Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ мыкты тажрыйбалар Порталы үчүн жаңы мисалдар даярдалат

2021-12-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБ мыкты тажрыйбалар Порталы үчүн жаңы мисалдар даярдалат

Жаңылыктар түрмөгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун комдук байланыш боюнча адиси Н. ЖАМАНКУЛОВА даярдады.

18-ноябрда Нарын шаарында Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы райондорунун, 23-ноябрда Талас шаарында Талас облусунун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары үчүн практикалык тренингдер өткөрүлдү.

Тренингдин негизги максаты – мыкты тажрыйбаларды аныктоо жана даярдоо, алардын мисалдарын жазуу үчүн КР ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын маалыматтык өнөктүгүн өткөрүү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга Порталда каттоодон жана  верификациялоодон өтүү процесси, “Муниципалитет” журналы жөнүндө маалыматтар берилип, мыкты тажрыйбалардын формасын толтуруунун эрежелери жана жол-жоболору түшүндүрүлүп, анын ичинде ишке ашырылган тажрыйбанын жүрүшүн жана жыйынтыктарын тастыктаган документтер тууралуу маалымат да берилди; сүрөт жана видеоматериалдарды даярдоо, YouTube каналында тасмаларды жайгаштыруу ж.б. өңдүү Порталдын “Мыкты тажрыйба” бөлүмүнө алдыңкы тажрыйбаларды өз алдынча жайгаштыруунун жолдору көрсөтүлдү, Порталдын түзүмү жөнүндө маалымат да берилди.

Тренингдин жыйынтыгында ар бир катышуучу өзүнүн муниципалитетинде ишке ашырылган тажрыйбанын бир мисалынын негизинде мыкты тажрыйбанын долбоорун даярдады. Өздөрүнүн айыл өкмөттөрүнө кайтып келгенден кийин алар Порталга андан ары жайгаштыруу үчүн өздөрүнүн мисалдарын тиешелүү сүрөттөр жана тастыктоочу документтер менен толукташты.

Тренингдерди Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору өткөрдү.

 

Окшош материалы: