Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тажрыйба алмашуу – жаңы билимди алуунун эң натыйжалуу ыкмасы

2022-01-11 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Тажрыйба алмашуу – жаңы билимди алуунун эң натыйжалуу ыкмасы

ЖМК үчүн маалымат: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg

2021-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун муниципалитеттери1 арасында тажрыйба алмашуу болуп өттү. Иш-чара жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын горизонталдуу өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында уюштурулду. Иш-чара Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылдык аймагында өттү.

Тажрыйба алмашуу сапарына 60тан ашык адам – Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана өкүлдөрү, эки райондун айыл өкмөттөрүнүн башчылары, айылдык кеңештердин төрайымдары катышты.

“Иш-чара Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жаңы кабыл алынган негизги мыйзамдар жөнүндө маалымат жана түшүндүрмө берүү максатында уюштурулду. Мындан тышкары, катышуучулар жеринде Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү практикасы жана муниципалитеттин коммуналдык кызматтарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, суу алуучу жайда болушту, айылдагы жол куруу жана жарыктандыруу иштери менен таанышып, муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде мугалимдер үчүн жаңы курулган үйлөрдү көрүп чыгышты”, - деп айтып берди Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ.

Ошондой эле катышуучуларга Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) аркылуу кызматкерлерди ведомстволук окутуу темасы тартууланды.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасын Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларынын катышуусу менен уюштурду.

Окшош материалы: