Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (92) 20 Август 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттын уставы: аймактын чакан “конституциясын” талкуулоонун хроникасы

2014-02-13 / Жарандык катышуу
Жергиликтүү жамааттын уставы: аймактын чакан “конституциясын” талкуулоонун хроникасы

Үч айылдык аймакта жергиликтүү жамааттын Уставынын жаңы долбоорун талкуулоосу өзүнүн чакан Конституциясын – аймактын тургундары жергиликтүү жамааттын Уставын ушундай деп атап алышкан – алгачкы чыныгы талкуулоо катары балким өлкөнүн тарыхында калышы мүмкүн.

 
“Жергиликтүү жамааттын Уставы (ЖЖУ) үчүнчү жолу бекитилип жатат. Бирок мурда бул нерсе жетекчилердин бөлмөсүндө болуп келсе, азыр кеңири талкууга коюлду. Калк талкууга активдүү катышууда, - деп өз пикири менен бөлүштү жергиликтүү лидерлердин бири. – Биздин негизги тапшырмабыз – бул документ бурчта чаң басып жата бербестен, иштей башташ керек. Мында мыйзамдар менен карама-каршылыктар да болбош керек”.Сөз үч айылдык аймакта өткөн чогулуштар тууралуу жүрүп жатат. Бул жерде адамдар деталдуу түрдө, ар бир пункту боюнча жергиликтүү жамааттын Уставынын жаңы долбоорун анализдеп чыгышты. Аны кимдир бирөө жамааттын чакан Конституциясы деп да атап койду. Талкуунун натыйжасында бир топ карама-каршылыктар – келечекте олуттуу тоскоолдук жарата алчу жана айылдын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон “суу түбүндөгү таштар” аныкталды. Бирок бардык жасалган иштин натыйжасы боюнча бүгүн жасай ала турган эң маанилүү тыянак – адамдар алардын биргелешип жашоосунун бардык эрежелери баяндалган, ар бир айылдык аймактын өзгөчөлүгү эсепке алынган документтин маңызын түшүндү.
 
Бир Устав экинчисине окшобойт
 
Адегенде ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун эксперттери бир катар айылдык аймакта жүргүзгөн изилдөөлөр жана жергиликтүү жамааттын колдонуудагы Уставдарына (мындан ары – ЖЖ Уставы) жасалган анализ бул документ буга чейин кагаз бетинде гана жашап келгенин көрсөткөнүн белгилей кетүү зарыл. Ал иштечү эмес, андыктан эч кандай күчкө ээ болгон эмес. Бул эксперттерди үч пилоттук аймакта сыналып, бекитилген документтин жаңы долбоорун иштеп чыгууга түрттү. Маанилүү роль талкууларга бөлүндү. Алардын максаты айылдын жергиликтүү көйгөйлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо жана чогуу жашоонун атайын иштелип чыккан эрежелеринде – жергиликтүү жамааттын уставында жазылган географиялык, этникалык, салттуу жана башка өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу болду. Талкуулоо үчүн Ивановка АА (Чүй облусу), Ленин АА (Жалал-Абад облусу) жана Кара-Ой АА (Ысык-Көл облусу) тандалып алынды. Бул үч АА кокустан гана тандалып калган жок. Бул муниципалитеттер түрдүү критерийлер боюнча – географиялык жайгашуусу, этникалык курамы жана башка жактары боюнча пилоттор катары баарынан да туура келишти.Биринчи баскычында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери үч АА 118 катышуучусу үчүн окуу семинарларын өткөрүштү. Алардын арасында АӨ кызматкерлери, АК депутаттары, квартал башчылары, айыл башчылары, мекемелердин жетекчилери жана жамааттын лидерлери бар. Алар өз кезегинде талкуу планын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу топту тандап алып, иш-чаралардын планын түзүштү. Планга ылайык, тренингдин катышуучулары жеринде – өз жамааттарында, уюмдардын мекемелердин жамааттарында, кварталдарда,көчөлөрдө ЖЖ Устав долбоорун талкуулоо боюнча чакан чогулуштарды өткөрүштү. Жалпысынан 22 чакан чогулуш өткөрүлүп, ага 1000ге жакын адам катышып, алардан 149 сунуш түштү. Андан соң үч пилоттук аймактагы айылдардын ар биринде дагы 7 чогулуш өтүп, 314 тургун катышып, алар 46 тема боюнча 68 сунушту беришти Ошентип ЖЖ Уставын талкуулоого ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдары (АК депутаттары жана АӨ кызматкерлери) жана айылдын карапайым тургундары – дыйкандар, мугалимдер, пенсионерлер, жумушсуздар, жамаат лидерлери, жаштар ж.б. – болуп 1288 адам катышты. Үч АА иш-чаралардын (чакан чогулуштар жана айылдын жалпы жыйындары) жалпы саны 29 болуп, баары болуп 149 сунуш түштү. Талкуунун алып баруучулары катары айылдык кеңештердин төрагалары чыгып, ЖЖ Уставынын маанисине жана анын жалпысынан аймактын өнүгүүсүнө таасирин тийгизген, айыл тургундарынын биргелешип жашоосунун негизги эрежелери катары артыкчылыктары болгонуна токтолушту.Талкууга катышкан калктын активдүүлүгү жогору болду. Аксакалдар жана элеттин карапайым тургундары тарабынан көптөгөн маанилүү жана кызыктуу сунуштар түштү. Алар таза жана сугат сууга жеткиликтүүлүк, таштанды чыгаруу, жолдорду оңдоо жана каналдарды/арыктарды тазалоо, маданий өнүгүү, жаштардын бош убакытты өткөрүүсү ж.б. маселелерди, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге кирбеген социалдык маселелерди да көтөрүп чыгышты.
 
Көкөйгө тийген көйгөйлөр жана эмнелер тоскоолдук кылууда?
 
Адамдар суу чөйрөсүндө таптакыр башаламандык жана тартипсиздик орногону тууралуу айтышты. Алар бийликтен тартипти – мирабдардан ишин так аткаруусун, СПА менен келишимге кол коюуну талап кылышты. Айылдыктар таза суу менен толук кандуу камсыздоону, аны жеке секторго белгилүү бир убакытта, башаламан эмес, кезек-кезеги менен берүүнү, өз убагында төлөнүшүнө көз салууну, суу бербегени үчүн айып салууну талап кылышты. Ленин АА айылдарынын биринде тургундар эч кимге баш ийбеген жергиликтүү электр кызматкерлеринин ишке болгон мамилесине нааразылыгын билдиришти. Элеттиктердин айтымында, алар өздөрү каалаган үйдүн жарыгын өчүрүп салышат, чоң айыптарды жазып беришет, андан кийин токту кошуп бергени үчүн 250 сомдон пара алышат. Бул дооматтардан кийин АК төрагасы РЭС жетекчисин кеңештин сессиясына чакырып, бул маселени биргелешип чечүүнү сунуштады. “Бирок көп учурда колдонуучулар өздөрү эрежелерди бузат, ал эми электриктер мына ушундан пайдаланып калышат.Андыктан алардан мыйзамдуулукту сактоону талап кылаардан мурда пара опузалоого шарт түзбөш үчүн биз өзүбүз да бардык шарттарды так аткарышыбыз керек”, - деди ал.
 
Чогулушта дүйнөдөгү саясий кырдаал жана алардын биздин өлкөгө тийгизчү таасири да талкууга алынды. Адамдарда шек туудурган диниятчылардын активдешүүсү жана жаштарды согуш жүрүп жаткан жерлерге барууга үндөөлөр адамдарда олуттуу кооптонууну жаратты. Ленин АА аксакалдарынын бири буга байланыштуу буларды айтты: “Көптөр динге жамынып алып, мыйзамсыз иштерди жасоодо, балдарыбыздын башын айландырып жатышат. Мындай иштерге бөгөт коюш керек. Болгондо да тез аранын ичинде! Даватчылардын үйлөрдү кыдырып, үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салыш керек”. Бул маселе кызуу талаш-тартыштарга жем таштады. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси
 
Манас МАВЛЯНОВ даватчылардын ишин имамдар айыл башчысы менен биргелешип көзөмөлдөшү керектигин айтты. Айыл аксакалдары өз кезегинде дин өкүлдөрүн чогулуп, жаштардын согушка тартылып кетүүсүнө жол бербөө маселесин талкуулоону сунушташты.
 
Элеттиктер өзгөрүүлөрдү жана тартипти каалашат
 
Чогулуштарда сугат суу уурдаган адамдарды, салык төлөбөгөндөрдү, өздөрү жашаган аймакта таштанды чыгарбаган тургундарды жазалоого тиешелүү түрдүү сунуштар түштү. Алар: калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алардын сүрөттөрүн тактага илүү, айыпка жыгылгандардын “кара тизмесин” түзүп, аларга айыл өкмөтүнөн эч кандай маалымкаттарды бербөө, коомдук иштерге тартуу, алардын маселесин аксакалдардын, квартал башчыларынын жана участкалык милициялардын катышуусу менен талкуулоо.Кара-Ой АА тургундары айлана-чөйрөнүн абалына тынчсыздануусун билдиришти. Алар экологияны коргоо боюнча комиссия түзүүнү, АА аймагындагы бардык пансионаттардын тазалоочу жабдууларды, канализацияны ж.б. колдонушуна көзөмөлдү жөнгө салууну ж.б. сунушташты. Ал эми Ивановка АА тургундары ЖЖ Устав долбоорунда таштанды маселесин чечүүгө тиешелүү пунктту “Экологиялык коопсуздук” деп атагысы келет. Ал жерде айылдардын тазалыгын сактоонун жана экологияны коргоонун бардык эрежелери жазылат. Алар: таштанды качан чыгарыла турганын көрсөткөн графикти киши көп чогулган жерде илүү, таштандыны өрттөөгө тыюу салуу, көчөлөрдү тазалоо боюнча ай сайын ишембиликтерди уюштуруу. Ошондой эле адамдарды калдыктарды баштыктарга чогултууну, ишембиликти өткөрүү графигин сактабагандыгы графикти карманбаганы үчүн айып салуу, таштанды ыргытканы үчүн 1000 сом өлчөмүндө жазалоо, бактарды орнотуу, курулуш таштандысы  үчүн кошумча акы алуу, бардык соода түйүндөрүнүн ээлерин өздөрү соода кылган аймактагы тазалыкты сактоого милдеттендирүү, таштанды чыгаруу боюнча коммуналдык чарбачылыкты түзүү.
 
Бул аймактын чогулушунда АК депутаттарынын ак ниеттүү эмес иши тууралуу маселе көтөрүлдү.Мисалы, Ивановка АА айылдарынын биринде тургундар депутаттардын ишин ЖЖ Уставында өзүнчө пункт катары бөлүп жазууну, ал жерге депутаттар калктын өтүнүчтөрүнө жана каалоолоруна кулак төшөп, өз округдарында үзгүлтүксүз отчет берүүгө милдеттендирүүнү сунушташты.
 
  • Депутаттар жана айыл башчы активдүү эмес,биз атүгүл өз өкүлдөрүбүздүн жүзүн да көргөн эмеспиз. Андыктан айылда көйгөйлүү маселелер үйүлүп калды, - деди пенсионерлердин бири.
  • Аларды биз кандай жашаарыбыз, балдарыбыз кантип чоңоюп жатканы, эмнеге муктаж болгонубуз ж.б. кызыктырбайт. Биздин айылдык аймак бай, өтө көп пайдалуу иштерди жасаса болот. Бирок калк менен АК депутаттары ортосунда байланыш жок. Андыктан алар кварталына жок дегенде бир жолу биз менен жолугушуп, маселебизди чечүүгө жардам берип, өз иштери тууралуу отчет беришсин. АК төрагасы мындай сын пикирлер жүйөлүү болгонун тастыктады: бир эле айылдан 7 депутат шайланган, алар калк менен да жолукпай, АК сессияларына да катышпай жүрүшөт. Алар маал-маалы менен эгинди тебелеп салгандан улам чыгып кетчү жаңжалдарды жөнгө салууга жардамдашмак:шалаакы малчылар үйдөгү малды талаага жайышат. Айыл аксакалдарынын биринин баамында,бул эң көйгөйлүү темалардын бири. Ал катаал айып киргизүүнү, ошондой эле “малды майдын аягына чейин жайлоого чыгарып жиберүүнү, кайтарууну күчөтүүнү жана айлыгын 300 сом деп белгилеп, малчыны жалдоону” сунуштады. Чогулуштарда адамдар үй-бүлөлүк бюджеттин улам өсүп бараткан чыгашаларына да тынчсыздануусун билдиришти. Көптөр салт-жөрөлгөлөрдү, майрамдарды өткөрүүгө чыгашаларды кыскартууну сунушташты. Мисалы, үйлөнүү тоюнда жаштар отурчу машинелер бүгүнкү күндө коомдун балакетине айланды.
Ар бир машине үчүн 6-7 миң сом төлөнүп, 7-10 “Джип”, же “Хаммер” үлгүсүндөгү машинелер ижарага алынат. Ошондо бир нече саат үчүн ар бир машине эле 42- 60 миң сомду “жеп” коёт. Ал эми тойлордун, акыркы сапарга узатуу тажыясы, мааракелер канчалык чыгашалуу! Буга байланыштуу Ленин АА АК депутаты А. ТОЙ ЧИЕВ буларды айтты: “Чыгашаларды мүмкүн болушунча кыскартуу менен, биз балдар жакшы билим алып, татыктуу жана жакшы жашашы үчүн каражат үнөмдөйбүз. Азыр бардык каражаттарды мүмкүн болгон бардык майрамдарга сарптайбыз. Натыйжада акыркы сапарга узатуу тажыясын тойго айландырып жиберебиз, аксакалдар жаштар менен жарышып ичет.Андан кийин “тишибиздин кирин соруп”, тагдырыбызды наалып отуруп калабыз. Ушинтип жашаганды токтотолу, биз өнүкпөй эле, артка кеттик”.
 
  • Көпчүлүк аймактарда бул чыгашаларды кыскартып коюшту, эч ким муну аларга үйрөткөн жок,эч кандай долбоорлор иштеген жок, болгону адамдар өздөрү жашоосун өзгөртүүгө бел байлашты, - деп депутаттын сөзүн бейөкмөт уюмдун жетекчиси Бактыгүл АНАРБАЕВА колдоп чыкты. – Ушул ысырапкорчулуктун айынан айрым үй-бүлөлөргө балдарын окутууга, кийим-кече, китеп сатып берүүгө, үйдү жаңылоого акчасы жетпей калат. Бул караңгылыктын тамырын кыркыш керек.

Ушул эле жерден АК депутаты А.МУРАТАЛИЕВ убакытты текке кетирбестен үйлөнүү тоюнда жаштар минчү машиненин санын 5ке чейин кыскартууну, тойго чакырылган адамдардын санын 100 адамга чейин азайтууну, же тойлорду бюджетке чактап өткөрүүнү:эгерде бул акыркы сапарга узатуу тажыясы болсо,анда жылкынын ордуна кой союуну ж.б. сунуштады.

Айылдын молдосу мындай жүйөлөргө макул болду.Мектеп педагогдорунан болсо ДТ түзүү сунушу түштү. Бул топ айылдын түрдүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү изилдөө жана аларга анализ жасоо менен алектенмек. Айрымдар жооп катары мындай топтордун ар бир көчөдө түзүлүшүн каалашты.Айтор демилгелер биринин артынан бири жаралып жатты. Эки АА тургундары коррупция менен максаттуу күрөштү баштоону, жобо иштеп чыгып, мындай пунктту жергиликтүү жамааттын Устав долбооруна милдеттүү түрдө киргизүүнү өздөрү сунушташты.
 
Руханий жана маданий өнүгүү, улуттар аралык ынтымакты сактоо өңдүү маселелер да адамдардын көңүл сыртында калган жок. Бул пункттарды жергиликтүү жамааттын Уставына киргизүү зарыл болгонунан эч ким күмөн санаган жок. Айылдыктар клубдарды оңдоо жана жаңыларын куруу, ишчараларды өткөрүү үчүн маданий борборлорду уюштуруу, жаштардын бош убактысын, балдардын жана улуу муундун адеп-эстетикалык тарбиясын пландоо, китепканаларды ачуу, китеп фондун жаңылоо зарылчылыгы тууралуу көп айтышты.Мындан тышкары орто мектепти бүтүрө албай калгандар үчүн кечки билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу да сөз болду. Сөз сүйлөгөндөр кароосуз калган кары адамдарга көңүл буруп, камкордук көрсөтүү, үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоого катуу киришүү өңдүү моралдык жагы маанилүү маселелерди да козгошту. Ивановка АА Садовое айылынын тургуну ал жашаган айыл картага түшүрүлбөгөнүн, ал эми документтерде көчө катары жазылып калганын билдирди. Мындан улам жарандарды каттоого тургузуу/чыгарууда, ошондой эле таштанды үчүн акы төлөөдө кыйынчылыктар жаралат. “Жылына биз 240 сом төлөйбүз, ал эми башка айылдын жашоочулары бир кыйла аз төлөшөт”, - деп даттанды ал. Буга жооп кайтарып, Долбоордун укуктук маселелери боюнча адиси Бектур ОРОЗБАЕВ айыл статусун алуунун тартибин чечмелеп берип, документтерди даярдоонун жана аларды чогулуштарды, АК сессияларын өткөрүү ж.б. жолдору менен өкмөткө өткөрүүнүн тартибин түшүндүрүп берди.
 
Садовоенин тургундары санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулбашы үчүн (таштандылар, жыттар ж.б.) ири жана майда мүйүздүү малды бир короодо кармоо боюнча чектөөлөрдү киргизүүнү сунушташты. Мындай ыкмага баары эле макул боло берген жок, анткен менен жашоочулардын көпчүлүгү бул сунушту айрым бир түзөтүүлөр менен кабыл алышты.

 

  • Уюлдук телефон станцияларынын, ошону менен бирге “Бителдин” маселесин чечүү зарыл. Алар уруксат берилбеген жерлерде, жеке үйлөргө шыкап орнотуп, муну менен адамдардын саламаттыгына чоң зыян келтирилип жатат, - деп даттанды айыл тургундарынын бири.
Долбоордун юристи Бектур ОРОЗБАЕВ бул маселени чечүүдө көз карандысыз бааны алуу үчүн, станциялар зыян тийгизип-тийгизбегенин изилдөө боюнча комиссия түзүү зарыл экенин түшүндүрүп берди. Бул үчүн арыз жазуу керек, АӨ чара көрө турган комиссия түзүлүш керек. Уюлдук компаниялар станцияларды орнотуу үчүн биринчи кезекте жашоочулардын уруксатын алуу керектигин билүү зарыл.Депутаттардын бири эгерде башка айылда катталган, бирок ушул АА жашаган жаран дал ушул аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын сактоого жана аткарууга милдеттүү болоору туура экенин билдирди.Ал эми Ленин АА мектеп мугалими В.МАМЕДИЕВА андан да өтүп, айылдаштарына төмөнкүлөрдү сунуштады: “Ар бир үй-бүлө Уставга кол коюп берсин жана бул жергиликтүү Конституция болуп калгандан кийин баары аны сактоого тийиш. Ошондой эле Административдик кодекске шилтеме жасоо менен Уставда айыптардын бардык түрүн жазып чыгуу керек”.
 
Элдик жыйналыштардын уюштуруучуларынын пикиринче, мындай иш-чараларга жаштар жана атүгүл жогорку класстын окуучулары да катышкандыктан, бул чогулуштар абдан баалуу. Анткени жыйналышта айтылган бардык көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүү милдети жаш муундун мойнуна жүктөлөт эмеспи.
 
Юристтен эстеткич
 
Жергиликтүү жамааттын Устав долбоорун талкуулагандан кийин Бектур ОРОЗБАЕВ бардык айтылгандарды жана сунуштарды жалпылап туруп, өз түшүндүрмөсүн б.ерди:
 
  • Бардык эле маселелерди Уставга киргизүүгө боло бербейт. Айрымдарын сотко/аксакалдар кеңешине жолдосо жакшы болот. Ал жерлерде маселени өз алдынча карап чыгып, чечим чыгарышат. Мисалы, эгинди тебелеп салгандар боюнча административдик айып салуу маселеси боюнча. Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске ылайык, аксакалдар соту ушундай ыйгарым укуктарга ээ (эгинди тебелеп салуу боюнча 185-берене).
  •  Мектепте тигүүчү цехти ачуу. Албетте муну ишке ашырса болот, бирок АК аркылуу иш жүргүзүш керек, долбоорго табыштама жазып, донорлорду табуу зарыл.
  • Спорт залга спорттук шаймандарды сатып алуу тууралуу. Бул маселе жергиликтүү бюджеттеги каражаттарга жараша иш тартибинде чечилиши керек болгон жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү.
  • Таза суу. Кара-Ой АА мисалга алыңыз. Ал жерде АӨ ТКЧ ар бир короо менен келишим түзүп, ошонун негизинде бардык төлөмдөр ишке ашырылат.
  •  Айып санкцияларынын бардык түрлөрүн уставга киргизүү зарылчылыгы тууралуу. Бул документке айып санкцияларынын бардык түрлөрүн киргизүүгө болбойт. Бул атайын мыйзамдар менен жөнгө салынат. Ошол жерде баары көрсөтүлгөн. Ал эми Уставга эрежелерди гана киргизүү керек.

​Жыйналыштар эмнени көрсөттү?

Бардык сунуштарды бир тартипке келтиргенден кийин үч АА баарына тиешелүү 6 тема жана эки АА туура келген 6 тема аныкталды. Жашоочулардын сунуштарына караганда, бардык айылдарда жергиликтүү маанидеги маселелерге кирген, бир топ маселелер топтолуп калган экен. Алардын кээ бирлерин чечүү – ири инвестициялардын маселеси. Бирок калгандары – бул өз ара мамилелердин системасы. Ошондуктан, адатта кептин төркүнү так эрежелердин жоктугунда жана “адам фактору” дегенде жатат – жетиштүү көзөмөлдүн жоктугу, жергиликтүү органдар тарабынан координациянын жана жоопкерчиликтин жоктугу, келишимдерди түзүүдө үстүрт мамиле. Бул суроолор ЖЖУда жазылышы абзел.

Сууну берүүнүн кезегин жолго салуу, кызмат көрсөтүүлөргө бааны орнотуу, тариф-график түзүү, калкты ишембиликке тартуу, өз убагында акы төлөөсүн жөндөө, калкты маалымдоо, экологияны коргоо боюнча комиссияларды түзүү ж.б. анчалык деле кыйын эмес. Же бул үчүн чоң каражат керекпи?
 
Эки муниципалитет үчүн 6 тема ыкчам чечим кабыл алууну жана жергиликтүү жамааттын Уставына сөзсүз киргизүүнү талап кылган маанилүү маселелердин катарына кирди. Булар: жөрөлгөлөргө/ салттарга/ үрп-адаттарга чыгымдарды кыскартуу, үйдөгү малды кармоо, жарыктандыруу, жаштардын иш менен камсыздалышы,коррупция менен күрөш, Уставды сактоо жана аткаруу  ар бир АА үчүн гана өзгөчө жана зарыл болгон жана калган экөөндө кайталанбаган, келип түшкөн бардык сунуштар тандалып алынды. Бирок бул темалардын көбү өз ара үндөшүп, буга жараша өлкөнүн бардык айылдык аймактарында да бар, алар маанилүү жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
 
Бүгүнкү күндө үч айылдык аймакта ЖЖ Устав долбоорун талкуулоо боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери жүргүзгөн чоң иштер маанилүү жана өз учурунда болду деп ишеним менен айтса болот. Муну элеттик жыйналыштардын мүнөзү жана тематикасы ырастап турат. Адамдар эч ким жылдап чечпеген жана айыктырбай келген терең маселелерди жана ооруларды көтөрүп чыгышты.
 
Кийинки баскыч: ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун юристтеринин жардамы менен үч аймактан түшкөн бардык сунуштарга анализ жүргүзүлүп, мүмкүн болушунча көбүрөөк ЖЖ Уставынын соңку долбооруна КР мыйзамдарына ылайык киргизилет. Андан соң ЖӨБЭММАга ЖЖ Устав долбоорунун соңку варианты тартууланып, ал расмий бекитилет. Расмий статус алгандан кийин гана бул документ жергиликтүү кеңештердин кароосу жана бекитүүсү үчүн ЖӨБ органдарынын баарына жиберилет.
 
Гуляим ШАМШИДИНОВА,
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси