Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пилоттук айылдык аймактардагы жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорун талкуулоонун натыйжалары мамлекеттик органдарга тартууланды

2014-02-13 / Жарандык катышуу
Пилоттук айылдык аймактардагы жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорун талкуулоонун натыйжалары мамлекеттик органдарга тартууланды

Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын жаңы редакциясынын долбоору ЖӨБЭММА менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ортосундагы Биргелешкен аракеттер планына ылайык иштелип чыкты.

 
2014-жылдын 17-январында Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана  этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик (мындан ары – ЖӨБЭММА) менен биргелешип ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) Бишкекте “Пилоттук айылдык аймактардагы жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорун талкуулоонун натыйжалары” темасына тегерек столдогу талкууну өткөрдү. Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын жаңы редакциясынын долбоору ЖӨБЭММА менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ортосундагы Биргелешкен аракеттер планына ылайык иштелип чыкты. 2013-жылдын 4-ноябрынан 20-декабрына чейинки мезгил аралыгында Уставдын долбоорун Кыргызстандын үч пилоттук айылдык аймагындагы (Чүй облусундагы Ивановка АА, Жалал-Абад облусундагы Ленин АА жана Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой АА) жергиликтүү жамааттар кеңири талкуулашты.Өткөрүлгөн иш-чаралардын негизги максаттары төмөнкүлөр болду:
 
  • жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын катышуусу менен пилоттук айылдык аймактарда аталган документти кеңири талкуулоо,
  • жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын сунуштарын чогултуу,
  • кошумча суроолорду жана аларды муниципалитеттин географиялык, этникалык, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнөн улам жөнгө салуунун жолдорун аныктоо. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери Г. ШАМШИДИНОВА жана Б. ОРОЗБАЕВ жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорунун актуалдуулугу жана негизги жоболору тууралуу айтып беришти; пилоттук айылдык аймактарда жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулоо боюнча ӨСИ ЖӨБЭММА менен биргелешип өткөргөн ишчараларды сүрөттөп беришти; жергиликтүү жамааттын Устав долбоору боюнча жарандардан түшкөн сунуштар менен тааныштырышты.
“Тегерек столдун” катышуучуларынан жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын текстин өркүндөтүү боюнча жаңы кошумчалар жана сунуштар түштү. Каалоочулар өз кошумчаларын жана сунуштарын жиберип, андан соң жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын тексти толукталып, ЖӨБЭММАнын бекитүүсүнө жиберилет деген чечим кабыл алынды.М