, мүмкүнчүлүктөрү жана ага жетүү жолдору тууралуу баяндама жасады.

Муниципалдык кызматчылардын кесипкөй квалификациясын жогорулатуунун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын чыңдоонун келечектеги системасынын образы тууралуу ӨСИ башкаруусунун төрайымы Н.Добрецова баяндама жасады. Катышуучулар ошондой эле Борбордук Азиядагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын ишинин негизги багыттары жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы менен таанышты, анын жүрүшүндө БАЖӨБАнын директорунун милдетин аткаруучу А.Джунушалиева муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуу боюнча Академия пландап жаткан иштерге кененирээк токтолду.

ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү ЖӨБ Союзу, ЭҮЖӨБОЖ жана ЖДККЖ долбоорлору, ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталы менен иштөө тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти, ошондой эле кызматчыларды окутуу маселелеринде БАЖӨБАга колдоо көрсөтүштү.

 

Окшош материалы: