Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ишкерлер үчүн салык боюнча тренингдер

2014-02-15 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Ишкерлер үчүн салык боюнча тренингдер

«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс»долбоорунун жаӊылыктары (ЭỴЖӨБОЖ ДОЛБООРУ)

 

2014-жылдын январында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл, Күн-Чыгыш жана Ак-Терек айылдык аймактарында (АА) “Салык текшерүүлөрү: биз эмнелерди билишибиз керек?”,“Рейддик салык көзөмөлү” жана “Жергиликтүү бюджет” деген аталышта тренингдер өттү. Тренингдер Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги:бюджеттик процесс” Долбоору (ЭҮЖӨБОЖ) менен биргелешип Борбор Азияда салык салуу маселелери боюнча IFC долбоорунун алкагында уюштурулду. Тренингдер салыктарды администрациялоо чөйрөсүндө ишкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөдү.Тренингдерге үч айылдык аймактын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, айыл өкмөт кызматкерлеринин, чакан жана орто бизнес ишкерлеринин санынан 66 адам катышты. Окутуучу иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга ишкерлердин укуктары жана милдеттенмелери, “рейддик салыктык көзөмөл” түшүнүгү, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттөө боюнча материалдар таратылды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун катышуусу “Жергиликтүү бюджет” темасына өзөктүү сессиялардын бирин өткөрүүдө камтылды. Аны Долбоордун муниципалдык каржы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ сунуштады. Ар бир катышуучу жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана аткарууда өзүнүн жеке кызыкчылыгын жана ролун баамдады. Башкача айтканда катышуучулар жергиликтүү бюджетке өз салымын түшүнүп, ЖӨБ карамагына түшкөн бул каражаттар кантип сарпталаарына өзгөчө кызыгууну сезишти. Тренингдин жүрүшүндө салыктардын түрлөрү боюнча чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн суроолору өтө көп болгонун белгилей кетүү зарыл.Катышуучулар жергиликтүү бюджет темасын кызуу талкуулашты, анткени тренингге бюджеттик процесстин бардык негизги катышуучулары чогулган эле: негизги салык төлөөчүлөр катары ишкерлер,жергиликтүү бюджетти иштеп чыгуучу жана аткаруучу катары айыл өкмөтү жана жергиликтүү бюджетти бекиткен жана көзөмөлдөгөн мыйзам чыгаруучу орган катары жергиликтүү кеңештин депутаттары.Тренингдин соңунда катышуучулар мындай тренингдерди же иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешти. Анткени бул иш-чаралар жергиликтүү ишкерлердин аң-сезимине да таасирин тийгизет. Максат ЖЭЭНБАЕВ, жеке ишкер, Ак-Терек АА: “Мен биринчи жолу ушундай тренингге катыштым. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бюджет бул жергиликтүү жамааттын бюджети болгонун, мен салыкты (ыктыярдуу патенттен) 100% жергиликтүү бюджетке төлөп жатканымды билген эмесмин.
 
Демек менин акчам кантип сарпталып жатканын билүүгө толук укугум бар”. “Мен төлөгөн бардык салыктар жергиликтүү казынага түшөөрүн билген эмесмин. Эми мен төлөгөн салык кайда жумшалып, мага кандай формада кайтарылып жатканын сөзсүз сурайм”, - дейт Бостери айылынан жеке ишкер Н. АЛЫМБАЕВА. Кара-Ой айылынан анын кесиптеши, жергиликтүү кеңештин депутаты Ж. САПАШЕВ да мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп туруунун пайдасын белгиледи.“Тилекке каршы бүгүн тренингге биздин айылдын бизнес жамаатынын 5% жакыны гана катышты. Муну бардык бизнес өкүлдөрү үчүн өткөрүш керек. Анткени бул чындап эле бизнес үчүн өтө керектүү тренинг экен. Мисалы, мен патентти 90-180 күнгө алса болоорун билген эмесмин”. 
 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ишмердигин жергиликтүү  жамааттар менен тыгыз кызматташтыкта уюштуруунун негиздери” кластердик тренингдер

30-январдан 28-февралга чейинки аралыкта Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймагында “Жергиликтүү өз алдынча башкару- унун өкүлчүлүктүү органдарынын ишмердигин жергиликтүү жамааттар менен тыгыз кызматташтыкта уюштуруунун негиздери” темасында кластердик тренингдер өттү. Тренингдер жергиликтүү кеңештин ишин натыйжалуу пландоо жана уюштуруу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ишмердигин уюштурууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарына көмөктөшүү максатын көздөдү.

Айылдык кеңештердин компетенциясына кирген маселелер жана жарандардын кеңештердин ишине катышуусу талаш-тартыштарды жана талкууларды жаратты. Кеңештин компетенциясына келгенде кеңештердин төрагалары жана туруктуу комиссиялардын төрагалары бул комиссиялардын иш тартибин жана аны уюштурууну; жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусун, алардын укуктарын жана милдеттенмелерин, жашоочулардан түшкөн арыздардын негизинде депутат текшерүү жүргүзө алабы деген маселелерди толук өлчөмдө түшүнбөй турганы белгилүү болду. Депутаттар көзөмөл маселелерине, мисалы, мектепте жылуулук болбой, мунун айынан окуулар токтотулса өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жарандардын сурап-билүүлөрүнө жооп берүүгө кызыгышты. Депутаттарды депутаттык комиссия кантип түзүлөөрү, текшерүү кантип жүргүзүлөөрү, эмне текшериле турганы кызыктырды. Депутат жашоочулардын маморгандарга жолдогон арызына байланыштуу депутаттык сурапбилүүнү жиберүүгө, бул маселени комиссиянын жыйынында же кеңештин сессиясында карап чыгуу демилгесин көтөрүүгө укугу барбы?
 
Өзгөчө көп кыйынчылыктар кеңеш жана анын органдарынын айыл өкмөтүнүн адистери менен өз ара аракеттешүү процессинде пайда болду. Анын ичинде:
 
  • кеңештин депутаты айыл өкмөтүнүн адисинен маалыматты талап кыла алабы;
  • айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары боюнча милдеттерди кантип бөлүштүрсө болот (депутаттар социалдык маселелер боюнча комиссияга өтө көп иштер жүктөлгөнүн жана комиссиялар ортосундагы жүктү тең бөлүштүрүү керектигин айтып чыгышты);
  • туруктуу комиссиялардын жана жалпысынан кеңештин ишин кантип пландоо керек, анын ичинде туруктуу комиссиянын жыйындары үчүн маалыматты кантип алса болот, кеңеш кабыл алган чечимдерге көзөмөлдү кантип жүргүзүү керек;
  • туруктуу комиссиялар маселени АК сессиясынын кароосуна алып чыкпастан эле чече алабы? Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларына карата түшүнүк ар кандай болгону аныкталды.Катышуучулар ачык сессия дегенде жашоочулардын сессияга кирүүгө укугу бар дегенди, б.а. жарандар кеңештин сессиялары кантип өтөөрүн көрө алат дегенди түшүнөөрү маалым болду. Кээ бир гана катышуучулар ачык сессия – бул сессияга чейин жана андан кийин маалымдоо, карала турган маселелер боюнча сунуштарды чогултуу, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештердин айыл тургундарын сессияга чакыруусу жана кабар берүүсү өңдүү иш-чаралардын комплекси экенин айта алышты. Кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштуруу маселелерин алып караганда, катышуучулар бюджеттик комиссияларды кошпогондо,туруктуу комиссиялар өз ролун жетиштүү деңгээлде аткарбай жатканын, б.а., сессияга чыгарыла турган маселелер алдын ала каралбай турганын, кеңеш кабыл алган чечимдерге көзөмөл жүргүзүлбөй келатканын айтышты.Тренингдин натыйжалары боюнча катышуучулар, анын ичинде туруктуу комиссиялардын төрагалары:
  • жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын ишин кантип туура уюштурса болоорун билишти;
 
  • кеңештин планынын долбоорун түзүү боюнча билим алышты;
  • долбоордун модели жана маалымат алмашуу боюнча билим алышты;
  • өз алдына маселе коюшту – кеңештин (анын ичинде туруктуу комиссиялардын) регламентин жана планын бекитүү боюнча ачык сессияларды өткөрүү маселелерин макулдашуу.

Жалал-Абадда 2014-жылдын бюджети боюнча  пресс-сессия өттү

2014-жылдын 14-февралында Жалал-Абад шаарында облустагы журналисттердин жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-сессия өттү. Пресс-сессиянын баяндамачысы болуп “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджет- тик процесс” долбоорунун бюджеттер аралык мамилелер боюнча адиси Асылбек ЧЕКИРОВ чыкты. Пресс-сессиянын жүрүшүндө журналисттердин көңүлүнө мамлекеттик бюджет, анын структуралары, салыктар, кирешелер жана чыгашалар тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар менен биргеликте эксперттер киреше булактарын карап чыгып, республикалык бюджеттин негизги киреше булагы катары салык төлөөчүлөрдүн абалын жана турумун талкуулашты. Катышуучулар 2013-жылдын IV-кварталында колдонулган бюджетти кыскартуу механизми менен таанышып чыгышты. Талкуунуннатыйжасында катышуучулар 2014-жылы кабыл алынган бюджет реалдуу болгон деген бир пикирге келишти. Бажы системасын автоматташтыруу маселеси катышуучуларда өзгөчө кызыгууну жаратты.

Мунун жардамы менен акыркы үч жылда мамлекеттин бюджетине көп каражат жиберилген. Журналисттер сандарды туура колдонуу жана чечмелөөгөтиешелүү суроолорду узатып, кургак каржы документтеринде кантип “сандарды окуса” болот деп кызыгышты. Жалалабаддык журналисттердин баамында, бюджет темасы бардык мезгилдерде актуалдуу. “Биз бул теманы улуттук да, жергиликтүү да деңгээлдерде талкуулашыбыз керек, - деп эсептейт “Жалал-Абад үнү” шаардык гезитинин башкы редактору Мейманбү АКЖОЛО ВА. – Ал парламентте жабык эшик артында талкууланбаш керек”.

ЖӨБ органдары менен жергиликтүү  жамааттардын ортосунда өз ара маалымат алмашууну күчтөндүрүү боюнча семинарлар

2014-жылдын февраль айынын ортосунан баштап, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук муниципалитеттеринде ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы маалымат алмашууну күчтөндүрүү боюнча практикалык семинарлар өттү. Аймак жашоочулары үчүн маанилүү жана зарыл болгон маалыматты жайылтууда жамаат менен ЖӨБ органдарынын дараметин жана активдүүлүгүн жогорулатуу тренингдин негизги максаты болду. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга ушул жылдын январында калк арасында коомдук мааниге ээ маалыматты жайылтуу боюнча жүргүзүлгөн анкетанын жыйынтыктары берилди.

Практикалык көнүгүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар дубал гезиттерин даярдашып, анда аймактын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кандай ишчаралар өткөрүлгөнүн сүрөттөп беришти; стенддерде кандай маалымат жетпей жатканын жана кайсы маалыматты жамаат АӨ аппаратынан жана жергиликтүү кеңештен алгысы келээрин плакаттарга жазышты. АӨ адистери бардык аймак боюнча маалымат такталарын толуктап, жаңылоого сөз беришти. Ал эми анын алдында айыл өкмөтүнүн аппараты айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан маалымат тактасын толуктады.
 
Өз кезегинде демилгелүү топтордун мүчөлөрү өз айылдарында маалыматты жайылтууда колдон келген жардамды бере алаарын, анткени муниципалитеттин бардык тургундарына маанилүү маалыматты АӨ адистеринин гана аракети менен жеткирүү оор экенин түшүнүп жатышканын белгилешти. Катышуучулардын сөзү боюнча, мындай семинарлар маалымат алмашуу ЖӨБО үчүн да, калк үчүн да өтө маанилүү болгонун түшүнүүгө жардам берет. Анын үстүнө аппараттын өзү да кээде аймактын бардык булуң-бурчуна болгон маалыматты жеткирүүгө күчү болбогонун жергиликтүү жамаат да түшүнүшү керек. Ал эми айыл активисттери жанабашкалар айылдаштарын маалымдоодо олуттуу жардам көрсөтө алмак.
Айылдык аймактын башчысы Р. ШЕРГАЗИЕВ: “Мен калкка маалыматты өз убагында жеткирүү өтө маанилүү деп эсептейм. Жеке тажрыйбадан көргөндөй, бюджет, иш-чаралар тууралуу маалыматты бергенден кийин аймакта жашоочулар тарабынан даттануулар жана нааразычылыктар бир топ азайды”.
 

Бюджеттик кодекс: комментарийлер, суроолор, жооптор

2014-жылдын 19-февралында Бишкек шаарында КР Бюджет кодексинин долбоору боюнча пресс-сессия өттү. Пресс-сессиянын баяндамачысы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун бюджеттер аралык мамилелер боюнча адиси Назира ТЮЛЮНДИЕВА болду. Модератору – долбоордун мазмуну боюнча менеджери Асылбек ЧЕКИРОВ. Пресс-сессияга КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын өкүлү Б.К.НАРБЕКОВ катышты. Пресс-сессиянын катышуучуларынан бир топ суроолор түштү. Биринчи кезекте Бюджет кодексин кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Журналисттер Бюджет кодексин киргизүү бюджеттик мыйзамдардын туруктуулугун кепилдемек дегенге макул болушту. Анткени ченемдик укуктук акттардын иерархиясында кодекс  кадимки мыйзамдан жогору турат. Учурда статусу  бирдей болуп калганда негизги мыйзамга айрым жерлеринен карама-каршы чыккан тармактык мыйзамдар келечекте негизги бюджеттик принциптерди “бошоңдото” албайт.Каржы министрлигинин коррупциялык схемалар үчүн негиз болуп берчү жаңы ыйгарым укуктары маселеси (73-берене) катышуучуларда өзгөчө кызыгууну жаратты. Каржы министрлигине төмөнкүлөргө уруксат берилет деп болжолдонууда:
 
  • Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда бюджеттердин каражаттарынын учёту боюнча эсептерди жана мыйзамдарда каралган убактылуу эркин каражаттарды жайгаштыруу үчүн башка эсептерди ачууга;
  • Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда  республикалык бюджеттин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырууга;
  • бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсеп ачууга уруксат берүүгө.
Катышуучулардын баамында, мындай ыйгарым укуктар президент, өкмөт жана ЖК жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы саясатына кайчы келет. 2014-жылдын 28-февралында Бишкекте Бюджет кодекси боюнча парламенттик угуулар өттү. Ага эксперттер Асылбек ЧЕКИРОВ менен Назира ТЮЛЮНДИЕВА да катышты. Угуулар маалында алар Бюджет кодексинин долбооруна ӨСИ адистери даярдаган комментарийлерди беришти. Бул комментарийлерге ылайык, бюджеттин таңсыктыгынын чоңдугун жөнгө салуучу норма ар бир бюджеттик мыйзамдын негизги жоболорунун бири болуп эсептелет. Өз документинде ӨСИ эксперттери мамлекеттик бюджет таңсыктыгынын көлөмүнө мыйзам тарабынан чектөө киргизүү демилгесин көтөрүштү.
 
Күнүмдүк чыгашалар боюнча бюджет таңсыктыгын каржылоого тыюу киргизүү варианты өзгөчө максатка ылайыктуу болмок. “Мына ушундай эрежени киргизиш үчүн өнүктүрүү бюджетин күндөлүк чыгашалар бюджетинен бөлүп салуу зарыл. Ошондо биз насыялардын канчасын инвестициялар үчүн, ал эми канчасын күнүмдүк муктаждыктар үчүн тартып жатканыбызды так билмекпиз. Мындан улам өнүктүрүү бюджети мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин бөлүгү болуп калбаш керек”, - деп эсептейт Н.ТЮЛЮНДИЕВА. ӨСИ эксперттери каршы чыгып жаткан башка норма – бул тескери гранттар, б.а., жергиликтүү бюджеттерден кирешелерди тартып алуу. Мындай механизм КР Конституциясына карама-каршы келет. Анын үстүнө жергиликтүү бюджеттерден кирешелерди алып коюу ЖӨБ органдарынын аларды толуктоо үчүн аракеттенүүсүнө да терс таасирин тийгизет.
 
ӨСИ “ашыкча” каражаттарды өнүктүрүү максатында капиталдык долбоорлорго жумшоого шыктандырган жобо киргизүүнү сунуштайт.Башка бир маанилүү сунуш “Коомдук бюджеттик угуулар” беренесине тиешелүү. Бул беренеде бюджеттерди кароо жана бекитүү көз көрүнөө жана эл алдында ишке ашырылаары, бирок коомдук угуулардын жол-жобосунун өзү болсо ачыкталбай турганы айтылат. Жол-жобонун формалдашуусу бюджеттик айкындуулукту көтөрмөк.
Кодекс долбоорунда мамлекет менен ЖӨБ органдарынын аралаш милдеттенмелерин аныктоо,бюджеттердин артыкчылыгын белгилөө механизми, бюджеттик программалардын натыйжалуулугун ЖӨБ органдары тарабынан баалоонун тартиби ж.б. өңдүү маселелер да ийнине чыгарып кайра иштеп чыгууну талап кылат.

 

 

Окшош материалы: