Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария Өкмөтү КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке техникалык колдоо көрсөттү

2013-12-23 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Техникалык колдоо түрүндө жабдуу 2013-жылдын 11-ию- нунда кол коюлган Меморандумдун алкагында өткөрүлүп берилди.

 
 
2013-жылдын 19-августунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке (мындан ары – Агенттик) техникалык жабдуу өткөрүлүп берилген. Техникалык колдоону Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган жана Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында жасалды.
 
 
Техникалык колдоо түрүндө жабдуу 2013-жылдын 11-июнунда кол коюлган Меморандумдун алкагында өткөрүлүп бе- рилди. Меморандумга ылайык, негизги максат – Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн тараптар ортосунда өз ара өнөктөш мамилелерди орнотуу. “Бизге берген жабдуулардын баарын биз жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн пайдаланып жатабыз”, - деди КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Накен КАСИЕВ.
 
“Жабдуулар долбоор менен агенттиктин ортосунда түзүлгөн өз ара өнөктөш мамилелерди орнотуунун алкагында тапшырылып жатат. Биз бул нерсе мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу боюнча реформаларды мындан ары да ишке ашыра берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча өз тапшырмаларын аткаруу үчүн Агенттиктин потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга алып келет деп ишенебиз”, - деди Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ.
 
Техникалык колдоонун алкагында Агенттикке жалпы суммасы 244 994 сомду түзгөн 10 персоналдык компьютер, 10 Panasonic KX-TS2361 үлгүсүндөгү стол үчүн телефон, Canon LBP-2900 үлгүсүндөгү 7 принтер жана Canon I-SENSYS MF4410 үлгүсүндөгү 3 МФУ өткөрүлүп берилди.
 
 
 

 

Окшош материалы: