Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ структурасы жана штаттары тууралуу

2013-12-23 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 Токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди

 
 
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын түзүмүн жана штаттык санын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
 
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
 
- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
 
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүтүзүмүндө жана штаттык санында «Сектор башчысы» позициясы күчүн жоготту деп табылсын;
 
«Башкы адис» позициясында «4», «5», «6» деген цифралар «5», «6», «7» деген цифралар менен алмаштырылсын;
 
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:
 
«Сектор башчысы» позициясы күчүн жоготту деп табылсын;«Башкы адис» позициясында: «2», «4», «3», «3», «3», «3», «4», «2», «2», «3»,«6» «2» деген цифралар «5», «6»,»5», «7», «5», «6»,«7», «5», «5», «6», «8», «5» деген цифралар менен алмаштырылсын.
 
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
 
-бар болгон бош кызмат орундарын кыскартуу маселелерин биринчи кезекте кароо;
 
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды керүү, ал эми ишке орноштурууга мүмкүн болбогон учурда муниципалдык кызматчыны окутуу, кайра даярдоо (кайрадан квалификациялоо) жөнүндө маселени кароо.
 
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 
2013-жылдын 12-июлунда “Эркин Тоо” гезитинин №58 санында жарыяланды.
 
 

Кыргыз Республикасынын премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев