Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдарда таза болуп калдыбы? Үч муниципалитетте таштанды чогултууга жана чыгарууга берилген баанын натыйжалары

2014-01-14 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Сурамжылоонун натыйжалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таштанды чыгаруу боюнча маселени чечүүдө өз каталарын баамдоого жол ачып, калктан нааразы сөздөрдү укпаш үчүн кантип ишти жакшыртса болоорун ойлонууга түрттү. Бул үчүн эмне жасаш керек?

 
Бир жыл мурда “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө элеттик чогулуштарда тазалыкты сактоо жана таштанды чыгарууну уюштуруу өңдүү көкөйгө тийген маселе талкууланган. Сөздөн ишке өтүштү: гранттык программа боюнча атайын техника сатып алынды (тракторлор жана экскаватор). Бул грантты Ысык-Көл облусунун Төрт-Күл, ошондой эле Чүй облусунун Ивановка жана Жалал-Абад облусунун Ленин айылдык аймактары алышкан. 27 миңден ашуун адам жашаган үч муниципалитетте кырдаал өзгөрдүбү? Көчөлөр тазарып калдыбы? Мына ушул суроого жооп издеп, мониторинг жана баалоо боюнча биргелешкен топтор калктуу конуштарда сурамжылоо жүргүзүштү. 380ден ашык адам сурамжылоого тартылды. Анын ичинде 191и аял болсо, 199у эркек.
 
Сурамжылоого жаш курагы ар кандай адамдар катышты. Алар өз пикирлерин чын дилинен жана ачык билдирип жатышты .
 
Мониторинг көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө респонденттердин 60% өз муниципалитетин таза деп эсептешет. Ал эми сурамжылоого тартылгандардын 24% аларга макул эмес .
 
Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 60% ашууну өткөн жылга салыштырмалуу муниципалитеттерде таштанды маселесинде жакшы жагына өзгөрүү болгонун айтты. 8 проценти болсо булганычыраак болуп калды десе, респонденттердин 11% тескери пикирге ээ. Ал эми 30% тазалык жагынан алганда эч кандай өзгөрүү көрбөгөнүн айтышты .
 
Анкетага калктын ТКЧ иши тууралуу маалымдуулугу жөнүндө да суроо кошулган.Элеттиктердин көбү – 66% ашууну – муниципалитетте ТКЧ боюнча бөлүм бар болгонунан,же башка кызматтардан кабардар болсо, 27% мындай кызматтардын айылда болгонун биринчи жолу угушту.
 
59% таштанды жыйнала турган жер тууралуу билсе, 22% респондент бул маселеден кабары жок болгонун айтышкан .
 
Жалал-Абад облусунун Ленин муниципалитетинин респонденттеринин басымдуу бөлүгү – 82% - таштандыны апта сайын чыгарат деп ырастоодо. Ивановка жана Төрт-Күл аймактарынын респонденттеринин жооптору бир топ эле өзгөрүп турду .
 
Адамдар таштанды чогултуу жана чыгаруу боюнча кырдаалды жакшыртуу үчүн бул кызмат көрсөтүүгө азыркыдан көбүрөөк төлөөгө даярдыгы кубандырат.Сурамжылоонун натыйжалары коомчулукка маалым болду. Аны менен жергиликтүү кеңештин депутаттары, артыкчылык катары дал ушул таштанды долбоорун тандоодо жамаат канчалык туура чечим кабыл алганын түшүнүүгө аракет жасаган ЖӨБ органдары да таанышып чыкты. Атайын техника болсо эле муниципалитет көчөлөрдүн тазалыгы өңдүү көйгөйдү чечип койду дегенди түшүндүрбөйт. Бир кыйла баалуу маалымат: айылдын бүгүнкү абалына калк ыраазыбы же жокпу.Сурамжылоонун натыйжалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таштанды чыгаруу боюнча маселени чечүүдө өз каталарын баамдоого жол ачып, калктан нааразы сөздөрдү укпаш үчүн кантип ишти жакшыртса болоорун ойлонууга түрттү. Бул үчүн эмне жасаш керек?
 
Акыркы суроого жарандар өздөрү жооп берди. Таштанды маселесин биротоло чечүү үчүн сурамжылоого катышкандардын 31% акыны өз убагында төлөш керектигин айтса,18% эрежелерди сактоо зарыл экенин (таштандыны атайын бөлүнгөн жерге таштоо), 17% ишембиликти өткөрүп туруу маселени чечмектигин айтышты. Кызыктуу дагы бир маалымат: сурамжылоого катышкандардын 16% кошуундарды уюштургусу келет. Ошондой эле көбүрөөк акы төлөп, ТКЧдан тазалыкты талап кылгысы келгендер да бар (мындайлар 4%). Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү 11% колдойт.
 
Рахат ТАЛКАНБАЕВА,
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана
Өнүктүрүү саясат институту ишке
ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдары-
нын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”
Долбоорунун мониторинг жана
баалоо боюнча адиси

 

Окшош материалы: