Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №193 “Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” Токтомунун чечимдерин ишке ашыруу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин текшерүү баракчасы
Бакыт БАЙСАКОВ, ӨСИнин консультанты
- 2025-жылдын 9-апрелиндеги №193 Токтомдун расмий текстин жана Пластика калдыктар менен иштөө тартибин алуу.
- Негизги жоболорду түшүнүү үчүн кызматкерлердин арасында ички талкуу өткөрүп, документ менен тааныштыруу.
- Токтомдун талаптарынын аткарылышын координациялоо үчүн жооптуу адамды/бөлүмдү аныктоо.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
-
Муниципалитеттеги калдыктар менен иштөө системасына изилдөө жүргүзүү:
- пластик калдыктарын чогултуунун, сорттоонун жана утилдештирүүнүн учурдагы ыкмаларын баалоо;
- пластикти кайра иштетүү үчүн инфраструктуранын (контейнерлердин, кабыл алуу пункттарынын, кайра иштетүүчү ишканалардын) болушун аныктоо.
- Муниципалитетте пайда болгон пластик калдыктарынын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу.
- Учурдагы тажрыйбалардын токтомдо белгиленген экологиялык стандарттарга шайкештигин текшерүү.
3. Пландоо жана уюштуруу
- Пластик калдыктар менен иштөө Тартибине ыңгайлаштыруу боюнча иш-аракеттердин планын даярдоо: 1) иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө; 2) бюджетти жана каржылоо булактарын аныктоо.
- Муниципалитеттин деңгээлинде планды ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.
- Талаптарды тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен консультацияларды өткөрүү.
4. Инфраструктура жана ресурстар
- Пластика калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлер менен камсыз кылуу: 1) калк үчүн контейнерлердин жеткиликтүүлүгүн текшерүү; 2) коомдук жайларга кошумча контейнерлерди орнотууну уюштуруу.
- Пластик калдыктарын чыгаруу жана кайра иштетүү менен алектенген уюмдар менен келишимдерди түзүү.
- Пластикти сорттоо жана кайра иштетүү үчүн жабдууларга болгон керектөөнү баалоо.
5. Окутуу жана маалымдоо
- ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин пластик калдыктары менен иштөө боюнча жаңы талаптарга окутууну уюштуруу: экологиялык стандарттар жана кайра иштетүү технологиялары боюнча семинарларды же тренингдерди өткөрүү.
- Калк үчүн маалыматтык материалдарды: брошюраларды, плакаттарды, пластик калдыктарды сорттоо эрежелери жөнүндө кулактандырууларды даярдап, жайылтуу.
- Жергиликтүү маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
- Пластикти кайра иштетүү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн коомдук иш-чараларды (ишембиликтерди, акцияларды) уюштуруу.
6. Кызыкдар тараптар менен координациялоо
- Кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу үчүн пластик продукцияны чыгарган же колдонгон жергиликтүү ишканалар менен байланыш түзүү.
- Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн коомдук уюмдар жана экологиялык демилгелер менен кызматташуу.
- Токтомдун талаптарынын аткарылышы жөнүндө жогору турган органдар үчүн отчетторду даярдоо.
7. Мониторинг жана көзөмөлдөө
- Пластик калдыктар менен иштөө Тартибинин сакталышына мониторинг жүргүзүү системасын түзүү: 1) чогултуу жана кайра иштетүү пункттарынын абалын туруктуу негизде текшерип туруу; 2) подрядчылар менен келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө.
- Калдыктар менен иштөө системасындагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн калк менен кайтарым байланыш механизмин киргизүү.
- Ыйгарым укуктуу органдарга берүү үчүн иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчетторду даярдоо.
8. Юридикалык жана административдик камсыздоо
- ЖӨБдүн ички ченемдик актыларын №193 токтомуна шайкеш келтирүү.
- Пластик калдыктар менен иштөө талаптарын эске алуу менен аймакты көрктөндүрүү эрежелерин иштеп чыгуу же жаңыртуу.
- Пластик калдыктар менен иштөө тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын (айыптарды, эскертүүлөрдү) белгилөө.
9. Каржылоо
- Адаптациялоо иш-чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды эсептөө.
- Жергиликтүү бюджеттен же мамлекеттик колдоо программаларынан каржылоого өтүнмөлөрдү берүү.
- Кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн гранттарды же инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.
10. Отчеттулук жана мөөнөттөр
- КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине отчетторду берүүнүн мөөнөттөрүн тактоо.
- Мөөнөтүн көрсөтүү менен (мисалы, 2025-жылдын аягына чейин) иш-чараларды аткаруунун план-графигин даярдоо.
- Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жогору турган органдарга өз убагында маалымдоону камсыздоо.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









