Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
2026-ЖЫЛДЫН 17-ИЮЛУНДА №113 “МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ КЫЗМАТТАР ЖӨНҮНДӨ” КР МЫЙЗАМЫ КҮЧҮНӨ КИРДИ
Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана берүүнүн бирдиктүү эрежелерин белгилейт, жеткиликтүүлүк, ачык-айкындуулук, сапат жана алуучуга багытталган принциптерди бекитет.
Мыйзамда санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат: кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасы артыкчылыкка ээ болуп, ошол эле маалда кызмат көрсөтүүлөрдүн альтернативалык ыкмалары сакталып кала берет. Ошондой эле жарандын кайрылуусуз эле кызмат көрсөтүлүүчү проактивдүү кызматтарды өнүктүрүү каралган, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмелерин түзүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
Мыйзам ошондой эле Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин киргизүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана өз убагында көрсөтүлүшү үчүн администраторлордун жана аткаруучулардын жоопкерчилигин күчөтөт жана жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдөн канааттануусун жыл сайын баалоону карайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми Министрлер Кабинетине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз чечимдерин жаңы мыйзамдарга шайкеш келтирүү тапшырылды.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү
-
№8 (178) / 2026-09-19 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине майыптыгы бар КР жарандары киргизилет









