Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине майыптыгы бар КР жарандары киргизилет
Кадрлар резерви жөнүндө
2026-жылдын 29-июнунда №95 КР Мыйзамынын кабыл алынышы менен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине башка адамдардан тышкары майыптыгы бар, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары да жеке арызынын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте кошулат.
Мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын жетекчиси майыптыгы бар, Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү.
Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Окшош материалы:
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби











